2019-2020 -окуу жылында Кара-Суу району, Мады айыл өкмөтүндөгү Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87-инновациялык мектеп-гимназия комплексинин
Аталышы: Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87-инновациялык мектеп-гимназия комплекси.
2012-2013-окуу жылында Республикалык бюджеттен 67млн 487 миң каражат каралып, бүтпөгөн курулуш бүткөрүлдү, оңдолду, жарытуу, жылытуу системалары түзөлдү, айланасы тосулду. Толук кандуу ишке берилди.
Мектеп типтүү, 844 орунга ылайыкташтырылган. Окуу үч баскычта жүргүзүлөт.
Өз уставы бар. Юстициядан каттоодон өткөн.
Мектеп 2011-2012-окуу жылында инновациялык мектеп-гимназия комплекси лакамын коргогон.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредициялоосунан өтүп, атайын сертификат жана лицензия алды.
Мектепте 1095 окуучу окуйт. Окуу эки сменада жүргүзүлөт. Таалим -тарбия иши кыргыз жана орус тилдеринде алынып барылат.
Мектепте базистик, гимназиялык жана сырттан окуу класстары ачылган.
Мектептин алдында “Ынтымак 1” балдар бакчасы уюштурулган.
Тандоо сынагынан өткөн таланттуу окуучулар областтык жана райондук “Балдар чыгармачылык борборунан” атайын ийримдерге тартылган.
Гимназия класстарында окутуу гуманитардык багытта жүргүзүлөт.
Гимназия класстарына окуучуларды окутуу-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы №585/1 буйругу менен бекитилген мектеп-гимназия жөнүндөгү убактылуу жобо менен жүргүзүлөт.
14 каана мамлекеттик стандарттын негизинде атайын паспорттоштуруудан өткөн. 26 компьютер эки класска жайгаштырылган.
4 (төрт)даана интерактивдүү доска төрт каанада бар, окуучу жана окуутучуларга кызмат кылат.
Гимназиянын милдеттери жазылып, ар бир мугалим педагогдорго жеткен.
Мектеп жетекчилиги (директор) менен иш алып баруучу (мугалимдин) ортосунда бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлүп, жумалык жүктөмдөр усулдук бирикме жетекчилеринин жоопкерчилиги аркылуу жүргүзүлүп жатат.
Мектепте 76 мугалим, 19 техникалык кызматкер иштейт.
2017-2018-окуу жылында 35 мугалим Кыргыз Республикасынын улуттук тесттирлөө борборунан аттестациядан өттү, 87,6% сапатты берди.
“Түпкүлүктүү элдин адеп-ахлак, үрп-адат, каада-салт, нарк-насилдерине тарбиялоо менен сапаттуу билим берүү” проблемасынын үстүндө иштешет.
Мектеп райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Матрайимов Тилек Ысмайыловичтин “Окуу- тарбиянын сапаттын кантип көтөрөбүз?” талкуусунан өттү. Иш чара түзүлдү.
Окуу- тарбиянын сапатын камсыздоо үчүн; билим берүүчү мектеп сапаттуу болуш керек, анда иштеген мугалимдин аракетин координациялоо так, максаттары менен милдеттерине дал келет.
Билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процесси пландуу уюштурулган.
Учурда Кыргыз Республикасынын инновациялык 30 мектеп долбоорунун жеңүчүсү, химия, биология, физика, география кабинеттерин ар бири 4млн200миң сомдук жабдуу иштери жүргүзүлүүдө.
Окутуунун натыйжасы катары Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктүн тизмесин жана калыптануу деңгээлинин үстүндө иш алынып барылууда.
Мектептин стратегиялык, жылдык, айлык пландары түзүлгөн.
Мугалимдер портфолио түзүшүүдө.
Жети кафедра иштеп жатат, усулдук кеңеш жети мугалимден турат.
Мектепте олимпиадалык борбор иштейт, олимпиадачыларды аймакка, районго, облуска даярдоо иштерин жүргүзүштү.
Август, секциялык иштери ушул мектепте өткөрүлдү. Компьютердик билим боюнча курс өткөрүлүп, мугалимдерге сертификаттар тапшырылды.
Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу Элтр, КТР, “Ынтымык” , “Керемет” теле берүүлөрүнөн чагылдырылды.
Мектепте “Үмүт ата-энелер камкордук” кеңеши иштейт. Каражаты АКБ “Кыргызстан” банкында сакталат, жылына бир жолу ата-энелер тарабынан ыктыярдуу түрдө төлөм жүргүзүлөт.
Мектепте “Сейтек”, “Семетей”, “Манас” кошундары иштейт, башкаруу парламенттик тартипте алынып барылат. Бир президент, бир спикер, өзүн-өзү башкаруу ишин алып барат.
Биринчи баскычтагы 1-4-класстар үчүн бир маал ысык тамак уюштурулган.
Азык -түлүк программасы боюнча Мерси-Ко проектисине катышып, ашкананы жабдуу иши колго алынды.
Окуучулардын ден соолугун чыңдоо үчүн “Жайкы спорттук аянтча” ачылды.
Мектепте сандан-сапатка өтүү,өнүгүү, алдыңкы технологияларды окуу-тарбия процессине киргизүү, жабдуу, көйгөйдү аныктоо, максаттарды коюу жана пландаштыруу, ишкердиктин натыйжаларына баа берүү, рефлексия багыттары боюнча пландар иштейт.
Билим берүү чөйрөсүн тилдик, социалдык, математикалык, табигый илим, технологиялык, искусство, ден соолук маданияты боюнча мектепте иштиктүү аракеттер жүргүзүлүүдө.
Мугалимдерди тандап алуу, рынок экономикасында ааламдаштыруу процессинде түпкүлүктүү элдин адеп-аклах, үрп-адат, каада-салт, нарк-насилдерине таянуу менен иш алынып барылууда.
Маалымат даярдаган: Топчубаев А.