СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

С тыбышы, Рельефтик чагылдыруу, Суунун касиеттери деген темада сабактын планы. Даярдоо класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

С тыбышы, Рельефтик чагылдыруу, Суунун касиеттери деген темада сабактын планы. Даярдоо класс

Просмотр содержимого документа
«С тыбышы, Рельефтик чагылдыруу, Суунун касиеттери деген темада сабактын планы. Даярдоо класс»

Д. Осмоналиев атындагы №13 жалпы орто билим берүүчү мектебинин даярдоо классынын мугалими Назарбекова Айжамалдын ачык сабагынын иштелмеси.

Классы: даярдоо класс

Күнү: 4-апрель 2025-жыл


Ийлеп чаптоо

Айлана чөйрө менен тааныштыруу

Сабат ачуу

Сабактын темасы

Балдардын тандоосу боюнча пластилинден рельефтик чагылдыруу

Суунун касиеттери

С тыбышы

Сабактын максаттары

а) Окуучулар пластилинден самын жасоо аркылуу рельеф эмне экендигин билишет. Самын жөнүндө маалымат алышат.

б) Самын жасоо менен колдун майда моторикасын, креативдүү ой жүгүртүүсүн жана байкоо жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) Самын жөнүндө маалымат алуу менен таза болууга, өздүк гигиена эрежелерин сактоого тарбияланышат.

а)Окуучулар суунун негизги үч касиетин билишет. Суунун жаратылыштагы маанисин жана күнүмдүк жашоодогу маанисин түшүнүшөт.

б) Байкоо жүргүзүү жана эксперимент жасоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Өз алдынча эксперимент жасоону үйрөнүшөт.

в) Сууну үнөмдүү пайдаланууга жана тазалыгын сактоого, сарамжал болууга тарбияланышат.

а) Окуучулар С тыбышы менен таанышышат. С тыбышы катышкан сөздөрдү таап, сүйлөм түзүшөт.

б) Сүйлөм түзүү менен сөз байлыгын, угуу, көрүү, сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртышат.

в) Сөздөрдү так жана туура айтууга, бири-бирин уга билүүгө, сыйлоого тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, видео ролик, слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Саламдашуу

Жагымдуу маанай: бири-бирин кучакташат

Алтын эреже: Жаз гүлүндөй жадырап,

Биз көңүлдүү, биз куунак.

Биздин максат, биздин иш ,

Окуп, жазып жыргамак.


Балдар, табышмакты уккулачы..

Колго тийсе жылмакай,

Сууга тийсе көбүргөн.

Бүт денени тазарткан,

Муну билбеген жан калбаган.

(Самын)

Мугалим окуучуларга самын жөнүндө жомок айтат.

Демек балдар бүгүн эмнени жасоону үйрөнөбүз?


Балдар, самынды эмне менен жууйбуз?





Окуучулар жооп беришет







Самын, суу деген сөздөр кайсы тыбыштан башталды?


Жаңы теманы жарыялоо:


-Демек бүгүн пластилинден самын жасоону үйрөнөбүз. Самынды анын көбүктөрүн кагаз бетине жасайсыңар.

Демек биз бүгүнкү сабакта суу жөнүндө кеп кылабыз. Бүгүнкү тема: Суунун касиеттери.

Бүгүн биз силер менен с тыбышы менен таанышабыз.


Сабактын максаты менен тааныштыруу:

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу:

-Балдар, кандай ойлойсуңар, бүгүн биз сабакта эмнелерди үйрөнөбүз?


Самын жөнүндө маалымат алабыз,

Самынды пластилинден жасоону үйрөнөбүз.

Суу жөнүндө маалымат алабыз, сүрөттөрдү тартабыз.

С тыбышы менен таанышабыз, сүйлөм түзөбүз, китептен с тыбышы катышан сөздөрдү окуйбуз.

Окуучуларга тапшырма берилет. Өз алдынча пластилинден самын жасашат.

Окуучуларга боёо үчүн таркатмалар берилет.

Суунун касиеттери деген видео ролик көрүшөт.


Слайд боюнча маалыматтарды алып, мугалимди кунт коюп угушат.

С тыбышынан башталган же с тыбышы катышкан сөздөрдү таап сүйлөм түзүшөт.

Тексттен с тамгасын таап боёшот.

Самынды жасап бүткөн окуучулар өздүк гигиенага байланыштуу сүрөттөрдү боёшот.

Суунун касиеттери боюнча тажрыйба өткөрүшөт.

Сууну муздан сууга, суудан бууга айланганын көрүшөт.



Энержайзер:

Окуучулар нейрогимнастиканын эки түрүн жасашат.


Самынды жасап бүткөн окуучулар өздүк гигиенага байланыштуу сүрөттөрдү боёшот.

Суунун касиеттери боюнча тажрыйба өткөрүшөт.

Суунун муздан сууга, суудан бууга айланганын көрүшөт.

Видео роликти көрүп ар бири сөздөн сөз жасашат.

1.Самаган

2. Салкынай

1. саман, нан, наам, сан,

2. салкын, ай, нан, кан, ал, алакан


Жыйынтыктоо:

Окуучулар сүрөттөгү нерселер боюнча табышмак айтышат.


Аны менен кол, бет жууйбуз.

Жыттуу болот.

Кызыл, сары, көк түстөрдө болот.

Илгери күл жана койдун майынан жасашкан.

Мугалим: бул-самын

Асмандан түшөт.

Кайра асманга көтөрүлөт.

Жердин планетасынын 70% түзөт.

Ал жок болсо 3 күн гана жашай алабыз.

Мугалим: бул-суу

Канаттуу, жапайы, ак жана кара түстөн турат.

Бул-сагызган

Жемиш. Коён жакшы көрөт. Кызыл жана сары түстө болот.

Бул-сабиз


Баалоо: сабакка активдүү катышкан окуучулар оозеки бааланат.