СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабакка кантип даярданабыз.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабакка кантип даярданабыз.»

Сабакка кантип даярданабыз?

Мектептеги билим сапаты мугалимдердин кесиптик чеберчилигине,агартуучулук жөндөмүнө жараша болот.Сабака даярдануунун атайын жол жобосун иштеп чыгууну улуу устаттарга,илимдин ийне жибине чейин иликтеген окумуштууларга тапшыралы.А бирок,дал ошол жылдыздуу саат башталганга дейре өзүбүздүн жөнөкөй эрежени жаш мугалимдерге сунуштап туралы.

Сабакка даярдануунун жупуну ыкмасы мына минтип үн салат:

  1. Сабактын максатын так аныктаңыз.

  2. Өтүлүүчү сабактын усулун,тибин ойлонуңуз.

  3. Сабактын жабдылышы кандайча боло тургандыгына көңүл буруңуз.

  4. Пайдалануучу адабияттарды таап,темага байланыштуу жерлерине маани бериңиз.

  5. Конспекти мазмундуу жазууга аракет кылыңыз.

  6. Жаңы темага тиешелүү терминдерди,сөз айкаштарын чөнтөк дептериңизге жазып коюну унутпаңыз.

  7. Окуучулар менен биргеликте аткарылуучу машыгуу иштерине,көнүгүүлөргө кылдат көз жүгүртүңүз.

  8. Сабака чейин сизге насаатчылык кылган Устаттын кеп кеңешин угууга жетишиңиз.

  9. Мурдагы сабакта кетирген кемчилигиңизди кайталабоого аракеттениңиз.

  10. Эски жана жаңы темалардын арасында өз ара ички байланыш болсун.