Просмотр содержимого документа
«Сабакка максат коюу»
Сабакка максат коюу кандай болуш керек?
а/ максатты так белгилөө керек
б/максаттарга жетишүү үчүн ишке ашырыла турган милдеттерди аныктоо керек
в/кызыгууну ойготуу жана аракетчилдикти камсыздоо керек
г/үзгүлтүксүз баалоону ишке ашыруу керек
а/ Так белгиленген максаттар төмөнкүдөй болууга тийиш:
Конкретүү, бөтөнчө эмнеге жетүү керектигин билүү үчүн
Өлчөнүүчү-максатка жетишкендиктитак айтуу мүмкүн болушу үчүн
Жетишүүгө мүмкүн болгон,багыттуу-иш аракеттердин кайсынысы көздөлгөн натыйжага жеткирерин билүү үчүн
Аткаруу үчүн мөөнөт так аныкталып, жетиштүү каражаттар болуш керек.
Мисалы:Жуманын аягына чейин окуучулар бештен кем эмес сын
атоочту колдонуу менен сүрөттөп брүүгө жетишүү керек.
б/Максаттарды милдеттерге( иштин баскычтарына) бөлүү
Мугалим максатты белгилегегде, ал ошол максатка жетишүүгө шарт түзө турган багыттарды аныкташы зарыл. Максат коюу ага жетүү үчүн жасала турган маанилүү иш чаралардын тизмегин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мисалы: - сөз түркүмү катары сын атоочтун маанисин түшүнүп алат.
-сын атоочторду зат атооч менен айкаштырып колдонуп көрүшөт
-сын атоочторду өздөрүнүн оозеки, жазма кебинде колодоно алат
в/Кызыкчылыкты ойготуу жана аракетчилдикти камсыздоо
Мугалим окуучуларды белгиленген максаттарга кызыктырып,ага жетүүдөгү алдан ала каралган бардык кадамдарды жасашы зарыл.
Мисалы:
Мугалим окуучуларга топтун кызыкчылыктарын эске алуу менен тапшырманы өз алдынча түзүүнү сунуштайт. Билдирүү(презентация) учурунда калган окуучулардан тапшырманы талдоону жана аны иш жүзүндө колдонуу мисалдарын келтирүүнү өтүнөт.
г/ Үзгүлтүксүз баалоо
Максат коюу – белгилүү бир убакыт аралыгындагы жүзөгө ашырыла турган үзгүлтүксүз процесс. Мугалим коюлган максаттардын баарын убагында кечиктирбей талдап, зарыл болгондо кайра караштырып туруу керек. Максаттарды үзгүлтүксүз талдап туруу зарылдыгы мугалимдерди дайым эң маанилүү багыттарды аныктап (эң башкысын тандап), тийиштүү чечимдерди кабыл алып турууга мажбурлайт.Ишке ашпай калган максаттарга өзгөчө көңүл бөлүү керек.
Максат коюуда аны мугалимдин да, окуучунун да көз карашына тууралап белгилөөгө болот.Мугалимдин көз карашына ылайык белгиленген максат салттуу окутууга мүнөздүү, ал эми окуучунун көз карашына ылайык белгиленген максат ишбилгиликке ( компоненттүүлүккө) багытталган азыркы окутуу усулдарына туура келет.
Мисалы
| Сабактын максатын мугалимдин көз карашына тууралап белгилөө -Сын атооч жөнүндөгү билимдерди тутумдаштыруу жана үйрөтүү. -Сын атоочтун мааниси боюнча окуучуларга билим берүү. | Сабактын максатын окуучунун көз карашына тууралап белгилөө Окуучулар сын атоочту колдонуп,сөз айкаштарын жана сүйлөм түзө алышат. Окуучулар сын атоочту өз кебинде колдоно алышат. |
Азыркы учурда инсанга багытталган окутууда максатты окуучунун позициясына тууралоо эң маанилүү болуп саналат.
Инсан- жеке бөтөнчөлүгү (индивидуалдуулугу)коомдук шарттарга жараша калыптанган адам.
Инсанга багытталган окутуу(ИБО)-көңүл борборунда бала болгон окутуу, окуучуну бүтүндөй билим берүү процессинин башкы каарманы катары таануу.Окуучу окуу процессинде мугалимдин тең укуктуу өнөктөшү деп таанылат.Мында мугалим окуп үйрөнүүгө окуучуну мажбурлабай,анын өзүнчө өсүп жетилиши үчүн эң мыкты шарттарды түзүп берет. Билим берүүнүн борборуна баланын жекече каалоолорун,кызыкчылыгын жана талаптарын койгон педагогикалык багыт –бул инсанга багытталган окутуу .