СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы:

“Алиппе” окуулугунун түзүлүшү жана анын көрсөтмө куралдары

Сабактын тиби:

 Лекциялык сабак

Сабактын усулу:

 Интерактивдүү усул,топто иштөө, тасма, слайд

Сабактын жабдылышы:

Окуу куралдары, дидактикалык материалдар, интерактивдүү доска

Сабактын болжолдуу бөлүштүрүлүшү:

Уюштуруу - 5 мүнөт

Муз жаргыч - 7

Жаңы тема - 25

Бышыктоо  -20 мүнөт

Слайд, видео- 15 мүнөт

Жыйынтыктоо- 5 мүнөт

Баалоо-3

НББП ОНдун берилиши

Дисциплинаны окутуу натыйжасы

Компетенциялары

ОН-1. Мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн оюн аргументтештирилген жана логикалык жактан ырааттуу берүүгө, ишкер мамилени жүзөгө ашырууга жөндөмдүү. 

ДОН-1. В1 – деңгээлиндеги  жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр аркылуу өз оюн логикалык жактан ырааттуу түшүндүрүп бере алат.

ЖК 9. Билим берүү процессин максатты аныктоону, окуучуларды ишмердикке мотивациялоону, алардын ишин уюштурууну жана көзөмөлдөөнү сапаттуу жүргүзүүүчүн, өзүнө жоопкерчиликти алуу.

Сабактын максаттары  күтүлүүчү натыйжалар:

Кесиптик ишмердүүлүктүн компетенттүүлүктөрү:

Окуу процессин жана анын натыйжаларын баалоо, ага педагогикалык көзөмөл жүргүзүү.

 Алиппе окуу китебине мазмундук талдоо жүргүзө алышат. Көрсөтмө куралдарга,дидактикалык материалдарга мүнөздөмө беришет,аларды сабактын түрдүү этаптарында пайдалана алышат

Баарлашуусун уюштуруу компетенттүүлүктөрү

Окуучулардынсабактантышкаркыишмердигинжанабаарлашуусунуюштуруунукамсызкылууга тиешелүүдокументтерменеништей алуу.

Сабактан тышкаркы   ишмердиктердин жана баарлашуунун максатын жана милдеттерин аныктоо, аларды пландаштыруу.

Сабактын жүрүшү.

1.Уюштуруу: Студенттер менен саламдашуу. Саламдашкан соё 

«Почта» оюну ойнотулат. Мугалим оюндун шарты менен тааныштырат.

1.Почта кутучасы коюлат.

2.Андан соң, студенттер каттарды тандап алышып,каттын ичиндеги суроолорго жооп беришет.

3.Катка жооп бере албаган студент айыпка жыгылат.

4.Шартка моюн сунбаган, оюндан четтетилет.

(Эскертүү: Бул оюнду сабактын башка этаптарында да  улантса болот.)

2.Жаёы тема: «Алиппе» окуулугунун т\з\л\ш\ жана анын көрсөтмө куралдары

Негизги маселелер:

1.«Алиппе» окуулугунун дидактикалык принциптери жана түзүлүшү;

2. Окуулуктун материалдарынын балдардын жаш курактык ъзгъчъл\г\н эске алуу;

3. Алиппе» окуулугунун көрсөтмө куралдары

Мугалимдин  лекциясы:

«Алиппе» китебинин аталышы арабдын а-алиф, б-бэ деген сөзүнөн келип чыккан. Алиппе баланын сабатын ачууга арналган окуу китеби болуп саналат. Алиппенин эң алгачкы түзүлүшү сабат ачуунун тамгаларды жаттоого, муундоого, сөздү окууга арналган. Байыркы Римдин оратордук искусствонун теориясын негиздъъч\с\  Квинтиллиан тамгаларды окууну катары менен үйрөтпөстөн, муундук система менен окууну сунуш кылган, И.Песталоцци тамгаларды катары менен окууда муунду пайдалануу принцибин көрсөткөн. Ал эми Алиппелердин кийинки түзүлүштөрү сабатка үйрөтүүдө тамгаларды үйрөтүүнүн принциптеринин методдоруна ылайык болгон. Дүйнөлүк педагогикада «Алиппе» (Букварь) окуу китеби 16-18-кылымдардан баштап түзүлө баштагандыгы жөнүндө маалыматтар берилген. Орус класстар үчүн «Алиппе» И.Федоров тарабынан 1574-жылы Львовдо,19 -кылымда муун методу боюнча Ф.Студитскийдин, В.Золотовдун окуу китептери жарык көргөн. 1864-жылы эң алгачкы жолу К,Д.Ушинскийдин анализ-синтез методу менен «Алиппеси» жарык көргөн. Буга удаалаш Л.Толстойдун окуу китеби (1875), 19-кылымдын аягында К.Д.Ушинскийдин шакирттери Н.Ф.Бунаковдун, В.А.Флеровдун окуу китептери сунуш кылынган. К.Д.Ушинскийдин анализ-синтез методу боюнча түзүлгөн окуу китептери боюнча советтик мектептерде 1936- жылдан баштап ушул күнгө чейин окутулуп келүүдө. Кыргыз башталгыч класстарында «Алиппенин» (1911-жылы) И.Арабаев жана Х.Сарсакеев менен бирдикте түзгөн окуу китепбинен башталат. Анализ- синтез методу менен «Алиппе» окуу китептери 1936- жылдан ушул күнгө чейин түзүлүп, даярдоо, алиппе мезгили, алиппеден кийинки мезгилге бөлүнүп, окуу материалдары бөлүмдөрдүн мазмуну боюнча сунуш кылынып келүүдө. 20-кылымдын 90-жылдарынан баштап «Алиппе» окуулуктары вариативдүү окуулуктары боюнча жүргүзүлүп келинүүдө. Мектеп тажрыйбасында вариативдүү окуулуктардан С.Турусбеков жана Б.Рысбаеванын, К.Сартбаев жана Б.Рысбекованын, З.Маразыкова жана А.Абдразакованын, С.Рысбаевдин авторлугу менен түзүлгөн окуулуктар окулуп келинүүдө. Кийинки мезгилде окуу процессинде С.Рысбаевдин «Алиппе» окуу китеби республиканын көпчүлүк мектептеринде колдонулууда, бирок окуу китебинин окуучулардын санына жараша басмадан чыгарылбагандыгына байланыштуу, жетишпеген мектептер мурунку варианттарын колдонуп келишүүдө. Алиппе-сабат ачууга арналган окуу китеби, ал баланын логикалык ой жүгүртүүсүнө жана кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө арналган алгачкы пособие. Ал эми окуу китептин тексттери жана иллюстрациялары балага эстетикалык тарбия берүүнүн башкы булагы болуп саналат. «Алиппенин» мазмуну, анын түзүлүшү, түзүлгөн методдоруна жараша болот. Азыркы учурдагы «Алиппе» окуу китеби (С.Рысбаев) анализ-синтез методу боюнча түзүлгөн. Окуулуктун беттериндеги материалдар төмөнкү курам боюнча берилген: а) анализ-синтез методунун тыбыштык белгилерине, предметтүү сүрөттөр, сөз түзүүгө карата көнүгүүлөр, сөздөрдү окууга карата тексттер, тамга менен муунду окууга карата таблицалар; б) ойлоосун жана кебин өстүрүү үчүн: сюжеттүү сүрөттөр, аңгемелер, жомоктор, табышмактар, ырлар, логикалык көнүгүүлөр, тилдик материалдарды өздөштүрүүгө карата көнүгүүлөр, ребустар берилген. Окуу китебиндеги материалдар сабат ачуунун мезгилдеринин баскычтарынын негизинде жайгаштырылган. Даярдоо мезгилине берилген материалдарга сюжеттүү жана предметтүү сүрөттөр берилген, текст жокко эсе. Сүрөттөр мектептин турмушуна, биринчи коңгуроого, биринчи мугалимге, ата-энеге, үй-бүлөгө арналган. Ар бир бетке сунуш кылынган сүрөттөрдөн кийин схема-моделдер, сөздөр жана сүйлөмдөр мааниси боюнча жайгаштырылган. Ал эми экинчи баскычында үндүү тамгалар кызыл белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ага карата тамгалар сунуш кылынган сөздөрдүн, сүйлөмдүн схемалары киргизилген. Мисалы, диван-дивандын сүрөтү, анын мууну, гүлдүн сүрөтү, сөздүн муунга ажыратылышы ж.б. Бул сөздөр окулат; диван-жумшак, гүл- үйдө өсөт, машина жана анын модели (8-бет), сөздүн схемасы сөз-муун аркылуу жүргүзүлөт. Үндүүлөрдү үйрөтүү тыбыштык-муундук схемалардын, кызыл түстөрдүн негизинде жүргүзүлөт. (20-22- беттердеги сүрөттөрдү карагыла). Тексттер Аа үндүү тыбышынан башталат. Окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына чейинки материалдарда тексттердин көлөмү чакан берилген, алар сөздүк жумушун жүргүзүүгө, ал эми сүрөттөр ар бир беттеги тексттин мазмунун толуктоого жана өнүктүрүүгө арналган. Мисалы, окуу китебинин 47-бетиндеги текст «Сабакта» деп аталып, бул боюнча класстагы мугалим, окуучулар, топ ойногон балдарды чагылдырган сүрөтү берилген. Сол жагында тамгалардын классификациясы (үндүү, үнсүз) берилген схема, с тыбышы катышкан 1 жана 2 муундуу сөздөр берилсе, ж-ч тамгаларын салыштырууга карата (58-бет) 1 муундуу сөздөр, сюжеттүү сүрөттөр көрсөтүлсө, иоттошкон тамгаларды окутууга карата х тамгасынын (75-бет) сөздүн башында, ортосунда, аягында келишине мисалдар, аларды салыштырууга көнүгүүлөр, созулма, кыска, үндүү, үнсүз тамгаларды классификациялоого карата схемалар, макалдарды чечмелөө берилген. Мындай сүрөттөр сабат ачуунун биринчи жана экинчи баскычына жайгаштырылган. «Алиппедеги» сюжеттүү сүрөттөр, ошол өтүлүүчү беттин негизги мазмунун чагылдырууга арналып, ал боюнча сүйлөм, байланыштуу чакан аңгеме түзүүгө арналган. Сюжеттүү сүрөттөр окулуучу тексттин маанисин түшүнүүгө жардам берет. Азыркы окутулуп жаткан «Алиппе» китеби кооз жана түстүү сүрөттөр менен жабдылган. Окуу китебиндеги мындай иллюстрациялоо, биринчиден, окуучулардын сүйлөө кебин жана өз алдынча ойлоосун өстүрүүгө, экинчиден, эстетикалык тарбия берүүгө багытталган. «Алиппенин» ичиндеги сүрөттөр ар кандай максатта сунуш кылынган. Айрымдары өтүлүүчү жаңы тыбышты бөлүп алуу үчүн колдонулат. Мисалы, 33-беттеги кыз, калпак, кол, Кубан, улактын сүрөттөрүн атоо менен, сөз башынан, ортосунан жана аягынан к тыбышын ажыратышат. Окуу китебиндеги сүрөттөр логикалык көнүгүүлөрдү жүргүзүү үчүн да пайдаланылат. Мисалы, 5, 10, 11, 14- беттердеги сүрөттөр заттардын аттарын тобу боюнча топтоштуруу көнүгүүлөрүн жүргүзүү үчүн кызмат кылат. Окуу куралдары, үй-бүлө, жашылчалар деген темага карата аңгеме жүргүзүлөт. Сюжеттүү сүрөттөр ошону менен бирге эле сүйлөм түзүүгө жана байланыштуу текст менен иш жүргүзүүгө багытталат. Сюжеттүү сүрөттөр балага текстти окууга жана окулуучу тексттин мазмунун түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Предметтүү сүрөттөр ар түрдүү мазмунга ээ. Айрымдары тыбыштык талдоого кызмат кылат, мында окуучулар тыбыштын муундук составын анализдешип, м тыбышына тиешелүү сунуш кылынган сүрөттөрдүн негизинде сүйлөм түзүүгө багыт алат. Мындагы комуз, өрүкзар, жүзүм деген сөздөрдүн жардамы менен иштей алышат. Сюжеттүү сүрөттөр сөз айкаштарын аныктоого да мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, ат-жаныбар, ат-мылтык атты, ат- адамдын аты ж.б. Сюжеттүү сүрөттөргө карата муундардын тыбыштык схемаларына карата окуучулар тыбыштардын аттарын аташы керек. Сюжеттуу сүрөттөр тамгаларды, муундарды түзүү аркылуу кызыктуу ребустарды түзүүгө үйрөнүшөт. Жалпысынан алганда, «Алиппе» окуу китеби сабат ачууда баланын кат-сабатын ачуу менен гана чектелбестен, алардын эстетикалык-көркөмдүк табиятын өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.

 II. “Алиппе” окуулугуна сунуш кылынуучу тексттер биринчиден, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө жараша, экинчиден, үйрөтүлүүчү тыбыштын жана тамганын маанисине карай, үчүнчүдөн, тарбиялык жагы, төртүнчүдөн, улуттук өзгөчөлүгү эске алынат. Ошондуктан, “Алиппенин” тексттери бир нече түр менен берилет. Мамычадагы сөздөр муун боюнча берилет, жаңы тыбыш менен алгачкы сөздөрдү окууга арналат. Аларга карата анализ-синтез методу жүргүзүлөт. Мамычадагы сөздөр окшоштурулуп жана уйкаштырылып жайгаштырылат: ат-от, ат- ат-та, тат-тат-па, тан-тон, топу-То-ту, бат-бот-бут, кат-как, ток- тоок, ийне-ойно-айна, сак-сат-сап, дан-дон-ден, жал-чал, чай- жай ж.б., мамычадагы толук маанилүү сөздөргө тиешелүү тамгаларды жайгаштыруу аркылуу жаңы сөздөр түзүлөт: эл- бел, ий-ийне, эк-эки, үй-түй, уй-туй, ар-ара, ор-оро, үн-түн ж.б. Тамгага карата сунуш кылынган бир жана эки муундуу мамычадагы сөздөрдү окуганды өздөштүргөндөн кийин, байланыштуу текстти окууга берилет. Алиппе мезгилиндеги окуу материалдары дээрлик ушул аспектиде үйрөтүлөт. Байланыштуу тексттин мазмуну өтүлүүчү тамганын мазмунун чагылдырууга арналат. т.а., байланыштуу тексттеги сүйлөмдөр өтүлгөн тамга катышкан сөздөрдөн туруу керек.

Көрсөтмөлүүлүк-бул дидактиканын негизги принциптеринен. Окутуунун принциптери билим берүүнүн жана тарбиялоонун максатына ылайык окутуунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн пайдалануусунун мүнөздөөчү дидактикалык категория. Окутуунун принциптеринен окутуунун эрежелери келип чыгат. Алар бул же тигил принциптин жекече жоболорун чагылдырышат. Окутуунун эрежелери окутуу процессинин логикасына негизделген теориялык талаптар болуп эсептелинет. Бул принципти конкреттүүлүк жана абстрактуулуктун биримдиги жөнүндөгү диалектико-материалисттик жобонун негизинде кабыл алынат. Окутуунун ар бир мыйзамында билимди өздөштүрүү процессинин логикасына ылайык, таанып- билүүнүн башатын жана жекече көрүнүштөрдү байкоодон, издөө, же аксиома, теория, илимий түшүнүктөрдөгү абстрактуу ой жана жалпы тыянак, айрым фактылардан жана конкреттүү көрүнүштөн келип чыгуусунун мыйзамдуулугун айгинелейт. Көргөзмөлүүлүк принциби байыркы мезгилден бери эле колдонулуп келе жатат. Бизди курчап турган предметтерди, буюмдарды, айлана-чөйрөдөгү чындыктын окуяларын көрүп, байкап, талдоодон баштоо окутуунун ийкеминен камсыз кыларына көзү жеткен үлгүлүү дидактика илими окутуунун көргөзмөлүүлүк принцибин далилдеген. Я.А.Коменский адегенде адамдын туюмунда болбогон нерсе эч качан анын акылында болбойт деген пикирге келген. Адамдар кантип билимге ээ болушат? деген суроого Дистерверг билимди өздөштүрүүнүн көргөзмөлүүлүктөн башка бир да жолу жок деген жагдайда жооп берген. Песталоцци көргөзмөлүүлүк таанып-билүүнүн жана ойлоонун ишинин башаты экенин баса көрсөткөн. Ушинский көргөзмөлүүлүктү мугалимдин тез жана жеңил окутуусуна жардам берүүчү эң күчтүү педагогикалык каражат деп эсептеп, ачык талап кылат. Эгерде балага тааныш эмес беш сөздү үйрөтөм десе, ал анын үстүнөн узак жана натыйжасыз даалалаттанат, ал эми ошондой эле 20 сөздү сүрөт менен байланыштырса, анда дароо эле үйрөнүп алат. Балага жөнөкөй эле ойду баяндасаң, ал сени түшүнбөйт, ошол эле балага татаал сүрөттү түшүндүрсөң, андагы ой балага бат эле жетет. Бир эле окуяны жөндөмдүүлүгү бирдей эки балага айтып бер, бирине сүрөт менен, экинчисине- сүрөтсүз, ошондо бала үчүн сүрөттүн кандай мааниси бар экендигин билип аласың деген ойду баса белгилейт. Көрсөтмөлүү окутуунун түрдүү учурунда дале кабыл алуу абстрактуу ойлоо менен бирдикте болууга тийиш. Көрсөтмөлүүлүк балдардын ойлоосун активдештирүүчү индукциялык жалпылоого алып барат. Мындай окутуу айрыкча, башталгыч класстарга өтө мүнөздүү. Бирок, башталгыч класста балдарга белгилүү конкреттүү буюмдарды жалпылап, материалды дедукциялык тил менен ийгиликтүү үйрөтсө да болот. Башталгыч мектепте билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү балдарды окутуудагы абстрактуулуктун элементтерин күчөтүүнү талап кылат. Көрсөтмөлүүлүк башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасында, анын ичинде сабат ачууда башкы ролду ойнойт. Мугалимдин оозеки аңгемелешүүсүн угуу менен бала анын маанисине түшүнүүгө аракет жасай баштайт. Аларды угууда толук угууга аркет жасабастан, бөлүктөрү боюнча, т.а.тыбыш, муун аркылуу бөлүүгө мүмкүнчүлүк алат. Сүйлөмдү сөзгө, сөздү муунга ажыратууга, аларды угулушу боюнча классификациялоого калыптанат. Сабат ачууда көргөзмөлүүлүк принцибине өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Ар бир өтүлүүчү сабак көргөзмөлүүлүк менен жүргүзүлөт. Тыбыштардын, тамгалардын үйрөтүлүшү сүрөттөр, сюжеттүү сүрөттөр аркылуу тааныштыруу менен гана чектелбестен, тамга кассасы, набордук полотно, кесме тамга, кесме муун, «Алиппе» окуулугундагы сүрөттөр менен иштөө алып барылат

          Сабат ачууда негизги көрсөтмө курал катарында тамга кассасы, набордук полотно, кесме тамгалар, кесме муундар пайдаланылат.

 Сүрөттүү алфавит сабат ачуунун ар бир сабагында үйрөтүлөт. Ал кесме муундардан, сүрөттөрдөн, сөздөрдөн, байланыштуу тектсттерден жана кошумча материалдардан түзүлөт.

Демонстрациялык таблицаларды колдонуунун негизги максаты-баланы ар бир тамганы эстеп калуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. Мындай таблицалардын жардамы менен төмөнкү көрсөтмөлүүлүктү колдонууга болот.

1. Сөздөрдү муундарга ажыраттырып жана кайра муундардан сөз түздүрүп окуттуруу: апа (а-па), топу (то-пу), бата (ба-та), тала (та-ла), ийне (ий-не), ойно (ой-но) ж.б.

 2. Сөздүн башына жана аягына тиешелүү тамгаларды жайгаштыруу аркылуу жаңы сөздөрдү окуттуруу: на- нан, ун-тун, бат-бата, бот-бото, ал-тал, ол-тол, ой- ойлоо, ай-айла, ач-чач, эч-чеч ж.б.

3. Окшоштуруп, же уйкаштырылып берилген сөздөрдү салыштыруу аркылуу жаңы сөздөрдү окуттуруу: тал- тол-тул, бал-бол, ноо-боо, ток-тоок, сат-сак-сап, уй- үй, күй-куй ж.б.

4. Демонстрациялык таблицалар ар түрдүү ыкмалар менен колдонулат, алар предметтүү сүрөттөргө көбүрөөк байланышып, схемалуу сөздөр аркылуу, ал эми сюжеттүү сүрөттөр байланыштуу кепти өнүктүрүү үчүн, сөз жана байланыштуу тексттер окуу китебин толуктаган. Мындай таблицалардын жардамы менен окуучу сөздөгү тамгалардын структурасын анализдөөгө, андан үндүү тыбыштарды бөлүп алууга (кызыл түс менен боёлгон), сөздү окууга, алардын өзгөрүшүн, тамгаларды бири - бирине салыштырууга үйрөнөт.

 5. Сабат ачууда демонстрациялоочу таблицаларды кайталоо жана бышыктоо сабактарында, тамгаларды кайталоо үчүн пайдаланылат.

6. Тамга кассасы, же заттардын сүрөттөрү жабыштырылган сүрөттүү алфавит да ар бир тамганын аталышын бекем сактоого чоң жардам берет. Мисалы, а-алма, т-така, о-от, н-нан, у-ун, б- бото, к-кат, э-эне, и-ийне, с-сап, ү-үкү, д-дан, ч-чай, ш-шаш, ж-жаа, ө-өрдөк, м-май, х-хор ж.б.

Сабат ачууда сүрөттүү таблицалар баланын ойлоо жөндөмдүүлүгүн жана сүйлөө кебин өстүрүү үчүн колдонулат. Сүрөттүү таблицалар заттарды топтоштуруу, же тематикалык группалардын тобу боюнча ажыратып үйрөтүлөт: үй-бүлө, мектеп буюмдары, окуу куралдары, идиштер, жашылчалар, жемиштер ж.б. Ошону менен бирге таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар да колдонулат. Мында илип коюлуучу класстык жана ар бир баланын жеке тамга кассасы, кесме тамгалар, кесме муундар, сүрөттүү карточкалар менен иш жүргүзүлөт. Класстык сүрөттүү алфавит-тамга кассасы кездемеден тигилип, анын 36 чөнтөкчөсү болот. Набордук полотно дегенибиз-туурасынан 3-4 катар тилке кагаз жабыштырылган калың картон кагаз. Тилкелерге кесме муундан, тамгадан сөз, сүйлөм түзүшөт.

            Жаёы теманы бышыктоо: Студенттер  үч топго бөлүнөт.Топторго лекциянын түп нускасы таркатылат.Окуп чыгышат жана ъздър\ алып келген окуу китептери   менен таанышышат.Топтор алган маалыматтарын презентациялашат,баяндап беришет, талкуу ж\рг\з\лът

Жыйынтыктоо: Мында слайд көрсөтулөт.Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов тууралуу.

Баалоо: Сабакка активд\\ катышкан топтогу студенттерди коментариялап баалоо.

/й тапшырмасы:

Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕР// ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ

ПЕДАГОГИКАЛЫК САБАКТАР БИРИКМЕСИ

Эне тилин окутуунун усулу сабагы боюнча

Окутуучу Тойчуева Толгонай Араповнанын кесиптик колледждин

2-курсунун ПНК11-1-3-18 тайпаларына өтүлгөн ““Алиппе” окуулугунун түзүлүшү жана анын көрсөтмө куралдары” деген темадагы ачык сабагынын

план-иштелмеси

Ош шаары-2019

Сабактын темасы:

Алиппе” окуулугунун түзүлүшү жана анын көрсөтмө куралдары

«

1-таратма

1.Башталгыч класстардын окуу китептери ?

2-таратма

1.Кърсътмъ куралдарды атап бер

3-таратма

1.Калем сап, боемо-дептер,карандаш кърсътмъ курал боло алабы?

4-таратма

1.Окутуунун техникалык каражаттары эмнелерди ичине кам

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!