СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үндүү тыбыштар, 11класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үндүү тыбыштар, 11класс»

Сабак: Кыргыз тили 11-а класс

Сабактын темасы: Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү

Негизги компетенттүүлүктөр:

НК 1.Маалыматтык

НК2.Социалдык-коммуникативдик

НК3.Маданият таануучулук

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү:

Билим берүүчүлүк:Окуучулар фонетика бөлүмү боюнча алган билимдерин кайталашат;

Эгер окуучу үндүү жана үнсүз тыбыштардын жасалуу жолдорунун айырмасын билишсе;

Өнүктүрүүчүлүк:Үндүү тыбыштардын кантип жасаларын айтып бере алышат;

Фонетикалык талдоонун оозеки түрүн жакшы өздөштүрүшсө;

Тарбия берүүчүлүк:Кеп маданиятын сактап,туура ,так сүйлөөгө көнүшөт.Улуттук каада-салттарыбызды сыйлоого көнүгүшөт

Сүйлөө жана жазуу эрежелерин так билишсе.



Сабактын тиби:Бышыктоо сабагы

Сабактын жабдылышы:Слайддык видеолор,сүрөттөр,таркатмалар,методикалык колдонмолор,ТСО.

Сабактын этаптары:

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети:

1.Уюштуруу

Шыктандыруу

Саламдашуу.

Классты түстөргө жараша эки топко бөлүү.

1-команда кызыл түстөр

2-команда жашыл түстөр боюнча бөлүнүшөт.

Саламдашышат.Маанай жаратышат.Түстөр аркылуу 2 топко бөлүнүшөт.

2.Үй тапшырманы текшерүү

Экрандан тесттик суроолорду камтыган кюзиз оюну аркылуу

Тест аркылуу үйгө тапшырманы текшертишет.

3.Теманы жарыялоо,максаты менен тааныштыруу

Алгач көңүлүңөрдү слайдка бурсам.1-слайд көрсөтүлөт.Мында адам органдарынын:мээ,өпкө,ооз көңдөйү,жаак,тил,тиш,мурун,эрин сүрөттөрү берилген.(анатомия предмети менен байланышта)Ар бир орган боюнча бир сүйлөмдөн кызыктуу маалымат берип өтсө болот.Мисалы,мээнин салмагы 1-1.5 кг түзөт. Андан кийин суроо берилет.Балдар ушул сүрөттөр аркылуу биз бүгүн кандай тема өтөрүбүздү ойлонуп көргүлөчү.

Проблемалуу кырдаал түзүлүп,окуучулар өздөрү теманы таап чыгышат.

Демек ,биз бүгүн фонетика бөлүмү боюнча билимдерибизди бышыктайбыз деп ,сабактын максаттарына токтолом.














Дептерлерине числону жана сабактын темасын жазышат

4.Жаңы тема боюнча маалымат берүү.

1-деңгээл.Балдар,ортодо силерге сүрөттөр жана батман берилет.Силер үндүү тыбыштардын бөлүнүшү боюнча таблица түзүшүңөр керек.

Мен үндүү тыбыштардын тилге,эринге,жаака жана үндүн созулушуна карай бөлүнүшү боюнча үстүртөн айтып өтөм,алар укканддарын батманга түшүрүшөт.Бүткөндөн соң аткарган иштерин доскага илишет.

2-деңгээл.Пазл берилет

Ар бириңерге ар түрдүү формадагы кагаздарды бердим.Баарыңар алгач анын артындагы сүйлөмдөрдү дептериңерге жазып алгыла да,пазлды чогулткула.Ким биринчи бүтсө доскага алып келип илишет.

Ортодо турган батманга таблица чийишет.Алардын милдети уккандарын көргөндөрүн так,туура жазуу.








Дептерлерин жазышат,пазл чогултушат






5.Бышыктоо:

Ар бир окуучуга берилген өрүк гүлдөрүнүн артындагы сүйлөмдөрдү окуп чыгышат.Сүйлөмдө бир тыбыштын асты кара менен басылган болот.Ошол тамгага оозеки фонетикалык талдоо жүргүзүүсү керек.Мисалы:короодо деген сөздө оо тыбышынын асты сызылган.Окуучу оозеки талдайт.

0-үндүү,жоон,кең,эриндүү.созулма.

Келгиле,балдар 2-слайд аркылуу 1-батманда аткарылган иштериңерди текшерип алсак.Слайдда берилген маалымат менен өздөрү жазгандарын салыштырышат,ката жазган болсо оңдошот.

3-батманга өрүк гүлдөрүн алдын ала даярдалган бөлүктөргө жайгаштырышат.Мисалы:Мен бул сабактан көп нерсе үйрөндүм.Мен мурдагы билгендерими дагы толуктадым.

Өз алдынча иштешет.

Оозеки фонетикалык талдоо жүргүзүүгө көнүгүшөт.




















6.Жыйынтыктоо.

а) кайтарым байланыш

1.Үндүү тыбыштар кантип жасалат?

2.Үндүү тыбыштар канчага бөлүнөт?

3.Тилге карай кандай болуп бөлүнөт?

4.Эринге карай кантип бөлүнөт?

Окуучулар жооп беришет.Түшүнбөгөн суроолору болсо беришет.

7.Баалоо:

Кайсы топтун жыйган чүкөлөрү көп болсо ошол топтун окуучулар жакшы ,эң жакшы бааларга ээ болушат.

Окуучулар сандыкка топтошкон чүкөлөрүн санашат.

8.Үйгө тапшырма берүү:

5 сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзүү.