СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Сармерден оюну"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жана адабияты мугалими 

Просмотр содержимого документа
«"Сармерден оюну"»

Акматша Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Султаналиева Элмира Садырбековна

Тарбия саат

Сабактын темасы: Улуттук баалуулуктар - улутубуздун жүзү

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк:Элибиздин каада-салтын,үрп-адатын ,элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн «Сармерден оюну» аркылуу түшүнөсүңөр.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебиңер артып,логикалык ой жүгүртүүңөр калыптанып, тапкычтыкка,чечендикке үйрөнөсүңөр.

В) Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин сыйлоо менен кыргыздын наркын билүүгө,эне тилинде сүйлөөгө тарбияланасыңар.

Сабактын тиби: Сабак-сахна

Сабактын методу: Көрсөтмөлүү,суроо-жооп

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили жана адабияты, музыка, дене тарбия

Сабактын жабдылышы: боз үйдүн түндүгү,уугу,керегеси,шырдак,төшөк,аяк кап, макалдар, жаңылмачтар, ыр, бий, улуттук тамак-аш, улуттук оюндар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Жагымдуу маанай тартуулоо.Улуттук бий «Наргиз» бийчилер тобунан кыргыз бийи

Мугалимдин сөзү: Саламатсыздарбы, бүгүнкү «Сармерден» оюнун көрүүгө келген кадырман коноктор,ата-энелер,кесиптештер жана биздин сүйүктүү окуучулар. Акматша Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларынан түзүлгөн кыз-жигиттер «Сармерден» оюнуна кош клипсиздер ! Кол чабуулардын коштоосунда кыз-жигиттерибизди чакырып алсак. (Музыканын коштоосунда окуучулар сахнага чыгышат.

Эркеайым:

Кылымга аты дал келген Кызыктуу оюн - сармерден

Кадырдос :

Кыздар үчүн төп келген, Кымбаттуу биздин - сармерден

Эркайым:

Жашоого аты дал келген Жаштардын ойну- сармерден

Кадырдос:

Көктөмгө көркү жарашкан Көргөн жанды тамшанткан. Көрктүү оюн - сармерден.

Эркайым:

Кызыктырган далайды Кыздардын ойну - сармерден.

Кадырдос:

Көрөңгөлүү журтумдун Көөнөрбөгөн эч качан Байлыгы болгон - сармерден. Эркайым:

Бабалар бизге калтырган Байыркы оюн - сармерден.

Кадырдос:

Кызытып жаштар оюнун Кыргыздын шоу - сармерден

Эркайым

Кубаты жокко ал берген Куюлтуп сөздөн бал берген Кыздардын ойну - сармерден

Кадырдос

Сан кылымдан бул күнгө келип жеткен. Сан үндөрдүн гүлдөрүн терип жеткен. Сармерденге кош келиңиздер!



Эркайым:

Канатын куштай керген эл Кармашкан жоосун жеңген эл. Кармашып калган душмандын Катыгын колго берген эл. Амансыңбы кутмандуу Бүгүнкү сармерденге келгендер

Кадырдос

Алым-сабак кеп баштап Кадамдарын кең таштап, Миң кайталап ыр жаттап, Бүгүн сиздерге оюн койсок деп, Мыктылап өнөр көрсөтүп, Сиздердин көңүлдү ачып берсек деп мектеп окуучуларынан жана Чок-Тал айылынын ардактуу тургундарынан түзүлгөн “ Айкөл “ жана “ Акылзат” топторун сиздердин алдыңыздарга чакыралы.

Кадырдос:

Кызыл-тазыл кийинген Кымбаттыгы билинген Ай чырайлуу кыздарды тосуп алалы!

Эркайым:

Сармерден салтын уланткан Самаган элди кубанткан “Чок-Талдын ” жигиттерин тосуп алалы!

Кадырдос:

Сармерденди улантып, Уккан жанды кубантардан мурда Калыстык сөзүн айта алган калыстар тобун белгилеп алалы. (Калыстар тобунун мүчөлөрүн атап чыгат)

(Кыздар жана балдар саламдашышат)

Балдар саламдашат

1-жигит Кыргыздын күмүш кемери. Кыргыздар сөздүн чебери. Кыргыздын салтын унутпай, Кыздарга салам берели!

2-жигит Эсенсиңби, меймандар Элибиздин салты экен, Эсендешип алалы.

3-жигит Амансыңбы калайык. Атадан калган салт экен. Амандашып алалык.

4-жигит Ала-Тоону жердеген, Ак калпак кыргыз ичинде Айчүрөктөй чырайлуу Ак куудай кыздар аманбы?

5-жигит Чалкыган көлдүн жээгинде Байырлап окуп жатышкан Айчүрөктөй акылдуу Бактылуу кыздар аманбы?

Кыздар саламдашат:

1-кыз Таштарда алгач кадамды Ата наркын бек сактап, Тобуңа айтам саламды!

2-кыз Саламдашпай кеп баштап, Адеп салтын бузбайбыз Биз деле тарбия алган кыздарбыз

3-кыз Асылын жердин жердеген, Акылдын кенин эңсеген, Ай чырайлуу кыздарбыз Алдында жемин бербеген.

4-кыз Кыз Сайкал менен Кыз Жаңыл Таймашка кирген бакырып. Алардай болбой калсак да, Тайманбай окуп жатабыз, Билимге калдык баш уруп.

Эркайым:

Сагынган элди кубантып, Сармерден салтын улантып, Ортого кызык таштайлы, Анда сармерденди баштайлы.

Кадырдос

Булак башынан бузулбай келген, С алт башынан сакталып келген Сармерден ойнун баштайлы.

Эркайым:

Өрөпкүп турат жүрөктөр Оюнду эми баштайлы.

Күүлөнтүп баркын сынатып, Эки тараптын күчүн көрөлү..

Кадырдос:

Башканы коюп “Манасты “ айт дейт эмеспи, Улуу элдин улуу өнөрүнөн , Манасчылардын өнөрүнөн баштайлы. (Эки тараптын “Манас” айтылат)

Эркайым:

Атайын жаңылып калууга ылайыктуу сөздөрдөн тандалган жаңылмачтарга кезек берсек кантет

Кадырдос:Жаңылмачтар бат сүйлөөгө,эске тутумду калыптандырууга жакшы жардамчы болот эмеспи.Анда ата-бабалдардан калган жаңылмач айтышуу өнөрүнө кезек берели.

Жигит: Эртең аркарлар марчага марчалайт,

Эртең аркарлар марчага марчаласа,

Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,

Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?

Кыз: Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,

Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,

Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.

Жигит: Былкы-былкы былкы таш,

Былкылдаган кызыл таш,

Таар токум чаар таш,

Тайгаланма кара таш.

Кыз: Асманда эки айры куйрук

Бири ак кыска айры куйрук,

Бири кара кыска айры куйрук,

Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук

Кара кыска айры куйруктун жолун тосот.

Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук

Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.

Жигит: Тээ арал – тар арал

Тар аралда – марал бар

Марал бар арал – тар арал

Ал аралда маралдар

Кыз: Аарыларда баары бар

Бал челекте аары бар

Аарыларда балы бар

Аары жакта дагы бар

Эркайым:Элибиздин оозеки чыгармачылыгында кеңири тараган табышмактар да балдарды тарбиялоодо өзгөчө орунду ээлеп келген эмеспи.

Кадырдос:Туура табышмактар балдардын аң сезимин өстүрүү үчүн чоң роль ойногон десек жаңылыштык болбос.Табышмак жашыруу кезеги келсе биз баштайлы .

Кадырдос:Каада-салт ырларынын бирине кезек берсек кантет

Эркайым:Анда, Акыйнек айтышууга кезек берели .Акыя ,акыя, Акый акый акыя

Бала: Акыйнек ырын ырдашуу,

Абалтан кыргыз салты экен,

Акыйнек ырын улантуу,

Атабыз кыргыз наркы экен!

Кыз: Ыр ырдашып, сындашуу,

Ыр жандуу кыргыз салты экен,

Сынга сындай жооп айтсак,

Атабыз кыргыз наркы экен!

Бала: Сени болсо топ кыздар,

Кийимин чактап кие албас,

Кийсе да тыкан жүрө албас,

Уй сааганда этегин,

Чарпый баса отурган,

Чалма этек кыз деп жүрөт.

Кыз: Сени болсо көп кыздар,

Кийимин таза кие албас,

Кийсе да таза жүрө албас,

Көйнөгүнүн көкүрөгү булганган,

Дак болсо да көйнөгү,

Тазалап, жууп албаган,

Тазалыкка сараң жигит идеп жүрөт.

Бала: Сени болсо теңтуштар,

Ийри колго иш албас,

Жалкоо кыз деп жүрөт.

Келечек жолун байкабас,

Аңкоо кыз экен деп жүрөт.

Кыз: Сени болсо жеңелер,

Жеңил жигит деп жүрөт,

Жеңенин сыйын биле албас,

Жеңени сыйлап жүрө албас,

Көзүнчө мактап жигит деп,

Жеңелериң артыңдан,

Биздин бала жеңил ойлуу деп күлөт.

Бала: Сени болсо көп кыздар,

Уйкучу кыз деп жүрөт,

Окуусунда үргүлөп,

Отурат ал деп күлөт.

Кыз: Сени болсо айылда,

Кой келгенде короого

Чачын жууйт деп жүрөт.

Үй оокатка кош көңүл,

Жалкоо жигит деп күлөт (тандап алган темага карата да акыяны тандап алса болот)

Эркайым:

Ыраактабай жакындашуу - бул жагы. Ынтымактын пайдубалы бул дагы. Эрегишип таймашуунун ордуна. Жан эргиткен обондордон ырдайлы.

Кадырдос:

Ооба, оюнду уланта берели Көргөндөрдү кубанта берели. Кыздардын көңүлүн ачып, Обологон обондорго кезек берели (Жакшы эки ыр ырдалсын)

Кыздардан Нурхаят ырдайт

Балдардан Кадырдос ырдайт

Эркайым:

Көбүгү күмүш, суусу алтын Көлумдүн бийчи кыздары Ырыска бүткөн Ысык-Көл Жеримдин бийчи кыздары.

Кадырдос:

Чимирилип бийлеген Көргөндүн көөнүн кандарган Жалындаган жаштардан Жалпыңарга бий белек ! (Бийге кезек берилет)

Эркайым: Керемети келишкен кыздарыбыздын бийине кезек берели.

Кадырдос:Макалдардан айтышып баштасак, кыргыздын макалдарына чек жок.

Эркайым:Чынында, кыргыздын көөнөрбөс казынасы болгон макал айтса түгөнбөйт. ( Макал айтышуу тапшырма)

Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.

Адам тилинен табат.

Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.

Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.

Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.

Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.

Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.

Алсыздын тили алты кулач.

Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.

Ачуу тил — жыландын заары. Таттуу тил — жүрөккө дары.

Ачуу тил таттуу турмушту бузат.

Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.

Адамдын даамы тилинде (сөз менен).

Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.

Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.

Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.

Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.

Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен (оозунан) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.

Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.

Дүлөйдүн тилин дудук билет.

Дымак — өрдө, ооз — баатыр, тил — текебер

Кадырдос:Быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 36 жылдыгы белгиленип жаткандыгын эске алып,улутубуздун улуттугун аныктаган каада- салттарыбыздан көрсөтсөк кантет

Эркайым:Эң сонун болот

(Тушоо кесүү,бешикке салмай каада салты көрсөтүлөт)

Эрайым менен Кадырдос чогуу:Урматтуу агай-эжейлер,биздин коноктор,ардактуу ата-энелер,сүйүктүү окуучулар мектептин окуучуларынан түзүлгөн кыз-жигит “Сармерден оюну” соңуна келип жетти.Колдоп келгениңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.Саламатта болуңуздар!