СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы адабий окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы адабий окуу»

Сабактын темасы: “Көз жаш” Меңди Мамазаирова


Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк:Окуучулар чыгарманын мазмунуменен таанышат

Чыгарманын мазмунун, жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнөт.


Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар чыгарманы окуп, сүрөттөп, айтып беришет.

Текстти көркөм, ролдоштуруп, ар кай жеринен үзүп окушат. Кеп маданияты, актёрдук чеберчилиги өсөт.Мазмунун сүрөт аркылуу чагылдыра алат.


Тарбия берүүчүлүк: Ата –энесине туура мамиле жасоого тарбияланышат.

Ата-энелерине камкор болуп, аларды капа кылбоо керек экенинине ынанышат.


Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү сабагы

Сабактын методу: Аңгемелешүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, топто, жупта, өз алдынча иштөө.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, окуу техникалык каражаты.

Сабактын жүрүшү:

Комментарийлер

  • Уюштуруу бөлүгү: Жагымдуу маанай тартуулоо:

Окуучулар бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтышат.

  • Үй тапшырманы кайталоо: Ууру үкү

  • Чыгармадан чыгарма жаратып келген жомокторун окуп беришет.

  • Жаңы темага өбөлгө түзүү:

  • Акыл тактадан атайын даярдалган сүрөт көрсөтөм.

  • Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?-деген суроо менен балдарга кайрылам.

  • Көз жаш жөнүндө билгендерин балдардан сурайм.

Текстти окуганга чейинки ишмердүүлүк:

  • Чыгарманын автору менен таанышат.

Акын, прозаик Меңди Мамазаирова 1943-жылы 1-майда Ош областынын Кара-Суу районунда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1959-жылы орто мектепти, 1965-жылы КГУ нун филология факултетин аяктайт. Ал балдар үчүн да чыгармаларды абдан көп жазган. Ал эми бүгүн биз силер менен акындын «Көз жаш» деген чыгармасы менен таанышабыз.

  • Текстти окуудагы ишмердүүлүк:

  • Чыгарманы балдар өз алдынча 3 мүнөттө окуп чыгышат.

  • Тексттин мазмуну тууралуу ой жүгүртүшөт.

  • Текст боюнча өз ойлорун айтып талкуулашат

  • Чыгармадагы айрым түшүнүксүз сөздөр менен иштейбиз.

  • Жалгыз бой аял – жолдошу каза болгон күйөөсү жок аял.

  • Жоокерчилик заман – согуш убагы.

  • Көч – көчүп бара жаткан көчмөндөр(адамдар).

  • Мертиндиң- каза болдуң.

  • Суроолор менен иштөө.

  • Эмне үчүн чыгарма «көз жаш» аталып калыптыр?

  • Эмне себептен балдары энесине камкор болушпайт?

  • Эмне үчүн аял көз жашын төгүп боздоду?

  • Аялдын кебетеси кандай сүрөттөлүптүр?

  • Текстти бөлүктөргө бөлүп, аларга ат коёлу!

  • Топтордо иштешет:

        • Чыгарманын мазмунун камтыган сүрөт тартышат.

        • Чыгармадан чыгарма жаратышат.

        • Тексттин мазмунун камтып класстер түзүшөт.

Сабакты бышыктоо:

Текстти окугандан кийинки ишмердүүлүк:

Тесттик суроолор

1.Чыгарманын автору ким?

А) Санарбек Карымшаков Б) Меңди Мамазаирова

В) Алмазбек Токтомаметов

2. Жалгыз бой аялдын канча баласы болгон?

А) 2 Б) 4 В) 3

3. Жалгыз бой аялдын балдары кандай болот?

А) мээримдүү Б) акылдуу В) мээримсиз

4. –Кара чечекейим, анда сен барчы! –деп апасы кимге кайрылат?

А) уулуна Б) кызына В) жолдошуна

5. Балдардын атасы ким болгон?

А) мергенчи Б) баатыр В) дыйкан

6. Балдары апасына талкан калтырабы?

А) калтырат Б) калтырбайт

7. Эмне үчүн аял көз жашын төгүп боздоду?

А) балдарына нааразы болуп

Б) балдарына ыраазы болуп

В) балдарынын жоругуна сүйүнүп

8. Апасы кайсы чымчыкка айланып кетти?

А) таранчы Б) саргалдак В) бүркүт

Үй тапшырма берүү: “Ата-энем” 5-6 сүйлөмдөн турган эссе жазып келүү.

Баалоо: тесттин жыйынтыгы менен бааланат.




Мотивация берилет




Калыптандыруучу баалоонун техникасы

(оозеки кайтарым байланыш)




















Ар бир ой баалуу







Топто иштешет.































Сабактын темасы: “Ууру үкү” Самарбек Карымшаков

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк:Окуучулар чыгарманын мазмуну менен таанышат

Чыгарманын мазмунун түшүнүп, оозеки баяндай алат..


Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар чыгарманы окуп, сүрөттөп, айтып беришет.

Текстти көркөм окуп Кеп маданияты, актёрдук чеберчилиги , жаратылыштын кооздугун айта алат.Мазмунун сүрөт аркылуу чагылдыра алат.


Тарбия берүүчүлүк: Чынчылдыкка, достукту бекем сактоого тарбияланышат.

Уурулук жаман сапаттардын бири экенин түшүнүшөт.


Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү сабагы

Сабактын методу: Аңгемелешүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, топто, жупта, өз алдынча иштөө.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, окуу техникалык каражаты.

Сабактын жүрүшү:

Комментарийлер

  • Уюштуруу бөлүгү: Жагымдуу маанай тартуулоо:

Окуучулар бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтышат.

  • Үй тапшырманы кайталоо:

  • Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу. Тема боюнча балдар бири-бирине суроо беришет.

  • Жаңы темага өбөлгө түзүү:

  • Акыл тактадан атайын даярдалган сүрөт көрсөтөм.

  • Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?-деген суроо менен балдарга кайрылам.

  • Үкү жөнүндө билгендерин балдардан сурайм.

Текстти окуганга чейинки ишмердүүлүк:

  • Чыгарманын автору менен таанышат.

  • Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, комузчу

  • Филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков Жумгал районунун Жаңы-Арык деген айылында 1941-жылы 20-октябрда туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Самарбек Карымшаков ар тараптуу таланттын ээси болгон.

  • Текстти окуудагы ишмердүүлүк:

  • Чыгарманы балдар өз алдынча 3 мүнөттө окуп чыгышат.

  • Тексттин мазмуну тууралуу ой жүгүртүшөт.

  • Текст боюнча өз ойлорун айтып талкуулашат

  • Чыгармадагы айрым түшүнүксүз сөздөр менен иштейбиз.

  • Бөктөрүнүп кетет- алып кетет

  • Коңурук - үн чыгарып уктоо.

  • Суроолор менен иштөө.

  • Эмне үчүн чыгарма «ууру үкү» аталып калыптыр?

  • Жомок жактыбы?

  • Үкү, коен, күн карама кандай болуп калыптыр?

  • Коендун булуттан чыга калган күнгө кайрылган жерин

таап окуп королучу.

  • Топтордо иштешет:

  • 1-топ. Кластер түзүү;

  • 2-топ. Синквейн түзүү;

  • 3-топ. Чыгарманы сүрөт аркылуу чагылдыруу

Сабакты бышыктоо:

Текстти окугандан кийинки ишмердүүлүк:

  • Мени кызыктырды...

  • Мен билдим....

  • Менин оюмча...

Үй тапшырма берүү: Чыгарманы улантып жазып келишет.

Баалоо: Баалоо баракчалары аркылуу өзүн-өзү баалайт.



Мотивация берилет



“Пияз арчу” ыкмасын пайдаланам.



Калыптандыруучу баалоонун техникасы

(оозеки кайтарым байланыш)




















Ар бир ой баалуу






Топто иштешет.








“Баалоо баракчасы”