СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын темасы:Кайрымдуулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайрымдуулук

Просмотр содержимого документа
«Сабактын темасы:Кайрымдуулук»

Мыйзамда кайрымдуулук деген эмне? Юрист жооп берет

17.10.2018



Бүгүнкү күндөрдө “кайрымдуулук” деген сөздүн түшүндүрмөсү ары кенен, ары терең. Аны ар тараптуу тармактан — социалдык, философиялык, диний, экономикалык жана укуктук аспектилерден алып кароого болот. Юриспруденция жаатынан алганда, кайрымдуулук деген — жарандардын жана юридикалык жактардын физикалык же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын пайда көздөбөй (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) берүү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, башка колдоолорду көрсөтүүлөрү.







Учурда өлкөбүздө кайрымдуулук ишин жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн бир гана мыйзам бар. Ал “Кыргыз Республикасынын “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө”мыйзамы” деп аталат. 1999-жылдын, 6 — ноябрында кабыл алынган. Бул мыйзамда кайрымдуулук деген сөз “соопчулук” деп берилет.



Кайрымдуулуктун төмөнкүдөй юридикалык өзгөчөлүктөрү бар:



1.Кайрымдуулуктун субъектиси — жеке дагы юридикалык дагы жактар боло алат.



2.Кайрымдуулуктун предмети — буюм, акча, кызмат көрсөтүү же укук түрүндө берилет.

Башкача айтканда, акциздик марка коюлган товардан (мисалы спирт ичимдиктерин, сигарет ж.б.) тышкары буюмдардын баардык түрү, улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары жана кандайдыр бир буюм, кыймылдуу-кыймылсыз мүлккө ээлик кылууга, колдонууга болгон укук дагы кайрымдуулукка берилсе болот.



3.Ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, кайсы бир жаранды же уюм-мекемелерди кайрымдуулук кылууга мажбулоого эч кимдин укугу жок. Кыргыз Республикасынын “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинде: “Жарандар жана юридикалык жактар меценаттыкты жана соопчулук ишин түздөн-түз же соопчулук уюмдары аркылуу ыктыярдуулуктун жана жалпы пайдалуу максаттарды эркин тандап алуунун негизинде тоскоолсуз жүзөгө ашырууга укуктуу” деп баса белгиленген.



4.Коомдук пайдалуу максаттарды көздөөгө тийиш. Мына ушул критерий менен кайрымдуулук кадимки Тартуулоо келишиминен(КР Жарандык кодексинин 509-беренеси) айырмаланып турат. Бул максаттар жогоруда аталган мыйзамдын 1-беренесинин 4- пунктунда так көрсөтүлөт:



жарандарды социалдык жактан колдоо жана коргоо, анын ичинде жарды-жармачтардын материалдык абалын жакшыртуу, жумушсуздарды, майыптарды жана өздөрүнүн мүчө-боюнун жана (же) интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнөн, башка жагдайлардан улам өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча ишке ашыра албаган башка адамдарды социалдык жактан реаблитациялоо;

табигый кырсыктардын, экологиялык, өнөр жайлык же башка кыйроолордон, социалдык, улуттук, диний чыр-чатактардан жана айласыздан көчүүдөн жапа тарткандарга жардам берүү;

элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымактуулукту чыңдоого, социалдык, улуттук, диний чыр-чатактардын алдын алууга көмөк көрсөтүү;

инсандын билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу чөйрөсүндөгү ишине, рухий өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;

энени, баланы коргоого көмөк көрсөтүү;

жарандардын саламаттыгын профилактикалоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле, саламаттыкты сактоочу турмуш ыңгайын пропагандалоого, жарандардын адептик-психилогиялык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү;

дене тарбия маданияты жана массалык спорт чөйрөсүндөгү ишке көмөк көрсөтүү;

курчап турган табигый чөйрөнү сактоо жана жаныбарларды коргоо;

тарыхый, диний, маданий же табиятты сактоочу мааниге ээ болгон имараттарды, объекттерди жана аймактарды жана көрүстөндөрдү сактоо жана талаптагыдай күтүү максаттарында жүзөгө ашырылат.

5.Пайда көздөбөстөн, акысыз негизде жүргүзүлөт. Келишим оозеки болсун, жазуу түрүндө болсун кайрымдуулук кылуучу алуучу тараптан кайтарымдуу милдеттенмелерди (мисалы кызмат көрсөтүү) талап кылбашы керек. Эгерде талап кылынчу болсо анда бул кайрымдуулук келишими эмес, демөөрчүлүк колдоо же өнөктөштүк келишими болуп калат.



2) Кайрымдуулук алакаларынын субъектилери



1.Кимдер кайрымдуулук кыла алат?



КР аймагында кайрымдуулук кылууга бардык жарандар, жарандыгы жок адамдар, мамлекеттик органдардан тышкары бардык юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык чет өлкөлүк жарандар, уюмдар жана эл аралык уюмдар дагы укуктуу.



2.Кимдер кайрымдуулук алууга болот?



Жардам алууга муктаж адамдар (жарандыгы бар, жок экендигине карабастан), социалдык жактан коргоо мекемелери, бейтапканалар, тарбиялоо, илимий, окуу жана кайрымдуулук кызматын көрсөткөн уюмдар-бирикмелер, музейлер, диний уюмдар, маданият үйлөрү, ж.б. коммерциялык эмес уюмдар укуктуу (КР Жарандык кодексинин 518 –беренеси, 1-пункт).



3.Кимдер кайрымдуулук алууга болбойт?



Жогоруда аталган мыйзамга ылайык коммерциялык уюмдар, саясий партиялар, кыймылдар, топтор жана саясий кампаниялар кайрымдуулук алууга болбойт.



3) Кайрымдуулук уюму деген эмне?



Жалпы коомду же айрым категорияларды адамдарды социалдык, руханий, материалдык жактан колдоо үчүн түзүлгөн мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюм — кайрымдуулук уюму болуп эсептелет. Кайрымдуулук уюмдары — фонд, бирикме, ассоциация же мекеме түрүндө түзүлөт. Аларды түзүүнүн жол-жобосу КР “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамында (1999 –жыл, 15-октябрь № 111) жана КР «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамында (2009-жыл, 20-февраль, № 57) көрсөтүлөт.



Кайрымдуулук уюмуна мүлк же каражат кайдан келет?



1. Жеке жана юридикалык жактар берген акчалай же натуралдык түрдөгү каражаттардан;



2.Уюштуруучуларынын кошумчаларынан;



3.Мүчөлүк акылардан (эгерде мүчөлүккө негизделген уюм болсо);



4.Өткөрүлгөн иш-чара, акциялардан (мисалы, концерт, спорттук мелдеш, марафон ж.б.у.с.) түшкөн каражаттардан.



5.Аукцион же конкурс өткөрүүдөн алынган каражаттардан.



Уюмдар административдик чыгашаларга ушул чогулган каражаттардын 2% гана сарптоого укуктуу. Башка өлкөлөрдө, мисалы Россияда бул көрсөткүч -20%



Кайрымдуулук уюмдар өз максаттарын уставында так көрсөтүүгө тийиш. Эгерде анын чегинен ашып, же мыйзамга каршы иш кылса анда милдетүү мамлекеттик органдар алгач эскертүү иретинде кат жөнөтөт. Мындай көрүнүш дагы эле улана берчү болсо, анда уюм тиешелүү мыйзамдардын негизинде жоюлууга мажбур болот.