Сабактын темасы: “Кыямат” романы
Сабактын максаты:
Ч. Айтматовдун “Кыямат” романынын негизги идеясын түшүндүрүү
Романдын гумандуулук, патриоттук багыттарын өнүктүрүү
Окуучуларды жаратылышка болгон махабатын, мекенди сыйлай билүүгө тарбиялоо.
Сабактын түрү: Аралаш
Сабактын жүрүшү:
Акбара&Ташчайнар= «Акжал»дар
Бөтөнчүлүгү – ооп келгендер тала-туздун бөрүүлөрүнөн экенин билгизип, жогдор жүнү, моюн жүнү, чоктук жалына чейин оролгон шалы жоолук сыяктанып агыш-көк түстүү. Ошол үчүн буларды «Акжал» аташып, Ысык көлдүн бөксө тоолорун жайкылган жергиликтүү бөрүлөрдөн ирдүүрөк.
Акбара&Ташчайнар=12 бөлтүрүктү дүйнөгө келтиришти, бирок бардыгынан айрылышты…..
1-үч бөлтүрүк. Чоң баш, Желтаман, Сүйгүнчук Моюнкумдун чөлүндө дүйнөгө келишти…
….Жолдукатар улам үрккөн топтор кошулуп эзелттен мындай аламатты билбеген, же баштоосу жок, же качар багыты дайынсыз макулуктар удургуп, Моюнкумдун акыр кыяматы башталды. Жалаң ача туяк адал жандыктар эмес, алардын демейки жандоочусу, эзелки жоосу – бөрүлөр да селдин шарына кетти….
…..Акбара канчык менен Ташчайнар дөбөт аман калгандарына ыраазы болуп, кыргын түшкөн талаадан алыс кетишти.
…..Бөлтүрүктөрү болсо кырылды.
…..Ийинин кишилер ээлеп алыптыр, эми кайра баруу жок.
Бул болсо көккөз Акбара жана Ташчайнарлардын башына түшкөн 1-кыямат эле…
…..Жыл маалы Акбара жана Ташчайнар алдаш камышынын арасында жүрдү. Мына ушул жерде экөөнүн эң көп бөлтүрүктөрү - 5 бөлтүрүк туулду. Мына тукум! Бирок бөлтүрүктөрү чоңойуп келатканда камыш өрттөнүп бөрүлөргө дагы балээ болду.
… Себеби ушул аймакта жаңы ачылган тоокен жайына жол салыш керек болгон соң камышты өрттөп жиберишти…
… Алар бөлтүрүктөрүн сактап калууга миң аракет жасашса да сактап кала алышпады- бул алар үчүн экинчи кыямат эле.
…Акбара & Ташчайнар ошентип дагы жер ооду. Бу жолу тоо таянышты. Жер бетинде башбаанек кылар эми тоо гана экенин бөрүлөрдүн сезими туюнду.
…Ак туздун ашуусун ашып, жүп бөрү Ысык Көлдүн ойдумуна түштү.
…. Андан ары барар жер жок эле, алдыды мелмилдеген деңиз жаткан.
… Акбара менен Ташчайнар үчүн жаңы үмүт, жаңы турмуш башталды. Дагы бөлтүрүктүү болушту. Бул жолу төрт күчүк туулду.
… Тукум улантуунун эң акыркы, жан кашайган аракети ушул болду.
…..Бөрүлөрдүн тарыхы мына ушул Ысык Көлдө ырайымсыз трагедия менен бүтөт…
…. Ал дегени алар үчүн 3-кыямат күтүп түрөр...
… «Бешөө жана алтынчы»
1. Обер-Кандалов
2. Гамлет-Галкин
3. Мишка-Шабашник өздөрүн «хумта» деп атап алган аракечтер тобу
4. Абориген-Үзүкбай
5. Кепа-Шафер
6. Авдий Каллистратов – журналист
….. «Атадан алтоо болсоң да – бир жалгыздык башыңда, жападан жалгыз болсоң да – бул жалгыздык башында»…
… «Адал сүйө турган жан, ак сүйүүгө жете албайт»..
.. «Жетинин бири» атту баллададан Гурам Джохадзе, анын беш жигити жана жетинчиси чекист Сандро..
…Ата-Мекенди алып кетүүгө мүмкүн эмес, алып кетсе сарсанаа, кусалыкты гана алып кетүүгө болот, эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрө турган нерсе болсо, анда анын баасы сокур тыйынга турбас эле.
Гришан
Ленька
Петруха Баңчи чабагандардын тобу
Махач
Авдий:
Максаты жаштарды оп тартып торуна түшүрүп жаткан баңгиликтин табият таржималын ийне - жибине чейин билип чыгуу үчүн, ушул баңги чабагандардын жорук жосундарын даана иликтеп чыгып, газетке бир чоң материал жарыялоо аркылуу элдин көзүн ачып, асыл ишке көмөктөш болуу эле.
Авдий&Инга Фёдоровна
Иисус Христос - Понтий Пилат – Рим империясынын Иидей жериндеги өкүлдөрү, прокуратору. Өз убагынде Синедриондордун сотунда өз көз караштарынан танбай койгон Иисусту өлүм жазасына өкүм кылган киши.
https://wordwall.net/resource/67354559