СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын темасы: Витаминдер

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

а) Окуучуларга витаминдердин мааниси түрлөрү, тамак аштарда витаминдердин сакталышы. Организмде витаминдер жетишпегендигинен пайда болгон оорулар жөнүндө түшүнүк берүү. Бөлүп чыгаруу органдары анын түрлөрү адам организминдеги керексиз заттар бөлүнүп чыгышы, бөлүп чыгаруу системадагы дарттар жана алдын алуу чаралар жөнүндө түшүнүк берүү. б) Зат алмашуу организминде энергиянын пайда болушу жана алмашуу жөнүндө түшүнүктөрүн өнүктүрүү. в) Окуучуларга тамактануунун нормасы, витаминдерди сакташ үчүн тамакты кантип даярдоо жана ичкиликтин зыяндуулугу жөнүндө кеӊеш беруү, гигиенаны сактоо, тазалыкты сактоо жана эмгектенүүгө тарбиялоо.  

Просмотр содержимого документа
«Сабактын темасы: Витаминдер»

Сабактын темасы: Витаминдер

Сабактын максаты:

а) Окуучуларга витаминдердин мааниси түрлөрү, тамак аштарда витаминдердин сакталышы. Организмде витаминдер жетишпегендигинен пайда болгон оорулар жөнүндө түшүнүк берүү. Бөлүп чыгаруу органдары анын түрлөрү адам организминдеги керексиз заттар бөлүнүп чыгышы, бөлүп чыгаруу системадагы дарттар жана алдын алуу чаралар жөнүндө түшүнүк берүү.

б) Зат алмашуу организминде энергиянын пайда болушу жана алмашуу жөнүндө түшүнүктөрүн өнүктүрүү.

в) Окуучуларга тамактануунун нормасы, витаминдерди сакташ үчүн тамакты кантип даярдоо жана ичкиликтин зыяндуулугу жөнүндө кеӊеш беруү, гигиенаны сактоо, тазалыкты сактоо жана эмгектенүүгө тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү:

а)уюштуруу

б)үй тапшырма суроо

в)жаӊы тема

г)бышыктоо

д)жыйынтыктоо

е) үйгө тапшырма берүү

ж)баалоо

Жаӊы тема:

Витаминдер – бул организмдин тиричиликаракети үчүн эӊ зарыл болгон биологиялык активдүү заттар. Адамдардын организминде 20га жакын витаминдер бар. Организмдеги витаминдер кемдиги же алардын жоктугу зат алмашууну бузат. Мындай кубулуштарды авитаминоз деп аталат. Адамдын организмине тынбай керектелип туруучу бул төрт витамин: С, А, В, Д. Эми балдар ошол витаминдердин ар бирине токтолуп өтсөк.

Бул организмге эӊ керек болгон витаминдердин бири “С” витамини. Бул витамин көп убакытка чейин организмде жетишсиз болсо анда адам цанга оорусу менен ооруйт. Бул оорунун белгилери күчү кетет, тиш эти канайт, тиштери бошойт. Ошондуктан адам суткасына 50мл “С” витаминин алып турушу керек.







Ар бир витамин организминде өзүнүн орду бар жана белгилүү бир функцияны аткарат. “А” витамини көздүн тордомо челиндеги сезгич затты сактайт. Ошондуктан “А” витамини жетишпесе адам күүгүм карыкта оорусу менен ооруйт. Адам суткасына 1мг “А” витамининин алып турушу керек.





“В” витамининдеги тамак аштарга төмөндөгүлөр кирет: жумуртка, капуста, сабиз, алма ж.б. Бул витаминин жетишпесе адамдын нерв системалары начарлап кыймыл аракети жоголот.









Ал эми сөөктөгү кальций жана фасфор туздар жетишпесе анда бул “Д” витамининин жетишпестиги. Бул витамин күндүн нурларынын жардамы менен организмдин терисинде пайда болот. Жаӊы төрөлгөн балдар “Д” витамин жетишпестигинен итий оорусу менен дагы ооруйт. Эгерде витаминдер өлчөмдүү нормадан төмөн болсо муну гиповитаминоз деп аталат.

Анын себеби тамактын көп убакытка чейин сакталышы. Ал эми жасалма витаминдерди көп колдонсо бул гипервитаминоз деп аталат. Керексиз заттардын баары канга өтүп анан кан менен бөйрөккө, өпкөгө, териге жеткирилет. Бул органдардын жардамы менен организмге керексиз болгон заттар сыртка чыгарылат. Чыгаруунун эӊ негизгиси болуп сийдик бөлүп чыгаруучу система эсептелет. Сийдик бөлүп чыгаруучу системасына бөйрөк сийдик түтүктөрү табарсык, сийдик чыгаргыч канал кирет. Бөйрөк бул курсак көӊдөйүнүн бел тушунда орун алган. Формасы жагынан эмнеге окшош экен. Бул оюк жеринен бөйрөк артериясы жана бөйрөк венасы бар. Табарсык жамбаш көӊдөйүндө орун алган. Табарсык баштыкчага окшош. Табарсык бош болгон учурда өтө эле жоон. Анын ичине сийдик толгондо чоюлуп керегеси жукарат. Табарсыктан сийдик чыгаргыч канал башталат.

Анткени ага келген канды бөйрөк тазалап чыгарат. Өзүнө организмге зыяндуу заттарды алып калат. Бөйрөк зыяндуу заттарды өзүнүн бөйрөк күлтөгүндө иштетип анан сийдик түтүгүнө барат. Суткасына чоӊ адам 1,5 литр сийдик иштеп чыгарат. Бөйрөк сийдигинин сыртка чыгышы нерв системасынын гулор жолу менен жөнгө салынат. Ошондуктан адам сийдигин өз каалоосу менен чыгара алат.айтып өткөндөй бөйрөк бул организмдеги зыяндуу керексиз нерселердин баарын алып калат. Ошол себептен организмдеги бир орган ооруса баары бир бөйрөккө таасир берет. Анын бирден-бир себеби болуп алкаголь жана никотин болуп саналат. Анткени бөйрөк өттө сезгич келет. Ошондой эле дары-дармектерди көп колдонгондон дагы өтө зыян бөйрөккө. Бөйрөк жана сийдик чыгаргыч жолдорунун ооруларын алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны бек сактоо керек. Алар маалы менен тамактануу, тамактын курамына көӊүл буруу, алкаголдук ичимдиктерди ичпөө, бөйрөккө суук тийгизбөө тамак жана итий оорусун алдын алуу . Өз убагында толугу менен дарылоо, жалпы организмди чыӊдоо, дары-дармекти аз пайдалануу, уулуу заттардан этият болуу.





Витаминдер— организмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер, тамактануунун алмаштырылгыс фактору . Витаминдин ачылышы орус окумуштуусу Н. И. Луниндин ысмы менен байланыштуу . Ал 1880-ж.тамактын составында тиричилик үчүн эң керек белгисиз фактор бар экендигин экспериментте аныктаган. Поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. «витамин» терминин сунуш кылган.Буга чейин эле организмге белгилүү өлчөмдө белок, май, углевод, минерал туздар жана суу керек. Организмдин азык заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клетканын нормалдуу өсүшүнө жана бүтүндөй организмдин өөрчүшүнө түрткү берет. Киши түрдүүлөп жетиштүү тамактанганда витаминди тамак-аш менен кабыл алат. Алардын кээ бири ичегиде микроорганизмдердин тиричилигинин натыйжасында синтезделет, бирок бул организмдин витаминге муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир учурда организмге тамак продуктулары менен бирге түзүлүшү

витаминдерге жакын бирикмелер (провитаминдер) кирет; алар организмде витаминдерге айланат. Кээ бир продуктуларда бир же бир нече витаминдер жок болот,ошондуктан бир өңчөй жана витамини аз тамак-аш менен тамактануу ,ошондой эле организм витаминди өздөштүрө албай калганда витамин жетишсиздиги (гиповитаминоз,авитаминоз) пайда болот. Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Витамин организмдин өсүү мезгилинде, кош бойлуу жана эмчек эмизген убакта, ооруп жатканда жана оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги менен көп иштегенде, мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү жасаганда, нерв-эмоциялык чоң күч талап кылган иште, ошондой эле көп убакыт суукта болгондо чоң өлчөмдө талап кылынат . Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу , ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл.

Өсүмдүк жемиштерде провитамин А каратиноиддер бар: альфа, бета, гамма-каротин жана криптоксантин, булардан малдардын организми витамин А ны пайда кылышат. Каротин А нын витаминге айланышы ичке ичегиде болот. Малдын организмине каротиндин ашыкча түшүүсүндө каротин майлуу ткандарда, ал эми витамин А бордо сакталат. Ар бир малдын түрүнө карай каротиндин витаминге айлануусу башкача болот, муну малды тоюттандырууда эске алыш керек. Мисалы: 1 кг бета-каротин : чоң малда- 120 мкг(400 ЭБ), чочкодо- 160 мкг (533 ЭБ), койдо- 174 скг (ЭБ), атта-167 скг (555 ЭБ), канаттууларда- 500 мкг (1667 ЭБ) витамин А га айланат.

Бышыктоо үчүн суроолор:

  1. Витаминдин организмге мааниси кандай?

  2. Кандай тамак ашта витаминдер көп?

  3. Витаминдер жетишпесе кандай оорулар пайда болот?

  4. Бөлүп чыгаруу деген эмне жана кайсы органдар аркылуу чыгат?

  5. Алкоголдун тийгизген таасири?

Баалоо:

Окуучулардын жөндөмүнө жараша.