Сабактын типтери жана аларга мүнөздүү болгон структуралык өзгөчөлүктөр План: 1. Жаңы билимдерди калыптандыруу сабагы 2. Билим, ык, машыгууларды бышыктоо сабагы 3. Билимдерди кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу сабагы 4. Билим, билгичтик, көндүмдөрдү көзөмөлдөө жана баалоо сабагы 5. Аралаш сабагы. Сабактын сапаттык өзгөчөлүгү анын максаты, мазмуну өткөрүүнүн методикасы, мектептин өзгөчөлүгү менен аныкталат. Ар кандай сабак билим, билгичтик, көндүмдөрдү өздөштүрүү процессинин баскычына ылайык, мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгү аркылуу мүнөздөлүүчү курамдык бөлүктөрдөн турат. Демек, сабактьн структурасы анын курамдык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) белгилүү ырааты жана алардын өз ара байланышын түшүнсөк болот. Сабактын курамдык бөлүктөрү жөнөкөй да, өтө татаал да болушу мүмкүн. Сабактын структурасы максатка, окуучулардын билим деңгээлине, сабактын өткөрүү ордуна, мугалимдин чыгармачылык менен иштешине ж. б. шарттарга көз каранды. Сабактардын классификациясына жараша белгилүү структурасы бар. Сабактын структурасы окуу материалынын мазмунуна, окуу шартына, окуучунун даярдыгына ж. б. факторлорго жараша өзгөрөт. Негизинен алганда азыркы кездеги сабакка өздөштүрүү, синтездөө, кайталоо, бышыктоо, жаңы өздөштүрүлгөн билимди практикада колдонуу, жана аны көзөмөлдөө сыяктуу элементтер кирет. Сабактардын курамдык бөлүктөрүнүн көп түрдүүлүгү анын көп түрдүү типтери болоорун көрсөтөт. Б. Есипов тарабынан сунуш кылынган, сабактарды конкреттүү максатына жана окутуу процессиндеги ордуна карай классификациялоо системасы орчундуу, негиздүү деп эсептелет. Бул системага ылайык сабактар төмөнкүдөй типтерге бөлүштүрүлөт: 1. Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы. 2. Билимдерди бышыктоо жана билгичтик көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы. 3. Билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу сабагы. 4. Билим, билгичтик жана көндүмдөрдү көзөмөлдөп, баалоо сабагы. 5. Аралаш сабак. I. Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы. Жаңы теманы баяндоого бүт сабактын дээрлик төрттөн үч бөлүгүнө жакын убакыты сарпталат. Мында окуучулар жаңы түшүнүктөрдү жана билимдерди алышат. Ал эми мугалим болсо алардын алган билимдерин түрдүү өз алдынча иштерди өткөрүү менен кеңейтүүгө, тереңдетүүгө жана түшүнүктөрдү туура калыптандырууга аракет кылышат. I. Жаңы билимдерди калыптандыруу сабагынын структурасы: - үй тапшырмасын текшерүү, таяныч билимдерди кайталап калыбына келтирүү; - сабактын темасын, максатын, милдеттерин билдирүү; - жаңы материалды кабылдап, баамдоо, обьектилердеги байланыштарды жана карым-катнаштарды байкап түшүнүү; - билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу; - билимдерди бышыктоо; - сабактын жыйынтыгын чыгаруу жана үйгө тапшырма берүү. II. Билим, ык, машыгууларды бышыктоо сабагы. Адатта мындай сабактар 1-2 саат мурда өтүлгөн сабактагы жаңы теманы бышыктоо максатында (өз алдынча иштерди жүргүзүү) өткөрүлөт. Сабактын бул тибине -төмөнкүдөй этаптар мүнөздүү. -окуучуларга аткарылуучу иштердин максатын маалымдоо. -өтүлгөн материал боюнча кыскача фронталдык жана жекече суроо-жооп ишин жүргүзүү. -практикалык билгичтик жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жана калыптандырууга багытталган түрдүү көнүгүүлөрдү аткаруу. -аткарылган тапшырмаларды текшерүү. кетирилген каталардын үстүндө иштөө жана аларды коррекциялоо. -сабакты жыйынтыктоо жана баалоо. -үйгө тапшырма берүү. III. Билимдерди кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу сабагы: Кайталоо сабактардын зарыл структуралык элементи болуп эсептелет. Бирок окуу процессинин логикасына ылайык бир бөлүмдүн, теманын же курстун аягына чыккан соң, ошондой эле жыл башында да, өтүлгөн материалдарды кайталоо максатында бир же бир нече сабактарды катары менен өткөрүүгө туура келет. Мында окуучуларды өз алдынча жана чыгармачыл ой жүгүртүү, программалык материалды жалпылоо, түйүндүү түшүнүктөрдү бөлүп көрсөтүү, үйрөнгөн нерселеринин башка билимдер, турмуш менен байланышын ачып көрсөтүү сыяктуу иш аракеттерге мажбурланган орундуу суроолор, тапшырмаларды даярдоо зарыл. Бул сабактын структурасы төмөнкүдөй элементтерден турат: - сабактын темасын, максат милдеттерин билдирүү, окуучуларды активдүү иш аракетке багыттоо. - таяныч билимдерди эске түшүрүү жана коррекциялоо. - түшүнүктөрдү кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу, билимдердин белгилүү системасын, түйүндүү идеяларды, теорияларды өздөштүрүү. - сабакты жыйынтыктоо жана үйгө тапшырма берүү. IV. Билим, билгичтик, көндүмдөрдү көзөмөлдөө жана баалоо сабагы: Мугалим балдардын билимдерди өздөштүрүү динамикасын бардык эле сабактарда текшерет жана баалайт. Бирок бул максатты жүзөгө ашырууга тикеден-тике багытталган атайын сабактар да өткөрүлөт. Алардын катарына тил сабактары боюнча өткөрүлүүчү жазуу иштерин (диктант, изложение, сочинение), математика, физика, химия предметтерине тиешелүү практикалык көнүгүү жумуштарын кошууга болот. Адатта бул типтеги сабактар чөң бөлүмдү бүткөндө, чейректердин, жана окуу жылынын соңунда өткөрүлөт. Бул сабактын курамы төмөндөгүлөрдөн турат: - сабактын темасын, максат милдеттерин билдирүү,тапшырмаларды аткаруу, натыйжаларын кандайча жазып жасалгалоонун эрежелерин түшүндүрүү. - билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү ар түрдүү методдордун жардамы менен (фронталдык аңгеме, жекече сурамжылоо, жазуу жүзүндө суроо, өз алдынча практикалык тапшырмаларды аткартуу, тест өткөрүү) текшерүү. -аткарылган тапшырмаларды талдоо жана баалоо. V. Аралаш (комбинациялык) сабак. Бул сабактын структурасында көп кырдуу максаттар ошондой эле окуу ишинин көптөгөн түрлөрү өз ара байланышта тизмектешип келгендиктен ал аралаш (комбинацияланган) сабак деген атка ээ болгон. Бул сабак жаңы билимдер өтүлгөн сабактын материалдарын кайталоо, бекемдөө өздөштүргөн билимдерди текшерүү жана баалоо сыяктуу ж.б. кош кабат максаттарды чечүүнү көзөмөл тутат. Анын дээрлик бардык окуу предметтерин окутууда өтө эле көп колдонулушу да мына ушул себептерге байланыштуу. Аралаш сабактын структурасында окуу ишинин төмөнкүдөй түрлөрү көбүрөөк орун алган: - сабакты уюштуруу, - сабактын максатын коюу, үйгө берилген тапшырманы текшерүү, - билимди актуалдаштыруу, - жаңы окуу материалдарды үйрөтүү, өтүлгөн тема менен байланыштыруу, - билимди жалпылоо, системалаштыруу, -жыйынтыктоо, - баалоо, - үйгө тапшырма берүү. Сабактын этаптарына коюлуучу талаптар 1. Уюштуруу Уюштуруу этабына 1-3 минут бөлүү керектиги сунушталат. Бул учурда окуучуларды жоктоо (дежурдун же старостанын билдирүүсү), класс кабинетинин абалын көздөн өткөрүү, окуучулардын көңүлүн бир жерге топтоп, активдүү үйрөнүүгө даярдоо сыяктуу жумуштар аткарылышы туура болот. 2. Үй тапшырмасын текшерүү Үй тапшырмасын текшерүү -маңыз мааниси боюнча сабактын эң биринчи зарыл звеносу болуп эсептелет. Негизинен үй тапшырмасын текшерүү өтүлгөн материалдын канчалык деңгээлде терең жана бекем өздөштүрүлгөнүн билүү, окуучулардын сабактан тышкаркы үйдөгү системалуу иш аракетин көзөмөлдөө, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө даярдоо сыяктуу милдеттерди аркалайт. 3. Жаңы билимдерди өздөштүрүү Сабактын бул этабы, эреже катары жаңы окуу матералы менен балдардын билим тажрыйбаларынын ортосунда байланыш түзүүдөн башталат. Демек, мурдагы алган билимдерди жаңы окуу материалын өздөштүрүүнүн өбөлгөсү- таянычы катары колдонуу өтө маанилүү. Окуучулар жаңы теманын мурдагы окуу материалдары менен байланышын даана баамдашкан соң аларды сабактын максаты, жаңы окуу материалдардын түйүндүү маселелери, аларды өздөштүрүүнүн ирети, ыктары менен тааныштыруу керек. Андан ары тикеден-тике жаңы материалдарды өздөштүрүү иши уюштурулат. Ал окуу материалын биринчи ирет кабыл алуу жана түшүнүү ошондой эле андан ары аң сезимдүү, терең талдап, таанып билүү, аларды системалаштыруу, сыяктуу жумуштардан турат. Башкача айтканда, жаңы окуу материалын өздөштүрүү мурдагы бөлүмдөрдө белгиленгендей кабыл алуу, түшүнүү, жалпылоо, системалаштыруу сыяктуу иш аракеттерди талап кылат. 4. Өздөштүрүлгөн билимдерди практикада колдонуу аркылуу окуучулардын билгичтик көндүмдөргө ээ болуусу. Бул аралаш сабактын эң маанилүү этабы. Анткени жогорку темаларда белгиленип келгендей билимдин негизинде бир нерсе аткара билүүгө үйрөтүү көнүктүрүү окутуунун бирден бир милдети. Ал эми ушул милдеттерди аркалаган жазуу, практикалык чыгармачылык мүнөздөгү көнүгүүлөр кандайча уюштурулат? Эң обол белгилей кетчү нерсе окуучулар теориялык билимдерди терең түшүнгөнгө чейин көнүгүү аткаруу ишин уюштуруу, алгылыктуу натыйжа бербейт. Окуучулар кандайдыр бир нерсени билген билимдерине таянып гана жасай алышат. Көнүгүүлөрдү уюштуруу төмөнкүдөй этаптардан турат: - мугалим тарабынан көнүгүү аткаруунун үлгүсүнүн көрсөтүлүшү. - окуучунун кайталап аткарышы. - билгичтик, көндүмдөрдү калыптандыруу багытындагы андан аркы көнүгүүлөр. 5. Жаңы билимдерди бышыктоо Окуучулардын окуп үйрөнгөн билимдеринин бекем болушу, белгилүү өлчөмдө аны бышыктоону туура уюштурууга байланыштуу. Эң башкысы, бышыктоо өтүлгөн материалды өзүндөй кылып кайра айтып берүү эмес, анын маани-маңызын, себеп натыйжа байланыштарын териштирип, эсинде бекем сактап калууга багыттоо. Окумуштуу педагогдор И.Бекбоев жана А.И. Тимофеевдер «Сабактын оптималдуу вариантын даярдап өткөрүүнүн методикасы» аттуу эмгегинде өрнөктүү илимий көз караштарга жана алдыңкы тажрыйбаларга таянуу менен жаңы билимдерди бышыктоонун төмөнкүдөй жолдорун белгилешкен. - жаңы өтүлгөн теманын бардык маселелери боюнча аңгеме өткөрүү жана теманын түйүндүү маселелеринин тегерегинде аңгемелешүү. - окуу китебиндеги, ошондой эле мугалим сунуш кылган суроолорго жооп табуу үчүн китептин текстин кайрадан окуп чыгуу. - жаңы материалдын текстине карата суроолордун варианттарын даярдоо. - жаңы окуу материалынын корутундуларын жоболорун өздөрү тапкан конкреттүү мисалдардын негизинде чечмелей билүүгө багыт берүү. - окуу материалын сүрөттөргө, таблица схемаларга салыштырып, талдап, башкы түшүнүктөрдү бөлүп көрсөтүү аркылуу бышыктоо ж.б. 6. Үйгө тапшырма берүү Сабакта жаңы окуу материалы канчалык жакшы өздөштүрүлбөсүн ал бара-бара унутула баштайт. Ошондуктан ал класстык сабак системасы пайда болгон күндөн эле анын ажырагыс компоненти катары сакталып келет. Үйгө берилген тапшырма окуучулардын сабакта өздөштүргөн билимин тереңдетип, бекемдеши үчүн мугалим төмөнкудөй иш аракеттерди жасашы зарыл: - сабакта жалпы окуу материалынын үстүнөн иштеп жатып үй тапшырмасына тике тиешеси бар айрым маселелерди атайылап белгилеп өтүү; - үйгө тапшырма берүүдө балдардын курактык жана таанымдык тажрыйбаларын кылдат эске алуу, тапшырмалардын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшпөшү керек. |