ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
Китеп – билим алуу жолундагы негизги баалуулук
4-класстар үчүн
Иш-чараны даярдагандар:
4-класстардын окуучулары жана класс жетекчилери
2018-2019-окуу жылы
Класстан тышкаркы иш чаранын темасы:
КИТЕП – БИЛИМ АЛУУ ЖОЛУНДАГЫ НЕГИЗГИ БААЛУУЛУК
Сабактын максаты:
Китеп – адабий көркөм, коомдук-саясий, илимий же практикалык мазмундагы көп барактуу басма сөз чыгармасы экендигин түшүнүшөт
Коомдук саясий жана идеологиялык күрөштүн курамы, илим-билимди жайылтуунун жана сактоонун , тарбиянын маанилүү каражаты китеп экендигин билишет
Китепсиз бардык тармактагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын экендигине ынанышат.
Сабактын жабдылышы: ылайыктуу сүрөттөр, китеп жөнүндөгү учкул ойлор
Мугалим:Өмүрдүн жан шериги жакшы китеп,
Жаш жүрөк жалындаган жолун тиктеп.
Китепте не кааласаң бардыгы бар,
Эрикпей карап чыксаң таамай издеп.
Акылга жакшы китеп акыл салар,
Кыялдын жаман жагын тартып алар.
Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,
Сен ачкан колдоруңа канааттанар.
Ардактуу коллегалар, ата-энелер,
Жаңы өскөн, жайдары ачык, жаш муундар.
Силерге айта турган сөзүм ушул,
Ар дайым китеп менен дос болуңар.
А.Осмонов
Сабактын жүрүшү:
Адам баласынын жаныбарлардан айырмасы рухий дүйнөгө ээ экендигинде. өзүнүн акыл эмгеги менен чыгармачылык изденүүлөрдүн натыйжасында жаңы – жаңы нерселерди ойлоп таап, аларды өндүрүшкө киргизип, адамдардын комфорт чыгармачылыгына шарт түзүп, ойлоп табуулардын негизинде жаңы – жаңы китептер, ыр, музыка, фильмдер жаралып, коомдо маданий экономика өсүүдө.
Илим, билим адамга, улутка кут алып келе турган улуу мүлк. Китепсиз бардык тармактагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын.
А силер балдар китеп жөнүндө көп ырларды окуп үйрөнгөнсүздөр. Эмесе ошол ырларыңардан айтып бергилечи.
1-окуучу. Эми китеп жѳнγндѳгγ ырларга кезек берсек.
1-окуучу. Нуркыз
Китепти сγй. Баркын бил
Китептин кѳп акылы
Ким китепке дос болсо
Ал ошонун жакыны.
2-окуучу. Актан
Сγттѳй таза тилеги
Дениздей талабы
Кѳктѳй тунук акыйкат,
Анын ар бир бара
3-окуучу. Айзоола
Таалайдын жолун кѳрсѳтγп
Чакырып турат келгин деп
Арамдыктан тазалап
Жакшылыка ээрчитет.
4-окуучу. Алина
Ошондуктан баркын бил
Кирдебесин бир чети
Сыя тѳгγп булгабай
Жакшы сакта китепти.
5-окуучу.
Китеп деген бир укмуш,
Камтыйт аалам сырларын
Талбай окуп, түшүнүп,
Акылыа ил баарын.
6-окуучу.
Китеп өзү сыйкырдуу,
Бүт кубулуш ичинде.
Үйрөнгүнүн бүт жумшап,
Эркиң менен күчүңдү
Мугалим:
Мына ушул алтын китеп
Адамзат ушундан ар кыл акыл кγтѳт
Китеп окуган айга, кγнгѳ да жетет.
Бирок китептер да өз турмуш жолунда балдар ар кандай кырдаалдарга, окуяларга туш келишет экен. Бирок ошол эле учурда силерге окшогон балдар китептерден көптөгөн жомокторду, агемелерди ырларды үйрөнүшөт.
Эми сиздерге китептен окуган бир жомокту кѳрсѳтѳбγз.
Сахналаштыруу
Темасы: Ата журтуна жеткен комуз 4г
Китеп кантип жасалат? Ага кандай эмгек керек? Эмесе азыр ошол жөнүндө маалымат алабыз. Презентация көрсөтүлөт.
«Китеп кантип жасалат?»
Дисскуссия жүргүзүлөт. Суроо-жооптор берилет.
Мугалим: «Дүнүйө абдан кең, өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев).
Китеп билим жөнүндө биздин ата-бабаларыбыз да, көп ойлорду айтып келишкен, кезекти даанышмандардын сөздөрүнө берсек.
"Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат". В.Г.Белинский
" Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат".
Д. Дидро
" Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок". А.Навои
«Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» Э.Борк.
«Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.
" Билимден ашкан күч жок. М. Горький
Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт. Ж. Баласагын
Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө. Ж. Баласагын
- Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
- Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок.
Бүгүн бизге ата-энелер да келишиптир. Алар да кур кол эмес. Силерге балдар китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтарды беришет экен.
1-ата-эне:
Китеп жѳнγндѳ маалыматтар айтылды.
1: Дγйнѳ жγзγндѳгγ библоклиптамония деген оору бар бул оору менен ооруган адамдарга китеп уурдаган жагат. Стивен Булнбери аттуу клиптамон ал ѳмγрγндѳ 268 китепканадан 23 мин сейрек кездешγγчγ китептерди уурдаган.Азыркы кγндѳ анын уурдаган китептери 20 миллион АКШ долларына бааланууда.
2: Кыргызстанда эң чон китеп Жусуп Мамайдын «Манасы» анын салмагы 6 килограмм.
3: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эң чоң китеп бул «Географиялык атлас»анын салмагы 320 килограмм анын узуну 1 метр.
4: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эң узун жазылган ѳмγр баян бул Унистон Черчилге тиешелγγ анын узундугу 22 томдон турган.
2-ата-эне
Компьютер жана китеп пайдасы жана зыяны
3-ата-эне
Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан билесинерби?
4-ата-эне:
Китеп кандайча түзүлөт? Ал кандай бөлүктөрдөн турат?
Айназик
Китепкана – мага бир чон сырдуу дγйнѳ
Эжекемден жомок алам мен сγйγнѳ
Сырттары кооз китептерди карматканда
Кубанычтан алып-учуп келем γйгѳ.
4-окуучу
Китеп сγйгѳн эжекелер бγгγн бизде
Ыссык салам айтсак дейбиз биз силерге
Биз силерге чын ден соолук каалайбыз
Сиздер кылган эмгектерди баалайбыз
4-окуучу. Аэлита
Жумушка эрте келген
Бизге кооз китеп берген
Китепканачы эжекебебиз кѳптγ билген
Китептерди тытпагын
Барактарын жыртпагын
Деген сѳзγн досум сен ук тындагын.
Тээ байыртан ооздон оозго өтүп келе жаткан «Манас» эпосу да азыр китеп болуп жазылып, көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнө жүзү таанышып келе жатат. Анан албетте манас билбеген кыргыз кыргыз эмес демекчи, биз да китептерден окуп манас айтып келе жатабыз.
Манас 4-Д класс
Мугалим сабакты жыйынтыктайт.
Балдар, силер билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек.