СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабырдын тубу сары алтын

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Сабырдын тубу сары алтын»

Сабырдын түбү сары алтын.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Сабыр дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

  2. Силердин сабыр көрсөтпөгөн учурларыңар болгонбу?

  3. Жиниңер кайнаган учурда же жакпаган бир абалда эмне кыласыңар?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Адам баласы жашоосунда күнүгө ар кандай сыноолордон өтүп турат. Бир маселесин чечсе, экинчи маселеси башталат. “Күз – күрөш, жаз - жарыш” дегендей адам дайыма күрөшүүнүн үстүндө болот. Ар бир кылган кыймыл кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөйт. Ушундай күрөшүүлөрдү жараткан, адамды кайгы-капага салган, кээ бирин чыйралткан, кээ бирин кыйраткан учурлар жашообузда проблема деп аталат. Проблемасы жок болгон адам жок, жана баары проблемаларын жок кылууну көздөшөт. Бирок проблемалар адамдарды бышырып, жашоосун кызыктуу кылып, жана, албетте, аларды бактылуу кылган себептер экенин баары эле түшүнө бербейт. Проблеманы чечүү менен адам жашоосунан ыракат алат, сүйүнүп бактылуу болот. Проблемалардын чечүү жолдорунун бири - бул сабыр.

“Сабырдын түбү - сары алтын” дегендей сабыр кылган жеңет, ал эми “сабырсыздын иши тамырсыз” дегендей чыдабаган жеңилет. Сабыр - бул жамандыкка туруштук берүү, жакшылыкты чыдамсыздык менен күтүү дегендик. Сабыр - бул үмүттүн булагы, жакшылыкка болгон умтулуунун ишке ашуусуна себеп боло турчу сезим. Сабырдуулук - бакыттын ачкычы. Мисалы, экзаменге даярданып аткан эки студенттин окуясына токтоло кетсек. Алардын бири сабырдуу, жашоонун өйдө-төмөнүнө моюн сунбаган бала болот, ал эми экинчиси чыдамсыз келген, оңой-олтоң жашоого көнгөн бири болот. Экзаменди жакшы, ийгиликтүү тапшырыш үчүн экөө тең даярданууга киришет. Сабырдуусу өзүнүн оор басырыктуу мүнөзү менен, өзүн өзү жоготпой, бардык китептерин кызыгуу менен окуп чыгат. Сабырсыз болгон студент окуп чыкканга мойну жар бербей оңой жолуна качырат. Биринчиси билимди мээсине куйса, экинчиси шпаргалка жасап ишин жеңилдетет. Экзаменде, өзүн эркин сезип жооп берген студент максатына жеңил жетет, ал эми коркуп атып тапшырган бала максатына жетсе да кеч жетет, жалган жол менен жетет, же жетпей да калат экен.

Сабыр - дайыма керек болгон бир курал. Адамдын башына ар кандай балээлер келиши мүмкүн. Ошондой учурларда эмоцияга алдырган баарынан кур калган демек, чыдамдык менен өткөргөнү женишке жеткен демек.

Сабырга түрткү болгон мүнөздөр төмөнкүлөр:

Каниет кылуу. Жок деп чөкпөгөн, бар деп көппөгөн адамдар ар дайым ийгиликтердин ээлери болот.

Тагдырга баш ийүү. Жашоодо болгон окуялардын баары бир Кудайдын колунда экенин унутпоо керек.

Жакшылыкка сүйүнүп, жамандыктан сабак алуу. Жамандык башка келгенде аны бир эскертүү келгендей кабыл алуу - бул сабырдын тамыры. Эгер адам кандайдыр бир кырсыкка учураган болсо, демек ал ошондой бир күнөөгө баткан. Мисал катары бир болгон окуяны айта кетсек болот. Бейтапканадан бир баалуу интструментти уурдап кетип сатып салган бир адам өз кызынан айрылат. Адам кылмыш кылгандан кийин эле кызы ооруп калат экен. Анын дартын бир ошол уурдалган инструмент аркылуу гана даарылаганга мүмкүн экен. Ошондуктан, кыйынчылык башыбызга келсе, демек биз ошого өзүбүз себеп болгон экенбиз.

Кыскасы, сабыр - ийгиликтин булагы, кыйынчылыктын душманы. Сабыр менен дос болгон проблемадан айрылат, ийгиликке жакындайт.




В: Аңгемелер, окуялар.


Жашоо торт бышыруу сыяктуу


Бир кичинекей бала чоң-апасынын жанына келип өзүнүн армандарын айта баштайт. Ал өзүнүн мектептеги, үй-бүлөсүндөгү, достору менен болгон маселелерин айтып берет.

Ошол кезде чоң-апасы торт бышырайын деп жаткан болот. Чоң-апасы балага “торттон ооз тиесиңби” деп калат. Аны уккан бала, албетте, макул болот.

Анда апасы: “Биринчи суу майдан ооз тийип көр!” дейт.

“Ляк” деп бала жийиркенет.

“Кичине чийки жумурткадан даам татып көрбөйсүңбү?” дейт анда апасы.

“Чоң-апа-а-а, коюңузчу!” дейт итиркейи келген небереси.

“Балким ун же сода жагаттыр сага?” деп дагы небересинин кыжырына тиет апасы.

“Апаке, анын баары аябай жагымсыз, даамсыз!” дейт бала.

Ошондо чоң-апасы: “Ооба, мунун баары өз-өзүнчө болгондо жагымсыз, даамсыз келет. Бирок, баарын туура жол менен бириктиргенде шумдук таттуу торт болуп калат” деп небересине сабырдуулуктун кандай маанилүү экендигин түшүндүрүп берет.


Таш катуубу же баш катубуу?


Илгери бир бала бар эле. Медреседе окуучу. Ал жерде сабак алып, үйрөтүлгөндөрдү түшүнүүгө аракеттенчү.

Бирок башы анча жакшы иштечү эмес. Бүткүл кылган аракетине карабастан эч нерсе үйрөнө албайт. Окууну да анча жакшы көрчү эмес. Курбулары андан небак ашып кеткен эле. Ал болсо дагыле бир жыл мурунку китептерди окууда.

Бир күнү мындай чечимге келди:

«Башым иштебейт менин. Зээндүүлүгүм аз. Андыктан окуй албайм. Андан көрө айлыма кайтып, жер иштеткеним жакшы эмеспи...»

Ушул ниет менен жолго чыкты. Бир жерге келгенде күн ысып, чарчай баштады. Жолдун четинде бир үңкүр бар эле, бирок киргенден коркту.

Үңкүрдүн ичи серүүн экенин билчү. Кирейин деп ойлоду, бирок аюу бар болуп калсачы?

Муну ойлоп, ичкери кирүүдөн коркту.

Акыры ысыктыкка чыдабай, эмне болсо да үңкүргө кирүүнү чечти. Кадамын жай шилтей киргенде, корккон нерсесинин жок экенине сүйүндү. Бир бурчка буттарын суна отура кетти.

Анан көзү үңкүрдүн шыбынан тамчылаган сууга чалып калды. Шыптан акырындап тамчылаган тамчылар астыдагы ташты оюп салган эле. А чынында таш катуу эле. Суу тамчысы болсо жумшак. Жумшак суу тамчысы кантип бул катуу ташты теше алууда?

Дароо эсине бир нерсе кылт дейт түштү. Жумшак суу тамчылары көптөгөн жылдар бою тамчылап отуруп, ташты ойгон. Бул боюнча өзү да туруктуулук менен сабагын окуп, мугалимдерин укса, акырындап башына бир нерсе кирмек.

«Менин башым мобул таштан катуу болбосо керек...» - деп күбүрөндү.

Туруктуулук менен сабырдуулук кылуу маанилүү. Мобул суудай сабырдуу болуу. Ошондо гана китептердеги маалыматтарды түшүнө алмак.

Дароо ордунан туруп, кайра артка медресени көздөй жөнөдү. Кажыбас кайрат менен аракет кылып жатып, акыры курбуларын кууп жетти. Атүгүл баарынан ашып кетти. Акыры ушундай аалымга айлангандыктан, китептери дагы эле окулууда. Бул себептен улам «Таштын уулу» деген мааниге келген «Ибнуль-Хажар» деп аталды.