Просмотр содержимого документа
«Сооронбай Жээнбековдун омур баяны жонундо маалымат»
Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны
1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.
Билими:
К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист
Эмгек жолу:
1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим
1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент
1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник
1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору
1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору
1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы
1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы
2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары
2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага
2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы
2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер
2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу
2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары
2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.
Сыйлыктары
«Айыл чарба жумушунун татыктуу ишкери»
«Даңк» медалы (2011)
III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2015)