Класстык саат
Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы
№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси
ТЕКШЕРИЛДИ: ____________________________
Классы: _____________________________________
Мөөнөтү: __________________________________
Класс жетекчи:_____________________________
Сабактын темасы: «Саякбай Каралаев – манасчы».
Сабактын этаптары:
1.Кыргыз тили гимни.
2.«Кыргызстан» жеке номер.
3.«Манас айтуу» (хор).
4.Декламациялар.
5.Манастын жети осуяты.
6.Манастын теги.
7.Докладдар окулат.
8.Сцена «Саякбайдын тушу».
9.Бий (кыздар аткарат).
Сабактын темасы: «Саякбай Каралаев – манасчы»
а)Билим берүүчүлүк максаты: С.Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу жөнүндө түшүнүк алышат.
б)Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын дүйнө таануусун, илимий ойлоо, сүйлөө көндүмдөрү калыптанышат, сөз байлыктарын өстүрүшөт.
в)Тарбия берүүчүлүк максаты: сабактын жүрүшү аркылуу өз элинин улуу инсандарынын өмүрү, чыгармачылык ишмердүүлүнүнө шыктануу сезими ойгонот. Ата Журттун жана элдин патриоту болууга, улуу жана таланттуу адамдардын үлгүсүн алган адептүү, ыймандуу болууга умтулушат.
Сабактын жабдылышы: буклет, дубал газета.
Сабактын тиби: Алган билимдерин терендетуу жана бекемдоо.
Сабактын усулу: Интерактивдуу чыгармачылык сабак.
Сабактын жүрүшү: Сабактын түрү сабак-конференция болгондуктан, даярдык көрүү алдын ала даярдалат. Сабак-конференцияда докладдар окулат. Сабакта аткарылуучу ыр, эпостон үзүндүлөр күн мурунтан даярдалат.
Мугалим: Саламатсыздарбы кымбаттуу мугалимдер жана окуучулар?
Бүгүн бизде «Саякбай Каралаев-манасчы» деген темада С.Каралаевдин _____ жылдыгына карата конференция өтмөкчүбүз. Дарак сымал жайылган, элге эмгеги сиңген улуу инсандардан кыргыз элинин уучу да кур эмес.
Илим изилдеген К. Тыныстановдой, кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан Ч. Айматовдой, өмүргө өмүр кошкон И. Ахунбаевдей, коомдук ишмер И. Раззаковдой инсандар мамлекетибиздин түптөлүшүнө салым кошкон. Ошондой эле улуу манасчыларыбыз С. Каралаев, С.Орозбаков, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Тыныбек манасчы, Акылбек, Назар, Чоюке Омур уулу, Шапак Рысменде уулу, Шаабай Азиз уулу, Тоголок Молдо өңдүү манасчыларыбыз өз доорунда кыргыз элинин тарыхын, үрп-адатын даңазалап, басып өткөн жолун кийинки урпактарга мурас катары калтырып кетти.
Ыр.Мекен жөнүндө (обондуу ыр) «Кыргызстан»
Манас айтуу: «Манастын төрөлүшү» (хор).
Декламациялар.
Манастын жети осуяты.
1. Докладчы Омурбек к. Г.
Манасчы тууралуу
С. Каралаев өмүрүнүн 60 жылын Манаска арнап, «Манас» үчилтигинин үч бөлүмүн толук жаздырууда тоодой эмгек кылган. Манасчы Саякбай Каралаев «XX кылымдын Гомери» деп аталган. Ал салмактуу, салабаттуу, карапайым жана тартынчаак адам болгон. Момундук жагы да бар эле.
Башка манасчылыр сыяктуу эле белгилүү манасчы Саякбай Каралаев өзүнүн манасчылык кесибин «Манас» эпосундагы каармандарды түш көрүү менен баштайт. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирет. Биринчи түшүнүн мазмуну мындай «Саякбай түндө үйүнө келе жатты. Жолдон чоң ташты көрөт. Таштын жанына жеткенде өзгөчө катуу үн угуп, эси ооп калат. Бир мезгилде эсине келип караса, чоң таш чоң боз үй болуп калат. Боз үйдөн бир аял чыгып, «Мен Каныкей болом, боз үйгө кирип, даам ооз тий айланайын» дейт. Боз үйгө кирген Саякбай толтура эт салынган чоң-чоң табактарды көрөт. Чекесинен бир табактагы эттен жей баштайт. Каникей «Ай, балам, бардык табактан бир чымчымдан ооз тийип чык» дейт. Бирок бул кеңешти Саякбай аткара албайт. Аңгыча бир нерсе жарк дегендей болуп, боз үй жоголуп кетет. Тура калса алдында эбегейсиз чоң ат минген бир чоң киши пайда болот. Ал «Мен Бакай абаң болом» дейт. Бакай Саякбайга «алты-жети жылдан кийин жомокчу болосуң» деп батасын берип жок болот. Ал эми экинчи жолу Алманбетти түшүндө көрөт. Ушундан кийин Саякбай Манас айта баштайт.
Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңуңүн Семиз-Бел деген жеринде туулган. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна энеси Даки түрткү болгон. 1930-жылдан баштап Саякбай калайык-калкка Манасчы катары таанылат. Эпостун бардык бөлүмдөрү 50553 сап ырдан турат. 1960-жылы радио, магнитафон, кино-тасмаларына, пластинкаларга жаздыра баштайт.
2. Докладчы: Сатимов
“Манас” эпосу жана Саякбай Каралаев.
Саякбай Каралаев аттуу чоң манасчы бар экенин Бишкектеги билимдүү чөйрө, элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноочулар дегеле билген эмес экен. Атүгүл, Ысык-Көлдөн чыгышкан алгачкы интеллигенттер Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин да Саякбай манасчы жөнүндө кабарлары болбогон. Бирок 1918-жылдан тарта Кызыл Армиянын катарында болуп, граждандык согушка катышып, Алмата, Бухара, Ашхабат, Жаркент жактарда Совет бийлигинин душмандарын талкалоого катышып, үч жылдан соң Ала-Тоого кайтып келген Саякбай 20-жылдары эле эл арасында күпүлдөп Манас айтып, жомокчулук талантын курчутуп, Тайтору күлүктөй таасын чуркап калган учуру эле.
1930-жылы Сагымбай Орозбаков каза болгондон кийин, Ленинграддан Чыгыш институтун бүтүрүп келген жаш окумуштуу Кусейин Карасаев атайын тапшырма менен Манас айткан адамдарды издеп табуу үчүн Ысык-Көлгө командировкага келет да, эл аралап жүрүп, кол башынан Койдуу деген семетейчиге жолугуп, ал кишиден Саякбай Карала уулунун кабарын угат. К. Карасаев дароо Саякбайды издеп таап, таанышып, анан манасчыны үгүттөп, Бишкекке ээрчитип келет. Борборго келген Саякбайдын манасчылык өнөрүн сынап көрмөккө акын, окумуштуу Касым Тыныстанов, тарыхчы Белек Солтонов, өкмөт адамы Осмонкул Алиев жана башкалар Кусейин Карасаевдин үйүнө чогулушат. К. Карасаев «Манасчы Саякбай Карала уулун табышым» деген макаласында ошол учурду минтип эскерет: Касым эл менен олтурганда тамашалап сүйлөгөн, адамдарга ат койгонду жакшы көргөн киши болчу. Бул отурушта да Касым Тыныстанов жөн отурбай, «сен бозонун тобун жеген тор быштыдай неме экенсиң» деп Саякбайга ат коё салса болобу. Саякбай Каралаев жүрөкзаада болуп саруулап калды, эшикке чыгып кеткен, бир кезде мени чакырды. Ой, Кусейин, тиги жерде отургандардын ичинде башы чарадай боз жалпак киши манасчыбы?
3. Докладчы Сали уулу А.
Манасты Кагазга түшүрүү.
Секемдин сурдоп калганын байкап, андан чочулабаныз, сизден башка манасчы жок. Ал Тыныбектен жаттап алганын айтып атат. Жакшылап, озунуз уйронгон элдин арасында отургандай Манасынызды келиштирип айтып бериниз. Ошолор жактырып калса, жаздыруунун чарасын коробуз, - дедим. Уйдо отургандар «Чон казаттан» айтууну талап кылышты. Саякбай жакшы аткарды. Айрыкча, «Манаста» Алманбет менен Чубактын жол талашканын келиштирди. Андан кийин мен Койдуу карыядан уккан «Тайторунун ат чабышта чыкканын» айтууну сунуш кылдым. Саякбай аны озу кошо ыйлап аткарганда, отургандар кошо жашыды. Мына ошентип, Саякбай билермандардын сынынан да отту. Отургандар бир ооздон Саякбайдын «Манасы» жазылсын деген пикирге келишти. Саякбайды эл ичинен табуу, жаны манасчы менен таанышуу, андан кийин «Манасты» жазып алуу мына ушинтип башталган.
20-кылымдын Гомеринен эпосту жазып алуу 30-жылдардын башынан 60-жылдардын аягына чейин созулган. 30-40-жылдарда жомокчунун оозунан эпостун бардык болумдору: «Манас», «Семетей», «Сейтек», булардын уландысы катары «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык» жазылып алынган. Бардыгы 500553сап ырдан турат. Бул вариантты жазып алууга К. Жумабаев, Ж. Рисов, Ж. Бекбоев, К. Кадырбаевалар катышып, бирок тексттин копчулук болугу кайра эле ошол Ыбырай Абдрахмановдун чаалыкпаган кужурмон эмгеги аркылуу кагазга тушурулгон.
4. Докладчы Нурматова А.
Манас изилдоочулордун бирдиктуу пикири боюнча Саякбайдан 30-40-жылдарда жазылып алынган вариант эпостун эн толук жана идеялык-коркомдук келбети келишкен, тогорогу шай келген вариант болуп эсептелет. Мына ошентип Саякбай Каралаевден тарыхта биринчи жолу «Манастын» уч болуму тен ырааттуу турдо жазылып алынган жана башка манасчылардын эч кимисинен минтип уч илтик толугу менен, чыпчыргасы коробой жазмага тушкон эмес.
«Ырас, Шапак, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Тоголок Молдо сыяктуу ага замандаш бир катар манасчылардан да трилогиянын уч болуму тен жазылып алынган. Бирок алардын варианттарында эпостун бардык окуялары бир кылка эмес, бир эпизод кенен деталдаштырылып суроттолсо, экинчи бир эпизод кыска айтылат, схема турундо же айрым учурда таптакыр эскертилбейт.
Саякбайдын варианты «Манас» уч илтигинин бардык болумдорунун салттык окуяларын толук камтуу менен бирге анын бардык эпизоддорун жетер чегине жеткире кенен деталдаштырып суроттогону менен орошон айырмаланат».
(«Манас» энциклопедиясы, 2-том, 188-бет).
1952-жылы Саякбай Каралаевден «Манасты» кайра башынан жаздыруу жумушу жургузулгондугун, бул иш окумуштуулар Маленов, Таштемирова жана Исмаилов тарабынан аткарылгандыгын белгилеп кетишибиз керек. Бирок бул иш 40-жылдардын аягында 50-жылдардын башында олконун саясий атмосферасында 1937-жылдардагы сыяктуу «Кара булут» кайрадан пайда болуп, бир катар СССР калктарынын элдик эпосторуна саясий айыптар тагылып, анын ичинде «Манаска» карата да «реакциячыл, буржуазиячыл» деген тескери создор айтылып турган шарттарда жургузулгон. Оз тагдырынан чочулаган манасчы эпосту мурдагыдай эргибей, куйуп-жанбай маанайы чогунку журуп, кыскарган турдо жаздырган. Дал ошол учурда С. Каралаевди иш устундо коргон манас изилдоочу окумуштуу Самар Мусаев минтип жазган: «Манасты кайра жаздыруу аракетин эпосту сактап калуунун жолудур деген умут менен иштин журушун коруу учун атайын барып, тексттердин жаздырылышын карап олтурдум. Саякбай аксакал менин козумо мурдагы коргонго караганда жудонку тарткансып, озун кармашы, суйлогон создору басмырт корунду. Бир саатка жакын угуп олтуруп, мен чыгып кеттим. Иштелип жаткан иштин манызы мага жаккан жок. Анткени ошол кездеги айланада болуп жаткан чуунун тупку теги эмнеде экендигин ачык тушуно албаган манасчы эпосту коз коруно эле коммунистик идеологияга»
5. Докдадчы: Жунусали кызы С.
Идеологиялык-саясий «кара булут» таркагандан кийин озгочо 60-жылдары улуу манасчы озун эркин сезип, улгайынкы тартып калса да жаны дем, жаны куч менен буркуттой шаншып радио, магнитафон, кино-тасмаларына, пластинкаларга «Манасты» айтып жаздыра баштайт. 1968-жылы Самар Мусаев, Сапар Бегалиев тарабынан Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас» училтиги кайрадан учунчу жолу 2750 метрлик магнитафондук тасмага тушурулгон. «Манас» училтигин Саякбайдан учунчу жолу магнитафондук тасмага алуунун себебине бир аз токтолуп отконубуз он. Бирок кепти мындайраактан баштайлы.
Манасчыны биз качан манасчы деп айтабыз? Манас айтуу өнөрү оозунун жандуу табигый стихиясы менен өзүнүн бүткүл «жапайы» көркү менен кандай учурда кашкайып даана көрүнөт? Манасчынын манас айтып атканда көр. Манасчынын манас айтып жатканда гана нагыз манасчы. Маселени, копчулукко белгилүү го, Саякбай «Манасты» капчыгайдагы таштан ташка урунуп чамынып агып жаткан тоо суусундай курпулдоп, шаркыратмадай шаркырап агып, бирде бороондой боздоп, шамалдай ышкырып, бирде түзгө түшүп аккан суудай жайлап, кайрадан буркан-шаркан түшүп, бүткүл денеси солкулдап, кан-тамырларында «кыян жүрүп», сыйкырчы немедей каармандардын дал өзүнө айланып, аларды козу менен ыйлап, жүрөгү менен күлүп кайрадан бүрколүп, каарданып Үргөнчтүн суусундай өркөчтөнүп, ташкындап көбүрүп-жабырып аткараар эле.
6. Докладчы: Белеков Э. Тасмага түшүрүү.
Самар Мусаев жана Сапар Бегалиев 1968-жылы Саякбайдан «Манас» үчилтигин 3-ирет баштан аяк магнитафондук тасмага түшүрүү ишин башташканда мына ушундай чыныгы, нагыз, табигый «Манасты» жазып тарыхка калтыруу максатын көздөшкөн. Аталган «Манас» изилдөөчүлөр Саякбай бул жолу мурда 30-50-жылдарда айтып жаздырганын кайра сапма-сап кайталайбы же негизги сюжеттик өзөктү сактап, бирок окуяларды жаңы соз, бөлөкчө варициядагы ыр жолдору менен айтар бекен деген суроолорду коюп, манасчылык өнөрдүн сырын тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк түзө турган материалдарды топтоону да алдыларына максат кылып коюшуптур. Кыргыз илимдер академиясынын президиуму мындай демилгени колдоп, атайын каражат болот да, Самар Мусаев жана Сапар Бегалиев Саякбай Каралаевди Ысык-Көлдүн күңгөйй-тескейинде эл алдында табигый шарттарда манас айттырып, эпостун бардык бөлүмдөрүн тасмага жаздырып алышкан. Мына ушинтип окумуштуулар чоң эрдик иш жасашкан. Эки окумуштуунун жүзөгө ашырган бул иштеринин тарых үчүн, эл-журтубуз үчүн опол тоодой мааниси бар. Учурунда бул иштин маанисин түшүнүп, манасчы кадимкидей жашып көзүнө жаш алып туруп «Кемпиримден ажырап, карылык басып ооруга чалдыгып калганда жолукпадынарбы, мен кадимкидей күүлүү-күчтүү манасты күпүлдөтүп айтып турганда ушундай кылып жазсаңар, армансыз болбойт белем» деп айтып ыраазылыгын билдирген. Саякбайдын магнитафонго айткан үчилтик «Манасынын» тексти кандай айтылса, ошондой түрдө кайра кагазга түшүрүлүп, азыр текст да, тасма да Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
7. Докладчы: Үсөн кызы Элиза.
«Манас» эпосунун жаралыш доору жөнүндөгү көз караштар
1. «Манас» эпосунун жаралышы, келип чыгыш доору, тарыхый негизи жөнүндө илимпоздордун арасында тамырлар чыгат деп эсептейт (мисалы, М. Борбугулов жана П. Н. Берков).
2. «Манас» биздин заманга чейинки жана биздин замандын башындагы гунндардын жана хунндардын доорунда пайда болгон деген көз караштар бар. Мындай көз карашты жазуучу-изилдөөчү О. Айтымбетов жактайт. Манастын алгачкы издерин биздин заманга чейинки замандан издегендердин дагы бирөө кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев.
3. В. Радлов, М. Ауэзов, К. Рахматуллин, А.Н.Бернштан, П.Фалев сыяктуу окумуштуулар «Манас» эпосунун жаралуу мезгилин байыркы түрк жана байыркы кыргыз доору 6-9-кылымдар менен байланыштырышат. Маселен, П.Фалев менен М. Ауэзов байыркы Орхон-энисей таш эстеликтериндеги рун жазууларынын мазмуну менен «Манас» мазмунунун окшоштугун белгилешет. Ал эми А. Бернштан болсо, 9-кылымдардагы Борбордук Азияда түзүлгөн кыргыздардын улуу мамлекетинин доору «Манасты» жараткан, ошол мезгилде кыргыздардын башында турган Яглахар ханды Манас деп эсептеген.
4. «Манас» эпосу эпос катары X-Xӏӏ к.к. Орто Азияда жаралган. Эпос X-Xӏӏ к.к. кыргыздардын кара кытайларга каршы күрөшүн чагылдырат. Мындай көз караш Б. Юнусалиев, Р. Кыдырбаева, Э.Абдылдаев, И. Молдобаев,Т. Абдыракунов, В.А. Ромадин сыяктуу окумуштууларга таандык.
5. Чет өлкөлүк изилдөөчү Маркварт «Манас» эпосунун мазмунун Чынгызхандын тарыхы менен ( Xӏӏӏ к.) байланыштырган.
6. «Манаста» Xӏӏӏ-XӏV к.к. Алтын Ордонун тушундагы тарыхый окуялар чагылдырылган деген көз караштар бар (Ч. Валиханов).
7. «Манас» XV- XVӏӏӏ к.к. Жунгардык ойрот-калмактардын баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшүнүн доорунда пайда болгон деген көз карашты А.К. Боровков, И.Л. Климович сунуштаган.
8. «Манас» эпосунун жаралыш доорун кеңири тарыхый диапозондо караган окумуштуулар да бар. Мисалы, В. Жирмунский, Т. Чоротегин «Манас» Vӏ-XӏX к.к. аралыгында кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый окуяларын көркөм чагылдырат, «Манас» эпосунун жаралышы бир эле доорду эмес, бир нече доорлорду камтыйт деген көз карашты айтышат.
Манас кинодо
1965-жылы режиссер Болот Шамшиев улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө «Манасчы» фильмин тарткан. «Манасчы» фильми Оберхаузендеги кыска метраждуу даректүү фильмдердин Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалында (1965-ж.), Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда (1966-ж.) башкы байгеге татыктуу болгон. Маркум Мелис Убукеев 1966-жылы «Семетейдин» бүт жана «Манас» эпосунун тандалган айрым эпизоддорун Саякбай Каралаевдин айтуусунда 11000 метр тасмага түшүргөн. М. Убукеев классикалык мазмундагы «Манас ааламы» кинофильмин да тартып, элге тартуулаган.
«Манас» жана кыргыз музыкасы
30-40-ж.ж. жаралган жогорудагы «Айчүрөк», «Манас» операларынын музыкасын В.Власов, А. Малдыбаев, В.Фере сыяктуу композиторлор жазышып, кыргыз музыка өнөрүнүн казынасын байытышкан. «Манас» - улуттук музыка үчүн соолугус булак. Буга кыргыз радиосунун музыкалык фондусуна жазылып алынган «Манас күүсү», «Алманбеттин арманы», «Алманбеттин жомогу», «Семетей куу», «Каныкейдин арманы» ж.б. К. Молдобасановдун «Манас ордосунда» аттуу симфониялык сүроттөмөсү (1978-ж.), М. Бегалиевдин «Манас» симфониясы (1990-ж.), Б.Н.Глуховдун «Бабам Манас жонундо баллада» аттуу хор үчүн поэмасы (1974-ж.) ж.б. күбө болуп эсептелет.
Кытай Эл Республикасындагы манасчылар
Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын арасында да «Манас» эпосу кеңири тарагандыгы белгилүү. А түгүл официалдуу маалымат боюнча Шинжан автономиялуу районунда уйгур улутундагылардын арасында да, манасчылар бар. Мисалы, 1914-жылы Шинжанда туулган Муса Якуп (уйгур) манасчы катары таанымал болгон. 1964-жылы Муса Якуптан «Алманбеттин Бейжинден чыгышы» деген бөлүмү 1140 сап көлөмүндө жазылып алынган. Кытай Эл Республикасында көзү өткөнү, көзү тирүүсү болуп сексенге жакын кыргыз манасчы бар деп эсептелинет. Булардын арасында Эшмат, Жусубакун, Апай, Ыбрайым, Бабай, Жусуп Мамай, Осмон Мати Торо, Жума, Сатыбалды, Ажы, Шаабай, Чолу, Орозо Кадыр сыяктуу атактуу жана ири манасчы, семетейчилер бар. Кытайдагы «Манастын» өзгөчөлүгү анын сегиз урпакка чейин циклдешип айтылгандыгында. Атактуу манасчы Жусуп Мамай «Манасты» сегиз урпакка чейин (1. «Манас», 2. «Семетей», 3. «Сейтек», 4. «Кененим», 5. «Сейтек», 6. «Асылбача-Бекбача», 7. «Сомбилек», 8. «Чегитей») айтат. Азыркы учурда Жусуп Мамай айткан сегиз урпак «Манас» 18 томдон турган китеп түрүндө кытай басмаларынан жарык коруп, калайык-калктын колуна тийди.
Жыйынтыктоо. Эмесе, ушуну менен сабак-конференциябыз аяктады. Баарыңыздар Саякбайдай улуу, Манастай күчтүү, патриоттук сезим жараткан инсан болгула.