Просмотр содержимого документа
«Саясатчы-кесипби»
Сабактын темасы: Саясатчы-ким?.
Сабактын максаты:
1. Саясатчы ким жана кандай болуу керек? –деген суроонун айланасында маектешип, окуучулар ой-жугуртууго чакырылат.
2. Окуучулар Кыргызстандын белгилуу саясатчылары жонундо маалымат алышып, талкуулашат.
3. Оз ойлорун эркин айта билууго жана башкалардын ой-пикирин уга билууго уйронот.
Сабактын жабдылышы: Суроттор.
Сабактын журушу:Уюштуруу.
Суроолордун тегерегинде маектешуу уюштуруу:
- Саясатчы деген ким?
- Кайсы белгилуу саясатчыларды тааныйсынар?
- Аранарда саясатчы болууну каалагандар барбы?
Мугалим:
Кээ бирде саясат дегенди ким көп сүйлөсө эле ошол саясатчы дешет. Сүйлөгөндөрдүн баары эле саясатчы эмес, элдин жашоо-турмушун көздөгөн киши саясатчы. Саясатчылар бул саясий иштер менен профессияналдуу алектенген адамдар.Калктын саясий бир болугун эркиндигин жузго ашырат мамлекетттик ишти оз окулдору аркылуу ишке ашырат. Коом мамлекеттик башкарууга жарамдуу чыныгы, нукура улуттук ЭЛИТАНЫ сүрѳп чыгышы керек! Тилекке каршы, ата-энесинен мыкты тарбия алып, ыймандуу чѳйрѳдѳ ѳскѳн, табиятынан таза, таланттуу, татыктуу жана деңгээли бийик абдан кѳп адистер мамлекеттик башкаруу системасынан четте калууда. Бул жагдай саясый-коомдук системанын эң чоң, эч качан кечирилгис ѳксүгү болуп саналат. Анткени, ѳлкѳнү ѳнүктүрүүгѳ «сак-саламат клеткалар» тартылбай, бардык орчундуу жерлерди ѳзүн-ѳзү жок кылууга алып келе турган, «жугуштуу илдетке чалдыккан клеткалар» ээлеп алган.
Акылман Конфуций мындай абал тууралуу минтип айткан экен: «…эгер ыймандуу адамдар бийликке керексиз болуп калса, анда ѳлкѳнүн оор мезгилди баштан ѳткѳрүп жатканынан кабар берет» деп.
ТАЗА МАМЛЕКЕТ – бул коомдук мамилелердин социалдык-саясый жана каржылык-экономикалык уюштуруусунун жаңы стандарты жана нугу.
Ашканада, дүкѳндѳрдүн кире беришинде, сыра ичүүчү жайларда жана коомдук мончолордо саясый ушактарды айтып, мамлекеттик бийликтин кемчиликтери жѳнүндѳ кургак чечендик кылууну токтотуу керек! Ѳз жашообуз үчүн жоопкерчиликти толугу менен ѳзүбүз кѳтѳрүп, жашоо-тиричилигибизди оңдоого шымалана киришер убактыбыз келди! БИЗ САЯСАТЧЫБЫЗ дегендерге бүткүл элдин талабын коёлу: «Же силер мамлекетти социалдык-саясый уюштуруунун ушундай стандарты менен форматын түзѳсүңѳр, же саясый ишмердиктен биротоло баш тартасыңар!»
Кытайдын Лу хандыгынан чыккан акылман, ѳмүр бою карапайым калктын арасында жашап, элдин муң-зарын ичкериден аңдап билген Конфуций: «ДЭ» күчүнѳ таянып башкаруу – бул, башка баардык жылдыздар айланып жылып жүрүшсѳ да ортодогу ордунан козголбогон «Алтын казык» жылдызына окшошууну билдирет» деп абдан таасын белгилеген. «Дэ» сырдуу энергиясы – «Алтын казык» жылдызынын туруктуулугун башкарууга жетишкен, жогорку уюштуруучулукка ээ болуп, ѳзүн-ѳзү башкаруу системасындагы ыйык жѳндѳмдүүлүктүн ѳзү. «Алтын казык» – бул ЭЛ, анын кызыкчылыктарын башка бардык «жылдыздар» тегеренип жүрѳт.
Ал эми саясат чөйрөдө чыңалуу бирде төмөн бирде өйдө, бирде тескери бирде оң болуп жүрө берет. Ал дагы ошол биз саясатчыбыз деген кишилердин ойлогон ою көздөгөн максатына жараша болот. Мамлекет башчы, эл башы болуу өтө жоопкерчиликти, өтө жогорку деңгээлдеги билимди, илимди талап кылат. Мамлекеттүүлүк дегенди, башкаруу дегенди тушунгон киши керек. Менин оюмча, эң биринчиден, өзүнүн абийирин, ар намысын сактаган, туу туткан киши эл башкара алат. Аброю демекчи, элди баалап, элине калп айтапаган, калп сүйлөбөгөн, өзүнүн иши менен жүрүш-турушу менен элинин ишенимине жеткен киши.
Экинчиден, эч качан уурулук кылбаган, ач көздүк карасанатайлык караөзгөйлүк кылбаган бирөөнүн капчыгына көз артпаган таза так адам болушу керек. Үчүнчүдөн, эл башкара турган киши бөлөк адамдын аброюн ар намысын сыйлаган, ишмердүүлүгүн билимдүүлүгүн сыйлаган эч убакта бирөөгө жамандык кылбаган киши. Ошол эл башкара алат. Ошол элдин ишенимине элдин суймөнчүлүгүнө татыктуу болот. Бул тарыхыбызды баалай, сыйлай, барктай билишибиз керек. Эгерде баалай албасак анда биздин келечегибиздин болушу күмөн болуп турат. Ал эми саясатчылар болгон боло берет, саясатчылар бугун бар, эртең кетет. Бирок ошол саясатчылардын ичинен өлкөнүн келечеги деп иштегендердин аты өчпөйт, түбөлүккө калат.
Владимир Ильич Лениндин айткан сөзү бар: “Үйдөгү ашпозчу дагы мамлекетти башкара алат”. Анын сыңарындай, эгерде биз өзүбүздүн келечегибизди ойлосок жаш саясатчыларды, адистерди даярдашыбыз керек. Конфуций айткан: “Элди зордук зомбулук менен убактылуу башкарса болот, бирок элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло албайсың” деп. Анысы кандай курал менен болот экен башкарууга, бирок элдин колдоосуна ээ боло албайт экенсиң да. Эми мунун баарынан биз сабак алышыбыз керек...
Жыйынтыктоо:
Демек саясатчы болуу коп нерсени талап кылат экен. Ар тараптуу жана терен билим, жогорку интеллектуалдык денгээл, оз элин, жерин суйуу, ардактоо, ишмердуулук, эмгекчилдик, жоопкерчилик ж.б.
Уйго тапшырма:
Белгилуу бир озуно жакан саясий ишмер жонундо ой пикир жазып келуу