САЙМАДАГЫ ОЮМ-ЧИЙИМДЕРДИН СЫРЛАРЫ.
11.10.2012 | Разместил A.Aidaraliev в Без рубрики | 1 комментарий |
Сүрөттө: Айшат БОТОБЕКОВА.
Оймо-чиймелер улуттук кийим-кечелерден тартып, кол өнөрчүлүктүн дээрлик баардык түрүндө кеңири колдонулат. Эзелтен эл ичинен чыккан мыкты чеберлер, айтылуу уздар, зергерлер өздөрүнүн учкул кыялдарын, терең ой чабытын, үмүт тилегин, ата журтунун ажайып кооздугун түмөн-түркүн оюуларга айландырып келишкен. Ал оюм-чийимдер канчалаган кылымдарды карытып, ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өнүгүп-өсүп отуруп биздин күнгө чейин жетти. Канчалары мезгил сынына туруштук бере албай унутта калды. Чындыгында эле, байыркы кыргыз эли сайма, көчөттөгү оюм-чийим белгилеринин жардамында түрдүү маалыматтарды туюндуруп келишкен. Мындай оюм-чийимдер, символдор элдин бай маданиятынан, көөнө дүйнө таанымынан, мифологиялык ой-жорумдарынан кабар берип турат. Байыркы ата-бабаларыбыздын жогоруда айтылган оймо-чиймелердин жардамында эмнени туюндургусу келгенин, эмне деген маалыматтарды кабарлагысы келгендигин мына ушул белгилердин негизинде биле алабыз. Себеби, буюмга түшүрүлгөн оюм-чийимдер жөн гана кооздук үчүн жаратылган белгилер эмес, аларды символдор, маалыматтардын топтому деп кабыл алууга болот.
Кыргыз элинин улуттук оюм-чийимдеринин эң түпкү үлгүлөрүн — байыркы кол өнөрчүлүккө байланышкан буюмдардын беттеринен көрө алабыз. Аларга ала кийиз, шырдак, туш кийиз жасаган уздар, саймачылар, оймочулар жана катуу буюмдарга кооздук келтирген кара уста (темирчи), зергерчи (күмүш уста), ат жабдыктарынын чебери (өрүмчү, кайыкчы), жыгаччы (ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу) тери (көн, шири) буюмдарынын чебери кирет. Аземдүү жыгач буюмдарга: түндүк, кереге, уук, каалга, бакан, үкөк, бешик, чыгырык, серүү (жагдан), жүк такта, ээр ж.б. оюмдар түшүрүлгөн.
Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө кездешкен оюм-чийимдер элдик көркөм өнөрдүн эң байыркы түрү болуп саналат. Ал бир гана кыргыз элинин эле эмес байыркы көөнө түрк элдеринин улуу маданиятын сактап калган белгилердин бири. Себеби, элдик кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнүн ичинен эң эле байыркысы да саймачылык, зергерчилик, узчулук болуп саналат. Дүйнө элдеринин бардыгында эле маданий мурас катары учуроочу оюм-чийим өнөрү ар бир элдердин жеке өзгөчөлүгүнө жараша өнүгүп-өсөт. Бекерден, оюм-чийимдерди изилдеген белгилүү окумуштуу академик Б.А.Рыбаков оюм-чийимдерди – маданияттын белгилүү бир коду, маалыматы деп эсептебесе керек. Ал анын түпкү маанисин, семантикасын изилдөөгө чакырат. Анын ою боюнча, оюм-чийимдер жөн эле кооздук үчүн жаратылган жеңил-желпи сүрөттөр эмес, анда ошол элдин миңдеген жылдар бою калыптанган дүйнө таанымы, көз караштарынын өзөктөрү жатат. Демек, алгачкы оюм-чийимдердин функциясы бир гана эстетикалык ырахат тартуулоо менен чектелген эмес. Анда, ар кыл маалыматтар, мифологиялык түшүнүктөр камтылган.
Таш бетиндеги сүрөт жазмаларыбыз өткөн тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду кандай чагылдыра алса, оюм-чийимдердин туюндурган мааниси да, аткарган кызматы да ошончолук терең. Мындан оюм-чийимдердин жаралуу башаты таш бетиндеги сүрөт жазмаларга барып такаларын билсек болот. Таш бетиндеги сүрөт жазмаларыыбызда даанышмандыктын, акылмандыктын символу катары тоо текени, аркарды эсептеп келишкен. Ушул эле белги кол өнөрчүлүктөгү оюм-чийимдерде да кеңири орун алат.
Изилдөөчү М.Рындиндин маалыматы боюнча, 3500дөн ашык оюм-чийим үлгүлөрү бар. Илимий маалыматтарга караганда кыргыз элинин маданияты биздин заманга чейинки 4-5-кылымдарда эле өнүгүү этабын баштаган. Айталы, керамикалык идиштер (кыргыз вазалары) түшүрүлгөн жаныбарлардын, айрыкча мүйүздөрдүн элесинин чегерилиши, ар түрдүүлүгү оюм-чийимдердин бир элеси катары кароого болот. Кыргыз оймосунда «аркар мүйүз» оюму басымдуу орунду ээлейт. Аймактык шарттарга ылайын «кочкор мүйүз», «кулжа мүйүз” деп да аталат. Бирок, алардын мааниси берилген түстөргө жараша чечмеленет. М.Рындиндин изилдөөсү боюнча, түстөр: көк, кызыл, сары түстөрдөн бөлөк ак, кара, жашыл түстөр да ар кандай белгини, маанини туюндурушкан. Мисалы, жашыл түстөгү сүрөттөлгөн «аркар мүйүз» оюму – меймандарга арналып мал (аркар) союлду деген түшүнүктү камтыган.
Албетте, оюм-чийимдердин келип чыгуу тарыхын так айтуу мүмкүн эмес. Алгач, оюм-чийимдер капыстан келген жоо-кырсыктарынан коргоочу, жамандыктан сактоочу магиялык күч-аракетке эгедер белги катары каралып келген болсо, мезгилдин өтүшү менен оюм-чийимдер өзүнүн түпкү маанисин жоготуп, жөн гана эстетикалык кооздук катары кабыл алынып калган. Ошондой болсо дагы оюу түшүрүп жаткан уста, чебер, уз сөзсүз түрдө «жогорку күчтөрдүн» бар экендигине жана алардын колдооруна ишенген.
Аны нукура эски оюм-чийимдерге түшүрүлгөн жан-жаныбардын пирлеринен тартып, диний жана мифологиялык түшүнүктөрдү туюндурган элестерден, тотемдик белгилерден көп эле көрүүгө болот. Эң эле көөнө оюм-чийим белгилери да ааламдын жаралышы, анын түзүлүшү сыяктуу геометриялык фигуралардан тартып, «умай эне», «чексиздик» же «береке» белгисин (свастика), «айлампа», аял жана эркек белгилерин, ошондой эле тотем белгилерин: «кумайык», «усмоюл», «казылык», «канаттуу тулпар», «талооту», «бугу», «теке», «карышкыр», «жылан», «жагалмай канат», «иттердин кошогу», «бүркүттүн чеңгели» (тырмагы), «бугунун мүйүзү», «сагызган», “карга», “куш» сыяктуу мифологиялык түшүнүктөрдү камтыган белгилерди окууга болот.
Мисалы, «умай» оюсу – алгач жамандыктан коргоочу белги катары жаш балдардын кийген кийимдерине түшүрүлгөн. Оюмдун бул элементи кушка окшош келип, анын сүрөтү катарында кабыл алынат. Кыргыз тилинде «умай» абадагы уяда жашаган жомоктогу зымырык куш катары белгилүү. Бул сөз перси тилинен алынып (хума) дүйнө дарагында жашаган кушту туюндурат. Демек, «Умай эне»- мифологиялык-культтук белги катары — Аял белгисин, көбөйүүнү, тукумдуулукту, түшүмдүүлүктү туюндуруп келген. Зергерчиликте да «Умайдын» стилдештирилген элеси кыйла кооз жасалгаланат. Атап айтсак, күйөөгө кетүүчү кыздын баш кийими шөкүлөдө аялзатынын — түшүмдүүлүктүн Кудайынын сүлдөрү түшүрүлгөн жасалгалар, сыйкырдуулугунун күчүн баса көрсөтүү үчүн оюмдар жыш жайгаштырылган.
каган. Буюмдарына түшүрүлгөн оюулар аркылуу кыргыздардын кайсыл аймакта жашагандыгын жана кандай мүнөздө эмгектенишкендиктерин аныктоо мүмкүн. Оймочулуктагы аймактык айырмачылыктар, оюулардын берилиши, жасалгаланышы жана колдонушу менен кескин түрдө айырмаланган. Кыргыз тилиндеги диалектикалык айырмачылыктар бар сыяктуу эле, ар бир аймактарда буюмдарды жасоодо, аны жасалгалоодо өз-өзүнчө техникалар менен айырмаланат. Мисалы, Нарын жакта шырдактарды жасоодо оймолору, кийиздин жасалышы башкача ыкмада болсо, ал эми Ош, Жалал-Абад, Таластык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарды жасоо жол-жобосу башкача өңүттө болот. Кыргызстандын түштүк аймагында буюмга оюу түшүрүү, түс берүү, бешикке боёк менен оюу түшүрүүсү менен айырмаланган. Айталы, андагы оюм-чийимдер өзгөчө гүлдөрдүн, жалбырактардын, жалпы эле табияттын элесин берген көрүнүштөрдү чагылдырып турат. Кылымдар бою канатташ жашаган жана этногенетикалык жактан жакын этностордун чарбалык-маданий байланыштары оюу түшүрүүдө сөзсүз түрдө бири-бирине өз таасирлерин тийгизген. Өзбек, тажик элдеринин оюм түшүрүү формалары, айрым элементтери киргизилген. Жадагалса, кол өнөрчүлүккө түшүрүлгөн оюм-чийимдердин аттары да бири-биринен кескин айырмаланып турган. Ал элдердин жаратылышты, коомду, чарбачылыкты түшүнүп кабыл алуусу, философиялык ой жүгүртүүлөрү, жасаган салттуу буюмдары аркылуу чагылдырылган жана бири-бирине тар
Дагы бир байыркы дүйнө тааным түшүнүгүн чагылдырган оюмдар түшүрүлгөн кол өнөрчүлүккө — туш кийиз дагы кирет. Адатта, туз кийиздин эки жаны менен үстүңкү бөлүгү саймаланып, ортосуна үч бурчтуу 1 же 2 тумар түшүрүлөт. Туш кийиздин ортосундагы тумар эстетикалык кооздук үчүн эмес, жамандыктан, кара күчтөрдөн сактоочу белги катары колдонулган. Бул үч бурчтуу тумарча бөлүгүнө уздар умай белгисин, уруунун эн тамгасын же мифологиялык түшүнүктөгү жан-жаныбарлардын элесин түшүргөн. Бул белги байыркы санскриттен сүйүүнү, туруктуулукту символдойт.
Туш кийиздин негизги оюмдарына жалпысынан кыргыздын улуттук оюм-чийимдерине мүнөздүү табиятты сүрөттөөчү («күн», «жаңырган ай», «булак», «суунун айлампасы»), жандуу нерселердин сөлөкөттөрүн сүрөттөөчү («беш манжа», «оймок боолуу бармак», «кочкор мүйүз», «аркар мүйүз», «теке мүйүз», «кулжа мүйүз», «чычкан изи», «койон изи», «сүлөөсүн тырмак», «улак секирик», «кыргоол», «көгүчкөн» жана башка), өсүмдүктөрдү сүрөттөчү («байчечекей», «кызгалдак», «тогуз дөбө гүл», «пахта», «жалбырак» жана башка), тиричилик буюмдарын сүрөттөөчү «мончок», «тумар», «боз үйдүн түндүгү», «кереге көз», «аркан», «көөкөр», «ай балта», «кашык» жана башка) жана сыйкырдуу, кереметтүү элестерди сүрөттөп чагылдырган оюу үлгүлөрү кирет. Кыргыз сайма-көчөттөгү оюм-чийимдердин үлгүлөрүнөн диний жана абстракттуу түшүнүктөрдү туюндурган элестерди көрүүгө болот. Булар бир гана саймада гана эмес оймодо, өрмөктүн, килемдин, шырдактын ж.б. элементтеринде улуттук форма катары муундарда улантылып жашап келет жана элибиздин жашоо-шартын, абалын, ой-санаасын ар кыл түшүнүктөр аркылуу туюндуруп турат.
Кыргыз элинде ар бир оюм-чийимдин, сайманын өзүнүн аты бар. Мисалы, «анар көчөт» — анар багынын элесин берген көчөт; «андаза көчөт» — ар кыл оймо-чийме түшүрүлгөн кооздук; «баштык көчөт» — баштыктын элөсин берген көчөттүн түрү; «жылдыз көчөт» — жылдыздын элесин берген көчөттүн бир түрү; «кара калпак көчөт» — тигинен узунураак, туурасынан кыскараак келген төрт жактуу, ар бир жагынын башында тогологураак, ич жагы үч тиш, ачалуу оюм; «килем көчөт» — килем көчөттөрүнүн тордомо чийге, кийизге көчүрүлгөн оюмдарынын жалпы аты; «кой шывак көчөт» — шыбак өсүмдүгүнүн элесин берген оюм; «кош көчөт» — бирдей салынган окшош эки оюм; «үч көчөт» — килемге бир түрдө түшүрүлгөн көчөттүн жалпы аты жана ошондой көчөтү бар килем; «кушканат» — шырдакка ак жип менен куштун канаттын элестеткендей ийри-буйру болуп түшүрүлгөн оюу, түр; «кылыч байлоо» — чийден чырмалган чыгдандын баш жагына түшүрүлүүчү сейрек орнаменттин аты; «кылыч боо көчөт» — он үч жиптүү келген, кылыч боосун элестеткен көчөт; «кыңыр моюн» — ботонун мойнун элестетип ийри-муйру оюм.
Байыркы кыргыз элинин дүйнө таанымына ылайык ар бир оймонун өзүнүн орду, символикалык мааниси болгон. Аны чебер-уздар кез келген жерге кооздук үчүн пайдалана берген эмес. Кийимге оюм түшүрүүдө аялга жана эркекке тиешелүү оюмдар, жаш балдарга жана чоң адамдарга тиешелүү оюмдар, баш кийимге жана башка кийимдерге салынган оюмдар деп бөлүп келген. Шырдакка, саймага түшүрүлгөн ар бир оюм-чийим жөн эле кооздук үчүн түшүрүлгөн белги эмес. Алар ар кыл ой-сезимдер, түрдүү окуялар, сюжеттер камтылган баяндамалуу сүрөт искусствосунун өзгөчө түрү. Бул оймо-чиймелер тарыхый окуяларды баяндаган летопись катары да кызмат кылып келген. Болгону алардын маанисин чечмелеп, туура окуй билүү гана керек…