БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ
Ленин району
№43МЧББУ
Тема: «Саламаттыкты сактоо боюнча методикалар»
(блиц-сурамжылоо, кеӊештер)
Даярдаган: Сыйдалиева Б.Т.
Блиц – сурамжылоо:
Ден соолук деген эмне? ДССУ?
ДССУ – дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.
Бул ооруунун жоктугу гана эмес, бул толук дене бойдун, психологиялык жана социалдык бейпилдиги.
Сергек жашоо образын окутуп үйрөтүүчү илим эмне деп аталат? (валеология)
Саламаттыкты сактоо технологияларынын кандай түрлөрүн билебиз?
А) баланын саламаттыгын жакшыртуу, физикалык жактан өнүгүүсү; көнүгүүлөр, дем алуу органдарын өстүрүү, дене боюн түз кармоого өбөлгө түзүү, май тамандуулуктун алдын алуу, чыйралтуу, кыймыл режимдери.
Б) эмдөө профилактикасы (эмдөө массажы, физиотерапия).
В) психологиялык жактан: музыка терапиясы, жомок терапиясы, корректирлөө.
4. Баланын активдүү эс алуусунун чакан формалары?
Физикалык тыныгуу, укалоо, манжа көнүгүүлөрү, дем алуу гимнастикасы, релаксация.
Баланын күн ичинде кыймыл активдүүлүгүнүн формалары?
Дене тарбиясы сабагы, чуркоо, гимнастика, кыймылдуу оюндар.
ДССУнун компоненттери?
Туура тамактануу, дене тарбия сабагынын системалуулугу, жагымдуу психологиялык абал (МЧББУда, үй бүлөдө)
Ойлон! Эсте! (номерлерге карата жооп берүү)
Сабак аралыгында эмнени сөзсүз өткөрүү керек? (физ.тыныгуу)
Жумасына дене тарбия сабагы канча жолу өтүлөт? (3-7 жаш курак)
Жогорку топто сабактын узактыгы канча мүнөт? (25мин)
Сабактар ортосундагы тыныгуу канча мүнөттөн ашпаш керек? (10мин)
Уктоо убактысы канча саат? (3төн кем эмес)
Кыймылдын негизги түрлөрүн атаныз? (басуу, жүгүрүү, секирүү, асылуу)
Адам суткасына канча саат укташ керек? (Чон-8, өспүрүм-9-10, бөбөк-10-12)
Күн тартиби боюнча күндөлүк сейилдөөнүн убактысы канча саат? (4-4.5саат)
Байыркы грек акылмандары: «Ден соолугун бекем болсун десен – чурка! Сулуу болгун келеби? Чурка! Акылдуу болгун келсе – чурка!» - деп айтышчу экен.
Бала менен иштөөдөгү чуркоонун түрлөрүн атаныздар?
Буттун учу менен, чон кадам менен, тизени көтөрүп ж.б.
Муну биз циклдик кыймылдар деп атайбыз
Бакчада биз дене тарбиясын чындоодогу эске алчу эрежелер:
Дене тарбия сабагын өтүүдө кыймылдын кандайдыр бир бөлүгү циклдик мүнөздө болушу керек.
Баланын таза абадагы кыймыл активдүүлүгүнөн дем алуу системасы жакшырат.
Саламаттыкты чындоо методикасын МЧББУда айкалыштыруу баланын иммундук коргонуусун өркүндөтөт.
Ситуациялык суроолор:
Кеч уктаган баланы тарбиячы
-баары менен чогуу ойготот
-кечирээк ойготот
-сиз кантет элениз?
Баланын ата-энеси баланын сейилдөөгө чыкпашын талап кылат
-ата-эненин талабын аткаруу
-аткарбоо
-сиз кантет элениз?