СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саламдашуунун жол-жобосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туура саламдашуунун жол-жобосу

— Кичүү киши өзүнөн улууга биринчи учурашат. Улуу киши сөзсүз түрдө алик алып, аны жоопсуз калтырбашы керек. Айтылган саламды жоопсуз калтырып, алик албай коюу абдан чеки иш. Мындай адамды "саламдан садага кеткен" деп жаман көрүшкөн;

  • Сырттан кирген киши учурашпай кирбейт. Үйгө сырттан кирип келген киши жашына, даражасына карабай милдеттүү түрдө олтургандарга салам айтып кирүүгө тийиш;
  • Тең курактуу жашташ эркек менен аял кезигип калса, эркек киши биринчи учурашат;
  • Жол жүрүп келе жаткан эки атчан жолукса, күн чыгыш тараптан келе жатканы биринчи болуп салам айтат;
  • Жолдон өтүп бара жаткандар жол жээгинде отургандарга озунуп саламдашкан;
  • Жогору жактан келе жаткан улуу болсо да, кичүү болсо да төмөн жактан келе жаткан адамга биринчи учурашат;
  • Аз киши көп кишиге кайрылып келип, алыс болсо колун бооруна алып саламдашат;
  • Ооруп жаткан адамга соо киши келип учурашып, ал-жайын сурайт.