СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Самат Садыковко 100 жыл

Нажмите, чтобы узнать подробности

Самат Садыковко 100 жыл. 

Просмотр содержимого документа
«Самат Садыковко 100 жыл»





Лейлектин кулуну

Самат Садыковко 100 жыл

1041- жылдын 22-июнь айынан 1945-жылдын 9-майына чейин болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согуш-жалпысынан 20 млн-н ашык советтик жарандардын өмүрүн кыйып, миллиондогон кишилерди мунжу, жарадар жана майып болуп, эмгекке жараксыз болушуна алып келди, алар өмүрү өткөнчө согуштан калган өчпөс жараатынан жабыр тартып өттү. Мындан тышкары согуштун очогуна айланган аймакта миллиондогон балдар ата-эне мээримин көрбөй, тууган- уругунан ажырап томолой жетим калса, өлкөнүн оругунда канчалаган балдар атасынан ажырап жарым жетимге айланып, аялдар кара кийип жесир калды. Согуш болгон аймактардагы жашаган эл үй-жайынан, тынч турмушунан ажырап, каардуу күндөрдү башынан өткөрдү. Бир нече миллиондогон советтик жоокерлер жана жарандар фашисттердин концлагерлеринде адам чыдагыс кыйноо, азаптарды башынан өткөрүп, өз мекенине кайтпай сөөгү ошол жерде күлгө айланды. Ал жерден кайткандарды "Сталиндик доордо" "мекендин чыккынчысы" аталып, СССРге келгенден кийин кээ бирлери түзөтүү лагерлерине жөнөтүлдү. Канча миллиондогон жоокерлер согуштун мезгилинде тирүү же өлүмү билинбей дайынчыз жоголуп артындагы ата-эне, туугандарын үмүттөндүрүп кете берди. Бул кайгы муңду ошол кездеги совет эли башынан өткөрдү. Ал убак мурдагы СССРдин курамындагы он беш союздук республиканын, анын ичинде биз жашаган Кыргызстандын тарых барактарындагы эн кайгылуу орду толгус жылдардын катарында кала берди. Бирок, эң өкүнүчтүүсү согушка кетип, кайтпай калган жаш эр жигиттердин артынан тукум калбагандыгы, аларды күтүп, күнүүнү баласы кеткен батыштан көзүн албай канча ата-энелер дүйнөдөн өтүп кеткен. Ошолордун ичинде 380 минден ашык кыргызстандык жоокерлер болгон. Алардын арасында кээ бироолору согуштун алгачкы кундорундо курман болсо, кээ бири күткөн жеңиш күнү жакындаганда курман болду. Мына ошолордун арасында, Батыштагы кан майданда катышып, ата- энесин үмүттөндүрүп кеткен бойдон, Мекенине кайтпай калган Лейлектин баатыр кулуну Самат Садыков да бар.

Улуу Ата Мекендик согушта душман менен болгон айыгышкан салгылашуу мезгилинде, көпчүлүк жоокерлердин ичинде өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн 11603 кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Алардын арасында каваллерист, эскадрондун пулеметчулар бөлүмүнүн командири, сержант Садыков Самат Садыкович да болгон. 


" Баатыр элден чыгат, алтын жерден чыгат"-деп, элибизде бекеринен айтылып калган эмес. Баатыр- бул атадан балага мурас катары өтпөйт. Ал адамдын ички сезиминде тарбиялык жол аркылуу мекенчилдикке берилүүнүн негизинде пайда болот.












Бүгүнкү күндө Лейлек районунда Исфана шаар башкармалыгына караштуу Самат айылы бар. Самат Садыков өзү туулуп өсcкөн Кара-Таш айылында айкели тургузулган. Аты аталган айылда Самат Садыков атындагы ото метеби бар. Жыл сайын 9-майда гүл чамбарлар койулуп эскерилүүдө.

Согуш-бул кыска,бирок коркунучтуу сөз.
Согуш-бул тынч турмуштун бузулуусу. 
Согуш-өз ара күрөштүн негизинде адамдардын бири-бирине ачыктан-ачык душманга айланып, устөмдүк орнотуу үчүн аракет болуп саналат.
Тарыхтын карт барактарында кандай гана согуштар жазылбады, ал согуштар канча мин-миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетти. Бирок, ошону окуп, көрүп, билип туруп, мамлекеттер атаандашып курал чыгарып, бири экинчисине кол салуусуна кандай түшүнсө болот? Бул суроого бүгүнкү күндө да жооп табыла элек.



Даярдаган: Абдиева Асилхан Тыныбековна.