Просмотр содержимого документа
«Сан атооч боюнча тушунук»
Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.
Кыргыз тили
4- «г» класс
Мугалим Асанбаева Элнура Самүдүновна
Ырды окуп,эсепте. Канча? деген суроого жооп берген сөздөрдү дептериӊе жаз.
Атам барып базарга,
Алып келди үч таӊгак
Ачып аны карасак,
Ар биринде жүз жаӊгак.
Онун берди Бейшеге,
Он экиси Шейшеге,
Жеӊишбекке жетисин,
Эшкул ээлеп экисин
Белек алды бешти,
Канчаны алар жешти?
Кайсы сөздөрдү жаздыӊ?Оку,салыштыр.
Үч, жүз, онун, он экиси, жетисин, экисин,бешти
Бул сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет ?
Ребурсту жандыруу менен катылган сөздү тапкыла.
8/1. 6/1, 10/2, 6/1, 9/1, 9/2, 9/2 ,3/2
(Сан атооч)
Сабактын темасы:
Сан атооч
Заттын санын,иретин билдирип,канча? нече ? канчанчы ? неченчи ? деген суроого жооп берген сөз түркүмү сан атооч деп аталат.
Мисалы: жети,жыйырма, үч, токсон биринчи, он төртүнчү ж.б
Акула
Балыктардын чоң тобун акула деп аташат. Окумуштуулар акуланын 350 түрүн аныкташкан. Узундугу карандаштай, салмагы 200 грамм
келген эң кичинекейлери, узундугу 20 метр келген алптары да кездешет. Чоңдорунун салмагы 20 тоннага жетет.
Ак акулалар өтө жырткыч, өтө коркунучтуу, узундугу 5–6 метрге жетет. Ал тургай 12 метрге жеткендери да кездешет. Бирок андай акула
өтө сейрек учурайт. Акула кандай учурда адамга кол салат? Биринчиден, ал ачка учурда, эгер ток болсо, эч качан өзү катылбайт; экинчиден, суунун температурасы 20 градустан жогору болгондо да коркунучтуу. Суу муздаганда
тамактанбай калышат экен.
1-көнүгүү.
Тексттин 1–2 абзацтарын көчүрүп жазгыла. Сан атоочтордун астын сызгыла.
2-көнүгүү.
Тексттеги сан атоочторду сөз менен жазгыла. Аларга суроо койгула.
3-көнүгүү .
Сан атоочторду таап, белгилегиле.Табышмактын жандырмагын тапкыла. Аны менен сан атоочторду катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Алтымыш төрт чакмакта,
Эки тарап жарышат.
Он алтысы капкара,
Он алтысы апаппак.
(ш...т)
4- көнүгүү
Сан катышкан макалдардан бешти таап дептериӊерге чечмелениши менен кошо жазгыла.
Дептерге баардык көнүгүүлөрдү жазып,иштеп бүткөн соӊ, ата-энеӊе текшерткенди жана сүрөткө тартып жөнөткөндү унутпа