СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сан атооч ворд Айжамал

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сан атооч ворд Айжамал»

Сабактын планы: Сан атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү. Жөнөкөй жана татаал сан атооч.

Класс: 5-класс

Убактысы: 45 мүнөт

1. Сабактын максаттары:

  • Билим берүүчүлүк: Окуучулар сан атоочтун маанилик түрлөрүн, түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнүшүн айырмалай алышат.

  • Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, сөз байлыгы жана сан атоочторду кепте туура колдонуу көндүмдөрү калыптанат.

  • Тарбия берүүчүлүк: Улуттук баалуулуктарды аздектей билүүгө жана топтордо иштөөдө бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.


2. Көрсөтмө куралдар жана жабдыктар:

  • Интерактивдүү доска же проектор.

  • Улуттук буюмдардын сүрөттөрү же макеттери (Калпак, Комуз, Шырдак, Туур).

  • "Банкомат" кутучасы жана жасалма "акча-карточкалар".

  • Шыктандыруучу стикерлер/карточкалар ("Азаматсын!", "Мыктысын", "Акылдуусуң").


3. Сабактын жүрүшү (45 мүнөт):

I. Уюштуруу жана жагымдуу маанай (5 мүнөт)

  • Жасалма интеллекттин жардамы менен маанай.

  • "Салам, достор! Мен жөнөкөй эле жыгач эмесмин, менде миңдеген сандагы күүлөр катылган комузмун. Бүгүн силер менен 'Сан атооч' дүйнөсүнө саякаттайбыз.

  • Топторго бөлүү: Окуучулар слайддагы улуттук тамактардын сүрөттөрүн тандап алышат жана анын артында улуттук буюмдар жашырылган болот, ошого карата төмөнкүдөй топторго бөлүнүшөт:

    1. "Калпак" тобу

    2. "Комуз" тобу

    3. "Шырдак" тобу

II. Жаңы теманы түшүндүрүү (10 мүнөт)

. Эреже: Бир гана негизден (сөздөн) турган сандар жөнөкөй сан атооч деп аталат.

  • Мисалдар: Беш (5), он (10), кырк (40), жүз (100), миң (1000).



  • Эреже: Эки же андан көп негизден (сөздөн) куралып, бир маанини билдирген сандар татаал сан атооч деп аталат.

  • Жазуу эрежеси: Татаал сан атоочтор дайыма бөлөк-бөлөк жазылат.

  • Мисалдар:

    • Он бир (10+1)

    • Жыйырма беш (20+5)

    • Эки жүз элүү (200+50)

4. Маанилик түрлөрүнө сереп (4 мүнөт)

Окуучуларга сан атоочтун маанисине карай 6 түрү бар экенин схема түрүндө көрсөтөм:

  1. Эсептик: (Канча? Нече?) — беш, он.

  2. Иреттик: (Канчанчы?) — бешинчи, онунчу.

  3. Жамдама: (Нечөө?) — бешөө, алтоо.

  4. Болжолдоом: (Канчадай?) — элүүдөй, жүздөгөн.

  5. Топтук: (Канчадан?) — бештен, ондон.

  6. Ченем: (Бөлчөк) — бештен бир, эки бүтүн ондон беш.



III. Практикалык тапшырмалар (10 мүнөт)

  • "Топтук жарыш": Ар бир топко текст берилет, тексттен листке төмөнкү тиешелүү сөздөрд таап жазышат

    • Калпак тобу: Тексттеги жөнөкөй сан атоочторду табышат.

    • Комуз тобу: Татаал сан атоочторду табышат.

    • Шырдак тобу: Иреттик сан атоочторду табышат.

IV. Эс алуу мүнөтү: "Жандуу сандар" оюну (5 мүнөт)

Окуучулар ордунан турушат. Мугалим сан айтат:

  • Эгерде сан жөнөкөй болсо — кол чабышат.

  • Эгерде сан татаал болсо — колдорун өйдө көтөрүшөт.

  • Эгерде иреттик сан болсо (мисалы, үчүнчү) — бир жолу секиришет.

V. Бышыктоо үчүн суроолор (10 мүнөт)

Слайдда суроолор берилет, жооп беришет

VI. Баалоо жана Жыйынтыктоо (5 мүнөт)

  • Шыктандыруучу карточкалар: Сабакта активдүү катышкан окуучуларга баа коюлат

  • Рефлексия: "Бүгүн мен эмнени билдим?" - окуучулар бир сөз менен жооп беришет.

  • Үй тапшырма: "Менин үй-бүлөм сандар менен" деген темада 5 сүйлөмдөн турган чакан дилбаян жазуу (сан атоочтордун астын сызуу).