Предмети: Кыргыз тили Мамытова А.У.
6-класс
Сабактын темасы: Сан атоочтун бөлүнүшү.
Сабактын тиби:Кайталоо сабагы
Калыптандыруучу баалоонун техникалары: топ аралык баалоо,упайлар аркылуу баалоо
Мотивация-шыктандыруучу кѳнүгүүлѳр: жагымдуу маанай тартуулоо
Убакыт: 45 мүнөт.
Сабактын формасы: таймаш-сабак, активдүү, интерактивдүү, пассивдүү формалары жана ѳз алдынча, жуп менен, кичи топтордо иштөө;
Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун методдору интерактивдүү,блиц сурамжылоо,Венндин диаграммасы.
Сабактын жабдылышы, ка
ражаттар (ИКТ): компьютер, проектор, окуу китеби, ватман, маркерлер,скотч.
Сабакта шыктандыруучу окутуу чѳйрѳсүн түзүү: Психологиялык чѳйрѳ: топтор арасында бири-бирине жакшы маанай тартулоо. Физикалык чѳйрѳ: - Окуучулар топ менен иштөөгө «уй мүйүз» тартып отура турган социалдык форманы тандашат. Ал үчүн ар түрдүү кыймылдуу көнүгүүлөрдү ѳткѳрүү үчүн парталарды бош мейкиндиктерге ылайыктап, жайгаштыруу алдын ала даярдалат. Академиялык чѳйрѳ: уюштуруу, мугалим менен окуучунун ишмердиги (интеллектуалдык деңгээли), ѳз учурунда кайтарым байланышты берүү, калыптандыруучу баалоонун техникаларын колдонуу
| Максаттары: | Коюлган максаттан күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү (индикатору) |
Билим берүүчүлүк: Окуучулар сан атоочту сөз түркүмү катары билет жана талдайт | Эгерде окуучулар: Жөнөкөй жана татаал сан атоочторду айырмалай алышсаПК1,ПК2,НК1 Туунду жана тубаса сан атоочторду билишсе, ПК1,ПК2,НК1 Сан атоочтун жасалуу жолдорун айтып беришсе;ПК2,НК2 Сан атоочту маанилик түрлоргө ажыратышса.ПК2,НК2 |
Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимди тажырыйбада колдоно алат.Сан атоочту башка сөзт түркүмүнөн айырмалайт, салыштырат. | Берилген суроолорго туура так жооп берсе;ПК2,ПК,3,НК Текстик суроолорго жооп берүүдө билимине таянса;ПК3,НК3 Көнүгүүлөрдү аткарууда тыянак чыгара алса;ПК3,НК3. Интерактивдүү ыкмалардын негизинде иштей алса;ПК2,ПК3,НК2,НК3 |
Тарбия берүүчүлүк: Өз оюн, туура так айтышат,тапкычтыкка, тездикке ,топтун ичинде иштей алууга үйронүшөт | Берилген тапшырмалардын негизинде өз позициясын коргой алышса;ПК2,ПК3,НК3 Топ менен ишөөдө бири -бирнин оюн уга билишсе.ПК2,НК3 |
(НК) - НЕГИЗГИ ( ТҮЙҮНДҮҮ) КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТѲР
НК1: 1. Маалыматтык– көп маалыматтан эң керектүүсүн табуу, иргеп, тандай билген, колдоно алган, ѳздүк билим алуу, аны колдоно билүү көндүмдөрү (1-бап,12-берене, 17-берене, 19- берене, 1-пункт ; 20- берене; 21-берене);
НК2: 2. Социалдык-коммуникативдик(карым-катнаштык) - чөйрөгө ийкемдешип алака түзө алган, адамдар менен сүйлөшө билүү, социалдык баалуулуктарды ажыратуу, коммуникативдик көндүмдөрү(1-бап,12-берене, 17-берене, 19- берене, 2-пункт; 22- берене);
НК3: 3. Өзүн-өзү уюштуруу жана учурунда кырдаалга карата көйгөйлөрдү чечүү, анын келип чыгыш себептерин, натыйжаларын аңдап, маселени өз алдынча чече билүү(1-бап,12-берене, 17-берене, 19- берене,3-пункт; 23- берене);
(ПК) - Предметтик компетенттүүлүктөр
Кыргыз тили (эне тили) предметинин компетенттүүлүктөрү
(ПК1). Тил таануучулук(кеп ишмердүүлүгүнүн 4түрү)
(ПК2). Кептик (тил жана кеп кубулуштарын адабий тилде баарлаша билүү)
(ПК3). Маданият таануучулук билүүчүлүк
Г.Гарднердин кѳп түрдүү акыл-эс жѳндѳмдүүлүгү теориясы. 1. Лингвистикалык -вербалдык –; 2. Логикалык-
математикалык 3. Мейкиндиктик - визуалдык -; 4. Кыймыл-аракеттик – кинестетикалык; 5. Музыкалык –ыргактуу
(ритмдүү); 6. Өз ара инСындык интеллект; 7. Өздүк ички инСындык –экзистенциялык интеллект; 8. Натуралисттик;
Б.Блумдун таксономиясы: 1. Билим, 2. Түшүнүү, 3.Колдонуу, 4.Талдоо-анализ, 5.Топтоо-синтез, 6. Баалоо.
7. Чыгармачылык
Баалоонун техникалары:
| Сабактын этаптары | Убак-тысы | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети | НК, ПК | Б.Блумдун таксономиясы; Г.Гарднердин теориясы; Калыптандыруучу баалоонун техникалары |
| Уюштуруу/ Мотивация Окуучулардын билимин актуалдаштыруу | 2 мүн. | Саламатсыңарбы балдар! Бүгүн сиздер менен сан атоочтүн түрлөрүн кайталайбыз. Кана бири-бирибизге сандардын жагымдуу маанай арнайлычы! | Окуучулар партада бири бирин карап жуп болуп олтурушат. Жуптагы окуучулар бири-бирине сандар аркылуу калоо- тилек жагымдуу маанай каалашат.Мисалы:1- сиздерге узун өмүр,2-таза көңүл,3-терең билим,4-сабактагы ийгилик. Ар бир партадан төрттөн окуучу бири-бирине ушундай жагымдуу сөздөрдү арнашат. Маанайды кѳтѳргѳн негизги сѳздѳрдү флипчартка же доскага жазат. | НК2 ПК3 |
| «Оргиналдуу,сандар аркылуу каалоо-тилек айттуу», «Жуп менен иштѳѳ» |
| Үй тапшырмасын текшерүү, таяныч билимдерин кайталап, калыбына келтирүү | 3 мүн. | Бири-бирин текшерүү аркылуу уюштурулат. Блиц-сурамжылоо: Комуздун кылынын саны. Манастын биринчи осуяты Алты нөлдон турган сан Ж.баласагын жашаган кылым Көчмөндордүн дүйнөлүк 2- оюну өткөрүлгөн жыл Кыргызстандагы облустардын саны Жыл тогошкон күн Кыргыз деген ат белгилүү болгон кылым. | Үй тапшырмасын боюнча суроолорго жооп беришет. Сан атооч боюнча таяныч билимдерин кайталап, жалпылашат, Суроолорго жооп берүү менен логикасын өстүрүшөт. Окуучулар суроолорго жооп берүү аркылуу жоопторундагы сан атоочтор түрү боюнча кайсы сан атоочтор экениин аңдап түшүнүшөт. | НК1, ПК1 | Билүү. Түшүнүү |
| Сабактын темасы, максаты, милдеттери жана күтүлүүчү натыйжаларды билдирүү, тааныштыруу, талкуулоо; Окуучуларды окуу ишмердигине шыктандырып, даярдоо | | Мугалим классты 3 топко бөлүп,ар бир топ өзүнө ат коет,сабак таймаш түрүндө “Бирөө баардыгы үчүн,баардыгы бирөө үчүн!”деген ураандын негизинде өтө тургандыгын эскертет. | Окуучулар мугалимдин айтуусу менен 3 топко бөлүнүшөт. Ар бир топ өзүно ат коет,мугалим белгилеген ураан менен топтун атын атап чечмелеп беришет. | НК2,НК3 ПК2,ПК3 | Билүү. Түшүнүү. Колдонуу. “Топко ат коюу” |
| Өтүлгөн теманы кайталоодо сан атоочту сөз түркүмү катары мүнөздөмөсүн аңдап түшүнүүсү,берилген тапшырмаларда аныктап,тактап, далилдеп берүүсү. | 20 мүн | Мугалим ар бир топко индивидуалдуу тапшырмаларды берет. Топтордо окуучулардын иштөөсүн көзөмөлгө алат. Тапшырманын критерийин берет. Мисалы,1- топко ссан атоочтор катышканг макалдарды табуу менен, сан атоочтун маанисине карай бөлүнушүн айтып беришет, 2- топ сан атооч катышкан жаңылмачты такалбай айтып берүүсү керек,ал эми 3- топко сан атоотор катышкан табышмактарды таап жандырмагын айтып беришет,натыйжада кантип бааланат түшүндүрѳт. Критерий-талап конкреттүү, ѳлчѳнүүгѳ ыңгайлуу болуш керек. | Окуучулар мугалим берген тапшырманы так ,туура аткарганга аракет кылышат. 1-топ Сан атооч катышкан макалдарды жазып,сан атоочтун кайсы түрү экенин аныкташат. 2-топ Сан атоочтор катышкан жаңылмачтарды такалбай айтып берүүгө аракеттенишет 3-топ Сан атоочтор катышкан табышмактарды таап,жандырмагын айтып берет. 2-тапшырма Цифралар суйлөйт: 1-топ. Тарыхый даталар: 1992-5-03,1992-18-12,1994-14-1,1989-23-09. 2- топ майрамдар: 1-01,7-01,23-02,08-03,07-04,05-05,09-05,1-06,31-08. 3-топ Акча бирдиктери: 1,5,10,20,50,100,200,500,1000.(тарыхый инсандар эмнеси менен таанылгандыгын айтышат). 3-тапшырма: 1-топ Жөнөкөй жана татаал сан атоочтордун айырмачылыктарын Венндин диаграммасын колдонуп жазгыла. 2-топ Сан атоочтун синтаксистик жол менен жасалышын мисалдар менен далилдегиле 3-топ Сан атоочтун морфологиялык жол менен жасалышын жазып корсоткуло Сан атоочтун жазуу эрежелери: Ротация ыкмасы колдонулат. Барактар дубалдарга илинет. Ар бир топ суроолор боюнча билген жоопторун жазышат. 1-баракка жөнөкөй сан атоочтор кандай жазылат 2-баракка иретти көрсөтүүчү цифра менен сөздүн ортосунда эмне коюлат? 3- баракка -оо,-өө мүчөсү сан атоочко уланганда кандай жазылат? Ар бир топ өзүнүн тапшырмасын презинтациялайт | НК2,НК3 НК3 ПК1,ПК3 ПК1,ПК3 НК1,НК2 | Лингвистикалык-вербалдык “Цифралар суйлойт” “Ѳзүн-ѳзү баалоо” «Жуп менен иш» Топ менен иш |
| Билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу | 5мүн. | Бул иш-аракетке, максатка жетүү үчүн окуучулардын алган билимин, көндүмүн, натыйжаны аныктоо жана маанайын, көңүлүн, сезимдерин билүү жана теманы талкуулоо, бышыктоо, калыптандыруучу баалоо үчүн талкуулоо суроолор берилет Окуучулардын билимин баалоодо төмөндөгүлөр эске алынат: Теориялык маалыматтуулугу Үйрөнгөнүн тажырыйбада (көнүгүү иштөөдө)колдоно алышы Өз алдынча чыгармачылык менен иштөөсү Орфографиялык сабаттуулугу. | Балдар силер кандай сандарды окудуңар? Жооп: экиден бир,жүздөн беш,ондон жети Математикада кайсы сан биринчи айтылат? Жооп: алымы биринчи болүмү экинчи айтылат. Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет,өз маанайын , көз караштарын билдиришет Бул иш аракетте окуучулардын алган билимин, көндүмүн жана маанайын, көңүлүн, сезимдерин билүү жана теманы талкуулоо үчүн берилүүчү жогорку деңгээлдеги концептуалдык «ачык» суроолорго: Бул иш-аракеттен силерди таң калтырган, кызыктырган кандай жаңы маалыматтар кездешти? аркылуу максатка жетүү үчүн берилүүчү ж.б. суроолорго ар түрдүү ѳз ойлорун айтып, жооп беришет.; | ПК3 ПК2 НК2 | “Оозеки кайтарым байланыш” Анализ Баалоо Чыгармачылык Калыптандыруучу баалоонун суроолору |
| Билимдерди бышыктоо жана аларды биринчи жолу колдонуу | | 3 мүнөттүк сөздүк жат жазуу жазышат. Жат жазуунун критерийи:берилген сан атоочторду бардык жазуу эрежесине таянып так туура жазуу. | Сан атоочтор кандай жазыларын эске алып берилген сан атоочторду туура жазышат. Ѳз жат жазуулары менен таанышып, талкуулашат. | | Үч мүнөттүк сөздүкк жат жазуу” “Жазуу түрүндѳгү кайтарым байланыш” |
| Сабактын жыйынтыгын чыгаруу жана үйгѳ тапшырма берүү | 8 мүн. | Окуучулар: Бүгүн эң маанилүү эмнелерди билдиңер? Эмнелерге машыктык? суроолорго Топто оозеки талкуулап, жалпы класста талкуулашат. Мугалим менен бирдикте корутундулашат. | НК3 ПК3 НК3 | Лингвистикалык Колдонуу “Өздүк ички экзистенциялык интеллект Баалоо. Чыгармачылык Өз ара инСындык интеллект; |
| -Бүгүнкү сабакта кандай жаңы маалымат алдыңар жана эмне маанилүү болду? Келгиле, эмесе, сабактын башталышында койгон максаттарыбызга, күтүлүүчү натыйжага жеттикпи, тактайлы, баалайлы. | Сабактын башталышына койгон максаттарды, күтүлүүчү натыйжаны кайрадан такташат. Кээ бир максатка толук жетпей калдык го деген күмөндүү маалыматтарды талдап, үйдөн кошумчалоо сунушталат. |
Сан атоочтор төмөндөгүдөй жазылат:
Жөнөкөй сандар айрым жазылат:бир,эки,алтымыш,токсон ж.б
Миллион,миллиард,триллион,триллиард деген эсептик сандарга -лл катар жазылат.
Эсептик сандарга мүчө уланганда сан менен бирге жазылат:отузча,кырктай,жүздөйж.б
Сөздүк жат жазуу
Алты миң алты жүз,беш миллион,эки миллиард сексен миң,эки триллион,төрт триллиард,бир миң тогуз жүз отуз тогуз,жетинчи,№7 мектеп,жүздөн ашуун,кыркка жакын,бештей, сегизче,үч бүтүн ондон беш, төрттөн эки, тогуз чамалуу.