Тамгалардан башталган табышмактар “К” тамгасы
Балапан басып чыгарбаган канаттуу (күкүк).
Салмактын чен бирдиги (килограмм).
Моторлуу кайык (катер).
Баласын аппагым деп эркелеткен канаттуу (карга).
Эки бир тууган бири-бирин көрбөйт (көз).
Абайла ага тийбе, үстү толо ийне (кирпи).
Кактан кайнатылган суусундук (компот).
Кымыз куйган идиштин аты (көөкөр).
Багытты эмне менен аныктайбыз? (компас)
Бөрү деген сөздүн синоними (карышкыр).
Алайдан чыккан датка айым (Курманжан).
Сегизден беш эсе чоң сан кайсы? (кырк)
Кар тилеген кайсы канаттуу? (карга)
Улуттук суусундук (кымыз).
Эң суук мезгил (кыш).
Ысык-Көл областынын борбору (Каракол).
Жакыр деген сөздүн мааниси (кедей).
Карынын кебин . . . сал (капка).
Светафордун кайсы сигналы бийик турат? (кызыл).
“А” тамгасы
“А”дан баштап үйрөткөн, тамгаларды сүйлөткөн (алиппе).
Малга жем дан өсүмдүгү (арпа).
Кыргыз тилинде канча созулма үндүү бар? (алты)
Бир саатта канча минута бар? (алтымыш)
Отуздун бештен бир бөлүгү (алты).
Жирафтын кыргызча аталышы (акыра).
Керемет көчтөгү Акылайдын досу (Актан).
Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? (алты)
Кумдан эмне чыгарууга болот? (айнек)
Эмне адамдын канаты? (ат)
Манас баатырдын минген аты (аккула).
Кыргызтандын гимни кайсы сөздөн башталат? (ак)
Кышында көлгө учуп келген канаттуу (ак куу).
Сүттөн жасалган тамак (айран).
Алга деген сөздүн антоними (артка).
Атка чегилүүчү жүк унаасы (араба).
Жыпар жыттуу суюктук (атыр).
Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык ... (ак жоолук).
Циркте эң татаал номерди аткаруучу (акробат).
Бир минутада канча секунда бар? (алтымыш).
Эң биринчи кайсы тамганы үйрөнөбүз? (А).
Кандуу жемиш (анар).
Мойну узун жаныбар (акыра).
Гүлдун жыйнап ширесин тынбай учуп жүрөт (аары).
“К” тамгасы
Коломтодон от өчсө үйдөн эмне качат? (кут)
Таң менен кошо ойгонгон, башкаларды да ойготкон (короз)
Күндү дайым урматтаган өсүмдүк (күн карама)
Ийнеси бар жонунда (кирпи)
Жылкынын сүтүнөн эмне суусундук жасалат? (кымыз)
Түгөйүн издеп үн салган куштун аты (күкүк).
Носорогдун кыргызча аталышы (керик).
Антошка деген ырда кайсы жашылчаны казууга чакырат? (картошка)
Кайсы белгилүү суусундукка нан кошулат? (квас)
Улакты талаша турган улуттук оюн (көк бөрү).
Аянтты табуу үчүн эки жагынын узундугун (көбөйт).
Ар кимди тойгузат, өзү тамак жебейт (кашык).
Күн чыкканда ээрчип алат, күн батканда жоголуп кетет (көлөкө).
Кандай үйдө кыл жатпайт? (кыздуу)
Ат жалына . . . ас (казан)
Балдар кардан эмне жасашат? (кар киши)
Беш тентек мультфильми кайсы өлкөгө таандык? (Кыргызтан)
Жашайт булар уюкта, жалкоолонбойт жумушка (кумурска).
Чапан кийген ийнеден, чыр чатакты билбеген (кирпи)
Кес кес десең куйругун, кесип качып кутулат (кескелдирик)
“Ж” тамгасы
Жарыктан качкан канаттуу (жарканат).
Кун желесинин канча түсү бар? (жети)
Кайсы куш башын ылдый каратып уктайт? (жарканат)
Кыргызстанда канча область бар? (жети)
Кыргызстанда океан барбы? (жок)
Бир кылымда канча жыл бар? (жүз)
Бир жумада канча күн бар? (жети)
Бир суткада канча күн бар? (24)
Манастын атасынын аты (Жакып)
Эң ысык мезгил (жай)
Жаз менен жай эмнеден башталат (Ж тамгадан)
Ата-энесинен ажыраган бала (жетим)
Бышырса аш болот, бышырбаса куш болот (жумуртка)
Казы-карта, чучук кайсы жаныбардын этинен жасалат (жылкы)
Жакшы деген сөздүн антоними (жаман)
Жаралыптыр буту жок, жылып жүрөт боортоктоп (жылан)
“Б” тамгасы
Окуучунун алган эң жогорку баасы (беш)
Мауглини баккан аюу (Балу)
Кыргыз тилиндеги үчүнчү жөндөмө (барыш)
Кыргыздын улуттук тамагы (беш бармак)
Кыргызстандын борбор шаары (Бишкек)
Шректин кайнатасы кайсы жаныбарга айланат? (бака)
Жомоктогу жыгачтан жасалган мурду узун каарман ким? (Буратино)
Түлкүнүн баласы кандай аталат? (бачики)
Белгилүү кыргыз балеринасы (Бүбүсара Бейшеналиева)
Жер астынан чыккан суу (булак)
Балдарга анрналган журнал (Байчечекей).
Ырчыларды кайсы кушка салыштырышат? (булбул)
Көз коркок, кол . . . (баатыр)
Том менен Джерри мультигиндеги көп кездешкен
Ымыркайды бөлөп терметүүчү буюм (бешик)
Кенгурунун кыргызча аталышы (бөрсө)
Карышкырдын баласы кандай аталат? (бөлтүрүк)
Аары чогулткан таттуу азык (бал)
Кайсы куш бийик аскага уя салат? (бүркүт)
Жапыз деген сөздүн антоними (бийик)
Тик бурчтуктун бир бурчун кесип койсо канча бурч калат? (беш)
Кымыз кайсы жаныбардын сүтүнөн жасалат? (бээ)
Боз үйдүн түндүгүн көтөргөн эмне? (бакан)
Доскага эмне менен жазабыз? (бор)
“Т” тамгасы
Тоону тешип салынган жол (туннель).
Апаңдын атасы сага ким болот? (таята)
Манас ордосу кайсы областта? (Талас)
Кыргыз тилиндеги төртүнчү жөндөмө (табыш)
Туулган жердин эмнеси алтын? (топурагы)
Тоо булбулу – акын . . . (Токтогул)
18 дин жарымы (тогуз)
Феялар кандай сыйкырдуу аспап колдонушат? (таякча)
Токойду курт-кумурскалардан тазалаган канаттуу (тоңкулдак).
Алп кара куш, чай-пай, Ысык-Көл булар кандай сөздөр? (кошмок)
Аңчынын күлүк ити (тайган).
Эң чоң үч орундуу сан (999)
Ун тартылуучу ишкана (тегирмен).
Жүнү узун бодо мал (топоз).
Жер алдынан алынуучу отун (таш көмүр)
Чочконун баласы (торопой)
Эшектин баласы (такай)
Эсептерди чыгарууда канча амал колдонобуз? (төрт)
Дарбазанын астынан тооктун сегиз буту көрүндү, канча тоок бар? (төрт)
Тендемени чыгарууда эмнени табабыз? (тамырын)
Өзү ачуу тамакка салсаң таттуу (туз).
Буту бар, башы бар, аркасында ташы бар (ташбака).
Бири-бири менен байланышуучу буюм (телефон)
Атка кагылат, бул эмне? (така)