СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санарип сабаттуулук

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Санарип сабаттуулук»

Санариптик сабаттуулук- сапаттуу келечектин негизи

  1.  

 

  1. Санарип деген эмне, санариптештирүү түшүнүгү

Заманбап дүйнөнүн келбети күн сайын өзгөрүүдө: эгер өткөн 2 кылым өнөр-жайдын өсүү кылымы болсо, 21-кылым маалыматтык технологиялардын жана санариптештирүүнүн гүлдөө мезгили.

Мазмуну

  • Санариптештирүү деген эмне: жөнөкөй сөз менен

  • Санариптештирүү ар кайсы чөйрөлөрдө

    • Билим берүүдө

    • Медицинада

    • Курулушта

    • Айыл-чарбасында

    • Экономикада

    • Бизнесте

  • Кыргызстандагы санариптештирүү

  • Санариптештүү менен маалыматташтыруунун айырмачылыгы

  • Оң жана терс жактары

    • Оң жактары

    • Терс жактары

Санариптештирүү деген эмне: жөнөкөй сөз менен

Аныктама. Санариптештирүү – бул санарип технологияларын жашоонун ар тармактарында киргизүү: өнөр-жай, экономика, билим берүү, маданият, кызмат көрсөтүү, тейлөө, мамлекеттик башкаруу ж. б.

Бул көрүнүш маалымат технологияларынын, микроэлектроника жана коммуникациянын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тез өнүгүүсү менен түшүндүрүлөт. Санариптештирүү глобалдык процесс болуп, жер планетасын уламдан-улам өзүнө багындырып, мейкиндик артта калууда.

Санариптештирүү процессинин негизин заманбап турмушта көбүн эсе интернет түзүүдө. Глобалдык желеге маалымат берүү түрдүү гаджеттердин киргизүү түзүлүшү менен ишке ашырылат.

Санариптештирүү ар кайсы чөйрөлөрдө

Санарип технологиялар адамдарды ар тараптан курчап турат: алар ар бир заманбап үйдө, мекемеде, ишканаларда, заводдордо, ооруканаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда бар. Түрдүү технологиялар кошумча жана виртуалдуу реалдуулуктар машиналык үйрөтүүдө, робототехникада, 3D басып чыгарууда, жасалма интеллект (нейро тармак иштөө негизи), саламаттыкты сактоо, илимий изилдөөлөр, айыл чарба чөйрөлөрүндө колдонулат.

Окумуштуулардын ою боюнча санарип технологиялар жыл сайын геометриялык прогрессияда өсүүдө жана өсө бермекчи.

Мындай коом жашоосунун өзгөрүүсү санариптештирүү процесси дүйнөнү канчалык денгээлде өзүнө тартканын түшүнүүгө жардам берет.

Билим берүүдөгү санариптештирүү

Учурда көптөгөн билим берүү мекемелери, окуу процессин тагыраак, ачыгыраак, эффективдүүрөөк кылуу максатында санарип технологияларын колдонууда. Деги эле агартуу тармагындагы санариптештирүү электрондук билим алуу системасына өтүү дегенди билдирет.

Бардык окуу материалдары (жыйнактар, көнүгүүлөр, китептер), ошондой эле журналдар жана күндөлүктөр акырындан онлайн режимине өтүүдө. Көнүп калган дептерлердин ордуна тапшырмалар компьютерлерде жана планшеттерде аткарылууда. Биздин өлкөдө дагы аз-аздан ушундай көрүнүштөр байкалат. Мугалим кесиби алда-канча өзгөрүп, балдар материалдарды өзүлөрү үйрөнүп, аймактарда электрондук мектептердин пайда болуу жагына ооп барууда.

Медицинадагы санарип

Аз айлык маяна, персоналдын жетишсиздиги, тейлөөнүн төмөндүгү, маалыматтын жетишсиздиги, түрдүү коррупциялык схемалар өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын негизги көйгөйлөрүнүн бири. Тармакка жаңы технологияларды киргизүү абалды жакшыртууга жардам берет.

Башкы багыт - электрондук кабыл алуулар, аралыктан бейтаптын абалын байкоо, атайын алгоритмдер жана программалык жабыктар аркылуу диагнозду так коюуу жана дарылоо.

Андан тышкары, бейтаптын электрондук картасын киргизүү анын оорулар тарыхына жакшы мүмкүндүк бермекчи: каттоодого медициналык карточкалар таппай убакыт үнөмдөлүп, жыл сайын китепчелерге сарпталуучу кагаздарга кеткен каражаттар азаяь эле.

Курулуштагы санариптештирүү

Курулуштагы санариптештирүү көп өлкөлөрдө өтө жогорку денгээлде жүрүүдө. Дүйнө курулуш тармагында 5-10 жылда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр күтүлүүдө:

  1. Күн панелдери, коллекторлору үй жылытып, электр энергиясын иштеп чыгуусу.

  2. Оор жүк ташуучу унаалардын GPS-трекерлери унаанын кайда жүргөнүн баамдап, чек арага жакындаганда жүйөөсүз текшерүүлөрдү жүргүзбөй өткөрүү.

  3. Өнөр-жай учкучу жок аппараттар, дрондор геодезиялык жана топографиялык сүрөттөрдү тартып, түрдүү иштерди башкарууга көмөктөшөт.

  4. Имараттардын голограммасы курулуштагы эсептөөлөрдү жеңилдетиши мүмкүн.

  5. Роботтоштурулган жүктөгүчтөр, экскаваторлор, айдоочусуз унаалар, автоматтык крандар жана бургулоо орнотмолору.

  6. 200 килограммга чейин жүк көтөрүүчү адам экзоскелеттери.

  7. Үйдүн дубалдарын, сантехникалык шаймандарды, терезелерди жана башка имарат элементтерин печаттоочу 3D-принтерлер.

Ушундай технологиялар биздин өлкөдө жакынкы жылдарда киргизилсе имарат салуу иши дагы өтө сапаттуу жана тез болоор эле.

Айыл-чарбасында

Кыргызстандын деги эле планетабыздын тынымсыз өсүп жаткан калкы ири көлөмдөгү ресурстарга муктаж. Ошондуктан айыл чарбасын санариптештирүү - олуттуу жана зарыл кадам. Өнүккөн өлкөлөр заманбап техника прогрессинин артыкчылыктарын тынымсыз колдонууда.

Эксперттердин баамдоосу боюнча 2020-жылы түшүм өстүрүү жана чогултуу процесси дүйнө экономикасынын 25%ын санариптештирүү технологиялары алып барат деген божомолдор бар экен.

Акылдуу күнөсканалар, фермалар чыгашаларды азайтып, кирешени көбөйтмөкчү. Мунун баары жумушчулардын санын оптималдаштырып, суу, энергия жана башка ресурстарга аяр мамиле жасоого жардамын берет.

Экономикадагы санариптештирүү

Дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөбүздө санариптештирүүнүн негизги чөйрөсү - экономика болуп саналат.

Экономикалык өнүгүү өзүнө 3 баскычты камтыйт:

  1. Агрардык.

  2. Индустриалдык.

  3. Постиндустриалдык.

Бүгүнкү күндө "санарип" экономиканын жаңы тармагы десек болот. Мындай экономика (ошондой эле веб, электрондук) - бул чарба иштеринин негизги маалымат массасы санарип ыкмалар менен иштетилет.

Алардын көрүнүштөрү - онлайн кызматтар, интернет соода-сатык, электрондук төлөмдөр, краудфандинг, интернет жарнама, электрондук иш-кагаз айлантуу ж. б. Мындай формат кызматтарга жана өндүрүмдөргө ыкчам жана оңой мүмкүндүк алууга жол берет.

Өкмөт кызматтарын үйдөн чыкпай буйрутма кылып, дароо төлөмдөрдү жүргүзүп, убакыт үнөмдөлмөкчү.

Бизнестеги санарип

Жаңы технологияларды "ишкерлик" тармакта колдонуу оптимизациянын, тактыктын жогорулашы жана иштин эффективдүүлүгү технологиялык жылышка көмөктөшөт. Бизнести санариптештирүү - ишканалардын электрондук платформага өтүүсү.

Өтүүнүн 3 баскычы:

  1. Автоматташтыруу – тапшырмаларды адамдардан, кагаздардан түзүлүштөргө, электрондук сактоо системаларына, иштетүүгө өткөрүү.

  2. Санариптештирүү – процесстерди электрондук экономика шарттарына тууралоо максатында оптимизациялоо.

  3. Санарип трансформация - бизнести башкаруунун бардык системасын өзгөртүү: ишкананын өндүрүү ыкмаларынан баштап экономикалык стратегиясына чейин.

Санариптештирүүнүн бизнестеги артыкчылыктары:

  • Кампалардагы калдыктарды башкаруунун оңойлугу.

  • Түрдүү категориядагы кардарларды персоналдаштыруу.

  • Келишим, бүтүмдөрдү ишке ашыруудагы жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук.

  • Аналитиканын кеңири мүмкүндүктөрү.

  • Маркетингдин түздүгү.

Ишканалар жана компаниялардын бардыгы электрондук технологияларды өндүрүмгө киргизүүгө даяр эмес. Бирок, акырындык менен тапшырмалардын бөлүгүн технологияларга өткөрүү менен электрондук технологиялардын артыкчылыктарын түшүнүүдө.

Тоскоолдуктардын негизгиси катары технологиялардын баасы болууда. Бирок, санариптештирүүгө кеткен чыгымдар шартка ылайык өндүрүмдүн биринчи айларында акталууда. Ишкананын түзүмүн санариптештирүү аны атаандаштыкка туруктуу, заманбап жана ишенимдүү кылат.

Кыргызстандагы санариптештирүү

Эксперттердин анализи боюнча Кыргыз Республикасы экономика жана башка тармактарында "санарип өлкө" дегенден азырынча алыс. Бирок мындагы жылыштар алдыңкы Турция, Норвегия, Франция, Швейцария, Швеция сыяктуу өлкөлөрдү кууп жетет деген мүмкүндүгү толук бар. Лидер өлкөлөрдүн катарына АКШ, Дания, Улуу Британия, Гонконг, Түштүк Корея. Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия мында 39-орунда (2020).

Учурда активдүү санариптештирүү интернет, иш-кагаздар, жеңил өнөр-жай, соода-сатык, кызмат көрсөтүү тармактарында жүрүүдө.

Санариптештүү менен маалыматташтыруунун айырмачылыгы

Маалымат технологияларын коомдук жашоонун ар тармактарына киргизүүдө көп учурда "маалыматташтыруу" термини колдонулат. Санариптештирүү менен кандай айырмасы бар? Өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй:

  • Санарип система иш-аракеттердин көз карандысыздыгына ээ.

  • Анализдеп, божомолдоп, маселе чечүүнүн оптималдуу ыкмасын тандайт.

  • Колдонуучу койгон тапшырмаларды аткарат.

Башкача айтканда санарип система машинага караганда өнүккөн обьект, бирок жасалма интеллектен төмөн турат.

Мисалы, ишкана интернети бар компьютерлер менен жабдылышы мүмкүн, анда муну маалыматташтырылган деп айтууга болот, бирок санариптештрилген деп айтуу болбойт. Качан технологиялар болушунча көбүрөөк пайда алуу максатында системалык жана бүтүн колдонула баштаганда, ал санариптештирилген болот.

Башка учур. Электрондук китептер - маалыматташтыруу мисалы. Ал эми санариптештирүү - конкреттүү колдонуучуга ылайыкташуучу интерактивдүү басылмалар жана системалар болот.

Оң жана терс жактары

Коомду санариптештирүү, маалыматташтыруу башка заманбап тенденциялар сыяктуу эле түрдүү кабыл алынат.

Оң жактары

Көрүнүштүн башкы наркы - товар же кызматтарды алуунун жөнөкөйлүгү жана тактыгы, иш процесстеринин автоматаштырылуусу, адам факторунун таасирин азайтуу. Маалыматтарды электрондук форматта сактоонун натыйжасында көптөгөн кагаз-документтерден арылтат.

Ишкерликте пайдалуу иш жүргүзүүгө көмөктөшүп, жумуш күчтөрүн үнөмдөйт, анализ жана божомол мүмкүндүктөрүн берет. Технологияны киргизүүдөгү чыгымдар, туура колдонгондо тез акталат.

Терс жактары

Тилекке каршы терс жактары дагы бары.

Эң биринчиси, технологияларды киргизүүдө көптөгөн адамдар жумушсуз калцуу ыктымалы, мисалы, кассир-сатуучулар, көптөгөн банк жана өкмөт кызматкерлери, бухгалтерлер, операторлор, супервайзер ж. б. ушул сыяктуу компьютерге байланыштуу кесиптер. Ошентсе да, эксперттер жакынкы жылдары машиналар адамдардын ордун баспайт дегени менен, келечекте адам жасаган жумуштар азайгандан-азая бермекчи.

Адамдардын санарип торуна кабылуу фактору дагы тынчсыздандырат. Кеп гаджеттерден көз каранды болуушунда эмес. Адам жөнүндөгү маалыматтар электрондук ыкмада сакталып ал башка бирөөнүн колуна түшүп калуусу мүмкүн. Бирок коркпой эле койсок болот, жеке маалыматтар эбак эле социалдык тармактарга, түрдүү сайттарга өтүп кеткен. Жана аны биз өз колубуз менен жасаганбыз.

Ушундай эле абал коммерциялык ишканаларга тиешелүү. Тармакка кошулуу менен ою бузуктар зыяндуу программалардын жардамы менен баалуу маалыматтарды уурдап кетиши мүмкүн. Маалыматты коргоо үчүн кошумча коргонуу чаралары зарыл болот.

Адамдардын техникалык жактан сабатсыздыгы - бул дагы кемчилик. Технологиялардын максималдуу эффективдүүлүгүн камсыздандыруу үчүн бардыгы эле аны үйрөнүүгө даяр эмес.

Жана акыркысы, электрондук сактоодо түзүлүштөрдүн техникалык бузулуусу да тобокелдикке коет. Албетте, каалайбызбы же каалабайбызбы бул заман талабы. Ошондуктан жаман жактарын ойлобой жакшы жагын ойлосок сөзсүз ийгилик коштомокчу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!