5-6- класстар үчүн топтордо иштөө. Балдар, биз IT-технологияларынын жардамы менен көптөгөн маселелерди чечүүгө болоруна токтолдук, бирок мында ар кандай көйгөйлөр да жаралбай койбойт экен. Санарип технологияларын жашообузга киргизүүдө ар бирибизди кандай коркунуч күтүшү мүмкүн? – адамдарды компьютерге алмаштыруу, жумуш орундарынын кыскарышы; – акча каражаттарын уурдоо; – жеке маалыматтарды уурдоо; – хакерлердин иш- аракети; – террористтик уюмдарга жана ар түрдүү секталарга адамдарды тартуу үчүн интернетти колдонуу – жалган маалыматты таратуу (“фейк маалыматтары”); – компьютердик вирустардын ж.б. айынан маалыматтарды жоготуу. Келгиле, биз бүгүн силер менен эмне кылганда Интернетти колдонуу коопсуз болорун түшүнүүгө аракет жасайбыз. Класс топторго бөлүнөт, ар бир топ 3 суроого жооп берет: 1. Интернетте эмне кылууга болот? 2. Интернетте эмне кылууга болбойт? 3. Интернетте иштөөдө кандай эрежелерди колдоном? Топтор ишин презентациялагандан кийин аларды тактага/ маалымат тактасына илип, балдарга “Эскерткич” таркатылат. « Интернетти колдонуунун жалпы коопсуздук эрежеси»: 1. Интернетке кошулуунун алдында компьютердин вируска каршы коргонуусунун күйгүзүлгөнүн текшергиле. Программалык камсыздоону коргоо версиясын жаңылагыла (керек болгон учурда); 2. Компьютерге зыяндуу файлдарды жүктөөгө алып келүүчү гиперссылкаларды активдештирбегиле: 3. Компьютерге тааныш эмес веб – сайттардан программалык камсыздоону орнотпогула; 4. Тааныш эмес веб – сайттарга жайгаштырылган баннерлерди (рекламалык же көңүл ачуу мүнөздөгү) активдештирбегиле; 5. Эгерде электрондук почта аркылуу жөнөтүүчү силерге тааныш эмес болсо, ал жөнөткөн файлдарды ачпагыла; 6. Интернетте өздүк маалыматыңар менен бөлүшпөгүлө; 7. Колдонуучунун атын, пароль талап кылган корголгон сайттарды колдонгула. Пароль тамга жана сандан турган, 8ден кем эмес символдордон туруусу керек. Ал көпчүлүккө белгилүү жөнөкөй сөздөн же даталардан болбоосу зарыл; 8. Интернет аркылуу таанышкан адам менен жолугууга көнбөңүз, сүрөтүңүздү жөнөтпөңүз, өзүңүз тууралуу маалымат (толук аты- жөнүңүз, дарегиңиз, мектебиңиз, сабактарыңыздын жүгүртмөсү, үй- бүлөңүз ж.б.) бербеңиз; Бул эрежелерди окуучулар бүт окуу жылы бою сактоого тийиш Эгерде убакыт болсо, сабакты бышыктоо үчүн Интернет тармагындагы коопсуздук жөнүндө видеороликти көрсөтүүгө болот. https://www.youtube.com/watch?v=i3ari42l4ac |