СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санариптештируу жылы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Санариптештируу жылы»

«АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ»  жылына карата жазылган  менин ой толгоом

Былтыркы 2018-жылы Президентибиз С.Жээнбековдун жарлыгы менен «Аймактарды өнүктүрүү» жылы деп жарыялананып, республикабыздын алыскы айыл аймактарын өнүктүрүүнүн үстүндө бир катар иштер жүргөн. Ушул аймактарды өнүктүрүү жылында менин айылым Кажы-Сай айылы дагы четте калган жок. Айылыбыздын ичинде жаӊыланууга багытталган бир катар иштер жүрүп, жалпы айылдын ичинде өнүгүүгө болгон кадамдар бар. Алсак трасса, тратуарлар, кичинекей бөбөктөргө арналган атайын балдар аянтчалары, жеке ишкерлер өзүлөрүнүн долбоорлорун ишке ашырышып, аймактарды өнүктүрүүдө салымдарын кошууда. Айылдын тургундарынын коопсуздугун алдын алуу максатында борбордук көчөбүзгө жана мектепке видео-байкоо орнотулду.

Өзүм окуп, билим алып, тарбияланып жаткан А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясы дагы жаӊылануулар болуп жатат. Быйыл жергиликтүү депутаттардын демилгеси менен мектебибиз жаӊы компьютерлер менен камсыздалып, учурда окуучулар информатика сабагын компьютерди практика жүзүндө окуп-үйрөнүшүүдө. Бул биздин компьютердик билим алууда жакшы өбөлгө десем жаӊылышпайм.

«Кумтөр» алтын кенин иштеткен ишканасында кызмат кылган жергиликтүү жумушчулар мектеп окуучуларына, спорт сүйүүчүлөрүнө спорттук аянтчага футбол ойноо үчүн газон жасап беришти. Мектептин окуучуларын, айылдын жаштарын бош убактыларын спортко кызыктыруу, ден соолукту чыӊдоо максатында бул – абдан чоӊ жетишкендик.

Ал эми быйылкы жылды Президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» - жылы деп жарыялаганы баарыбызга маалым. Бул былтыркы жылы башталган ишти аягына чыгаруу үчүн жана глобалдаштыруу заманында алыскы жана жакынкы айылдарды, жалпы эле Кыргызстанды заманбап технологиялардын жардамы менен өнүктүрүү, башкача айтканда байланыш түйүндөрүн мобилдештирип, интернеттин сапатын жакшыртуу менен мамлекеттин элине ачык-айкын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу.

Санариптештирүү деген эмне? Ушул суроонун айланасында жооп издеп көрөлү. Негизи эле санарип деген сөз эскиден жаӊыга кадам дегенди түшүндүрөт. Демек азыркы биз жашап турган убакта жаӊылануу өтө маанилүү. Анткени жаӊы технологиялар доору өкүм сүрүүдө. Ошол технологияларды колдоно билүү замандын талабы. Азыркы доорду мен электрондук цивилизация деп атагым келип турат. Себеби бүгүнкү күнү баардык иштер компьютердин жардамы менен бүтөт. Баардык документтер электрондук түргө айланууда. Себеби бул өтө жөнөкөй жана жеӊил, ошол эле учурда аз убакытты талап кылат. Мисалы электрондук кат, электрондук китеп же телефон байланышы, видео-сүйлөшүүлөр ж.б. Бул нерселерди билип, башыбыздан өтүп жатса дагы, биз биле элек көп нерселер бар.

Санариптештирүү деген эмне?

Ушул суроонун айланасында жооп издеп көрөлү. Негизи эле санарип деген сөз эскиден жаӊыга кадам дегенди түшүндүрөт. Демек азыркы биз жашап турган убакта жаӊылануу өтө маанилүү. Анткени жаӊы технологиялар доору өкүм сүрүүдө. Ошол технологияларды колдоно билүү замандын талабы. Азыркы доорду мен электрондук цивилизация деп атагым келип турат. Себеби бүгүнкү күнү баардык иштер компьютердин жардамы менен бүтөт. Баардык документтер электрондук түргө айланууда. Себеби бул өтө жөнөкөй жана жеӊил, ошол эле учурда аз убакытты талап кылат. Мисалы электрондук кат, электрондук китеп же телефон байланышы, видео-сүйлөшүүлөр ж.б. Бул нерселерди билип, башыбыздан өтүп жатса дагы, биз биле элек көп нерселер бар.

Медалдын эки бети бар эмеспи, анысы кандай маалымат технологияларын колдонууда дагы жакшы жана жаман көрүнүштөрү бар. Терс мүнөздөгү көрүнүштөргө мисал келтирсек, жашы жете элек өспүрүм курактагы, өткөөл курактагы өспүрүм балдарга кандайдыр бир терс таасирин тийгизүүдө, интернеттеги тескери көрүнүштөргө өзүнө өзү кол салуу коркунучун туудурган ар кандай виртуалдык оюндарды мисал келтирсек болот. Ушундай нерселердин алдын алуу үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизип койсо. Терс оюндарды, балдардын психикасына туура келбеген нерселерди окуучу кире албагандай блокко бекитиш керек. Интернеттеги терс көрүнүштөрдү алдын алууда ошол нерсени жоюу үчүн атайын ibilim.kg сыяктуу сайттарды ачып, тарбиялык маанидеги электрондук китептерди, акыл-насаат жөнүндөгү роликтер интернет булактарына көбүрөөк жүктөлсө жакшы болоор эле. Анан дагы ар бир класска вай-фай коюлуп балдарга интернет менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилип контролдук иштерди жана онлайн тесттерди интернеттен аткарсак кагазды жана убакытты үнөмдөөр элек. Мугалимдерге ар бир класска компьютер, принтер коюлса мугалимдер отуруп алып эле слайд менен сабак өтсө андан да жакшы болмок.

Мисалы, электрондук китептерди алалы. Окуучулар өз чыгармачылыгы менен жасаган китептерин сканерден өткөрүү менен электрондук китептер даярдалып, мектептин электрондук китепканасына жүктөлсө, балдар оӊой эле электрондук китепканадан өзлөрү кызыгып окуй турган китепти таап окушат. Алар ошол китепти окуу менен өзүлөрүнүн аӊ сезимин, сөз байлыгын өстүрүшөт, өзүлөрү дагы китеп жазуу менен чыгармачылыкка болгон кызыгууларын арттырышат.

Чыгармачыл окуучулардын жасаган китепчелери

Санариптештирүү менен бир топ оор иштер жеӊилдетилет жана электрондук багыт менен иштер жүрөт.

Көӊүл бурганыӊыздарга Чоӊ рахмат!

Көӊүл бурганыӊыздарга

Чоӊ рахмат!

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!