Тема: Санариптик- ѳнүгүүдѳ жаңы бийиктиктерди багынтуу.
Слайд: 1
Дүйнөдө кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?
Алар биздин жашообузга кандай таасирин тийгизүүдө?
Азыркы заманда билим бурүүнүн ролу эмнеде?
Санариптик технологиялар биздин баарлашуу, иштѳѳ жана жашообузду ѳзгѳрттү.
Технологиялардын өнүгүүсү тажрыйба алмашууга, кызматташууга, биргелешип иш жүргүзгөнгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Мобилдүүлүктүн өсүүсү, жашаган мамлекетти, кесипти, окуу жайды, жумушту тандоодо мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейүүсү таануу жана аттестация, жана окутуу менен компетенция жыйынтыктарын баалоо эрежелерин бекемдөө муктаждыгын жаратууда.
Адамдардын мамлекеттик денгээлдеги чечим чыгарууларга таасир кылууга каалоосу
Көйгөйлүү жана социалдык жактан корголбогон группалардын көбөйүшү, коомдук четтетүү
Көйгөлүү группаларга билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жетишкендик түзүп берүү баардык катмарларды камтыган билим берүү боюнча максаттуу программаларды түзүү ж.башкалар….
Слайд:2
2018-ж. 11-январында ББИМнин сапат боюнча координациялык кенеши жана коллегиясы КРдагы электрондук окутууну жана санариптик башкарууну ѳнүктүрүү боюнча улуттук концепциясынын долбоору жактырылып 2018-2040-жылдарга «Таза коом-жаны доор» улуттук стратегиясынын «Бел болчу билим, из калтырчу илим» багытынын негизинде иш жүргүзүлүп келе жатат.
Слайд:3 Мектептерде компьютерлер заманбап интернет булагына уланды.
Слайд: 4-8
2019-жылдан баштап (ИСУО) билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы ишке кирди жана мектептердеги маалыматтар (окуучу, мугалим, техникалык база) такталды.
- ИСУнун жана электрондук каттоонун сервистери.
-Жалпы эле республикадагы билим берүү уюмдары жѳнүндѳ ачык маалымат сайты.Анда биз каалаган билим берүү уюму боюнча керектүү маалыматтарды ачык түрдтаба алабыз. Мисалы:Уюмдар боюнча, интернеттин түрү, компьютерлердин саны,мугалимдер, аладын жаш курагы, окуучулар ж.б маалыматтарды алууга болот.
- Андан сырткары ИСУО толукталып, бир канча ыңгайлуулуктар байкалды ,эгер ким пайдаланып жаткан болсо. Маалымкат же справка бѳлүмүндѳ окуучу үчүн справка берүү электрондук түрдѳ ишке ашырылып жатат. Улгүлѳрүн кѳрүүгѳ болот. Шаблону жана атайын окуучу үчүн берилген справка.
Слайд:9
2020-жылы ЖРТке каттоо жана жогорку окуу жайларына катталуу аралыктан катталууга ѳттү б.а. санариптештирилди, жыйынтыгында жогорку окуу жайларга кабыл алууда коррупцияга бѳгѳт коюлуп, билимдүү окуучулар гана ЖОЖдун студенттери болушту. Бул ата-энелерге финансылык жактан жардам болду.
Слайд 10
Электрондук китепканалар түзүлдү. Биздин Сузак районунун бардык мектептеринин китепканаларына 2021-жылы акыркы моделдеги компьютерлер, принтерлер менен камсыздалды жана азыркы учурда китепканачылар маалыматтарды электрондук түрдѳ түздѳн-түз берип жатат.
Слайд:11
«Окуу керемет» долбоорунун алкагында ата-энелер менен чогуу аудиокитеп менен иштѳѳ ыкмалары кенири пайдаланууда.
Слайд:12
Айбилим сайты.Башталгыч класстар учүн .Пилоттук долбоор. Тажрыйбалуу мугалимдер менен маалымат технологиясы боюнча адистер менен биргелешип, мектептерде башталгыч класстарына 7 сабак боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси кошумча билим берүү ресурсу катары иштеп чыгышты.
Слайд:13
2021-2022-окуу жылынан баштап 1-класстарды мектепке кабыл алуу электрондук каттоого ѳттү.
Слайд 14
Билим сапатын жогорулатуу максатында «Акылдуу мектеп» долбоорун алкагында электрондук журналдар, электрондук күндѳлүктѳр түзүлүп, ата-энелер менен тыгыз байланыш жасалды.Биздин Сузак районунда 2 жолу (2018-ж.,2022-ж.) семинар ѳткѳрүлүп,35 мектеп долбоорго кирген,бирок толук кандуу иштей элек.
Слайд:15-16
Окутуунун жаны формалары. Санариптик билим берҮҮ
“Билим берүү – бул сиз дүйнөнү өзгөрткүңүз келсе колдоно ала турган эң күчтүү курал.” Нельсон Мандела
Слайд:17
Эл аралык изилдөөлөрдүн (PISA) жана НООДУлардын республикадагы мектеп окуучулардын жетишкендиктери жөнүндө жыйынтыктары Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын кабыл алуу керектигин көрсөттү.
Санариптик сабаттуу мугалимдердин жардамында окуучулардын билим сапаты кѳтѳрүлүп, Кыргызстан 2025-жылы болуучу PISA изилдѳѳсүнѳ катышууга даярдык кѳрүүдѳ. Бул да болсо санариптик ѳнүгүүдѳ жаны бийиктиктерди багынтууга мугалимдердин кошкон салымы болот.
Слайд : 18
Массалык ачык социалдык окуу социалдык тармактарды колдонгон адамдарга жардам берет Ал «социалдык тармактагы таасирин» колдонууга умтулган, канчалык кѳп адамдын колдонгонуна карата өсөт.
Сабактардын максаты жемиштүү талкуулоого, долбоорлорду иштеп чыгууга, тажрыйбаны бөлүшүүгө миңдеген адамдарды чакырат.
Колдонуучулар кыска убакыттын ичинде, социалдык тармактарда, долбоорлорду талкуулайт, дисскуссия жүргүзөт, бири биринин тапшырмаларын карап үйрөнгөнгө мүмкүндүк жаратат
Слайд: 19.
eTwinning – бул европадагы долбоорго катышкан бир өлкөнүн, бирге иштөө, долбоорлорду иштеп чыгуу, окутуучулардын, директорлордун, китепканачылар арасында идеяларды алмашуучу онлайн байланыш аянтчасы.
eTwinning мектептерге маалымат жана коммуникация технологияларын колдонуу жана башка инструменттерди иштөөгө мумкүнчүлүк берет.
eTwinning мугалимдерге билимдерин акысыз жана үзгүлтүксүз жогорулатууга жардам берет.
Слайд: 20
Социалдык тармактарда окутуу.
Twitter жана Facebook социалдык тармактары сунуш кылат:
Билим берүүдөгү бир канча мүмкүнчүлүктөр
Эксперттерден кенеш алуу
Сыноолор менен кездешүү
Айтылган сын пикирлерге карабастан ойлорду коргоо жана идеяларды өзгөртүү
Алар ошондой эле окуучуларга маалымат берет:
Такталбаган маалыматтарды
Калыс комментарийлерди жана туура эмес жоопторду
Окуучулар тажрыйбалары менен алмаша алышат,байланыш түзүшөт жана булардын бардыгын окуу ресурстары менен байланыштырышат.
Слайд:21
Билимкени Академиясы Кыргызстанда алгачкы болуп кыргыз мектептери үчүн 12 предмет боюнча 700 видеосабак жаздырган
Бул сабактарды Youtube дан BilimkeniAcademy каналынан көрсө болот
Слайд : 22-23
«Билим булагы» мультимедиа боюнча окуу материалдарынын комплекси. Электрондук окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси окуучулардын мектеп предметтерин окууга мотивациясын жогорулатууга, негизги жана предметтик компетенцияларды ѳркүндѳтүүгѳ, окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга , мугалимдер менен студенттерге кошумча жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан сабакка даярдануудагы материал.
Слайд:24
Окутуу жана үйрөнүүдө маалымат технологиясын колдонуу
Орто эсеп менен алганда, дүйнө боюнча он окуучунун ичинен 7 окуучу мектепте компьютер колдонот –2009-жылдан бери ушул көрүнүш өзгөргөн жок.
Окуучулардын арасында, компьютер колдонуучулардын санынын жыштыгы ушул убакыт ичинде көпчүлүк өлкөлөрдө өскөн
Слайд : 25
2022-жылы мугалимдердин санариптик кѳндүмдѳрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатуу багытында Кыргызстанда «Келечек үчүн билим берүү» долбоору менен 1200 мектепке, анын ичинде биздин райондо 59 мектептин ар бирине 21 компьютер, 6 принтер ж.б жабдуулары менен жеткирилди.Кыргызстан боюнча 36000 мугалимге санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында бекер курстар пландаштырылган .