Просмотр содержимого документа
«Сандардын жакындатылган мааниси. Сандарды тегеректөө»
Предмет: Математика Классы: 5
Мугалим: Жунусали кызы Жазгүл
Сабактын темасы: Сандын жакындатылган мааниси. Сандарды тегеректөө
Өтүү мөөнөтү: 02. 04. 2025
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын формасы: Жекече, топ менен, жалпы
Колдонулуучу усулдар: Интерактивдүү метод
Колдонулуучу баалоо усулу: Сабакка активдүү катышуусу боюнча мугалим тарабынан баалоо
Колдонулган адабияттар: Окуу китеби Н. Я. Виленкин, В. И. Жохов, А. С. Чесноков
Сабактын жабдылышы: 1. Ноутбук, панелдик доска;
2. Темага байланыштуу сайттар жана окуу куралдары, кагаздар;
3. Сабакка активдүү катышуусу боюнча мугалим тарабынан “Баалоо- критерийи”- бланкасы, карточкалар, алмалар ж.б.
Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөр: Жогорудагы максаттарга жетет, эгерде окуучулар: |
Билим берүүчүлүк: |
Сандардын жакындатылган маанилери жана сандарды тегеректөө тууралуу билишет; Сандарды тегеректөөнү туура аткаруунун эрежелери менен таанышышат; Мисалдарды түшүнүшүп, өз алдынча чыгара алышат | Сандардын жакындатылган маанилери жана сандарды тегеректөө тууралуу билишсе; Сандарды тегеректөөнү туура аткаруунун эрежелери менен таанышышса;. Мисалдарды түшүнүшүп, өз алдынча чыгара алышса. |
Өнүктүрүүчүлүк: |
Ар кандай маселелерди чыгаруу менен алган билимдерин бышыктап, өркүндөтүшөт жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө карата көнүгүүлөрдү аткаруу менен алган билимин практикада колдонууга үйрөнүшөт. | Алган теориялык билимин практикада колдоно алышса; Өтүлгөн тема боюнча өз алдынча мисал иштей алышса; Алган билимин турмушта колдоно алышса. |
Тарбия берүүчүлүк: |
Ар кандай эсептөөлөрдү аткаруу менен окуучулар, тез, туура, так жазууга, иштөөгө жетишет жана өзүн өзү таза, тыккан алып жүрүүгө, өз оюн ачык айтууга, билим алууга жана бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланышат тарбияланышат. | Тез, туура, таза жазууга жана иштөөгө жетишишсе; Сабакта өзүн таза, тыккан алып жүрө алышса; Өз оюн ачык, даана айтышса; Сабакка көңүл буруу менен карашса; Бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланышса. |
Негизги компетенциялар:
Ар кандай булактардан кабыл алыган маалыматтарды кабыл алуу жана тыянак чыгаруу жөндөмдүүлүктөрү;
Классташтары менен иштей билүү пикирлерди жана позицияларды түшүнүү;
Ар кандай формада берилген маалыматтардагы карама-каршылыктарды аныктоо, башка классташтарынын пикирин эске алуу менен өзүнүн пикирин айта билүү.
Предметтик компетенциялар:
Сандын жакындатылган мааниси. Сандарды тегеректөө жөнүндөгү билимдер;
Өтүлүп жаткан тема боюнча мисалдардын, маселелердин, оюндардын, жашоодогу мисалдардын жардамы менен оокуучуларга түшүндүрө билүү;
Тегеректөөнүн эрежелери – ондуктардын, жүздүктөрдүн, миңдиктердин разряды боюнча тегеректөөнүн негизги принциптерин билүү.
Жакындатылган маани – санды белгилүү разрядга чейин тегеректөө менен анын жакындатылган маанисин аныктоо.
Практикалык колдонуу – сандык маалыматтарды чагылдырып, эсептөөлөрдү жөнөкөйлөтүү үчүн тегеректөөнү колдонуу.
Тактык жана каталар – тегеректөөнүн натыйжасында пайда болгон айырмачылыктарды талдоо.
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүү-лүгү | Убактысы | Компе тенттүү-лүк | Баалоо | |
Негизги | Предметтик | |
Уюш-туруу учуру | Балдарды тосуп алуу(Аэропоорттун үн коштоосу,паспорт, билеттер). Билеттер аркылуу 3 топко бөлүп отургузуу. Саламдашуу, сабакка даярдык жүргүзүү, жагымдуу маанай түзүү, топтун капитандарын шайлап алуу. Алтын эреже: https://prezi.com/view/dhIXaEg9m6H5zxBwCDgO | Сабакка даярданышат, бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат | 3 мин | НК 3 | ПК 1 ПК 2 | “Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама |
| Үй тапшырмасын текшерүү: Өтүлгөн темага кайрылып, үй тапшырмасын геймификация түрүндө текшерип, учак карточкалары менен баалоо жүргүзү ( Боулинг оюну). | Үй тапшырманы текшеришет, туура болсо учак карточкалар-ды алышат. | 3 мин | | | “Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама |
Темага өбөлгө түзүү Теманы жана күтүл- гөн окуу натый-жала-рын жарыя-лоо | Темага өбөлгө түзүү (Видео көргөзүү), 1-мисал: Биз болжолдуу гана 12 жаштамын деп айтабыз (7-слайд) 2-мисал: Саат канча болду? (8-слайд) 11 саат 45 минута убакытты болжолдуу түрдө саат 12 болду деп айтабыз Балдар силер эмнени байкадыңар? Ооба, туура! Биз кээде сандарды болжолдуу түрдө алабыз жана ал биз үчүн ыңайлуу. Мугалим оокуучулар менен биргеликте теманы коюшат(5-слайд). Тема жана максат менен таанышышат: | 1.Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат. 2. Мугалим менен бирдикте теманы коюшат | 3 мин | НК 1 НК 2 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 ПК 4 | Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар? |
Жаңы тема туура-луу зарыл маалы-маттар-ды берүү Бышык-тоо Эс алдыруу | Нейрогимнастика жасатуу | 1.Жаңы маалыматты окуучулар кабыл алышат. 2. Окуучулар өз ойлорун ортого салышат | 12 мин 2мин | НК 1 НК 2 | ПК 1 ПК 3 ПК 4 | Окуучулар-га сыпаттама баалар берилет |
Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбор-дук бөлүгү | Оокуучулар менен кызыктуу көнүгүүлөр жасалат. “Алма жана курт оюну”. Umaigra сайты аркылуу көнүгүүлөрдү текшерем жана тапшырманын шарты боюнча алмалар менен баалаймын. | 4мин | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 ПК 4 | Мугалим-дин алкыш сөзү Азамат, Бали, Рахмат ж.б |
Сабак-ты жыйын-тыктоо Тапшырма берүү Баалоо | Теманы бышыктоо үчүн маселе: Окуучулар топ менен биргеликте маселелерди чыгарышат жана топтон эки окуучу чыгып коргоп берет. Топторго баалоо карточкалары берилет. Үй тапшырма: № 1269, 1270, 1274 | Окуучулар өз жөндөмдүүлүк-төрү менен жазган иштерин жактап беришет жана суроолорго жооп беришет. Үй тапшырманы алышат, күндөлүктөрүн толтурушуп, таратылган баалоо баракчасына (паспорт) өзүн- өзү баалоо жүргүзүшөт. | 8мин 1мин 2мин | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | Мугалим-дин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |