СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сапаргул эже 1 кыргызча

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сапаргул эже 1 кыргызча»

Сабактардын тематикалык планы

Сабактардын тематикалык планы – окутуу процессин пландаштыруунун негизги түрүнүн бири. Пландаштырууну ишке ашыруунун алгачкы документтери катарында мектептердин окуу пландары жана программалары эсептелет да, алардын негизинде календардык, тематикалык жана күндөлүк сабактардын пландары түзүлөт.

Сабактардын тематикалык планы программанын ар бир темасынын же бөлүмүнүн маанилүү (түйүндүү) маселелерин сабактардын системасына бөлүштүрүү ишке ашырылат. Сабактардын тематикалык планы теманы дидактикалык анализдөөнүн негизинде түзүлүп, аны окуп-үйрөнүүнүн логикасын туюнтат. Программанын ар бир темасы өз-ара тыгыз байланыштагы сабактардын системасы болгондуктан, мугалим тематикалык планды түзүүдө темадагы окуу материалдарынын максатка ылайыктуу болгон удаалаштыгын ойлоштурат; теманын материалдарын сабактарга бөлүштүрөт; ар бир сабакты өтүүнүн методдорун чагылдырып, кайсыл көрсөтмө каражаттарды жана техникалык каражаттарды кандай жана качан колдонуу керек экендигин тактайт; сунуш кылынуучу мисал, маселелерди, кайталоо үчүн колдонулуучу материалдарды тандап алат.

Сабактардын тематикалык пландын бардык предметтер үчүн милдеттүү болгон бир түрдүү формасы жок. Сабактардын тематикалык планында маселен, «сабактын темасы», «окуучулардын өз алдынча иштери», «көрсөтмө куралдар жана окутуунун техникалык каражаттары», «өткөндү кайталоо» сыяктуу бөлүмдөрдөн тышкары, кошумча түрдө «предметтер аралык байланыштар», «татаалыраак маселелер» жана башкалар бөлүмдөрдү да зарылдыгына жараша кошумчалоого мүмкүн.

Окуу материалын пландаштырууда, жалпы алганда, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана методикалык адабияттар жардам берет.

Сабактардын тематикалык пландардын сапаттуу түзүлүшү ар бир сабак үчүн керектүү болгон көрсөтмө каражаттарды жана приборлорду, дидактикалык материалдарды өз учурунда жана сапаттуу камдап алууга мугалимге жардам берет да, окутууну иш жүзүнө ашырууда чыгармачылык менен изденүүгө өбөлгө түзөт.



Автордук мектеп

Автордук мектеп – бөтөнчө программа менен иштеген таалим-тарбия мекемеси. 20-кылымдын аягында Россияда инновациялык билим берүү тажрыйбасынын формасы, айрым бир автор же автордук коллектив тарабынан иштелип чыккан чыгармачыл психологиялык-педагогикалык жана (же) уюштуруу-башкаруу концепцияларынын негизинде ишмердиги калыптанган эксперименттик билим берүү мекемеси. Термин 1980-жылдын аягынан тартып колдонулууда. Мындай мектептин концепциясы жана иши кадимки мектептердин салт болуп калган тажрыйбасынан кескин айырмаланат. Мектеп окумуштуулар, ошондой эле педагогдор тарабынан түзүлөт да, эреже катары, алардын аты менен аталат (мисалы, «А. С. Макаренконун мектеби», «В. А. Сухомлинскийдин мектеби» ж. б.). Мындай мектеп жамааты таалим-тарбия ишиндеги олуттуу проблемаларды өздөрү тандап, артыкчылык берген технологиялык табылгаларга таянып чечүүгө умтулушат. Ал эми алардын ишинин үзүрлүүлүгү, ишенимдүүлүгү окуучулардын бир муунун даярдап чыгарганда гана айкын болот. Албетте, мектептин тажрыйбаларын башка мектептерде өрнөк тутуп, тикеден-тике колдонуу айтарлык натыйжа бербейт. Бирок, ал тажрыйбалардан келип чыккан рационалдуу ой-тыянактар, методикалык табылгалар башка мектептердин ишмердүүлүгүн байыта алат. Бишкектеги № 6 гимназия, С. Арыстанованын автордук мектеби, Кыргызстандагы алгачкылардан болуп саналат.



Окууда  жетишпеген  балдар  менен  иштоо

Максаты:

1.     Окуучулардын  билим   алуусунун  денгээлин   көтөрүү;

2.     Балдардын  окууга  болгон жоопкерчиликтүү  мамилесин  жөнгө  салуу;

3.     Ата-энелердин  балдарынын  окуусуна  болгон  жоопкерчилигин  арттыруу;

4.     Окуучулардын  сабактардан  начар окуп, классташтарына  салыштырмалуу  окуу  материалын  өздөштүрө   албоосунун  жана  ордуна  калып  калуусунун  алдын-алуу;

5.     Предметтен  окуу  материалын  туура  өздөштүрүүсүнө  жардам  берүү;


Начар  окуган   окуучулар  менен   иштөө  боюнча  негизги   багыттар


  • Окуучунун  окуудан  жетише  албагандыгынын  себебин  аныктоо;

  • Начар  окуган  окуучуну  сабактан  жетишуусунө  комплекстуу  иштерди  жургузуу: сабактан  тышкаркы  учурда  иштоо, ата-энеси  менен  суйлошуу, сабак  учурунда  иштоо.

  • Класстан  тышкаркы  иш-чараларга  тартуу;

  • Коомдук  иштерге  катыштыруу ж.б.


Окуучунун  окуудан  начарлоосунун  себеби ар кандай  болушу мумкун. Ар бир эле окучу  жакшы  окуганды  каалайт  деп ойлойм. Кээ  бир  учурларда  сабактардан  эки  алып  калганда бала окууга  болгон  кызыгы  тарап, кээде  ал  сабакка  катышпай да койгон  кездер болот. Жыйынтыгында  тартиби дагы начарлайт. Сабактан  начар  окуган бала өзүндөй  болгон башка дагы  бир  начар  окуган бала менен  достошот, себеби  жакшы  окуган  окуучунун  жанында  ал  өзүн  ылдый  сезиши  мумкун.

Окуудагы  жетишпөө – бул  окуучунун окуу  программасын  канааттандырарлык  денгээлде  өздөштүрө албоосу.

Анын  себеби  уй-булонун  социалдык  абалына   жараша  дагы болот. Башкача   айтканда  уй-булодо  балага  билим  берүүгө  көңүл  бурулбай  кеткенде  болушу  мумкун. Ата-энелер  уйдон баласынын  окуусуна  конул  буруп, тапшырмасын  аткаруусуна  жардам  берип, мектеп  менен тыгыз байланышта болсо, мындай  проблема  аз  болмок.

Мугалим  окуучуларды  предметине  кызыктыра  алуусу, ар  кандай интерактивдуу  методдорду  колдонуусу дагы  сабактын  эффективдуулугун жогорулатып  начар  окуган  окуучулардын  предметке  болгон  кызыгуусу артып  окууга  конул  бура  баштайт.



Сабакты талдоо

Сабакты талдоо – билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүүчү сабакты (лекцияны, семинарды жана башкалар) толугу менен же анын айрым жактарын, курамдык бөлүктөрүн иликтөөгө жана баалоогобагытталган методикалык иштин бир түрү. Сабакты талдоо мугалимдерге, окутуучуларга методикалык жардам көрсөтүү, алардын тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо максатында жүргүзүлөт.

Сабакты талдоонун бирдиктүү схемасы жок, анткени ал талдоонун максатына, окуу предметине, окутуунун баскычына жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Сабакты талдоо адатта төмөнкүлөрдү камтыйт:

Талдоонун натыйжасында сабак максатына жеткендиги же жетпегендиги аныкталуусу тийиш. Сабактын окутуучулук максатынын ишке ашкандыгы төмөнкү суроолор аркылуу такталышы мүмкүн: окуучулар кандай билимдерге ээ болушту, алардын сапаты кандай, окуучуларда кандай билгичтиктер жана көндүмдөр калыптанды же калыптана баштады. Бир сабакты талдоонун негизинде окуп үйрөнүүчүлөрдү тарбиялоодогу жана өнүктүрүүдөгү жылыштарды аныктоо кыйын, көпчүлүк учурда мүмкүн да эмес. Ошентсе да сабактын жүрүшүн, анын этаптарын талдоо менен сабактын тарбиялоочулук жана өнүктүрүүчүлүк милдеттерин ишке ашыруу үчүн мугалим (окутуучу) кандай аракеттерди жасагандыгына, ал үчүн сабакта кандай кырдаалдар түзүлгөндүгүнө, канчалык деңгээлде ал ийгиликтүү болгондугуна көңүл буруу зарыл.

Сабакты талдоо илимий изилдөө максатында да, башкача айтканда методикалык жаңылыктардын максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун практикада текшерүү үчүн да колдонулат.

Сабакты талдоодо атайын схеманы пайдалануу максатка ылайык. Андай схемалар көп түрдүү болушу мүмкүн. Мугалим, окутуучу үчүн өзүнүн сабагын өзү талдап туруусу зарыл жана пайдалуу. Мында мугалим, биринчиден, өзүнүн күчтүү жана чабал жактарын аныктайт, экинчиден, жетишкендиктерин бекемдөө жана кемчиликтерин жоюу боюнча иш-аракеттеринин багыттарын белгилейт, үчүнчүдөн, өздүк тажрыйбасын жалпылоого керектүү материалдар топтоло берет.