СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сапатты башкаруу

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

1.1. Бул жобо ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун билим берүү процессиндеги ишмердүүлүктөрүндөгү сапаттык көрсөткүчтөрүн башкаруудагы максаттарды, милдеттерди, функцияларды, укуктарды, жоопкерчиликтерди, тартипти, көзөмөлдөө, уюштуруу жана бекитүүнү аныктайт.

1.2. Окуу процессиндеги сапатты башкаруу ишмердүүлүгүнө окуу процессине түздөн-түз жетекчилик кылуучу окуу иштери боюнча директордун орун басары жетекчилик кылат.

Просмотр содержимого документа
«Сапатты башкаруу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНЫН МЕНЕДЖМЕНТ СИСТЕМАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул жобо ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун билим берүү процессиндеги ишмердүүлүктөрүндөгү сапаттык көрсөткүчтөрүн башкаруудагы максаттарды, милдеттерди, функцияларды, укуктарды, жоопкерчиликтерди, тартипти, көзөмөлдөө, уюштуруу жана бекитүүнү аныктайт.

1.2. Окуу процессиндеги сапатты башкаруу ишмердүүлүгүнө окуу процессине түздөн-түз жетекчилик кылуучу окуу иштери боюнча директордун орун басары жетекчилик кылат.

1.3. Сапатты башкаруу кызматы өз ишмердүүлүгүндө төмөнкүлөрдүн негизинде иш алып барат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, нормативдик-укуктук актылары менен;

- ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун директорунун буйруктары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери менен;

- Окуу жайдын уставы менен;

- Директорунун буйруктары менен;

- Ушул жободо белгиленген эреже, тартиптер менен;

- Окуу жайдын башка ички жоболору, локалдык актылары, докуметтери менен.

2. Максаты, милдеттери, функциялары

2.1. Сапатты башкаруу кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты окуу жайда ОКББ МББСнын жана орто кесиптик билим берүүдөгү эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген Сапатты башкаруунун эффективдүү системасын түзүү.

2.2. Сапатты башкаруу кызматынын негизги милдеттери:

-колледждеги жогорку сапаттагы Сапат менеджмент системасын (СМС) камсыз кылуу жана туруктуу өркүндөтүп туруу, колледждин курамдык бөлүмдөрүндө СМС жана ОКББ МББС талаптарынын сакталып жана ишке ашып туруусуна көзөмөл жүргүзүп туруу;

-ички аудит, мониторинг боюнча иш чаралардын системасын жүргүзүү жана алардын натыйжаларын башкаруу чечимдерин кабыл алууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;

-башка орто кесиптик уюмдардын окутуудагы сапатты жакшыртуу боюнча тажрыйбаларын үйрөнүү жана аларды пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

2.3. Сапат менеджмент кызматынын негизги функциялары:

- окуу жайда Сапат менеджменти системасын иштеп чыгуу жана киргизүү:

- окуу жайдагы документтештирилген процедуралардын, негизги иш процесстеринин жана cапат менеджменти системасынын башка документтеринин мазмунун Сапат менеджменти системасынын талаптарына тууралап ипггеп чыгуу;

- окуу жайдын кызматкерлерин сапатты башкаруу маселелери боюнча үйрөтүү;

- окуу жайдагы негизги, башкаруучулук жана жардамчы процесстердин мониторингин камсыз кылуу;

- билим берүү процессине жана анын натыйжаларына, ыкмаларына жана ченемдерине таасир берүүчү көрсөткүчтөрдү аныктоо;

-ички аудиттерди жүргүзүү;

- Сапат менеджмент системасынын эффективдүү, натыйжалуу иштөөсүн жана аны туруктуу жакшыртып турууну камсыздоо;

- Сапат менеджмент системасын сертификациялоону уюштуруу.

3. Уюштуруучулук курамы

3.1. Сапат менеджменти кызматынын курамына:

- окуу иштсри боюнча директордун орун басары;

- тарбия иштсри боюнча директордун орун басары;

- сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы;

- өндүрүштүк практика жетекчиси;

- предметтик-циклдык бирикмелердин жетекчилери кирет.

4. Укуктары жана милдеттсри

4.1. Сапатты башкаруу кызматынын укуктарын жана милдеттерин, ага байланыштуу ишмердүүлүктөрдү түздөн-түз окуу иштери боюнча директордун орун басары ишке ашырат.

4.2. Сапат менеджмент системасы кызматынын жетекчисинин укуктары жана милдетгери ушул жобо менен аныкталат.

4.2.1. Сапат менеджмент системасы кызматынын жетекчиси төмөндөгүлөргө укуктуу:

- бөлүм жетекчилеринен, окуу-мстодикалык бирикмелерден, комиссиялардан, кызматкерлерден, окутуучулардан ушул кызматтын иш пландарын түзүүгө керектелүүчү маалыматтарды жана документтерди суроого;

- окуу жайдын окутуучуларын жана кызматкерлерин Сапат менеджмент кызматынын иш пландарында белгиленген иш чараларга тартууга;

- тажрыйба алмашуу иштери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга катышууга;

- Сапат менеджмент системасын камсыз кылуучу жана сертификациялоочу жоболор, көрсөтмөлөр жана буйруктардын аткарылуусунун бузулушу боюнча маалыматтарды директорго билдирүүгө;

- зарыл болгон учурларда көйгөйлүү маселелерди, аткарылуучу иштерди колледждин Педагогикалык кеңешинин отурумунун талкуусуна алып чыгууга;

- окуу жайдын бөлүмдөрүндөгү Сапат менеджмент системасынын иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүүгө; - окуу жайды өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;

- колледждин уставында каралган башка укуктарды пайдаланууга.

5. Жоопкерчилиги

5.1. Сапат менеджмент кызматынын милдеттери:

- сапат боюнча жумушчу жана перспективдүү пландардын аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө;

- колледждеги аткарылуучу иштерди ОКББ МББС жана эл аралык ISO 9001 стандарттарына туура келгендей кылып уюштуруу;

- Сапат менеджмент кызматынын иш жүргүзүүсүн каттоого алуу жана отчеттуулугун камсыздоо;

- ички аудиттерди жүргүзүү жана көзөмөлдөө;

- ички аудиттерди жүргүзүүгө персоналдарды үйрөтүү.