Сармерден салттуу оюн
1 .Мугалим: Урматтуу ушул кеченин катышуучулары !
Ата-энелер, мугалимдер жана меймандар ошондой эле биздин кичинекей, мотурайган окуучуларыбыз . Бүгүн биздин боло турган «Улуттук нарк-улуу мураска байланыштуу» Алиппе-сармарден» аттуу Алиппе китеби менен коштошууга арналган,майрамдык кечебизди ачууга уруксат этиңиздер!
Куттуктаймын ушул майрам күн менен,
Ак тилектүү мугалимдик үн менен.
Баарыңарга бакыт-таалай каалаймын,
Баалуу эмгек сапарына үндөгөн.
2.Мугалим: Коңгуроонун күмүш үнү чачырап,
Биринчи ирээт классына чакырат.
Талпынагой темир канат бөбөктай,
Таалай жолуң ушу бүгүн ачылат-демекчи,алгачкы ирээт колдоруна китеп кармап тамга тааныган окуучуларыбыздын»Алиппе-Сармерден»аттуу майрамдык кечесине кош келиңиздер.
1.Мугалим: Урматтуу коноктор бүгүн бизде абдан кубанычтуу күн. Анткени билимдин ачкычы болгон Алиппе китеби менен коштошкону олтурабыз.Биз Алиппеден тамгаларды таанып,шар окуганды,жазганды үйрөндүк.Эми жомокторду аңгемелерди өз алдынча окуй алабыз.Алиппе китебинен көптөгөн табышмак,макалдарды,жаңылмачтарды үйрөндүк.Бизди окуй алышыбызга ата-энелерибиз да жардам беришти. Сиздерге чоң рахмат!
2. Мугалим: Анда эмесе майрамдык кечени баштоо алдында турушкан окуучуларыбызды чакырып алсак.
Балдар музыканын коштоосунда, бир кыз ,бир бала болуп чыгышат.
1.Мугалим: Адатта салам айтуу алик алмак,
Адамдар арасында келаткан салт.
Андыктан салам айтып жаш карыга,
Ассалоому – алейкум, калайык калк.
2.Мугалми: Ата –энелер уул кыздын ардагы.
Куттуу болсун Алиппе жаз майрамы,
Бойго жетип, актап биздин үмүттү.
Болсун балдар бул жашоонун каймагы,
1.Мугалим: Тааный албай «А» тамгасын жаза албай,
Келген эле уул-кызыңар мектепке.
Мына бүгүн алиппени бүтүрүп,
Олтурушат, ырдап, бийлеп бермекке.
2.Мугалим: Куш келипсиз, эже- сиңди апалар,
Көптөн күткөн мына ушул майрамга.
Талбас мээнет, эже агайдын парзыдыр,
Балапандан бүркүт таптап чыгарган.
Эмесе, ушул аруу жүрөк, таза тилек наристелердин күчү менен дардалган «Алиппе» майрамын баштоого уруксат этиңиздер!
1.Мугалим: Кана балдар айткылачы.
Ичи толгон арипке,
Билим берген бул бизге.
Биринчи колго кармаган,
Кайсыл китеп ал сенде?
Хор: Келечекке жол ачкан, ал сүйүктүү Алиппе.
Мугалим:Балдар силер Алиппеден эмнелерди үйрөндүңөр?
Кыздар: Жакшы окуганды.
Балдар: Сулуу жазганды.
Кыздар: Ырларды.
Балдар: Макалдарды.
Кыздар: Табышмактарды.
Балдар: Жомокторду үйрөндүк.
Кыздар: Майрамы деп»Алиппенин»
Ыр алып келдик баарыбыз.
Кайсы тамга экенин, Ырларынан тааныңыз.
Балдар хор: Алтын китеп «Алиппем»,
Ар күн окуп ачкамбыз.
Отуз алты тамгасын,
Ойдогудай жаттадык.
Кыздар: Ынтымактуу баарыбыз,
36 тамгабыз.
Алфавитте тизилип,
Катар орун алганбыз
Балдар: Бүгүн бизде чоң майрам,
«Алиппенин» майрамы.
Илим менен билимдин
Ушул билим каймагы.
Хор: Кана эмесе бир бирден,
Тамгаларды айталы,
Мугалим: Бул тамгалар алфавиттин балдары.
Бардыгынын бар эң сонун ырлары.
Өз максатын,милдеттерин айтышат.
Кана эмесе ырларынан угалы.
«А» тамгасы .
Алфавиттин башаты
А тамгадан башталат.
Ата, апа ыйык сөз,
А тамгада айтылат. кыз
2.А тамгасы
Атам,апам, агайым.
«А» тамгадан башталат,
«А» тамгасын тааныткан.
Алиппеге чоң рахмат, бала
3. «Б» тамгасы
«Б» тамга менмин экинчи,
Бөбөк акуп жетинчи.
Билим, өнөр үйрөнүп.
Бактылуу бала бала дедирчүү, кыз
«Б» тамгасы
Билек түрүп баатырларча.
«Б» тамгасы боломун,
Жакшы окуп келечекте.
Билим алуу тилегим, бала
«В» тамгасы
Вагондорго отуруп,
Саякатка чыгабыз.
Беш менен менен окуп сабакты,
Москвага барабыз. кыз
«Г» тамгасы
Гимн , гербди жазганда
Керек дайым «Г» тамга,
Гүлай, Гүлзат баратат.
Гүл тергени талаага,
7.«Д» тамгасы
Данек, дарак, дарбызга,
«Д» жазылат дайыма.
Дамир, Дөөлөт – эки дос,
Жардам берди Дайырга.
«Е» тамгасы
Катары менен санасак,
«Е» тамгасы аталат.
Чие бышып жетилип,
Эжеси терди чакалап.
9. «Е» тамгасы
Елка, коен дегенде,
«Е» тамгасы катышат.
Йоттошкон тамга деп,
Биз үйрөндүк батыраак.
10. «Ж» тамгасы
Желек, жебе, жарганат,
«Ж» тамгадан башталат.
Жоо келтирбей жерине,
Жоокер жерин кайтарат.
11. «З» тамгасы
Зуура,Зейнеп деген сөз,
«З» тамгадан башталат.
Уйдун пири билип ал,
Зеңги баба аталат.
12. «И» тамгасы
Илимпоз өссүн кыргызда,
Издегин кыргыз кыймылда.
Изилдеп аалам сырларын,
Из калтыргын кыргызга.
13. «Й» тамгасы
Ай чачат нурун төбөдөн,
Айлана шаңга бөлөнөт.
«Й» тамгамын билип ал,
Адептүү жүрүп билим ал.
14. «К» тамгасы
Кийим кийип калыңдап,
Канат кайда камынат.
Карасаңар баарыңар,
«К» тамгасы жазылат.
15. «Л» тамгасы «Л» деген тамгамын,
Лыжа деп жазамын.
Жакшы окуп эжемдей,
Мугалим болуу талабым.
16. «М» тамгасы
Манас баатыр бабабыз,
«М» тамгадан башталат.
7 осуят үйрөнүп,
Мектебимде салтанат.
17. «Н» тамгасы
Мен «Н» деген тамгамын,
Нанды, нанды жазамын.
Нандан ыйык байлык жок,
Нанды дайым барктагын
18. «Ң» тамгасы
Дөңгөлөнөт дөңгөлөк,
Дөңгөлөккө «Ң» келет.
Дагы кайсы сөздөргө,
«Ң» тамгасы эң керек.
19. «О» тамгасы Орусча тамгаларды да,
Окуу ,окуу жана окуу Окуйбуз жана жазабыз.
Осуятын угабыз
20. «Ө» тамгасы
Менин атым Өмүрбек,
«Ө» тамгадан башталат.
Келечекте чоңоюп,
Өлкөгө жасайм саянат.
21. «П» тамгасы
Паста,пилге, партага,
«П» жазылат баш тамга.
«П» тамгасы болбосо,
Парча айланат арчага.
22. «Р» тамгасы
Ракетага,Рахатка,
Сөз башына «Р» келет.
Кампьтерлер башкарган,
Роботтор иштешет.
23. «С» тамгасы
Сабыр сабиз сугарат,
Сайра сайдан суу алат.
«С» тамгадан башталып,
Сүйлөм сөздөн куралат.
24. «Т» тамгасы
Талыкпай издеп сөздөрдү,
Табышмак айтсаң табамын.
Татаал сөздү көп билем,
Таланты бар баламын.
25. «У» тамгасы
Улуу тоодо жашаган,
Уккулуктуу сайраган.
Ушул кайсы канаттуу,
«У» тамгадан башталган?
26. «Ү» тамгасы
Үйрөнүп көп өнөрдү,
Үлгүлүү кыз боломун.
Үтүрөңдөп урушуп,
Үшкүргөндү коемун.
27. «Ф»тамгасы
Фартук жана фонарга,
«Ф» жазылат баш тамга.
Фломастерлер эң керек,
Кооздоп сүрөт тартканга.
28. «Х» тамгасы
Халат,Хасан, халвага
«Х» тамгасын жазабыз.
Көк тиреген чонуну,
Хан-Теңир деп айтабыз.
29. «Ц» тамгасы
Айлананы кагазга,
Циркуль менен чиебиз.
Сонун оюн көргөнү,
Циркке барып киребиз.
30. «Ч» тамгасы
Чабалекей чагылган,
«Ч» тамгасы жазылган.
Чынчыл болуп чоңойгун,
Чындык ыйык баарынан.
31. «Ш» тамгасы
Шыпылдатып колдорун,
Шырдак шырыйт Шарина.
Шабдалыны үзөм деп,
Шакир чыкты шатыга.
32. «Щ» тамгасы
Бул «Щ» тамга аталат,
Щетка кийим тазалайт.
Шатырата күн жааса,
Плащ жаандан калкалайт.
33. «Ь» тамгасы
Алигиче атың жок,
«Ичкертүү» деп коюшат.
«Июнь», «Июль» сөздөргө,
Мени жазып коюшат.
34. «Ы» тамгасы
Ышкырыкка «Ы» кетет,
Ырыскүлгө «Ы» керек.
«Ы» тамгасы колдонгон,
Кайсы сөздү ким билет.
35. «Ъ» тамгасы
Ат койбоптур энчилеп,
«Ажыратуу белги» деп.
Съезд, подъезд сөздөргө,
Мени жазат белгилеп.
36. «Э» тамгасы
Эшик, элик, элечек,
«Э» тамгасы эң керек.
Эң бир ыйык адамың,
Эне десең «Э» келет.
37. «Ю» тамгасы
«Й» менен «У» биригип,
«Ю» тамга деп аталат.
Юла деген оюнчук,
Чимирилип айланат.
38. «Я» тамгасы
«Й» менен «А» кошулса,
«Я» тамга деп аталат.
Якор ,ящик, январь. «Я» тамгадан башталат.
Хор: Тамгалардын бардыгын,
Алдык толук үйрөнүп.
Керек болот эми алар,
Жашообузга күндөлүк.
2-бөлүк сармерден
Мугалим: Шаңга толуп ырдайлы,
Сармерден оюнун баштайлы.
Бүгүнкү сонун майрамды,
Биз өткөрүп жыргайлы.
Анда эмесе башканы коюп Манасты айт демекчи Манастан баштайлы.
Кыдар тобу: Хор менен Манас айтышат.
Балдар тобу: Акматбеков Элхан Манас айтат
Биздин балдар карачы,
Кыргызымдын жылдызы.
Нак жигитти элестет.
Мырза сымал турушу,
Анда силер баштагыла.
Обону менен ырларды.
Хор.
Эрке бала.
Биздин кыздар кандай сулуу.
Сулуу жана таланттуу,
Басышса эгер алар чогуу
Элестетет топ ак кууну
Анда эмесе биз ырдайлы.
Хор.
Эрке бала.
Илгертен кыргызым.
Макалдашып сүйлөшкөн,
Жагымдуу ыргак жиберип.
Сөздөрдү түркүн түрдөнткөн.
Эрке кыз.
Макалдашып сүйлөгөндү
Кыздар деле билишет,
Макал-лакап сөздөрүн.
Алар абдан сүйүшөт.
Анда кезекти макал-лакапка кезек берели.
Мугалим: Макал –лакап илгертен,
Келе жаткан салт экен.
Кана эмесе көрөлү.
Калышпайт экен оболу.
1 Бала: Туулган жердин тапурагы алтын
Кыз: Билим- кенч, эмгек анын ачкычы
Бала: Улууну урматта, кичүүнү ызаатта
Кыз : Өнөрүң болсо өргө чап
5.Суу бар жерде жашоо бар
6.Кыз: Ар бир кесип ардактуу
7.Бала: Эне сыйлаган элге жагат
8.Кыз: Оттон сак бол!
9.Бала: Аш атасы нан- нан атасы дан
10.Кыз: Ат адамдын канаты
11.Бала: Кыштын камын жайда көр
12.Кыз:Сен деген сенек сөз- сиз деген
13.Бала: Дары чөптөн, акыл көптөн.
14.Кыз: Жакшы эл камын ойлойт,
Жаман – өз камын ойлойт.
15.Бала: Карысы бардын-ырысы бар.
16.Кыз: Жаш келсе ишке, кары келсе ашка
17. Бала: Жашка кызмат, карыга урмат.
18. Кыз: Тазалык ден соолуктун булагы.
19. Бала: Күч кетет, билим кетпейт
20.Кыз: Ынтымак дострдун жолун ачат
21. Бала: Алтын- жерден чыгат,
Баатыр- элден чыгат.
22. Кыз: Акылдуу бала -элпек,
Акылсыз бала- тентек
23. Бала: Аганы көрүп, ини өсөт.
Эжени көрүп, сиңди өсөт,
24.Кыз: Адам эмгеги менен даңктуу
25. Бала: Адамды адам кылган асыл эмгек
26. Кыз : Жалкоого шылтоо көп
27. Бала: Көз коркок, кол баатыр
28. Кыз: Эр эмгегин жер жебейт
29. Бала: Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт.
30. Кыз: Таза аба жуткуң келсе- эрте тур,
31. Бала: Атасы болушчаактын-уулу урушчаак,
Энеси болушчаактын- кызы ыйлаак.
32.Кыз: Жакшы бала бала баарына үлгү
Жаман бала баарына күлкү.
33. Бала:Кыздуу үйдө кыл жатпайт
34. Кыз: Адеби жок жигит- жүгөнү жок атка окшош.
35. Бала:Жакшы кыздын башына бермет менен шууру ойнойт, Жаман кыздын башына сирке менен бит ойнойт.
36. Кыз: Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөбүз,
Чеченсинген жигитти доо келгенде көрөбүз.
37. Бала: Энесин көрүп кызын ал,
Эшигин көрүп төрүнө өт.
38. Кыз: Камчы болсоң төрт кырдуу бол,
Жигит болсоң бир сырдуу бол.
Эрке кыз: Кыздар азыр бийлешет,
Бий аркылуу сүйлөшөт.
Кызыгып эгер калсаңар,
Баарыңарга үйрөтөт.
Анда кезекти бийге берели.
Бий: Кыздар тобу
Эрке бала: Кел жигиттер кел кыздар,
Келип көңүл ачалы.
Бийин биз бийлеп
Кызыгына баталы. Анда кезек жигиттерде.
Бий: Жигиттер тобу.
Өнөр алды кызыл тил дейт,
Салтыбызда аздектеп.
Кыз жигиттин сын айтышы
Айтып келген акыйнек,
Эрке бала: Анда аларды сыйлайлы,
Чогуу отуруп баарыбыз.
Акыйнекти тыңдайлы,
Кыздар: Акыйнек айтып ырдашуу
Атабыз кыргыз салт экен
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз нарк экен. Акыя, Акыя, Акый, Акый ,занАкыя
Балдар: Казанга пияз таштады
Акыяны баштады.
Ушу турган сени томолото баштадым
Акыя, Акыя,Акый,Акый Акыя
Кыздар: Ойноп жүрүп мектепте,
Ой тишим, деп боздойсуң.
Тиш щеткасы пастасын
Пайдаланбайт окшойсуң.
Акыя, акыя,Акый ,акый, акыя
Балдар: Тыңдуу болуп тим эле,
Щетка менен тишиңди жуу дейсиң
Өзүң болсо туфлиңдин
Оң, солун билбейсиң.
Акыя, акыя, акый, Акый, акыя
Кыздар: Барбаймын деп мектепке ,
Күндө жаңжал саласың.
Мындай кылсаң сен кайдан.
Өнөр билим аласың.
Балдар: Сары май, сары май
Берчи мага сары май.
Сары майың жок болсо,
Турчу аары сасыбай
Кыздар: Эрте таңда ойготсо,
Эринесиң туруштан.
Апаң менен атаңды,
Кечиктирип жумуштан.
Балдар: Бирөө сүйлөп жатканда
Сөзүн дайым бөлөсүң,
Кабарың жок адептен.
Деги кандай эмесиң,
Чогуу: Билим берген эжекенин
Аткан сөзүн угаабыз,
Элге кызмат кылаабыз.
Биз мектепти сүйөбүз,
Ынтымактуу жүрөбүз.