Просмотр содержимого документа
«Сегиздик жана он алтылык эсетөө системалары.»
ИНФОРМАТИКА
Сегиздик жана он алтылык системалар.
Негизи 8 болгон эсептөө системасы сегиздик эсептөө системасы деп аталат.
=8.
Алфавити 0,1,2,3,4,5,6,7.
Сегиздик санды эсептөө анын цифраларынын 8 санынын тийиштүү даражаларына көбөйткөн көбөйтүндүлөрүнүн суммасы катары каралат:
=2*
+4*
+1*
=2*64+4*8+1=128+32+1=161
Бүтүн санды сегиздик системага которууда аны жана тийиндилерди улам сегизге бөлүп,бөлүүдөн калган калдыктарды акыркы тийиндиден баштап жазышат.
Сегиздик эсептөө системасындагы санды экилик эсептөө системасына которуу төмөнкү таблицанын жардамында аткарылат:
сегиздик | экилик |
0 | 000 |
1 | 001 |
2 | 010 |
3 | 011 |
4 | 100 |
5 | 101 |
6 | 110 |
7 | 111 |
241
=010 100 00
Негизи 16 болгон эсептөө системасы он алтылык эсептөө системасы деп аталат.
=16
Алфавити 0,1,2,3,4,5,6,7,8,9,A,B,C,D,E,F.
0=0 1=1 2=2 3=3 4=4 5=5 6=6 7=7 8=8 9=9 A=10 B=11 C=12 D=13 E=14 F=15
Он алтылык санды эсептөө анын цифраларынын 16 санынын тийиштүү даражаларына көбөйткөн көбөйтүндүлөрүнүн суммасы катары каралат:
3А
=3*1
+А*1
+2*1
= 3*256+10*16+2=768+160+2=930
Бүтүн санды он алтылык системага которууда аны жана тийиндилерди улам он алтыга бөлүп,бөлүүдөн калган калдыктарды акыркы тийиндиден баштап жазышат.
Он алтылык эсептөө системасындагы санды экилик эсептөө системасына которуу төмөнкү таблицанын жардамында аткарылат:
Он алтылык | экилик |
0 | 0000 |
1 | 0001 |
2 | 0010 |
3 | 0011 |
4 | 0100 |
5 | 0101 |
6 | 0110 |
7 | 0111 |
8 | 1000 |
9 | 1001 |
A | 1010 |
B | 1011 |
C | 1100 |
D | 1101 |
E | 1110 |
F | 1111 |
2D
= 0010 1101 0101
Компьютерде негизинен эстин байттык түзүлүшүнө жакшы жайгашуучу он алтылык система колдонулат.Бир байтка эки он алтылык система жайгашат.
Колдонулган адабияттар:
1.Т.Р.Орускулов М.У.Касымалиев Информатика базалык курс
2. Т.Р.Орускулов М.У.Касымалиев Информатика базалык курс боюнча практикалык иштер.