СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сейфи Себеби "Таварих" эмгеги

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сейфи Себеби "Таварих" эмгеги»

Алар киши каза болгондо жерге көмүшпөйт, бийик дарактар бар, ошол дарактарга табыты менен чыгарып коюшат.



2.1.1.8. Сейфи Челебинин “Таварих” эмгегинде кыргыз этноними



б.з. XVI к / б.з. XVI к



Осмон түрктөрүнөн чыккан Сейфи Челебинин “Таварих” аттуу эмгеги XVI кылымдын аягында жазылып, бул эмгекте Түркстан элдеринин, анын ичинде кыргыздардын жашоо-турмушу, маданияты тууралуу баалуу маалыматтар орун алган:

Осмон түрк тилиндеги текст:

Ве Кашгардан бери бир таифе вар, атына кыргыз дирлер. Анлар дахы конар-гөчер таифедир, могол жинсидир. Чоклук кавимдир. Ичлеринде бир падишахлары йокдур, беглери вардыр, беглерине кашка дирлер. Не кафир, не мүселмандырлар. Йерлери сарб таглардыр ве йер йер дербендлери вардыр. Үзерлерине бир падишах лешкер чекүп варса, эвлерин таг ичине чекерлер ве кендүлер ол дербендлерин агзын алуп турурлар, кимсе гечирмез. Ве йеде идүп үзерлерине гелен лешкер үстүне кар йагдуруп, совук идерлер ки ол лешкерин эли аягы тутмаз олур. Ве ол кар ве совук ардынжа хамле идүп, савашурлар, дүшменини зебун идерлер. Ве адемлери өленде топрага дефн итмезлер, йүксек агачлар вардыр табуты иле ол агачлара чыкаруп корлар. Кемүклери чүрүйүп төкүлүнже турур (Acar, 2014: 43-44).

Котормолору:

Кыргызча:

Кашгардын бери жагында бир тайпа (эл) бар, аты кыргыз дешет. Алар дагы көчмөн эл, моголдордун түрүнөн. Көп сандуу уруу. Ичтеринде падышалары жок, бектери бар, бектерин кашка дешет. (Алар) каапыр да, мусулман де эмес. Жерлери тик тоолуу, анда-санда ашуулар бар. Эгер бир падыша аскерлерин алып, аларга келсе, үйлөрүн тоо ичине ташышат, өздөрү ал ашуулардын оозун кармап турушат, эч кимди өткөрүшпөйт. Жай ташын колдонуп, аларга келген аскерлердин үстүнө кар жаадырып, ушунчалык суук кылышат, аскерлердин колу-буту катып калат. Ошентип ал кар менен сууктун артынан чабуул жасап, согушушат, душманын талкалашат. Алар киши каза болгондо жерге көмүшпөйт, бийик дарактар бар, ошол дарактарга табыты менен чыгарып коюшат. Сөөктөрү чирип, жок болгончо турат .

Орусча:

По эту сторону Кашгарии обитает племя, носящее название киргиз. Они - кочевники и той же породы, что моголы. Это - многочисленное племя. У них нет хана, а есть только беки, которых называют кашка. Они не кафиры и не мусульмане. Киргизы живут на крутых горах, в которых есть местами проходы. Если какой-нибудь царь поведет на них войско, то они отсылают свои семьи в глубь гор, а сами занимают те проходы, чтобы никто не прошел. Действуя камнем яда, они заставляют снег падать на идущие против них войска и производят такой холод, что воины противника не могут действовать ни руками, ни ногами. Вслед за тем они производят нападения и разбивают врагов. Умерших они не зарывают в землю, а кладут в гроб, который подвешивают на растущие у них деревья: кости их остаются там, пока не сгниют не рассеются (Караев, 1958; 74) .

XVI кылымга таандык маалыматтарды камтыган бул текст Кашгардын түндүгүндө кыргыз деген көчмөн эл отурганын, алардын саны көп экендигин белгилөө менен башталган. Андан кийин алардын тоолордо жашары, аларды хан эмес, бектер башкарып, бул бектер кашка деп аталары айтылган. Мындан тышкары ишенимдерине, өлүк көмүүсүнө жана согуш жүргүзүү тактикаларына байланыштуу маалыматтар берилип, жай таш менен аба-ырайын өзгөртүп, кар жаадырышары сүрөттөлгөн. Күбө болгонубуздай, бул эмгекте XVI кылымдагы Теңир-Тоо аймагында жашаган кыргыздарга байланыштуу реалдуу фактылар менен катар уламыш сыяктуу маалыматтар да орун алган.

Сейфи Челебинин “Таварихиндеги” кыргыздардын өлүктөрүн даракка асып койгону тууралуу маалымат башка булактарда да кездешет. Алсак, 1557-1571-жылдардын аралыгында Англиянын элчиси катары Россияга келип кеткен Энтони Дженкинсон аттуу дипломат, соодагер жана саякатчы 1558-1560-жылдары Орто Азияга саякат жасап, европалык саяктатчылардын ичинен биринчи жолу Орто Азиянын толук картасын түзүп чыккан. Мына ушул Энтони Дженкинсондун Орто Азия картасында кыргыздар латынча Kirges деп берилип, кыргыздарга байланыштуу иллюстрация катары берилген сүрөттө дарактарга илинген өлүктөр орун алган. Н.А. Кузнецов сүрөттөгү латынча текстте “кыргыздар уруулар түрүндө жашашат. Алардан кимдир бирөө каза болгондо, жерге көмбөстөн даракка илип коюшат” деп жазылгандыгын белгилеп, христиандык келгенге чейин шорлордо өлүктү даракка илип коюу салты болгонун кошумчалайт (Кузнецов, 2019: 128). Демек кыргыздар Түштүк Сибирдеги салтын улантышкан деген ойду айтсак болот.