Сейтек.
1)Олжого кеткен Айчурок эмне себептен Кыязды тындым кылган эмес ? Жооп: Себеби анын уч айлык боюнда бар болот ал бала чонойсо Семетейдин жолун улап кыргызга баш болот деген
2)Айчурок Кыязды кантип алдаган? Жооп: Айчүрөк болсо Кыяз Семетейден уулу бар экенин билип калбасын деп. Баланы сыйкыр менен 9ай эмес 12 ай көтөргөн. Кыяз атайын билимдуу адамдарга ай эсебим салдыртып санаткан. Ошентип бул сенин балаң деп алдаган.
3)Кыяз кайсы учурда жети кемпирди чогултат? Жооп: Кыяз Айчуроктун ичиндеги тороло элек баланы Манастын урпагы экенин билет. Эпосто:Айчүрөктөн шек санап,арамы тоодой эр Кыяз,туула турган баладан, чынында коркуп турду эми,Айчүрөктүн амалын баштатан билген куу арам,7 кемпир чакырып, минтип айтып турду эми,кыз төрөсө Айчүрөк,аппак ороп алгыла,уул төрөсө Айчүрөк,акыры душман зилинде,жакшылык кылбас түбүндө,аркы атасы эр Манас,өрттөнгүрдүн тукумун,өз колумда бакпаймын.
4)Айчуроктун айынан калкты жыйган Кыязга Куту кандай кенеш берет? Жооп:Кыязга Куту мындай Дейт айды жетисинде 12ай болуптур бала сеники андан кумон санаба андан коро апа тоюна тонсон союнуз ага амыштан ат коюнуз. Кыяз балалуу болду деп напаларды жоюнуз деп акыл айткан.
5)Кыяздын байлыгы канча казына болгон? Жооп: Кыяздын байлыгы 7 казына болгон. Эпосто мындайча айтылат: Жети там экен казына Жедигердин эр Кыяз Казына оозун ачты эле Арканы жибек булуң оор Ар бир пулду кемпирге Зарып кылып чачты эле 6)Жети кемпир эмне себептен наристени жок кылууга бел байлайт? Жооп: Айчүрөктүн баласынан шек санап. Ушул Семетейдин баласы болсо, кийин өчүн алат деп коркуп. Жети кемпирди жалдап. Кыяздын буйругу менен наристенин жок кылууга бел байлайт. 7)Кыяз жети кемпирге кандай шарт коёт? Жооп:Кыяз Айчүрөктүн туула элек баласынан коркуп. Жети кемпирди чакырып буйрук берет. Эгерде Айчүрөк кыз төрөсө аппак ороп алгыла. Аа эгерде уул төрөсө киндигин кесип көзүн тазалап салгыла деп шарт коёт. 8)Кыяз жети кемпирге берген устара үчүн канча малын сарптаган? Жооп: Баласын олум кылууга Кара малдын жарымын, Устара учун короттум.
9)Жети кемпир колдонгон устара кайсы ууга чыланган? Жооп: Эпосто мындайча айтылат: Устарадан алдырдым Бул устара мизинде, Ажыдаардын уусунан, Мизине мыктап салдырды Тороло элек баланын Манастын урпагы экенин Кыяз билгенби?
Жооп: Кыяз Айчуроктун ичиндеги тороло элек баланы Манастын урпагы экенин билет. эпосто:Айчүрөктөн шек санап,арамы тоодой эр Кыяз,туула турган баладан, чынында коркуп турду эми,Айчүрөктүн амалын баштатан билген куу арам,7 кемпир чакырып, минтип айтып турду эми,кыз төрөсө Айчүрөк,аппак ороп алгыла,уул төрөсө Айчүрөк,акыры душман зилинде,жакшылык кылбас түбүндө,аркы атасы эр Манас,өрттөнгүрдүн тукумун,өз колумда бакпаймын. деп айткан жери бар эпосто.
10)Тороло элек баланын Манастын урпагы экенин Кыяз билгенби? Жооп: Кыяз Айчуроктун ичиндеги тороло элек баланы Манастын урпагы экенин билет. Эпосто:Айчүрөктөн шек санап,арамы тоодой эр Кыяз,туула турган баладан, чынында коркуп турду эми,Айчүрөктүн амалын баштатан билген куу арам,7 кемпир чакырып, минтип айтып турду эми,кыз төрөсө Айчүрөк,аппак ороп алгыла,уул төрөсө Айчүрөк,акыры душман зилинде,жакшылык кылбас түбүндө,аркы атасы эр Манас,өрттөнгүрдүн тукумун,өз колумда бакпаймын. Деп айткан жери бар эпосто.
11)Жети кемпир Кыяздын талаптарып угуп кандай шарт коет?
Жооп:(35бет)7 кемпир: биз сага Айчүрөктүн жаңы төрөгөн баласын өлтүрүп беребиз,а сен бизди 30дагы жигитке нике кыйгын деп Кыязга талап коёт.Эпосто:
Оксогон созду кылыныз
Отуздагы жигитке
макул кылып элине
Буйрук кылып жерине
бизди нике кыйыныз деп айтат.
12) Айчуроко жети кемпир жайын ким айтып барат?
Жооп: (37бет)Жети кемпир Кыязга
Убада кылып турганын
Уккан экен Карачач
тизеси жерге бугулуп
толгоо тарткан Чурокко
жетип келди жугуруп
конулу кеткен болунуп
козунон жашы тогулуп
айта буйта дегиче
Антандап шашып Карачач
Айчуроко барды эле:
"Айланайын эжеке ,
коруп койсом коонум ток
Озундон башка караан жок
мен коргонду кордунбу?
мен билгенди билдинби?
мен билгенди билбесен
Багыштын уулу Эр Кыяз
Жети Озон сизге жер эмес
жедигер сизге эл эмес
Эр Кыяз сага эр эмес
эркек туусан озунду
дубалап козун оюуга
баланды алып союуга
Кемпирдин баары кеп кылды
убадасын бек кылды деп Карачач айтып келет Айчуроко.
13)Карачач эмне себептен Айчуроко колдоо корсотот?
Жооп: (36бет)Анткени Карачач Айчүрөк Кыязга келгени,арыган жаны оңолуп,ар капасы жоголуп,Айчүрөк менен бечара,Кудай деген кеп кылып,өлө турган шерт кылып,Кең Таласка кетүүгө, бир мураска жетүүгө,убаданы бек кылып,басса-турса Айчүрөк элин мактай берчү эле,Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, жерин мактай берчү эле,кайрылып жакшы күн келсе,Таласка кайра кетүүгө,өзү менен бирдикте,Карачач ала кетүүгө,убадасы бар экен,ошон үчүн Карачач,Айчүрөктөй эжесин, калкалап жүргөн жан экен деп айтылат.
14)Жети кемпирдин устарасы эмне себептен ишке жараган жок?
Жооп: (37бет)Жети кемпир Айчуроктун жанына келген учурда Карачач ошол убактарла устарасын уурдап алат аны тубу жок карангы уусу бар кудукка ыргытат.эпосто мындайча баяндалат:
Жети бирдей кемпирдин
Козун байлап калды эле.
Жети устара жабдыгын,
Карачач уурдап алды эле
Тубу жок кара кудукка,
Алып барып салды эле
Кудугуна устара,
барган замат жетти эле
Уусуна чыдабай
Суу тубундо кара таш ,
Как жарылып кетти эле.
Дел болуп кемпир кангыды,
Жинди да эмес ,соода эмес
Эрени берген устара
Устарадан айрылды . деп айтылат
15)Айчурок жети кемпирдин соогун кайда жашырган?
Жооп:(38бет) жети кемпирди уу менен олтурушот Карачач Айчуроктун Кайненеси Каныкей берген "Чык этпес "деген уу болчу уу кошулган кымыздан берип олтурот эпосто мындайча баяндалат:
уу кошулган кымыздан,
Жети кыркыт кымызды ,
Жеткилен эптуу Карачач.
Кемпирлерге куйду эле,
шамдагайы болжолсуз
Шыпылдаган бейтаалай.
Карчыгадай камынып
Калп кемпирге жалынып,
калака ченеп уу берип
кашык менен суу берип.
олтурот анан: Коломтонун чекесин
ороо кылып койду эми
жеткилен кайсы Айчурок
Бу жетоону эптеп сойду эле
буктой салып белинен
коломтонун жеегинде
Тундурма чала койду эле.
Бир кишиге билинбей
бир адамга корунбой
жети мастан олду эми
Кайра тартпас чын жайды
Бузуку жетоо корду эми
жетоонун жаны тынды эми .
16)Сейтек торолгондо асманда кандай белги болот? Жооп:Тараза жылдыз батканда Тан согулуп атканда. Доолунун иши жоноптур тободон. Чолпон кошулуп белги болуп тороптур торолгондо баласы. Ырымы мындай карачы, Оң чекеден кун чыгып, Сол чекеден Ай чыгып, Тогоол болуп бул экөө Белги болуп алыптыр. Ушундай белги менен торолот. окуясы Сейтектин торолушу
17)Сейтек төрөлгөндө кандай өзгчөлук менен торолот? Жооп:Төрөлгөндө эле баатыр экени көрүнгөң. Чоң баатырды кичиретип койгонсуп ,айбаттуу, өзгөчөболуп төрөлгөн.Эпосто:Торолгондо бу бала, Баладан башка корунуп, Аркасында кара жал, эки айрылып тогулуп, Ойрону кокжал шеринен, дал озундой корунуп, Кирпиги жалындаган,козу чоктой мындай жаралган жаляктай оозу жардай кабагы мн торолгон
18)Кыязга уулду болдун деп эн алгач ким суйунчулойт? Жооп:Кыязга уулду болгонун Айчурок озу баласын акка ороп алып барып биринчи озу суйунчулойт
19)Кутунун айтуусу боюнча канды кудай ураарда кандай болот? Жооп:Канды кудай ураарда Калкы турмак койнунда Катыны менен жоо болот деген маани болгон. Кыяз баланы алып, арам ойлоп оюу бузулуп калаганын Куту байкап ошентип акыл айтат. Баланы сактап калган десек да болот.
20)Балага арам санаган Кыяздын оюн ким буруп кетет? Жооп: : Айчүрөк балалуу болдук деп Кыязга сүйүнчүлөп барганда, Кыяз баягы жиберген жети кемпирим ишке жарабаптыр,Бул Душандын уулу ,чонойсо балее кылат.Энеси менен кошо жок кылайын деп жини келип арам ой ойлоп турганын Куту байкап калып: Жаман кан өз баласын башка дейт,аялын адушман болбой ,оюңду туура кылып бала кылып ал,сенин балан,Айчүрөктой сулууну зайып кылып ал.Эгерде баланы өлтүрсөн Айчүрөк аккуу кейпин кийип,атасына барып арызданып баарыбзды жок кылыщпасын дегенде,карап турган элдер да туура дешкенде Кыяз макул силердики тура деп той кылат.
Окуясы:Сейтектин төрөлүшү.
21)Кыяз эмне себептен уулуна той берет? Жооп: Айчүрөк балалуу болдук деп Кыязга сүйүнчүлөп барганда, Кыяз баягы жиберген жети кемпирим ишке жарабаптыр,Бул Душандын уулу ,чонойсо балее кылат.Энеси менен кошо жок кылайын деп жини келип арам ой ойлоп турганын Куту байкап калып: Жаман кан өз баласын башка дейт,аялын адушман болбой ,оюңду туура кылып бала кылып ал,сенин балан,Айчүрөктой сулууну зайып кылып ал.Эгерде баланы өлтүрсөн Айчүрөк аккуу кейпин кийип,атасына барып арызданып баарыбзды жок кылыщпасын дегенде,карап турган элдер да туура дешкенде Кыяз макул силердики туура деп той кылат. Кошумча жооп: 27-суроодо да бар.
22)Айчүрөктөн күндөштөрү кимдер эле? Жооп: Айчүрөктүн алты кундошу болгон
1. Чачыкей
2. Кайыпчал кызы Куялы (Семетейдин аялдары)
3. Кайыпкан кызы Акмербет
4. Каракан кызы Карачач
5. Жанаалы кызы Жайнаш
6. Кунжу кызы Кара Коз (Кыяздын аялдары)
23)Кыяз алгачкы жубайына кантип үйлөнгөн? Жооп:Биринчи жубайын озу каалап үйлөнгөн эмес. Олжого келген Кыз болот. Эпосто мындай айтылат: Озум Кыяз болгону Кыяз атка конгону. Кечоо кармашты катуу салганда Кайыпкан кызы Акмербет Кагыштан эчен Эр олуп Кармап алган катыным Мойнуна тумар такканым Эркелетип бакканым .
24)Кыяз аял кишиге кандай мамиле жасаган? Жооп:Кыяз аял кишиге жакшы мамиле кылган. Алардын суулугун айтып суктанган. Мисалы Кундой сулуу буран бел, болумдуу шекер создуудон , моймойгон кара козундон, кумар болуп суулуга, Каракан кызы Карачач, каалап алган катыным, андан кийин Айчурок, сулуулугу жанда жок дейт. 25)Кыяз эмне себептен экинчи ирет аял алган? Жооп:Биринчи аялын Кайыпкан кызы Акмербетти озу каалап алган эмес. Олжого келген кыз болгон. Акмербет Кыязга бала төрөп бере алган эмес. Ошондуктан бала төрөп бере алган сулуу аялды издеген. Анан Каракан кызы Карачачты алган. (Күнжүттүн каны )
26) Эмне себептен Кыяздын такасы жерге кирип кеткен? Жооп:Себеби:ал баатырдын тукуму деген белги болчу. Айчүрөк баланы Кыязга сүйүнчүлөп баргандан кийин. Кыязга Куту ал балам ала кой , менин уулум болду деп, Атын өзүн коё кой дегенден кийин. Кыяз Айчүрөктон сурап баланы алат. Бирок баланы Кыяз алганда такасы жерге кирип кетет. Ошондон кийин Кыяз менин балам эмес экен деп шектенип калат.
27)Баланы өлтүрмөкчү болгон Кыяз Айчүрөктүн каарынан кантип аман калат? Жоо: Себеби:ал баатырдын тукуму деген белги болчу. Айчүрөк баланы Кыязга сүйүнчүлөп баргандан кийин. Кыязга Куту ал балам ала кой , менин уулум болду деп, Атын өзүн коё кой дегенден кийин. Кыяз Айчүрөктон сурап баланы алат. Бирок баланы Кыяз алганда аттын такасы жерге кирип кетет. Ошондон кийин Кыяз менин балам эмес экен деп шектенип калат. «бул Манасын туку экен деп» деп айтып. Баланы өлтүрмөкчү болуп колуна таша алып калат.Айчүрөк ошол мезгилде жанына жетип барып,Кыяздын таш кармаган колун кармап: Эпосто:Жедигерди эл экен деп келгенмин.Сени жакшы эр болот деп келгенмин. Башка аялдарын төрөбөй мен бала төрөп берсем дагы арам ойлоп турасың. Балам үчүн жанымды аябайм.дуба окуп,Аккуу кейпин кийип ,атамдын шаарны абарып бүт элди жыйып,сенин тукумунд ужок кылам деп .Кыяздын колунан баланы жулуп алат. Уйчүрөктүн чындап жини келгенин сезген кыяз калп күлүп «сени сынадым» деп кутулуп тойду өткөрөт.
28)Бур учурда эки башка абалды мыкты аткарган кайсы каарман? Жооп: Бул Кыяз. Эки абалды корсотуп турат. Коркуу жана суктануу. Ал Айчүрөк баары бир ниетин бербесин билип , акыркы чыккынчылык кыларын ойлоп жана анын жадыгөйгуугунон корккон, ошол эле учурда анын сулуулугуна суктанган.
29)Жедигер журту эмне себептен ат кое алган жок? Жооп:Жойпуланып эр Кыяз Эп болор кептен салды эми, Баланын атын койгун деп, Калкын жыйып салды эми. Бирок эч ким ат коё алган жок. Анткени Кыяздын баласы эмес экенин баары билген.ошодон коркупылайык ат таба алышкан эмес. Карылар жаштар койгула деп Жаштар бурөө да коё албай качып качып тарады. Бир гана Кызыл Думана чыгып ат коёт.
30)Думана эмне себептен баланын атын Сейтек койгон? Жооп: Анткени Сейтек атынын чечмелениши. Алышкан жанды сойсун деп, Кабылан жанды кайсаган, Кезиккенди мерт кылган, Көбурт салып келгенде, Короодой Кызыл тал буткон, Аскар тоодой көрунсун Кабыланды кайсаган Кайран Сейтек болсун деп , - атын койду Думана Деп айтылат 31)Сейтектин атын койгон кожону Кыяз эмне үчүн камап койгон жок? Жооп:Думана ат коюп жатып «Түп атасы Түгөлхан,Бул Манастын тукуму,өзүндой шер болот,аты Сейтек болсун » деп айтат. баланын атын коёору менен Көздү ачып жумгуча, Башын кесип алаарда, Караса көзгө илинбей Кайда экени билинбей Көздөн кайым болду эле. Деп эпосто айтылыптыр
32)Айчүрөк Сейтектин жетимдигин билгизбеш үчүн кандай амал колдонгон? Жооп:Жетимдигин билдирбеш үчүн. Жанынан чыкпай баккан. Кирдүү кийим кийгизбей. Күрдүү идиштен ичирбей. Кыязды жанына жолоткон эмес. Күнү-түнү уктабай коркуп баккан.Эпосто мындай айтылат: Бая, Айдай катын Айчүрөк Аты Сейтек баланы Бир кишиге көргөзбөй Болот эшик сарайга Болжолу жок далайга Мойнуна тумар тактырып Алдейлетип бактырып.
33)Кара дөө Сейтекке кайсыл жерден жолугат? Жооп:Жети-Өзөндүн ээн талаасынан Салбуурундап жүрүп жолугат. Сейтек урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай, тийишерге жан таппай ошол жака барып калат. Ал жерде кузгун да учпаган ээн талаа болгон. Ошол жерден Кардөөнү көрүп “бул дөөнү өлтүрүп,атын олжолоп алайын ” деп ойлоп турганда .Кардөө жай сөз баштап ата-тегин айтат.
34)Кара дөө Сейтекти эмне үчүн издейт? Жооп: ..Сейтекке баардык чындыкты айтуу учун издейт. Кара дөө Сейтектин кантип Кыяздын жеринде төрөлгөнүн жана ким экенин жакшы билчу. Себеби: ал дагы Семетейдин элинен Жедигерге олжо болуп келген. Эпосто: Аман көрүп баланы учурашып кайтууга,кыйла сырын айтууга,ата-тегин айтууга кезиккен жүргөн кези экен.
35)Сейтек ата-ти н канча жашында уккан? Жооп:Ата-тегин 13 жашында Карадөөдөн угат..
36)Сейтек Күлчоро жайын алгач кимден угат? Жооп:Кара дөөдөн угат. Кара дөө бардыгын ата-бабаларына чейин айтып берет. Ошондо Кулчоро жонундо да айтып берет. Ал жылкы балы Карагулда кулдукта жургондугун. Кыяз мн Канчоро кандай Кулчорого арамдык жасаганын айтып берет.
37.)Кызылсартты ким издеп табат? Жооп: Кара дөө Күлчорону айыктырыш үчүн, жер бетин кезип дарыгер Кызылсартты издеп жөнөйт. Ошондой эле Келфун,Хоттен шаарларын да кыдырып өтөт. Ошентип Кызылсартты Кара дөө издеп табат.
38)Күлчоро эмне себептен Карагулдан суранат? Жооп: Күлчоро Бозбаладан кеп угуп,12де эр Сейтек, ойрон чыкты деп угуп,мына ошондо Күлчоро, бала баатыр Сейтекти, дегдеп калды көрүүгө,андан кийин өлүүгө,эр Сейтекти көрсөм деп, андан кийин курган жан, каза жетсе, өлсөм деп, Карагулдан ошондо руксат сурап жалынып: мага 7 күн мийзат бериниз,7 күндөн кечиксем,койдой башты кесиңиз,кан зайыбы Чүрөктөн,кийим-кече сурайын,кулга ырайым этиңиз, - дейт
39)Кыяз эмне себептен Карагулду тең ата көргөн эмес? Жооп:Анткени Кыяз текебер, менмин деп эле турган кандардан болон.ал анын кол алдында иштеген жылкычысы болчу. эле Манас Семетей ж.б. айкөл кандар жылкычысына да жакшы мамиле кылган. Бирдей көргөн. Аа Кыяз болсо Карагул жылкысын менден ылдый турат деп тең ата көргөн эмес.
40)Бешиги төргө өтпөгөн, атасы мээрим төкпөгөн каарман? Жооп: Бул Карагул.Ал мыкаачы адамга жакшылык кылчу түрү жок адам болчу. Эпосто мындайча айтылат: Күрсүлдөгөн Карагул Багыштын салбаган улуу, экен Балакет басып бул экен, Энеси салбар батасы, Бу чоңойгон экен атасыз, Мунун желбоосу жерге жетпептир, Жерге кирген акмактын, Бешиги төргө өтпөптүр,
. 41)Күлчоро эмне себептен Айчүрөккө таарынат? Жооп: Кулчоронун таарынган себеби. Женеси Сейтек жонундо айтпагандыгында. Эмне үчүн жеңем менден Сейтекти жакшырды деп таарынган. Дагы бир себеби ушул убакка чейин менден кабар албайт,Кыязга көңүлүн буруп кеткенби,хан абам менен чогуу жүргөң чоросун неге эсетебейт деп да таарынган.
42)Карагул кандай шарт менен Күлчорону жиберет? Жооп:Кулчоро аларга отун ташып берчү.араң жан болуп жашап калган эле.Сейтектин жайын угуп көргүсү келип Каргаулга кырк күндүк отунду ташып берип “барып кийим алып келейин хандын аялына барып ” деп суранат. Карагул жини келип чаап чалаарда Бозбала арчага түшүп куткарып калат. Ошондо Карагул: Барсам кулум барып кел, Белги деп Белек албай кел, Үмүт кылсан жанындан, Жети күндөн калбай кел, Жети күндөн кечиксен, Култундаган кутургур Тирүүлой чукуйи көзүңдү, Каран калган жылкыны, Карматканын минип бар Убададан танбай кел – деп жиберет.
43)Күлчорону Кыяз өлтүрмөкчү болгондо ким сактап калат? Жооп:Күлчорону көргөн Кыяз жинденип,Карагулга сүйлөнүп, мындай дейт:Ата-а ,сени Карагул,бу кутурган куу кулга,калайманды баштабай, эмгиче союп таштабай,алып жургөн экенсиң,-деп Күлчорону Кыяз жыга чаап жиберип, башын кесип аларда,Айчүрөк ажыратып алып: «хан дагы кулга кол көтөрчү беле,Сен хансын .ал кул ага нервинди кетирбе деп амал таап сактап калат. Эгер Күлчорону өлтүрсөң,Ак куу кебин киемин,атам Акундун колун мол алып,өзүңдү өрттөп иемин» деп коркутуп, Күлчорону аман алып калат.
. 44)Сейтекти аман алып калуу үчүн Айчүрөк кандай арга тапкан? Жооп:Балтыр эти толо элек,балбандык чагы боло элек,чарайна тон кие элек,чалкалап жоого тие элек,Күлчоро жайын угузсам, абакелеп ээрчисе,арам сактап эр Кыяз, балтыркан сүт баламды,мерт эттирип койбосун деп айтпай жүргөн. Деп Сейтекти аман алып калыш учун ата-бабаларын, чындыкты айткан эмес.
45)Жылкыдан кабар алуу үчүн бара жаткан Сейтекке Кыяз кандай талап коет? Жооп:Саламат барып сак келсин, сагындырбай бат келсин, эсен барып соо келсин, эриктирбей бат келсин, жети күндөн калбасын, алты ай, жети жоголуп, салбуурунга кетип калбасын, Андай шумдук кылбасын, алты күндөн кечикпей, келсин уулум өзүмө, көрүнсүң менин көзүмө! – деген талап менен жиберет.
46)Сейтек эмне себептен Карагулду тындым кылууга аргасыз болот? Жооп: Сейтек м-н Күлчоро жылкыга жетип келгенде. Карагул Күлчорону көрүп каарланып, Бул чочконун албаганын карачы, Эки колун тең байлап, Эки көзүн тең чукуп, Ит өлүмүн кылгыла – деп ошентип Карагул турганда. Мунун баарын көргөн Сейтек. Күлчоронун кыйнап жататканына чыдай албай. Көзү өрттөнүп, Карагулга кол салып, Аны тындым кылууга аргасыз болот.
47)Көмүт деген эмнени билдирет? Жооп: Көмүт – капалык, кайгы, нааразылык, өкүнүчтүү билдирет.
48)Кызылсарттын Күлчорого келип жардам берүүсүнө негизги эмне себеп болгон? Жооп:Кара доо Кызылсартты таппандай кийин. Айчүрөк жазган катты берет. Айчүрөк катта мындай деген:аяш ата Кызылсарт,ушул турган кеселди,азап менен тозоктон ажыратып алыңыз,ажыратып албасаң,уруп кетет антыңыз» деп жазган.Кызылсарт окуп: Айчүрөк мындай деген соң,катын сыйлап барайын,арбагы тоодой Манастын, атын сыйлап барайын,-дейт. Бир чети досу Алманбеттин балсын көрүп жардам берейин деп барган.
49)Кызылсарт ким менен 3 сапар антташкан? Жооп:Алмамбет менен 3 сапар антташкан. Эпосто:Асыл жандар кем болгон Ааламдын шери Күлчоро Жүз көрүшүп, өң көрүп Бир көрүшүп кайтайын Алмалуу жылкы боз эле Атасы Айкөл Алмамбет Үч антташкан дос элек.
50)Кызылсарттын балбандарынын артыкчылыгы эмнеде? Жооп: 60 балбан белине, кетмендей токоч байлашып,арты кучак,чоң комуз, дутарларын тарттырып,60 балбанга тегиз акуш айттырып,демедеме күрүч,ширин аш, конгон жерге кайнатып, көк кепичин тепейтип,аргымагын чекейтип деп айтылат.
51)Кызылсарт Күлчорону кантип айыктырат? Жооп:Көк даңгыт итти союп, анын кечирин Күлчоронун далысына жамап, кырк жолу кыркма кызыл даары менен кайнатма кара даарыны шыбап Күлчорону өлүмдөн сактап калат.
52)Айчүрөк эмне себептен жылкыдагы Сейтекке бармак болот? Жооп:Сейтекке кабартырлагып. Ал жайын билип келейин деп . ананда Кыяздан кетээр убак болду,балам чоңойду. Деп план түзөт. . Анан да Тоотору мн Жекей бос тонду алыш учун.Тооторусу жок Кыяз алсыз болмок.
53)Кыяз эмне себептен Тооторуну Айчүрөккө бербеймин деп айта алган эмес? Жооп: Кыяз Айчүрөк Тооторуну сурап келгенде, бербеймин дейт. Бирок,Айчүрөк Ак куу кебин кийбесем, ай-ааламды кыдырып, кол чогултуп келбесем, Кыяз сенин ошентип, бир жазаңды бербесем ,- деп коркутат. Ошондо Кыяз ойлонуп: Чындап кетсе Айчүрөк,айтканын кылып жүрбөсүн,атасынан кол курап,антип уйкум бөлбөсүн деп коркуп,андан көрө Чүрөктүн айтканына көнөйүн,Тооторуну берейин деп берип койгон жайы бар.
54)Жезкемпир Айчүрөктүн кайсы буюмуна таң калган? Жооп:Тоннуна таң калат. Айчүрөк Күлчорого арнап тиккен тон болчу. Эпосто мындай айтылат: Шай колдогон Күлчоро Күлчорого олчогон « Берен уул кийсин» - деп Берен жеңең жасаган Жез кемпир көрүп сындаган Жети жыл кийсе урушка Жебирилбей чыдаган Кайран жеңең Айчүрөк Толукшуган чорого Тонун жасап алыптыр.
55)Жез тумшук кемпир сынаган тулпар? Жооп:Жез тумшук кемпир сынаган туулпар бул Тоотору эпосто мындай айтылат Жез тумшук кемпир сынаган. Жеткилен кулук Тоотору Айгай салса шашпаган, Ай карангы тундордо Бир изин эки баспаган. Чуу укканда согулгон Чуркаганы кара жер Кат-катынан болунгон, Карасаат жолтойдун Тулпардык саны корунгон, Ташты басса кем эмес, Тоодо жургон кийиктей Тотудай куйрук чабаган, Мына ошондой жер болсо Чып этип ирмеп суу жутпай, Чым дегизип чоп жебей, Чыдай берчуу маал экен Тулпардыгы бар эле деген жайы бар
56)Кыяздын тайы кайсы эл болгон? Жооп: Жанаалы , Карач эки дөө Тагабыз экен сураган Сураганга бербеген Бермек турмак каранды Бейли жаман минбеген. 57)Жанаалы, Карач эмне себептен жедигерден көөнү калган? Жооп:Анткени Кыяз Карачачды аялыдай эмес кызматкердей мамиле кылган жедигер элида ага терс мамиле жасашкан ошол учун коону калган
58)Баабедин ата жактырган күлүк? Жооп:Бул Тоотору. Эпосто мындайча айтылат: Баабеден ата жактырган Кабыргалуу казанат Кадырман кулук Тоотору ат Буудайды жара чайнаткан Бир тундо алты караткан Айгыр ашып, бээ тууган, Телегейи тен тууган, Теги тулпар Тоотору ат.
59)Айчүрөк Кыяздан Тооторуга кошуп кайсы буюмду кошо сураган? Жооп:Тоотору мн кошо Ок отпос Жекей бос тонду сурайт Эпосто: Тулпардан жетик коройун Баланды алып келейин Деген созго конунуз Уркуттоп баккан Тоотору Тоотору атты бериниз Толуктап ок отпос тондон киейин Катын да болсом, кайран баш Тоотору берчи минейин
60)Аттан сөгүш уккан учурду билесизби? Жооп: .«Катын десе кынына, батчу Кыяз экенсиң. Как төбөңдөн бир кудай, атчу Кыяз экенсин» - деп тилдеген бул анын Тоотору тулпары болгон.Тооторуну Кыяз Айчүрөккө берип койгондо, Тоотору Кыязды ушундай деп катуу айткан жайы бар.
61)Жылкыдагы Кулчоро, Сейтекти Кыяз кайсы жерден жол тосот? Жооп:Жапа корсон олууго, Олбогон кундо Кыязга Жанжалдашып корууго, Шай колдогон эр Чоро, Телегейи тен Чоро, Эн далысы кен Чоро, Оболкусун санасан Аалам бузган эр Чоро, Эрлик- шердик озду эле Жанырыктын Жар- Кыя, Жалгыз малдын чубама Эр Кыяз жолун тосту эми, Ээн жерден кезиксе, Түзүн буруп отууго, Тугөнушө кетууго.
62)Тооторуну алдырган Кыяз жылкыга кайсы атын минип келет? Жооп:Айчурокту издегенде Кыяз семетейдин жылкысынын кулуну Кылкурон минип чыгат. Ал эми Тооторуну Айчурок минип кеткен.Тооторуну Кыяз бербеймин деген. Бирок айчурок Ак куу кебин кийбесем ай-ааламды кыдырып кол чогултуп келбесем. Кыяз сенин ошентип бир жазанды бербесем, -деп коркутат. Ошондо Кыяз ойлонуп, Айчурок айтканын кылып журбосун, атасынан
63)Жедигерге эмне үчүн Кара дөө кан болот? Жооп: Сейтек ,Күлчоро,Кара дөө болуп, Кыязды өлтүргөндөн кийин Жедигер элин жыйып алып Күлчоро мындай деп кабар салат: Ушу турган кара дөө,Жедигер сенин каныңар,жер майышкан кол келсе,душманга беттеп уруучу,эл кайтарып туруучу,чокмор болор Кара дөө,канаттууга кактырбай,камчылууга чаптырбай,күтүп алчу эр ошол,-деп Кара дөөнү элин бакчу эр жүрөк деп кан шайлаган жайы бар.
64)Сейтектин тушунда Таластагы кыргыз күздөгөн жер? Жооп: Кыяз олгондон кийин. Айчурок Сейтек Кулчоро болуп Таласка келишет. Айдай катын Айчурок. Талас жерин көрүп бир ыйлап, Элин көрүп бир ыйлап. Ийри Марал, Жез тумшук, ал куздоочу жер экен, ошол жерди жердеген кыргызгызды көрүп бир ыйлайт – деп айтылат.
65)Кышында калкты көчүрүп мазасын алган кан? Жооп: Бул кан Канчоро. Эпосто элдин нааразылыгы мындай айтылат: Бу каарлуу чочко турганда Бу Талас бизге жер болбойт Бу Кыргыз бизге эл болбойт Аргын менен кыргыздын Жактырбай отун өчүрдү Жабылат журтту чуулатып Кыштын күнү көчүрдү.
66)Канчоронун ордосундагы чынар, терек эмне себептен соолуп калган? Жооп:Талын кесип сулатып тамын жыгып кулатып Ак сарайды талкалап Канчоро кан жок кылды-деген ыр саптарынан чыгардын талдарын кесип соолутуп салганын биле алабыз 67)Канчоронун тушунда тыштан душман кол салбаганынын себеби эмнеде? Жооп:Канчоро каардуу кан болгон, Катылган адам жай болгон. Адам тилин албаптыр Астына бирж ан барбаптыр Кутуруп өлген чочкого. Каяш берип тозгондой, Жалгыз адам калбаптыр.
68)Ордосунан чыкпаган, сарайында көп уктаган кан? Жооп:Канчоро. Ай ааламдын каны болгонсуп уйкудан башын бурбаптыр кесири кубат заары куч тошоктон өөдө турбаптыр. Кулчоро Канчоро го кирип насыйкат айтканы 353 бет
69)Канчоронун башы жарылган учур? Жооп: Канчоро Айчурокту коргондо коркуп кетип, жерди жаза басып алып, жерге башы тийип жараланат.
70)Канчоро кандай өлүм табат? Жооп: Канчоронун башы жерге тийгенде, Кулчоро Айчурок экоону ажыраткыча, Айчурок Канчоронун устуно чыгып жарып олтурот. 71)Күлчоро эмне себептен Сейтектин сунушуна макул болбой коет? Жооп: Кыйнап бир келген элимди,Жети-Өзөн толгон Жедигер,жетип жыйып алайын,жалгызын тирүү калтырбай,кылычтап кыргын салайын,-деп Сейтек жиндегенде,Күлчоро мындай деп тыйып коёт: Жедигер журтка катылба,башчысы акмак эмеспи,карапайым калкта не жазык,желиккен бойдон кырганда,жазыксыз эл чабылар,сага караан эл кайдан табылар,Жети-Өзөндө Жедигер,караан да ошол, бел да ошол,караан болчу эл ошол,караандуу журтка катылып, кападар кылба сен ошол,- дейт.
72)Сейтек уулу чоңойгонун айткан Кара дөөгө Семетей эмне себептен маани берген эмес? Жооп:Семетей,укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт, көрсө,Перинин кызы Көкмончок, кысталыш жерден куткарып, сезимдеринен ажыратып,өзү менен жашатып алган болот. 73)Айчүрөккө кайып болгон Семетей жайын ким сүйүнчүлөп келет? Жооп:Кайыпчынын Кара-Үңкүрүнөн Карадөө Семетейди коруп. Айчүрөккө Семетей жайын биринчи сүйүнчүлөп келет.
74)Кара дөө кайып болгон Семетейди кайсы жерден табат? Жооп: Кайыпчынын Кара-Үңкүрүнөн Карадөө Семетейди көргөндө,алапайыын табалбай,көзүнүн жашын тарта албай мындай деген жайы бар: кең дүнүйө тар болуп, бир көрүүгө зар болуп,жоготуп сизди кан аба, душманга калдык кор болуп,чабылган журтка барыңыз,азган-тозгон элиңди, кайрадан жыйып алыңыз деп жалынат.
75)Семетей эмне себептен Күлчоро жалынса да кебин угуп, жооп бербей коет? Жооп:Семетей,укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт, көрсө,Перинин кызы Көкмончок, кысталыш жерден куткарып, сезимдеринен ажыратып,өзү менен жашатып алган болот. 76)Көкмончок эмне себептен Семетейди кайып кылып кеткен? Жооп: Кокмончок семетейди жактырып калат. Анан Аны кыяз мн чын кожо олтурмокчу болот экен анан кийин Кок мончок асманды туман кылып семетейди алып кетип калып кайып кылып жиберет экен.
77)Кайыптан кайра бул жашоого эмненин жардамы менен келсе болот? Жооп:Семетей өзү айтат Менин апам Каникей тирүүбү, Бакай тирүүбү, Айчүрөк тирүүбү деп сурайт ошондо Күлчоро ооба деп жооп берет Семетей менин энемди алып келсең мен сүтүм эмип,жытын жыттасам, кулагым угуп көзүм көрүп сыйкыр кайтат дейт. 78)Кайып болгон Семетей Желпиниште канча жыл жүргөн? Жооп:Көкмончок Семетейди сыйкырлап, жадыгөйлөр биригип алып кеткенин, Жердин түбү желпиниште 3 жыл мында болгонун айтат Күлчорого.
79)Семетей эмне себептен 3 жыл арап чөлдөрүндө жүргөн? Жооп:ал өзү каалп жүргөн эмес. Көкмончок сыйкырлап ээрчитп жүргөн. Медийнанын чөлүндө Жан баспастын жээгинде Үч жыл анда болгонмун дейт Семетей Күлчорого .
80)Сарыбай эмне себептен башка баатырды эмес Карадөөнү биринчи жайлайт? Жооп: Карадөө салбуурунда жүрүп бейкапар уктап жаткан жер алдындагы Желмогуздун уулу Сарыбайды «Манастап» ураан чакырып уйкусунан ойготот. Ал эми Манастын тукумуна Сарыбай душман болчу. Карадөөдөн башка эч ким да жок болчу
81)Сарыбай Карадөөнү кайсы жерден көргөн? Жооп:Сарыбай кара дөөнүн ан уулап жүргөндө Барса -Келбес деген жерден коргон.
82)Карадөө Сарыбайдын колунан кайсы жерден каза табат? Жооп:Кара дөө тынч уктап жата албай ,жо келип калабаы депо тура албай чек араны карап, кээде Салбурунга чыгып кетчу.ошенти жүрүп Желпиништин Барса-Келбес деген жайга барып калып Сарыбайды көрүп муну жок кылайын деп найза сунат. Бирок Сарыбай оңой дөө эмес болчу. Карадөө Барса-Келбес деген жайдан каза табат. Ал жер Сарыбайдын жери болгон
83)Сарыбай менен Бакайдын кандай окшоштугу бар? Жооп: Экоотен бала чагынан жетим калган. Анан экоо тен Желпиниште чонойгон. Баатыр болушкан, акылдуу болушкан сакалдуу болушкан, экөөнүн аты күлүк болгон.
84)Барса-Келбестин жолун кантип жаптырган? Жооп: Манастын тушунда жер-сууга ат коюуда,ошол жердин шартына ыңгайына,касиетине,өзгөчөлүгүнө маани берип, ошого жараша ат ыйгарышкан. Мисалы: Манас, Алмамбет,Чубактар, адамдарга жашаганга ал тургай барганга коркунучтуу болгон жерге ташка чегип, “Барса-Келбес” деп ат коюшкан жайы бар. Анан Кокон кандыгынын шаарынан эки аарчы кыязды алдырып, сыйкырлап БарсаКелбестин жолун бекиткен.
85)Желпиништи бүгүнкү Америка материги дегенге кандай негиз бар? Жооп:Бүгүнкү Америка материгинде күн батыштагы жердин түгөнгөн чеги. Ошондуктан аны Желпишиш менен окшоштуруп ошентип атап койсок дагы болот.
86)Араан ооз баатыр? Жооп: Ал Манастын тукуму Жабыркап кетти деп угуп Араан ооз Темиркул Аты жок жоо алп айдап Алдан түрлүү калк айдап Таласты каптап басууга Кыйындап кыргын ачууга.
87)Сарыбай Семетейдин толук жайын кимден уккан? Жооп: Сарыбай Семетейдин толук жайын сыйкырчы кыз Жадыгөй кыздан угат.Эпосто:Туйгун МАанс көк жалдын,Тукум у бар деп угун,Келберсиген көк жалдын,Баласы бар деп угуп,Жадыгөй кыздан кеп угуп деген жери бар.
88)Сарыбай Семетейге келип кол салгыча кайсы кандыктарды чаап алган? Жооп: Ал Сараңбай деген бай кишинин жерин басып алат.Баласы Чаңдаякты олжо кул кылып жанына кошуп алат. Желпиништи да басып алып, Жарманстын элин кырган. Кайыпчал өлгөндө анын да элин басып алып,уруш салганда Куялы урушуп кууп кетирген. (ушуларды гана окудум.)
89)Карадөөнүн ок өтпөс тону? Жооп:Жекейбоз Жакасы алтын, жеңи жез Ок өтпөгөн бадана Түтөп кетип баратат.окуясы: Сарыбай менен алышканда айтылат.
90)Желмогуз уулу Сарыбайга эмне үчүн кыргыз баатырларынын алы жеткен эмес? Жооп:Семетей, Сейтек, Күлчоро менен беттешкен. Семетей кайыптан жаңы гана бошонуп келсе, Күлчоро жаратынан айыкканы менен кадимки күч-кубатына али жете элек эле, ал эми Сейтек болсо жаш. Ошондуктан Сарыбайга алы жеткен эмес. Сарыбай да жөнөкөй эмес алп, күчтүү душмандан болгон.
91)Чаңдаяк эмне себептен Сейтекке эл болом жан амандыгын сурайт? Жооп: Себеби Сарыбай Сараңбай деген бай кишинин жерин басып алат.Баласы Чаңдаякты олжо кул кылып жанына кошуп алат.Чандаяк жалпы Сарыбайдын элинин атынан Сейтекке элчи болуп келип жан амандыгын сурайт. Себеби Сарыбай элди кыйнап, боодо кырып, тынч койгон эмес Жана дагы бул согушка дагы элди кыйнап алып келген. Чандаяк элдин келечегин ойлоп аксакалдар менен кенешип Сарыбайдын колунан азап тартып жургончо, Сарыбайды угуп Сейтекке каршы аттанып боодо кырылганча багынып берип, кыргызга эл болуп кошулууну туура корот. Менин оюмча
92)Куялынын тулпары? Жооп: Желжетпес. Сарыбайга каршы Күлчоро менен Сейтекти жанына алып, Куялы аттанып чыгат. Сарыбайдын сырткы сүрү, баатырдык бедели шумдук, эл-жерге мүшкүл салып турган учуру. Чачын төбөсүнө ороп түйүп, башына көк темир туулга кийип, Желжетпес тулпар минип жекеге чыккан алп кыздын көрүнүшү андан да ашып түшөт.
93)Сарыбайды ким тындым кылат? Жооп: Кыргыздарга Желмогуз уулу Сарыбай катылып,кыргыздар такаат бере албай,айла кетип турганда Айчүрөк Аккуу болуп кыдырып, Кайыпчал кызы Куялыга барып мындай дейт: Желмогуз уулу капырдан, ажыратып ала көр,аман элди куткарсаң,каалаганың берейин,каалаганың бербесем, так Акун кан атама тиейин дейт. Ошондо Куялы шарт коет,Семетей алса өзүмдү, Сарыбайды жеңейин,-деп.Муну укканда Айчүрөк: эрдигиңе жанашпайм, катындарча каңкылдап,кабылан шерди талашпайм,-деп макул болот. Ошентип Сарыбайды Куялы тындым кылып берет.
94)Акберметке Сейтектин жайын айтып ким сүйүнчүлөйт? Жооп: Кулайым. Эпосто мындайча айтылат: Жыргалдуу сөздөн урду эми Мелтиреген бейбакка Сүйүнчүлөп турду эми: Келбеттүү шериң келиптир Кеп кылба Кудай бериптир Барааны тоонун тениндей Беренин келип алыптыр Айбаты башка адамдан Шериң келип калыптыр.
95)Сейтекти тосуп чыгууга аттанган Акбермет кандай формадагы сөйкө салынып чыгат? Жооп: Сейтекти тосуп чыгууга аттанган Акбермет тумарча сойко салынып чыгат. Эпосто: Перинин кызы Акбермет Жалал жакут, алтындан Тумарча сойко салынып.
96)Акжолтой эмне себеп болуп Күлайымды алып калат? Жооп:Акберметке Сейтек м-н Акжолтой бара электе Кызыр Олуя кезигип. Кызыр Олуя Акжолтойго Перизаарда Күлайым Дегдеп жүрөк басылган Таалайына жазылган. Деп айткан. Күлайым м-н Акжолтой биринчи бири бирин көрүп калып эле жактырып калат
. 97)Сейтек Акберметке кайсы жерден кезигет? Жооп:Кен-Озон.. Эпосто:Күйүккөн жүрөк басылып, Каалаганы кабылан Керектүү жаңы Акбермет, Кабылан Сейтек көк жалга Кен-Озондон табылып.
98)Байкоңур канча жашында атасынан айрылган? Жооп: Кан Коңурбай баатырдын баласы экен Байкоңур, атакеси өлгөндө, атакесини арбайтып, Күлчоро баатыр сойгондо, 6 жаш кези экен деп айтылат.
99)Байкоңурдун Китеге айткан арманы же болбосо акыркы тилеги? Жооп:Артында калган баласы Чоң Китеге арманын айтып, атанын кунун ала көр , бир кыргынды сала көр, Манастын калган тукумун, өрт өчкөндөй кыла кор деп айткан жайы бар.
100)Эсенкандын ордуна кийин ким кан болгон? Жооп: Эсенкандын ордуна Байкоңур уулу Коңурбайдын небереси Чон ките кан болот. Эпосто: Кырк кандын эли Кытайга Кымбат Ките кан болду Эки тизгин, бир чылбыр Эр экен Ките алыптыр Кан Эсенкан ордуна Бадыша болуп калыптыр. Окуясы:Кожожаштын небереси Чонбилгич Таласка барып,Алардын жылкысын тийип качат.Артынан кууп келишет. Сейтек менен Акжолтойго 100 кишисин алдырып ,Жалгыз урушуп араң жан болуп кайтып келгенинде айылат.