СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Селекция - организмдердин маданий формаларын өзгөртүү жолу

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Селекция - организмдердин маданий формаларын өзгөртүү жолу»

Селекция - организмдердин маданий формаларын өзгөртүү жолу Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна

Селекция - организмдердин маданий формаларын өзгөртүү жолу

Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна

«Селекция» латын тилинде

«Селекция» латын тилинде "selectio" – тандоо деген сөздөн келип чыккан. Селекция – бул жаныбарлардын породаларын, өсүмдөктөрдүн сортторун, микроорганизидердин жаңы штаммдарын жана алардын гибриддерин пайда кылуунун жаӊы жолдорун жана ыкмаларын негиздеген илим

Селекциянын негизги максаттары: Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу түрлөрдү жаратуу Климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаңы сортторду алуу Жаныбарлардын эт, сүт, жумуртка өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу Организмдердин сапатын, даамдык жана технологиялык касиеттерин өркүндөтүү Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу түрлөрдү жаратуу Климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаңы сортторду алуу Жаныбарлардын эт, сүт, жумуртка өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу Организмдердин сапатын, даамдык жана технологиялык касиеттерин өркүндөтүү

Селекциянын негизги максаттары:

  • Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу түрлөрдү жаратуу Климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаңы сортторду алуу Жаныбарлардын эт, сүт, жумуртка өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу Организмдердин сапатын, даамдык жана технологиялык касиеттерин өркүндөтүү
  • Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
  • Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу түрлөрдү жаратуу
  • Климаттык шарттарга ыңгайлашкан жаңы сортторду алуу
  • Жаныбарлардын эт, сүт, жумуртка өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу
  • Организмдердин сапатын, даамдык жана технологиялык касиеттерин өркүндөтүү
Маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышынын борборлору:

Маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышынын борборлору:

Иван Владимирович Мичурин (1855–1935) — орус селекционери жана генетиги, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшыртуучусу, 300 ашык маданий мөмө-жемиштердин, 48-алма, 15-алмурут, 33-алчанын сортторун чыгарган. М: кара кишмиш сорту - жүзүмдүн уруктары жок , жагымдуу даамга ээ, эрте бышат. Алмуруттардын француз сорту Бере-Диль менен жапайы уссурия сортун кайчылаштыруудан Бере-зимняя сортторун алган

Иван Владимирович Мичурин (1855–1935) — орус селекционери жана генетиги, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшыртуучусу, 300 ашык маданий мөмө-жемиштердин, 48-алма, 15-алмурут, 33-алчанын сортторун чыгарган. М: кара кишмиш сорту - жүзүмдүн уруктары жок , жагымдуу даамга ээ, эрте бышат. Алмуруттардын француз сорту Бере-Диль менен жапайы уссурия сортун кайчылаштыруудан Бере-зимняя сортторун алган

Кыргызстандын белгилүү селекционерлери: Р.Ф. Любавина, Д. Токоев, В. Ибрагимов, Т. В. Бессонов күзгү буудайдын сортунун жогорку түшүмдүүлүгүн, сортторун - Лютенс-42 (тушумдуулугу, кирешелүүлүгү 90-110 ц/га), Кыял, Бермет (82 ц/га), Тилек (71 ц/га) чыгарышкан. Алай породасынын, Ысык-Көл мериностун, кыргыз жундуу эчкилердин породасынын автору Ботбаев Ильяс Махмудович. Айыл чарба илимдеринин доктору, селекционер Джунусова Мира Карабековна, Кыргызстанда «Кыял», «Адыр», «Тилек», «Азиброш» буудайдын сортторун чыгарган. Бул сортторду сорт сыноочу участоктордо эгип, Кыял (85,7 ц/га), Адыр (86,4 ц/га), Тилек (87,7 ц/га) сорттору сапаты жагынан баалуу болуп жана алар нан бышыруу учун колдонулган. Кыргызстандын селекционерлери тарабынан уяң жүндүү койлорду, жылкыларды, уйларды, тоокторду чыгарууда эмгектенишкен.

Кыргызстандын белгилүү селекционерлери:

Р.Ф. Любавина, Д. Токоев, В. Ибрагимов, Т. В. Бессонов күзгү буудайдын сортунун жогорку түшүмдүүлүгүн, сортторун - Лютенс-42 (тушумдуулугу, кирешелүүлүгү 90-110 ц/га), Кыял, Бермет (82 ц/га), Тилек (71 ц/га) чыгарышкан. Алай породасынын, Ысык-Көл мериностун, кыргыз жундуу эчкилердин породасынын автору Ботбаев Ильяс Махмудович. Айыл чарба илимдеринин доктору, селекционер Джунусова Мира Карабековна, Кыргызстанда «Кыял», «Адыр», «Тилек», «Азиброш» буудайдын сортторун чыгарган. Бул сортторду сорт сыноочу участоктордо эгип, Кыял (85,7 ц/га), Адыр (86,4 ц/га), Тилек (87,7 ц/га) сорттору сапаты жагынан баалуу болуп жана алар нан бышыруу учун колдонулган.

Кыргызстандын селекционерлери тарабынан уяң жүндүү койлорду, жылкыларды, уйларды, тоокторду чыгарууда эмгектенишкен.

Кыргызстанда койлордун негизги тукумдарынан кыргыз уяң жүндүү, Тянь-Шань жарым уяң жүндүү жана алай кылчык жүндүү кой тукумдары белгилүү. Эт-жүн багытында өстүрүлгөн Тянь-Шань жарым уяң жүндүү кой тукуму жаңы тукум катары 1966-жылы бекитилген. Койдун бул тукуму аргындаштуруунун татаал жолу менен алынган. Ал үчүн куйруктуу ургаачы кой жана линкольн тукумунун кочкору менен аргышташтырылган. Бул койдун жүнү жылмакай кездеме токууга жарамдуу.

Кыргызстанда койлордун негизги тукумдарынан кыргыз уяң жүндүү, Тянь-Шань жарым уяң жүндүү жана алай кылчык жүндүү кой тукумдары белгилүү.

Эт-жүн багытында өстүрүлгөн Тянь-Шань жарым уяң жүндүү кой тукуму жаңы тукум катары 1966-жылы бекитилген. Койдун бул тукуму аргындаштуруунун татаал жолу менен алынган. Ал үчүн куйруктуу ургаачы кой жана линкольн тукумунун кочкору менен аргышташтырылган. Бул койдун жүнү жылмакай кездеме токууга жарамдуу.

Микроорганизмдердин штаммы (нем. «Stamm» - сандыкча, тукум) - вирустардын, бактериялардын жана башка микроорганизмдердин же клеткалардын культураларынын, белгилүү убактагы жана белгилүү орундагы обочолонгон таза культурасы. Москванын мамлекеттик университетинде сүт-кычкыл бактериянын жаңы штаммын ачышты. Консерванттык азыктар жана пробиотик (адамдын организмине пайдалуу таасир этип, ичеги-карындын ички флорасынын кызматын нормалдуу иштешин камсыздоочу жандуу микроорганизмдер) катарында пайдалануу үчүн ишелип чыккан. Пробиотик бактериясына лактобацилус, бифидобактериялар кирет. Микроорганизмдердин ферменттери, медицинада жана фармацевтика өнөр жайында да кеңири колдонулат.Бактерияларды тамак-аш онер жайларында да пайдаланышат. Мисалы:сут кычкыл бактериялар сүттөгү кант менен азыктанып,сүт кислотасын пайда кылат.Сүт айранга, суюк каймак коюу каймакка айланат. Жашылчаларды ачытуу ,тоюттарды силостоо да сут кычкыл бактерияларынын жардамы аркылуу болот .Пайдалуу бактериялар сүт кислотасы жашылчаларды бузулуп кетүүдөн сактайт.

Селекцияда микроорганизмдер жана бактериялуу жер семирткичтерди өндүрүү, аминокислоталар, витаминдер - микро-биологиялык каражаттар катары өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана оорулардан

коргоодо пайдаланылат.

Жыйынтык: Селекциянын негизги максаты – адамзатка керектүү жогорку өндүрүмдүү, туруктуу жана сапаттуу организмдерди алуу. Бирок бул багыттагы иштер экологияны, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам ден соолугуна тийгизген таасирин эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.

Жыйынтык:

Селекциянын негизги максаты – адамзатка керектүү жогорку өндүрүмдүү, туруктуу жана сапаттуу организмдерди алуу. Бирок бул багыттагы иштер экологияны, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам ден соолугуна тийгизген таасирин эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.

Үйгө тапшырма § 41. 9-таблица, «Ата мекендин селекциясынын жетишкендиктери» деген темада презентация даярдагыла

Үйгө тапшырма

§ 41. 9-таблица,

«Ата мекендин селекциясынын жетишкендиктери» деген темада презентация даярдагыла