Сабактын темасы:
Селекциянын негизги методдору
Сабактын максаты:
1.Селекциянын негизги методдорун талдоо жана айырмалап билүү
2.Генетикалык инженериянын жардамы менен жаралган организмдер
3.Селекциянын заманбап методдору
4.Генетикалык инженерия менен биотехнологиянын айырмачылыктары
5.Кыргызстандын селеционерлери
Жасалма тандоо – 10миӊ жылдан ашык өзүнө керек болгон белгилерге ээ болгон жандыктарды адам тандап, көбөйтүп,муундан муунга белгилерди өрчүтүп келишкен.Мындай тандоо жасалма тандоо деген атка конгон. Жасалма тандоонун материалдарын биринчилерден топтоп жана талдап чыккандардын арасында Чарльз Дарвин болгон.Окумуштуу табигый жана жасалма тандоонун айырмачылыгын тактап чыккан. Табигый тандоонун натыйжасында организмдердин жашаган чөйрөгө ыӊгайланыштырган белгилердин жыйындысы түптөлөт.Ал эми жасалма тандоо адамды кызыктырган айрым белгилерди жакшыртат. Жасалма тандоонун негизги максаты – керектүү сапаттарды алуу менен бирге ошол сапаттарды туруктуу кылуу.Ошондуктан жаӊы сорт же породаны жаратууда жакын тектеш жандыктарды бири бири менен кайчылаштырат.Себеби алыс тектеш жандыктардын аргындары тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Массалык тандоо – селекцияга дуушар болуучу өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын популяциясынан керектүү белгилери бар жандыктарды тандап, аларды бириктирип, бир жерде өстүрүп же багышат.
Биотехнология-(грек тилинен которулган «биос»- тиричилик, «техно»-өндүрүш, “логос”- илим) тирүү организмдердин тиричиликте өндүрүштө пайдаланууну изилдөөчү илим. Максаты: тирүү организмдерди биологиялык системаларды, процесстерди, өнөр жай масштабында керектүү заттардан продуктуларды алуу болуп эсептелет. Милдети:
Саламаттыкты сактоодо колдонулган жаңы биологиялык заттарды, дарыларды алуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерин оору козгогон зыянкечтерден коргогон керектүү заттарды алуу, бактериялык жер семирткичтерде өсүмдүктөрдүн өсүүсүн жөнгө салуучу пайдалуу заттарды алуу.
Айыл чарбачылыгында жаныбарлардын продуктуулугун артырууда баалуу витаминдерди, азык кошулмаларын, ферменттерди, амино кислоталарды алуу
Ветеринарияда колдонулуучу жогорку эффективдүү препарат алуу
Тамак аш, химия, микробиология, өнөр жайларда баалуу продуктуларды алуу
Айыл чарба, өнөр жай жана үй тиричилигиндеги калдыктарды кайра иштетүү эффективдүүлүгүн изилдеп, башка тармакта айыл чарбачылыгынын эл чарбасында колдонуучу башка заттарды алуу.Мисалы: жер семирткичтерди, күйүүчү майларды, биогаздарды алуу.Ушуга ылайык биотехнологиянын негизги багыттарын аныкташкан.
Тамак аш биотехнологиясы
Медициналык биотехнология
Айыл чарбалык биотехнология
Өнөр жайлык биотехнология
Экологиялык биотехнология
Генетикалык инженериянын милдети- организмдин, клетканын, гендин деңгээлинде тукум куугучтук материалын өзгөртүп, адамга пайдалуу жаңы касиетке ээ болгон организмди алуу.Эң алгач америкалык биохимик Хар Гобинд Корана 1967-жылы генди алгач синтездеген. Ал белоктогу аминокислоталардын ирети боюнча ДНКдагы нуклеотиддердин ырааттуулук катарын аныктаган, б.а. генди химиялык жол менен синтездеген.
Негизги багыттары:
Молекулярдык
Гендик
Хромосомалык
Клеткалык
Ткандык
Организмдик
Популяциялык
Генетикалык инженериянын модель объектилери болуп: вирустар, фагдар, бактериялар, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдар клеткалары болушат.
Кыргызстандын селекционерлери
Кыргызстанда көрүнүктүү селекционерлер Р.Ф.Любавина, Д.Токоева, В.Ибрагимова, Т.В. Бессонова күздүк будайдын жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгышкан: Лютенс – 42 ( бир гадан түшүмү 90-110 ц) , Кыял, Бермет (бир гадан түшүмү 82 ц жакын), Тилек (71 ц). Т.В. Бессонова Нутанс – 89ц. Ардак- күздүк арпанын сортторун, жаздык арпанын сортун чыгарган. Жүгөрүнүн Манас- сортунун негизинде жогорку түшүмдүү гибриддерди К.С. Седоев деген селекционер иштеп чыккан. Бул гибриддердин түшүмдүүлүгү гектарына 200 ц.ден айланат. Жогорку дээӊгелдеги ийгиликтерге Кыргызстандын селекционерлери башка айыл– чарба өсүмдүктөрү менен иштегенге жетишти: кант кызылча (академик Акималиев Ж.А, Степаненко Г.С.), софлёр, пахта, мөмө- жемиштер, капуста ж.б. Зоотехнологиялык илимге зор салым киргизгени үчүн белгилүү Кыргызстандын окуумуштулары эл аралык таануда : академиктер М.Н. Лущихин, Н.И. Захарьев, А.С.Всяких, ошондой эле академиктер И.М. Ботбаев, Р.Э Садыков, илимий докторлор жана профессорлор А.З. Квитко, Р.Э Садыков, Е.Г.Мезенцев, А.К.Каниметов, А.С Ажибеков, А.К. Кыдырмаев О.Д. Дуйшекеев, А.Н. Назаркулов, И.А.Альмеев, В.А. Чертков жана башкалар.
Эӊ чоӊ жетишкендиктери:
• койлордун кыргыз уяӊ жүндүү, тянь-шандык жарым уяӊ жүндүү, алай кесик жүндүү, кыргыз тоолук меринос, айкөльдүк эттүү – майлуу породаларын пайда кылуу;
• бодо малдын алатау жана аулиэатин породалары;
• аттардын жаӊы кыргыз породасы;
• кыргыз эчкинин тыбыт, жүн жана сүттүү породолары;
• кыргыз тооктордун породалык группалары;
• андан тышкары койлордун 27 линиялары жана 4 типтери, 21 бодо малдын түркүмдөрү болду.