СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Семетей менен Айчүрөктүн жарашышы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Семетей менен Айчүрөктүн жарашышы»

Кыргыз адабият \9-класс\2-чейрек\ 2-сабак___________________________________

Тема: “Семетей” эпосу

(Семетей менен Айчүрөктүн жарашышы)

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: эпостун сюжети, андагы баалуулуктар жөнүндөгү билимдерди алышат.

-эпостун сюжтин түшүнө алышса;

Социо-маданий: эпостун маани-маңызын түшунүүгө, эли-жерди сүйүүгө тарбияланышат.

-эпостогу Семетейден таалим-тарбия алышса;

Кептик: окуучулар жекече көз караштарын айтууга далалаттанышат.

-ар бир окуучу жеке коз караштарын таңуулабай айта алышса.


Лингвистикалык минимундар: сюжет, эпитете, каарман

Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:


Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

Арыбаңыз!

Бар болуңуздар!


Синонимдер:

Каарндануу-ачуулануу

Жемелөө-урушуу, тилдөө

Калайык-эл-журт, көпчүлүк

Шок-тентек, жоболоңдуу

Кыйрашар-согушар, урушар

Белгилүү-таанымал, атактуу, даңазалуу

Сулуу-чырайлуу, келбеттүү

Алкым-тамак

Керилүү-чоюлуу

Эринүү-зеригүү

Аягы-буту

Курдаш-курбу

Туурук-чор

Атборой-ай-аалам, жер жүзү

Сыдырган-кыдырган, айланган, тегеренген

Зайып-аял, ургаачы

Антонимдер:

Жоо-дос,

Аппак-капкара

Каардуу-жумшак

Арык-семиз

Арам-адал


Омонимдер:

Эр-эр жигит, күйөө

Бел-дене органы, дем берүүчү шык, ылай алып берүүчү күрөктүн бир түр


Бой-дене бой, жалгыз адам


Аягы-буту, бутушү, соңу

Макал-лакаптар

Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет

Жигиттин созү өлгөнчө өзү өлсүн

Жокту жок издеген табат, жлдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат.

Жолоочунун-жолдогусу-жакшы, жолдо болсо-үйдөгүсү жакшы.

Калкка эп келсе, кан төөсүн соёт


Жаңылмачтар:

Сулайман-Тоо-сулуу тоо

Сулуу тообуз-улуу тоо

Улуу тообуз-сулуу тоо

Сулуу тоонун улуулугу бар

Улуу тоонун сулуулугу бар


Беш күн-иш күн

Иш күн-беш күн

Беш күн бутсө, иш күн бүтөт

Иш күн бүтсө, беш күн бүтөт

Беш күн көппү, иш күн көппү

Иш күн көппү, беш күн көппү?




2)Үй тапшырмасын суроо(5-мүнөт)

Айчүрөктүн биринчи көрүнгөндөгү сырткы келбетин сүрөттөгөн жерин суроо..

Эпостогу Семетей, Айчүрөк, Күлчорону сүрөттөп бергиле...

Чыйырды-Жакып хандын аялы, өз аты Шакан

Каныкей-Манастын жары, оз аты Санирабига

Үргөнч-Ооганстан аймагындагы дарыя

Күлчоро-Манастын жигити, оң колу, алманбеттин уулу

Чоро-жигит, бул жерде Күлчоронун кыскартылган, эркелеткен аты

Калча-душмандар тараптагы кишинин ысымы

Мурадил-кытай тараптагы кишинин ысымы

Акун-Акуункан, Ооган ханы, Айчүрөктүн атасы

Чүрөк-Айчүрөктүн кыскартылган, эркелеткен ылакап аты

Кеңкол-жер аты, Таласта Манастын турагы

Абыке-Жакыптын кичи аялынын төрөлгөн алты уулунун бири. Тууганы Манаска каршы иш жүргүзөт.

Темиркан-Каныкейдин атасынын өз ысымы

Каракан-Темиркандын ылакап аты

Букар-Каныкейдин атасы атемир(Каракан, Темиркан) ээлик кылган олкөнүн борбор шаары. Азыркы Өзбекстандагы Бухара кааласы

Алакөл-Көлдүн жана анын ойдуңунун аты, Балхаш болушу мүмкүн делет.


3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

“Семетей ” эпосунда Семетей Айчүрөккө келип шумкарымды таап бергин дейт. Сендей келжиреген кызды кантип алайын, эгер шумкарым жоголсо сен өңдөгөн кыздан сексен болот айыбы-дейт. Ачуусу келген Айчүрөк сабыр кылып турсаң ак шумкарың табылар, а бирок абийир эч качан табылбайт. Оо дүйнө кеткен атаң болбогондо сендейлерге эгерим тиймек эмесмин. Сени атакеңдин арбагы үчүн ушунча жыл күткөнүм, сени күткөндөн көрө Музбурчактын уулу Буянбекке тийсем не болмок. Салмактуу кыйын эр деген Көкчөнүн уулу Үмөтөйгө тийсем не болмок. Эрдиги сенден жөн эмес, Үрбүнүн уулу Жошонуга тийсем не болмок. Кызыл-Кыя жердеген Кырымдын уулу Мурадылга тийсем не болмок.

Кебез белбоо, кең өтүкчөн Калчага тийсем не болмок. Албасаң алба канкорум, Коңурбайга барамын, барып тийип аламын. Эч бобосо Жылкычы башы Карагулга тийемин. Уламадан уладым,билгичтерден сурадым. Сенин ушундай канкордугуң билгенмин деп шолоктоп ыйлап, өз чатырын көздөй басып кирип кетет. Ошондо Канчоро, Күлчорого бул бут элге кабар кетпейби, каалап барган катынын кайра албай келди деп, элдин баары күлбөйбү. Айланайын Кулчоро кыздарга эптүү бала элең, жеңекеңди алып кел, мен болсо Семетейди алып келейин деп экөөсү эки жакка барып, экөөсүн көндүрөт. Канчоро айтат айланайын Семетей ар ургаачы өз төркүнүндө ушинтип зор болот, ачууңузду таштаңыз, бөлөкчө кыял баштаңыз. Ошондо Семетей бура тартып Чүрөккө, бууданың басып жөнөйт, Акундун кызы Айчурөктү Күнчоро алып келет. Ошентип ободогу Үркөр жылдыздай бири-бирине ымала болушуп жарашышат. Күүгүм кирип күн батып калганда чатырларды бүктөтүп, буурага жүктөтүп, желбегей кийгизип, желбеген жоргого мингизип, бир кишиге билинбей, бир адамга көрүнбөй күүгүм кирип калганда Айчүрөк он төрт атка он төрт кызды кынатып мингизип Семетей менен кошулуп Ооганга жөнөп кетет. Шыгайдын уулу Чынкожо билип калбасын деп из калтырбай кетет. Көрсө Айчүрөк Кан Акундун кызы экен, ургаачынын узу экен.




1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)

Акшумкар-Манастын калган Семетейдин кушу.

Музбурчактын Буянбек-Бурумбук, Бурмабек деп айтылат, атасынын кийин Чамбылга хан болот. Семетейден өч ал деп аны да үндөшөт.

Сарыарка-жердин аты, казак талаасы.

Көкчөнүн Үмөтөй-казактын Сарыаркасыныны ханы, Семетейдин бөлөсү.

Үрбүнүн уулу Жошо-Экикеминдин турак кылган Торуайгыр кыпчак ханынын уулу.

Экикемин-жер аты, азыркы Кеминде.

Кызыл-Кыя-жер аты, Каркыра жактагы ашуу, тоо.

Кырымдын уулу Мурадыл-кытай баатыры.

Коңурбай –кытай каны, баатыры. Манастын жана Семетейдин башкы душманы

Карагул-Коңурбайдын жылкы башчысы, саяпкер-сынчы, айлакер, кабарчы, тыңчы.

Канчоро-Чубактын уулу, Семетейдин башкы жигити.

Ооган-жер аты, өлкө.

Буурул-Тайбуурул, Семетейдин минген аты.

Шыгайдын уулу Чынкожо-жедигер уруусунун каны, кийин Семетейден бийлик талашкан ички душмандардын бири.



4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


Семетей Айчүрөктөн эмнени талап кылып тура берди?

Айчүрөк Семетейге неге таарынды?

Кудалашуу салты жана Айчүрөктүн аны сыйлашы.

Айчүрөк көргөн Семетейден башка кишилердин ар бирин мүнөздөп бергиле?

Күлчоронун аракети..

Канчоронун аракети

Айчүрөк менен Семетейдин жарашуусу

Семетейди тосуп алуу шаан-шөкөттөрү

Ооган шаарынын көрүнүшү

Башкы каармандарга мүңөздөмө...

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?

Сабакта эмнеден кыйналдыңар?

Эртеңки сабакты эмнелерди күтөсүңөр?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Синоним, антоним, омоним, макал-ылакаптар. Чыгарманы окуп келүү. Колдонмо дептерди толтуруу.

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»