СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Семетейдин кайып болушу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Семетейдин кайып болушу.

Просмотр содержимого документа
«Семетейдин кайып болушу»

Тема: Семетейдин кайып болуп кетиши

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар Манас кыргыз элин сактап келгенин түшүнүшөт жана “Манас” эпосунан үзүндү айтып, көркөм окуп, каармандар боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

  2. Окуучулар өз алдынча иштөөгө, өз оюн так айтууга жана маалыматты кыскача жаза билүүгө көнүгүшөт.

  3. Окуучулардын мекенди сүйүүсү курчуп, элдик маданий мурастарды сактоого жана патриоттуулукка тарбияланышат.

Сабактын көрсөткүчтөрү:

  1. Эпостун мазмунун терең түшүнүшсө жана эпостон үзүндүлөрдү айтып, көркөм окуй алышса

  2. Өз алдынча иштей алышса жана өз ойлорун кыска, так, даана түшүндүрө алышса

  3. “Манас” эпосуна, ал аркылуу кыргыздын мурастарына кызыгуулары артса

Сабактын тиби: жаңы материалдарды өздөштүрүү

Сабактын усулдары: Венндин диограммасы, кластер, пирамидалык стратегия жана башка

Сабактын ресурстары: “Манас” үчилтиги, ватман, маркер, слайд ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу (саламдашуу,жоктоо,топко бөлүү, жагымдуу маанай түзүү, баалоо критерийлерин түшүндүрүү)

  2. Сабак “Манас” гимнин хор айтуу менен башталат.

  3. Рудинов Акжол “Семетей” эпосунан үзүндү айтат.

  4. Өткөн сабакты кайталоо максатында 1-топ карточкаларга жооп беришет, 2-топ окуялар боюнча пирамидалык стратегия түзүшөт.

  5. Жаңы тема: Бүгүнкү темабыз “Семетейдин кайып болуп кетиши”

  6. Сабактын максаты окуучулардын позициясында айтылып, мугалим толуктайт.

  7. “Аргымак багып ат бактым,

Айлансын Буурул буудандан.

Азамат жыйдым эр жыйдым,

Айланып кетсин Канчоро

Күлчородой туугандан” бул кимдин сөзү деп ойлойсуңар? (окуучулар жооп беришет). Андан соң тема боюнча окуу китебинен окуучулар көркөм окушат (улам окуучулар, мугалим тарабынан түшүндурүлүп, сууроо-жооп болуп турат).

Демек,Үмотөйдүн атасы Көкчө Чөн казатта өлгөн экен. Анын кунун кууп Үмөтөй Семетейге каршы чыгып жатат. Энеси Акеркеч: “Экөөң карын бөлөсүң, тең туугансың, атаң Манас менен доону бирге доолошкон, жоону бирге жоолошкон кой” десе болбойт. Семетейге Күнчоро кой десе болбойт. “Тайбуурул менен Бакайды мага тартууласын” дейт. Семетей: Карын бөлөм кармашпасын. Эл кылып мында алып кел, ага дагы да болсо башына чырды салып кел дейт. Үмөтөй Күлчорону найза менен тосуп алат, Күлчоро Үмөтөйдү ыргыта сайып өлтүрөт. Сарыкан, Бакай, Каныкей, Күлчоро болуп кеңешип Акеркечтин астына түшмөй болушат.

Канчоро: “Кир сактатпай душманга кексиз болуп кетелик кунга Табуурулду кош”-деп Семетейди макул кылат. Ошондо “Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени – Семетейдин ажалынын жеткени”. Канчоро Кыязды издеп таап, экөө Манастын күмбөзүнөн жолукмакчы болушат. Ошондо Каныкей барба десе болбой Күлчоро менен Семетей барат. Кыязды мен өлтүрөм деп Канчоро Семетейдин жоо киймин кийип, Суркоёнду алдап минип барып, бирок Кыяз менен өбүшүп көрүшөт. Семетейди Канчоро өпкө боордун тушу деп найза саят. Кыяз башын алмакчы болгондо Семетей көзгө түшпөй жок болот. Айчүрөктү Кыяз, Чачыкейди Канчоро алат, Бакайды мал кайтартат. Каныкей жарылып өлмөкчү болгондо Айчүрөк боюнда бар экендигин айтып “күт” дейт.

  1. Сабакты бышыктоо:

1-тапшырма:

Биринчи топ, Венндин диограммасын Каныкей менен Айчүрөк жана Манас менен Семетей, Канчоро менен Күлчоро боюнча түзүшөт

Экинчи топ, оң жана терс каармандар боюнча кластер түзүшөт.

2-тапшырма:

  1. Үмөтөйдүн өлүмүнөн ким пайда тапты?

  2. Канчоро Семетейге эмнеликтен өчүккөн?

  3. Канчоро ойлогон оюн кантип ишке ашырды?

  4. Төлгө таш кандай белги берди?

  1. Сабакты жыйынтыктоо:

Демек, биз ушуну менен “Манас” жана “Семетей” эпостору боюнча аяктадык, ошондуктан доскадагы сүрөтторгө көңүл бурсак. Булардын кимиси “Манас” эпосунда тирүү калгандар? Ал эми “Семетей” эпосунда кимдер тирүү калды?

  1. Манас”, “Семетей “ эпосу боюнча слайд көрсөтүлөт.

  2. Үйгө тапшырма: “Манастын уулу Семетей” деген темада дилбаян жазып келүү


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!