СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сен өз укугуңду билесиңби?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сен өз укугуңду билесиңби?»

Сен ъз укугуёду билесиёби?





«Укук деген эмне» — бул жөнүндө кеп салаардан мурда макалабыздын мазмуну менен тааныштырып кетели, алар:
1.Коомдук ченемдер
2.Укук деген эмне?
3.Укук жана адеп-ахлак
1.Коомдук ченемдер. Ар бир адам өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ошентсе да көпчүлүк мезгилде алар окшош аракеттерди аткарышат: иштешет, эс алышат, үй-бүлө курушат дагы ушу сыяктуулар. Демек, мындай жүрүм-турумдар жалпыга тиешелүү, кадимки мыйзам ченемдүү аракеттер болуп эсептелет. Ченем — деген түшүнүк үлгү, калып же жүрүш-туруш эрежесин билдирет. Коомдук ченемдер деп адамдар ортосундагы мамилелерди жөнгө сала турган жүрүш-туруш эрежелерин айтабыз. Коомдук ченемдерге жомок, макал-ылакап, санат ырлары, жөрөлгө, адат, элдик салттардан баштап, ар кандай адеп-ахлак ченемдерине чейин кирет. Ушулардын бардыгында адамдардын миңдеген жылдар жашоо тажрыйбасынан алынган жүрүш-туруш эрежелери камтылган. Мисалы, баланы бешикке салуу, тушоо кесүү жөрөлгөлөрү, кыз берүү жана кыз узатуу салттары, белгилүү бир жүрүм-турумга багыттаган макал-ылакаптар элибизде көп экендиги белгилүү. Мына ушулар байыртадан баштап, азыркы укук ченемдери менен катар жашап келүүдө. Себеби, бардык эле жүрүм-турум эрежелерин укук алкагына киргизип, мыйзамдаштырып коюу максатка ылайык эмес.
2.Укук деген эмне. Алгачкы уруучулук коомдо адамдардын мамилеси жалаң адат, салт ченемдери менен жөнгө салынып келген. Укук мамлекет пайда болгон мезгилде кошо пайда болгон. Анткени, мамлекет менен адамдардын ортосундагы мамилени мурдатан колдонулуп келе жаткан коомдук ченемдер жөнгө сала албайт эле. Ошондуктан сапат жагынан өйдө турган, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, коомдук мамилени жөнгө салуучу элемент — укук пайда болгон.
Адам окуйт, эмгектенет. Турмушка зарыл болгон буюмдарды сатып алат, бирөөлөр менен келишимге кирип, иш аткарат, ушул учурларда ал башка адам, ишкана, мекеме же мамлекеттик органдар менен мамиле жасайт. Ушул мамилелердин көпчүлүгү мамлекет тарабынан укуктук ченемдердин жардамы менен жөнгө салынат.
Бир жагынан, укук мамлекетти башкаруунун негизги куралы, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун каражаты катары кызмат кылса, экинчи жагынан, ал адамдын коомдогу, мамлекеттеги абалынын маанилүү көрсөткүчү, анын мүдөөлөрүн коргоонун куралы болуп саналат. Адамдын, жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери инсандын укуктук макамын түзөт жана укуктун негизи болуп эсептелет. Инсандын укуктук макамы мамлекеттеги укук тутумунун өнүккөндүгүн, канчалык деңгээлде демократия бар экендигин баалоодо маанилүү ролду ойнойт.
Башка коомдук ченемдерден айырмаланып, укук өзүнчө белгилеринин бар экендиги менен айырмаланат, алар:
А)Укук — ченемдерден, башкача айтканда аткарууга милдеттүү болгон жүрүм-турум эрежелеринен турат. Бул болсо укук ченемдеринин мамлекеттин бардык аймагына, калктын бардык катмарына таратыларын шарттайт. Укуктук ченемдердин милдеттүүлүүгү анын кимдир-бирөөгө жагар-жакпастыгына карабастан, бардык адамдардын аткарууга тийиш экендигин билдирет. Ал эми коомдук ченемдер бардыгы үчүн милдеттүү эмес. Мисалы, диний ырым-жырымдар ар кандай динди туткан жарандар үчүн ар башка эмеспи, ошондой эле тушоо кесүү жөрөлгөсүн аткаруу милдет эмес.
Б)Укук ченемдеринин аткарылышы мамлекет тарабынан камсыз кылынат жана корголот. Ар дайым эле укук ченемдери жарандар тарабынан ыктыярдуу түрдө аткарыла бербейт. Тилекке каршы, кээ бир адамдардын укуктук сезими өнүкпөгөндүгүнүн натыйжасында, укуктук ченемдерди мажбурлоо жолу менен гана аткарылышына жетишүүгө болот. Укук ченемдерин бузгандарга каршы ал бузуунун мүнөзүнө жараша ар кандай жоопкерчиликтер каралган. Мисалы: штраф, камакка алуу, эркиндигинен ажыратуу.
В)Укук ченемдеринин расмий формасы болууга тийиш, б. а. юридикалык документтерде бекемделиши керек. Мындай документтерди укук булактары дейбиз, аларга мыйзамдар, жарлыктар, токтомдор жана башкалар кирет.
ГЮридикалык ченемдер тактыгы менен айырмаланууга тийиш. Укук ченемдеринин тили так, ачык, кыска болуп, башкача түшүндүрүүгө болбой тургандай жазылууга тийиш.
Д)Укук — бул ченемдердин тутуму, б. а. укук үй-бүлө мамилелеринен тартып, эл аралык мамилелерге чейин жөнгө салат. Ошондуктан укук көп тармактуу болуп эсептелет. Өз кезегинде биз алардын бардыгына токтолобуз.
Жыйынтыктап айтканда, укук — бул мыйзам деңгээлине көтөрүлгөн, мамлекет тарабынан белгиленген, жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелеринин, ченемдеринин тутуму.
Укуктун сакталышы мамлекеттик органдар, кээ бир учурда жалпы эл тарабынан (референдум) кабыл алынган мыйзам же башка ченемдик актылар тарабынан кепилдикке алынат. Мисалы, жарандардын шайлоо укугу — Шайлоо жөнүндөгү кодекс, билим алуу укугу — Элге билим берүү жөнүндөгү мыйзам, ден соолугун сактоо укугу — Саламаттыкты сактоо жөнүндөгү мыйзам тарабынан жөнгө салынат.
«Укук деген эмне» — укук — деген сөз турмушта юридикалык мааниден тышкары да пайдаланылат, мындай учурда ал мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн жекече мүмкүнчүлүктөрдү билдирет (урматтоого укуктуулук, өз көз карашында турууга укуктуулук ж. у. с.)- Мындай укук адат, салт, жөрөлгө, коомдук пикирге таянат.
Азыркы тапта укук коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн кучагына алган. Ал менчик мамилелерин бекемдейт, эмгекти — анын үзүрүн коом мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемин, формасын жөнгө салат (жарандык укук, эмгек укугу); мамлекеттик механизмди уюштурууну жана анын иш-аракетин жөнгө салат (мамлекеттик укук); өкүм сүрүп жаткан коомдук мамилелерге, мамлекетке, адамдарга зыян келтирүүгө каршы күрөшүүнүн чараларын жана талаш-тартышты чечүүнүн жол жобосун белгилейт (жазык укугу, жазык процесс укугу); адамдардын ортосундагы көптөгөн түрдөгү мамилелерди тейлейт (үй-бүлө укугу ж. б.); мамлекетибиздин башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерин эл аралык укук жөнгө салат.
Азыркы тапта биздин мамлекетибиз укуктук мамлекетти курууну алдына максат кылып коюп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Совет доорунда мамлекет негизинен коммунисттик партиянын жетекчилигинде жашаган. Өлкөнүн калкы дагы, мамлекеттик органдар дагы ошол партиянын чечимдерин аткарууга милдеттүү болгон. Ал гана эмес укук дагы саясатташтырылып, партиянын чечимдерин аткаруунун куралы болуп кызмат кылган. Турмуш мындай абалдын туура эмес экендигин көрсөттү, муну дүйнөлүк практика дагы айкындады. Элдин турмушунун бакубаттыгы, мамлекеттин бекемдиги укуктун өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды. Качан ага ар бир жаран укук ченемдерин түзүүгө түздөн-түз же өкүлдөрү аркылуу катыша алса, бийлик органдарын түзүүгө же шайлоого катышса жана коомдук мамилелер укук тарабынан гана жөнгө салынса, анда мындай мамлекетти укуктук мамлекет деп айтууга болот.