СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сен жана сенин укуктарың

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сен жана сенин укуктарың»

Сабактын темасы: Сен жана сенин укуктарың


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

1.


Билим берүүчү-лүк


Окуучулар Баланын укуктары жөнүндөгү Декларация, Конвенция менен таанышышат жана өз укуктарын билүү аркылуу коомдо өзүн коргогон уюмдар жөнүндө маалымат алышат.



Эгерде: жооп берүүдө далилдүү сүйлөп, айткан маалыматтарын турмуш менен байланыштыра алса;

2.



Өнүктүрүүчүлүк



Декларация менен Конвенциянын айырмасын үйрөнүү менен укуктук билимдерин өнүктүрүшөт.




Өз билимин көрсөтүүдө укуктук билимдерин көрсөтө алса;

3.



Тарбиялык


Укук бузуунун себептерин аныктоо аркылуу жакшы менен жаманды айырмалашат, жуптар менен иштөөдө биримдиктин, ынтымактын, сабырдын маңызын билишет



Жуп менен иштөөдө бири-биринин пикирин урматтаса, өз ойлорун даана ачып бере алышса, коюлган маселелерди чечүүнүн жолдорун табышса сабак максатына жетет.



Сабактын тиби: стандарттык эмес интеграцияланган сабак
Сабактын усулу: инновациялык усул
Сабактын формасы: жуптарда иштөө.
Сабактар аралык байланыш: кыргыз тил, адеп, тарых ,география ж.б.
Сабактын жабдылышы: ноутбук,интерактивдүү доска, маркер, скотч, мыйзамдардан беренелер ж.б.
Сабактагы жаңы түшүнүктөр: Декларация, Конвенция, ратификация

Сабактын узактыгы—45 минута. Убакыттын бөлүштүрүлүшү:

Уюштуруу -5минута
үй тапшырмасын суроо—5 минута
Жаңы тема—7 минута
Жуптар менен иштөө—5 минута
Слайд менен иштөө—15 минута
Бышыктоо—7минута
Баалоо—1 минута
Үй тапшырма—1 минута


Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: класста жагымдуу жагдай түзөм, класстын санитардык гигиеналык абалына көңүл бурам, окуучулардын окуу куралдарын толуктайм жана сабакка даярдайм. Түзүлгөн «алтын эрежени» эске салам.

Сабак үй тапшырмасын суроо менен башталат.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу ким?

Улуу талант ээси,көптөгөн ырлардын автору ,оорулуу акын ким эле балдар?

Силер бул улуу адамдардын кандай чыгармаларын билесиңер?



Жаңы тема: Сен жана сенин укуктарың

Балдар бүгүн биз силер менен силердин укугуңар жөнүндө сүйлөшөбүз.

Акыл чабуулу :

-Кандай укуктарыңар бар?

-Кайсы бир нерсеге укугуңар жок болушу мүмкүнбү?

-Балдар укугун коргогон дүйнөлүк уюм барбы? Болсо ал уюм кандайча аталат?

Жаңы теманын мазмуну:

Баланын укугун коргоо—бул мамлекеттин, балдардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана башка чоң кишилердин милдети. Баланын укугу жөнүндө чоңдор дайым көңүл бурушкан. 1923-жылы Эглантин Джеб балдар укугу боюнча декларацияны иштеп чыккан. Улуттук Лига тарабынан эң биринчи жолу балдар укугунун Декларациясы 1924-жылы кабыл алынган. Балдар укугунун тарыхы ушул документтен башталат. Ал эми 1959-жылы БУУ балдар укугунун Декларациясын кабыл алат. 1979-жылы балдардын эл аралык жылы деп жарыяланган. Дүйнө жүзүнүн көптөгөн райондорунда балдардын абалы абдан оор. Стихиялык кырсыктар, куралдуу чыр-чатактар, эксплуатациялоочулук, сабатсыздык, ачарчылык жана ар кандай оорулар балдарды өтө кыйын абалда калтырууда. Ошондуктан балдар укуктарынын отуз жылдыгына, Эл аралык балдар жылынын он жылдыгына карата 1989-жылы 20-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан, балдардын укугун коргоо жөнүндө конвенция кабыл алынган. 1999-жылы бул конвенцияны АКШ жана Сомалиден башка бардык өлкөлөр ратификациялашкан. Бирок АКШ конвенцияга кол койгон, демек анын принциптерине макулдугун билдирген.

Биздин Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна 1992-жылы 2-мартта мүчө болуп кабыл алынган жана Бала укуктары жөнүндөгү конвенцияны 1994-жылы 12-январда ратификациялаган.

Балдарга терминдер боюнча аныктама берилет жана терминдер түшүндүрмөсү дептерге жазуу үчүн таратылат.



Терминдерге аныктама:

Декларация——————латын сөзүнөн которгондо «жарыялоо» дегенди билдирет.

Милдеттендирбейт. Расмий жарыялоо. Мамлекеттин ички же тышкы

саясатынын негизги принциптери, саясий партиялардын программалык

жоболору, эл аралык уюмдардын ишмердүулугүнүн негизги жоболору декларация түрүндө жарыяланат.

Конвенция———————укуктарды аныктоочу мыйзам, милдеттендирүүчү документ . Аны

аткаруу менен ишке ашыруу механизимин чагылдырган документ.

Баланын укуктары жөнүндөгү Конвенция——бул мыйзам, балдарга зарыл болгон

минималдуу укуктардын стандартын камтыйт. Конвенциянын

негизги өзгөчөлүгү —бул жарандык саясий, социалдык, маданий

жана экономикалык жактан балдардын укугун өзүнө камтыйт.

Ратификациялоо————Бул эл аралык келишимди кабыл алуу, аны сактоого милдеттенүү,

улуттук мыйзамга киргизүү, анын сакталышы үчүн каражаттарды

бөлүп берүү.

  • Конвенция 54 беренеден турат. Анын ичинен 43-54-беренелерде мамлекет жана чоңдор тарабынан балдардын укуктарынын сакталышы тууралуу айтылат. Ар бир өспүрүм өзүнүн негизги укуктарын билүүсү зарыл. Мисалы:

1-берене. Эгерде сен 18 жашка чыга элек болсоң, сен өспүрүм болуп эсептелесиң.

2-берене. Бардык балдар бирдей укукка ээ.

3-берене. Мамлекет сенин укуктарыңдын сакталышына жооп бериши керек.

6-берене. Сен жашоого, ден-соолукта өнүгүүгө укуктуусуң.

24-берене. Сен мыкты медициналык кызмат алууга укуктуусуң.

31-берене.Сен эс алууга,ойногонго жана чыгармачылык менен иштөөгө укуктуусуң.

41-берене. Сен өз укуктарыңды билүүгө укуктуусуң. Аны чоң кишилер дагы билип сыйлашы керек .




АР БИР БАЛА БАКТЫЛУУ БОЛГОНГО УКУКТУУ!







Бардык балдар улутуна,рассасына,бай кедейлигине карабай бирдей укукка ээ.

Слайд көрсөтүлүп, балдардан суроо жооп иретинде тема бышыкталат:

  • Мында балдардын кандай укуктары бузулууда?

  • Буга ким күнөөлүү?

  • Конвенция менен декларациянын айырмасы эмне?

  • Даталарды дал келтир?

Сабакты бышыктоо максатында анкета таркатылып жооптору алынат.


Анкета

1)Укук деген эмне? _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2) Кандай укуктарды билесиң?

1.___________________________________________________________________________________

2.___________________________________________________________________________________

3.___________________________________________________________________________________

4.___________________________________________________________________________________

5.___________________________________________________________________________________

6.___________________________________________________________________________________


3) Укук жок болгондо кандай болмок? (сенин оюң) ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4) Сен эмнеге укуктуусуң? __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Акырында балдарга эки баланын сүрөтү доскага жабыштырылат да:

———Карагылачы, бул абдан тартипсиз бала, буга кандай сөздөрдү айткыңар келет?

Өз оюңарды жазып, сүрөткө жабыштыргыла.

———Карагылачы, бул тартиптүү бала, буга кандай сөздөрдү айткыңар келет?

А силер кимге окшошкуңар келет?

Баалоо штрихтердин жардамында жүргузүлөт.

Азаматсыңар, эми силерге үй тапшырма. Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны окуп, «Мен өз укугумду билем»-деген темада бир беттен кем эмес эссе жазып келүү.



























С

Сен жана сенин укуктарың

абактын темасы:





Мугалими: Сарыбаева Ташкан