СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Шахмат 2025 сынагы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

омщочрщчщпчрщсозснщчещсзнснщчнщчочзоанвщнвщнчщечнчщнчнаозсхгпгзащнчщнснзс6м

 

Просмотр содержимого документа
«Шахмат 2025 сынагы»

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим

министрлигинин

«____» _________2021-ж.

№ ____ буйругуна

тиркеме




КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ




ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ





БАГЫТЫ: 532200 – Укук коргоо ишмердүүлүгү


Квалификациясы: Бакалавр



















Бишкек 2021


1. Жалпы жоболор

1.1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн 532200 - Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бекитилген.

Бул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу 532200 - Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча адистерди даярдоо боюнча кесиптик билим берүү программаларды ишке ашыруучу бардык ЖОЖдор үчүн жеке менчик формаларына жана ведомствого тишелүүлүгүнө карабастан милдеттүү болуп эсептелет.


1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар

Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон кесиптик билим берүү жаатында мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алган эл аралык документтерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

  • негизги билим берүү программасы – максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-усулдук документтердин жыйындысы;

  • даярдоонун багыты – ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу даярдоонун жалпылыгы негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;

  • профили – негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иштин объектиси;

  • компетенция – окуучунун (окуп жаткандын) тийиштүү чөйрөдө натыйжалуу өнүмдүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон билим алуу даярдыгына алдын ала берилген социалдык талап;

  • кредит - кесиптик негизги билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

  • окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;

  • жалпы илимий компетенциялар - кесиптик ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү (же көпчүлүгү) үчүн жалпы болуп эсептелген мүнөздөмөнү түшүндүрөт: окууга, анализ жана синтезге ж.б. жөндөмдүүлүк;

  • инструменталдык компетенциялар - когнитивдик жөндөмдү, идеяларды жана ой-жорумдарды түшүнүү жана пайдалануу жөндөмүн; методологиялык жөндөмдөр, курчап турган чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу жөндөмүн, убакытты уюштуруу, окутуунун стратегиясын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана көйгөйлөрдү чечүүнү; технологиялык көндүмдөр, техниканы пайдаланууга байланышкан көндүмдөрдү жана маалыматтык башкаруу жөндөмүн; лингвистикалык билимдерди, коммуникациялык компетенцияларды өзүнө камтыйт;

  • социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар – сезимдерди жана мамилелерди билдире алуу менен байланышкан жекече жөндөмдөр, сынчыл ой-жүгүртүү жана өзүн-өзүн сындай алуу, ошондой эле социалдык алака жана кызматташтыктар процесси менен байланышкан социалдык көндүмдөр, топтордо иштей алуусу, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алуу;

  • кесиптик стандарт – кесиптик ишмердүүлүктүн конкреттүү түрүнүн алкагында анын мазмунуна жана сапатына талаптарды аныктаган жана бардык уюмдардын штатында ишмердүүлүктүн тегине карабастан өз ордун укуктуу ээлеши үчүн ал талаптарга шайкеш келүүгө милдеттүү болгон кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлин сыпаттаган негизги документ.

  • 1.3. Кыскартуулар жана белгилөөлөр

Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөндөгү кыскартуулар колдонулат:

  • МББС – Мамлекеттик билим берүү стандарты;

  • ЖКББ – жогорку кесиптик билим берүү;

  • НББП – негизги билим берүү программасы;

  • ОМБ – окуу-методикалык бирикме;

  • НББП ДЦ – негизги билим берүү программасынын дисциплиналар цикли;

  • ЖИК – жалпы илимий компетенциялар;

  • ИК – инструменталдык компетенциялар;

  • КК – кесиптик компетенциялар;

  • СИЖМК – социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар.


2. Колдонуу тармагы

2.1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча негизги билим берүү программаларын (НББП) ишке ашыруудагы милдеттүү ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана уюштуруучулук-усулдук документтерди иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү адистик боюнча лицензиясы бар, менчиктин формаларына жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан бардык жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдары (мындан ары - ЖОЖдор) тарабынан жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоого негиз болуп эсептелет.

2.2. Ушул ЖКББ МББСын 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча негизги пайдалануучулар болуп төмөнкүлөр саналат:

- ЖОЖдордун администрациясы жана илимий-педагогикалык курамы (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер), өздөрүнүн ЖОЖдорундагы ошол багыт жана даярдоонун деңгээли боюнча илимдин, техниканын жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эсепке алып, негизги кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке киргизүү жана жаңылоо үчүн жооптуу адамдар;

- ЖОЖдун даярдоонун ошол багытындагы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча өзүнүн окуу ишин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу студенттер;

- тийиштүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана кеңештер;

- жогорку кесиптик билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары;

- аткаруу бийлигинин жогорку кесиптик билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышына контролду камсыз кылуучу, жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапатка контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары;

- билим берүү программаларын жана уюмдарды аккредитациялоону ишке ашыруучу аккредитациялык агенттиктер.

2.3. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине талаптар.

2.3.1. «Бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим алууга талапкер абитуриенттин билим деңгээли - жалпы орто билим же кесиптик орто (же кесиптик жогорку) билим.

2.3.2. Абитуриенттин жалпы орто билими же кесиптик орто (же кесиптик жогорку) билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.

  1. Даярдоо багытынын жалпы мүнөздөмөсү

3.1. Кыргыз Республикасында 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү даярдоо багыты боюнча төмөнкүлөр ишке ашат:

- бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББП;

- магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББП.

ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтык аттестациясынан ийгиликтүү өткөн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө «бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтык аттестациясынан ийгиликтүү өткөн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө «магистр» квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Адистиктин алкагындагы ЖКББ НББПнын профилдери квалификациянын тармактык/сектордук алкагынын негизинде ЖОЖ тарабынан аныкталат.

3.2. 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча жалпы орто билимдин базасында күндүзгү окуу формасында окуу мөөнөтү 4 жылдан кем эмес болушу керек.

Жогорку кесиптик билимдин базасында бакалаврларды даярдоонун ЖКББ НББПсын өздөштүрүүнүн мөөнөтү күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формаларын айкалыштырган учурда ЖОЖ тарабынан күндүзгү окуу формасында белгиленген ченемдик мөөнөткө салыштырмалуу жарым жылдан бир жылга чейин көбөйөт.

Тиешелүү профилдеги кесиптик орто билими же жогорку кесиптик билими бар адамдарга адистик боюнча ЖКББ НББПны тездетилген программалар боюнча өздөштүрүүгө укук берилет. Тездетилген программаларды аткаруудагы окутуу мөөнөтү студент башка билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алганда өздөштүргөн толугу менен кайра аттестациялоонун (кайра зачет тапшыруунун) же жарым-жартылай айрым дисциплиналарды окуунун (модулдар) жыйынтыгы жана (же) өзүнчө практика менен белгиленет

Кесиптик орто билим профилинин жогорку кесиптик билимдин профилине шайкеш келиши ЖОЖ тарабынан өз алдынча аныкталат.

Кесиптик орто билим базасында күндүзгү окутуу формасы боюнча тездетилген программаларды ишке ашыруунун алкагында адистик боюнча ЖКББ НББПны өздөштүрүү мөөнөтү 3 жылдан кем болбойт.

Билим алуунун формасына карабастан жеке окуу планы боюнча окутууда окутуунун мөөнөтү ЖОЖ тарабынан өз алдынча аныкталат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жеке окуу планы боюнча окутууда билим алуунун тиешелүү формасы үчүн бекитилген мөөнөткө салыштырмалуу мөөнөттү узартууга ЖОЖдун укугу бар.

Адистик боюнча ЖКББ НББПны өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3.3 Жалпы орто же кесиптик орто билим базасында күндүзгү окуу формасында адистик боюнча НББПны өздөштүрүүнүн жалпы эмгек сыйымдуулугу 240тан кем эмес кредитти түзөт.

Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу жылындагы ЖКББ НББПнын эмгек сыйымдуулугу 60тан кем эмес кредитке барабар.

Бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30 кредитке барабар (окуу процесси эки семестрлик болуп курулган учурда).

НББПнын күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формаларын айкалыштырган учурдагы эмгек сыйымдуулугу окуу жылы үчүн 48ден кем эмес кредитти түзөт.

3.4. 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча ЖКББ НББПнын инсанды окутуу жана тарбиялоо жаатындагы даярдоонун максаттары.

3.4.1. 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча ЖКББ НББПнын окутуу жаатындагы даярдоонун максаты: укук коргоо органдарынын ишмердүүлүк чөйрөсүндө укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кесиптик ишти аткарууга, мамлекетте жана коомдо мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоого, укуктук маданияттын жана укуктук аң-сезимдин жогорку деңгээлине ээ, ишмердүүлүктүн тандап алган чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген универсалдык жана кесиптик компетенциялары бар бакалаврларды даярдоо.

3.4.2 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча ЖКББ НББПнын инсанды тарбиялоо жаатындагы даярдоонун максаты: социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук, алардын жалпы маданиятын жогорулатуу

3.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү.

532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү кесиптик даярдоо чөйрөсү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • укук ченемдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу,

  • инсандын, коомдун жана мамлекеттин укук тартибин жана мыйзамдуулугун камсыздоо,

  • кылмыштар жана башка укук бузуулар менен күрөшүү,

  • жазаларды аткаруу

  • укуктук окутуу жана тарбиялоо

Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишинин багыты мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ар кандай уюштуруу-укуктук формалар уюмдарында: жалпы юрисдикциянын сотторунда, прокуратура органдарында, адвокатурада, нотариатта, ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү органдарында, жаза аткаруу органдарында, бажы органдарында ишке ашат.

Бүтүрүүчүлөр кесиптик ишин башка жааттарда жана (же) чөйрөлөрдө кызматкердин квалификациясына билими жана алган компетенцияларынын деңгээли туура келген шарттарда жүзөгө ашыра алат.

3.6. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш объектилери.

532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектиси болуп укуктук ченемдерди ишке ашыруу чөйрөсүндө коомдук мамилелер, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо, укук коргоо ишин аткаруу эсептелет.

3.7. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин түрлөрү:

  • ченем жаратуучу;

  • укук колдонуучу;

  • ыкчам-кызматтык;

  • эксперттик-консультациялык;

  • педагогикалык (укуктук дисциплиналарды жогорку окуу жайдан башка билим берүү мекемелеринде окутуу).

Негизинен бүтүрүүчү даярдалып жаткан кесиптик иштин конкреттүү түрлөрү кызыкдар иш берүүчүлөр менен бирдикте жогорку окуу жайы тарабынан иштелип чыгуучу тийиштүү кесиптик стандарттын негизинде (болсо), анын билим берүү программасынын мазмунун аныкташы керек.

    1. 532200 Укук коргоо ишмердүүлүгү даярдоо багыты боюнча бакалавр кесиптик иштин түрлөрүнө ылайык, төмөнкү кесиптик милдеттерди аткарууга тийиш:

ченем жаратуу ишмердүүлүгү:

  • ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышуу;

укук колдонуу ишмердүүлүгү:

  • кызматтык милдеттердин чегинде чечимдерди негиздөө жана кабыл алуу, аны менен катар укуктук ченемдерди ишке ашырууга байланыштуу аракеттерди кылуу;

  • юридикалык документтерди түзүү;

ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк:

  • мыйзамдуулукту, укук тартибин, инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо;

  • жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, коомдук тартипти сактоо;

  • жазанын аткарылышын камсыздоо;

  • укук бузууларды алдын алуу, токтотуу, табуу, бетин ачуу жана тергөө;

  • менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка формаларын коргоо;

  • укук колдонуу актыларын ишке ашырууну камсыздоо;

  • адамдарды издөөнү уюштуруу жана аны ашке ашыруу;

  • жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам берүү;

  • укук коргоо ишинин чөйрөсүндө укуктук ченемдерди ишке ашыруу үчүн маалыматты чогултуу, анализдөө жана баалоо;

эксперттик-консультациялык ишмердүүлүк:

  • юридикалык жардам көрсөтүү, укук маселелери боюнча консультация берүү;

педагогикалык ишмердүүлүк:

  • укуктук дисциплиналарды жогорку окуу жайдан башка билим берүү мекемелеринде окутуу;

  • укуктук тарбия берүү.


4. НББПны ишке ашыруунун шарттарына жалпы талаптар

НББПны ишке ашыруудагы ЖОЖдун укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар.

4.1.1. ЖОЖдор даярдоонун багыты боюнча негизги билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. НББП Кыргыз Республикасынын адистик боюнча тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат жана ЖОЖдун окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет.

ЖОЖдор НББПны илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн эске алуу менен, ЖОЖдо билим берүүнүн сапатынын кепилдигин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөрдө камтылган сунуш-көрсөтмөлөрдү кармануу менен 5 жылда бир жолудан кем эмес жаңылап турууга милдеттүү:

  • бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатын камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгууда;

  • билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен рецензиялоонун мониторингинде;

  • так макулдашылган критерийлердин негизинде студенттердин билимдеринин жана билгичтиктеринин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларынын деңгээлин баалоонун объективдүү процедураларынын иштелмелеринде;

  • окутуучулук курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылууда;

  • бардык ишке ашырылуучу билим берүү программаларын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылууда, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоодо, анын ичинде окуп жаткандарды сурамжылоо жолу менен;

  • өзүнүн ишин (стратегиясын) баалоо жана башка билим берүү мекемелери менен катар коюп салыштыруу үчүн макулдашылган критерийлер боюнча өзүн-өзү изилдөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө;

  • коомчулукту өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, пландары, жаңылоолору тууралуу маалымдоодо.

4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын кезектеги, аралык жана жыйынтык мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Баалоо каражаттарынын базалары ЖОЖ тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоонун, жыйынтыктоочу квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүлүшүнө талаптар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобосун эске алуу менен ЖОЖ тарабынан аныкталат.

4.1.3. НББПны иштеп чыгууда ЖОЖду бүтүрүүчүлөрдүн социалдык-инсандык компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү компетенцияларын, өзүн-өзү уюштурууну жана системалык-ишмердик мүнөздөгү өз алдынча башкарууну) түзүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталуусу керек. ЖОЖ ЖОЖдун социалдык-маданий чөйрөсүн калыптандырууга, инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

ЖОЖ окуу процессинин социалдык-тарбиялык компонентин студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү, студенттердин коомдук уюмдардын ишине катышуусун, спорттук жана чыгармачылык клубдарды, илимий студенттик коомдорду кошуп, өнүктүрүүгө көмөктөш болууга милдеттүү.

4.1.4. Жогорку окуу жайынын НББПсы студенттин тандоосу боюнча дисциплиналарды камтышы керек. Студенттин тандоосу боюнча дисциплиналарды калыптандыруу тартибин ЖОЖдун окумуштуулар кеңеши бекитет.

4.1.5. ЖОЖ студенттердин өзүнүн окуу программасын түзүүгө катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4.1.6. ЖОЖ НББПны түзүүдө студенттерди алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, студенттер тандап алган дисциплиналар алар үчүн милдеттүү болуп эсептелинерин, ал эми алардын жалпы эмгек сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбошу керектигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

4.2. НББПны ишке ашыруудагы студенттин укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар.

4.2.1. Студенттер студенттин тандоосу боюнча окуу дисциплиналарын өздөштүрүүгө бөлүнгөн окуу убактысынын көлөмүнүн чектеринде НББПда алдын ала каралган конкреттүү дисциплинаны тандап алууга укуктуу.

4.2.2. Өзүнүн жекече билим берүү траекториясын түзүүдө студент дисциплинаны тандоо жана алардын даярдоонун (адистештирүүнүн) болочок профилине таасир этүүсү боюнча ЖОЖдо консультация алуу укугуна ээ.

4.2.3. НББПны өздөштүрүүдө натыйжалуулукка жетишүү максатында СИЖМКны өнүктүрүү бөлүгүндө студенттер студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышууга милдеттүү.

4.2.4. Студенттер ЖОЖдун НББПсында алдын ала каралган бардык тапшырмаларды аныкталып белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттүү.

4.3. Студенттин окуу жүгүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 саатка белгиленет, ага аудиториядагы жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу ишинин бардык түрү кирет.

Жумасына аудиториялык сабактардын күндүзгү окуу формасындагы көлөмү МББС тарабынан ЖКББнын деңгээлин жана даярдоонун багытынын спецификасын эске алуу менен аныкталат жана ар бир окуу дисциплинасын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 35 пайызынан кем эмесин түзөт.

Окуу дисциплинасы боюнча өз алдынча ишке бөлүнгөн сааттарга берилген дисциплина боюнча экзаменге (модулга) даярданууга каралган убакыт кошулат.

4.4. Күндүзгү-сырттан (кечки) окутууда аудиториялык сабактардын көлөмү жумасына 16 сааттан кем болбошу керек

4.5. Сырттан окуу бөлүмүндө студентке жылына 160 сааттан кем эмес мугалим менен бирге окуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек

4.6. Окуу жылындагы каникулдук убакыттын жалпы көлөмү 7-10 жуманы түзүүсү керек, мунун ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.


5. Бакалаврларды даярдоодо НББПга болгон талаптар

5.1. Адистик боюнча НББПны өздөштүрүүнүн жыйынтыгына талаптар.

«Бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен 532200 Укук коргоо адистиги боюнча бүтүрүүчү негизги билим берүү программасынын максаттарына жана ушул ЖКББ МББСнын 3.4. жана 3.8-пункттарында көрсөтүлгөн кесиптик иштин тапшырмаларына ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:

а) универсалдык:

жалпы илимий (ЖИК):

  • критикалык баалоого жана курчап турган дүйнө жөнүндөгү илимий билимдерди колдонууга, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт алууга жана активдүү жарандык позицияны ээлөөгө, адамдарга урматтоону жана толеранттуулукту көрсөтүүгө жөндөмдүү (ЖИК-1)

инструменталдык (ИК):

  • мамлекеттик, расмий тилдерде жана чет тилдердин биринде профилдик жана чектеш тармактардын денгээлинде кесиптик талкуу жүргүзүүгө жөндөмдүү (ИК-1);

  • иштөө жана окутуу чөйрөсүндөгү татаал маселелерди чечүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана колдонууга жөндөмдүү (ИК-2);

  • кесиптик ишмердигинде ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн пайдаланууга жөндөмдүү (ИК-3);

социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК):

  • максаттарга жетүү үчүн эксперттик/кесиптик топтордун/уюмдардын ишин уюштурууга жөндөмдүү (СИЖМК-1);

б) кесиптик (КК):

ченем жаратуу ишмердүүлүгүндө:

  • өзүнүн кесиптик ишинин профилине ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катыша алат (КК-1);

укук колдонуу ишмердүүлүгүндө:

  • өнүккөн укуктук аң-сезимдин, укуктук ой жүгүртүүнүн жана укуктук маданияттын негизинде кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жөндөмдүү (КК-2);

  • укук субъектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү (КК-3);

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык чечимдерди кабыл алууга жана юридикалык аракеттерди аткарууга жөндөмдүү (КК-4);

  • ченемдик укуктук актыларды колдоно алат, материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдерин кесиптик ишмердүүлүктө ишке ашырууга жөндөмдүү (КК-5);

  • фактыларды жана кырдаалдарды мыйзамдуу түрдө квалфикациялоого жөндөмдүү;

  • юридикалык документтерди даярдай алат (КК-7);

ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө:

  • укук тартибин, инсандын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарууга жөндөмдүү (КК-8);

  • инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого жана коргоого жөндөмдүү (КК-9);

  • укук бузууларды алдын алуу, токтотуу, табуу, бетин ачуу жана тергөөгө жөндөмдүү (КК-10);

  • укук бузуулардын алдын алууга, аларды жасоого өнөк болгон себептерди жана шарттарды аныктоого жана четтетүүгө жөндөмдүү (КК-11);

  • коррупциялык жүрүм-турумду аныктоого, баалоого жана аны басууга салым кошо алат (КК-12);

  • юридикалык жана башка документтерде кесиптик ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын туура жана толук чагылдыра алат (КК-13);

  • мыйзамдарды колдонуу актыларынын аткарылышын камсыздай алат (КК-14);

  • адамдарды издөөнү уюштурууга жана жүргүзүүгө жөндөмдүү (КК-15);

  • жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо жардам көрсөтө алат (КК-16);

  • укук коргоо чөйрөсүндөгү укуктук ченемдерди ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон маалыматты чогултууга, талдоого жана баалоого жөндөмдүү (КК-17)

в эксперттик-консультациялык ишмердүүлүктө:

  • юридикалык жардам көрсөтүүгө, укуктук маселелер боюнча кеңеш берүүгө жөндөмдүү (ЖК-18);

педагогикалык ишмердүүлүктө:

  • юридикалык дисциплиналарды орто, орто кесиптик билим берүү уюмдарында керектүү теориялык жана методикалык деңгээлде окутууга жөндөмдүү (КК-20);

  • укуктук билим берүүнү эффективдүү жүргүзө алат (КК-21).

Бакалаврды даярдоо үчүн билим берүү программасын иштеп чыгууда, программанын багытталган кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө тиешелүү бардык универсалдуу, ошондой эле кесиптик компетенциялар программанын керектүү окуу жыйынтыктарынын жыйындысына киргизилет. Окутуу процессинде студент өзүнүн даярдыгынын конкреттүү профилине тиешелүү башка (атайын кесиптик) компетенцияларды ала алат.

Адистештирүү 5 аталыштан кем эмес санда кошумча атайын кесиптик компетенциялар менен аныкталат жана ЖОЖ тарабынан өз алдынча бекитилет.

Кошумча кесиптик компетенциялардын тизмеси квалификациялардын улуттук чектеринин, тармактык/сектордук чектердин жана кесиптик стандарттардын (бар болсо) негизинде аныкталат

5.2. Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын түзүмүнө талаптар.

Бакалаврлады даярдоо боюнча НББПнын структурасы төмөнкү блоктордон турат:

1-блок «Дисциплиналар (модулдар)»;

2-блок «Практика»;

3-блок «Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация».


Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын түзүмү

Бакалаврларды даярдоо НББПнын жана анын блокторунун кредиттердеги көлөмү

1-блок

I. Гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл

II. Математикалык жана табигый илим цикли

III. Кесиптик цикл

Жалпы:

1-блок

2-блок

Практика

2-блок

3-блок

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация

3-блок

Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын көлөмү

240


Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПны ЖОЖ мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштеп чыгат жана квалификациялардын улуттук алкагына жараша окутуунун натыйжаларына жетишүүгө жоопкерчилик алат.

Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын ар бир блогуна тиешелүү болгон дисциплиналардын (модулдардын) жана алардын эмгек сыйымдуулугунун топтомун, блокко бекитилген көлөмдө, квалификациялардын улуттук алкагы тарабынан каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө аны өздөштүрүүнүн натыйжаларына болгон талаптарды эске алуу менен ЖОЖ өз алдынча аныктайт.

5.2.1. Бакалаврларды даярдоо боюнча НББП төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылууга тийиш:

- тизмеси жана эмгек сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклдин милдеттүү дисциплиналары. Көрсөтүлгөн дисциплиналарды ишке ашыруунун мазмуну жана тартиби тиешелүү бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББнын мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет;

- өздөштүрүү үчүн милдеттүү болгон, бирок кредитке которулбаган жана бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын көлөмүнө кирбеген, 360 сааттан кем эмес көлөмдөгү дене тарбия жана спорт дисциплиналары.

5.2.2. «Практика» 2-блогу окутуу практикасын (таныштрыуучу, технологиялык, илимий-изилдөө иштери) жана өндүрүштүк (долбоорлоо, педагогикалык, илимий-изилдөө иштери) практикасын камтыйт.

ЖОЖ практиканын бир же бир нече тибин тандап алууга укуктуу, ошондой эле белгиленген кредиттердин чегинде практиканын кошумча түрүн түзө алат.

Практика кесиптик багыттагы милдеттерин аткаруудагы практикалык көндүмдөргө ээ болуу жана өркүндөтүү, алган билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү тереңдетүү жана бекемдөө максатында уюштурулат жана өткөрүлөт.

Студенттик практиканы уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги жерлери мамлекеттик органдар, соттор, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары болуп эсептелет.

5.2.3. 3-блок «Мамлекеттик аттестация» мамлекеттик экзамендерди тапшырууга даярдыкты жана тапшырууну, жыйынтыктоочу квалификациялык ишти аткарууну жана коргоону камтыйт (эгерде ЖОЖ жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга бүтүрүүчү квалификациялык ишти киргизсе).

5.2.4. Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын алкагында милдеттүү жана элективдик бөлүмдөр каралган.

Бакалаврларды даярдоо боюнча НББПнын милдеттүү бөлүгү квалификациялардын улуттук алкагынын деңгээлин эске алуу менен жалпы илимий, универсалдуу, социалдык-инсандык, жалпы маданий жана кесиптик компетенциялардын калыптанышын камсыз кылган дисциплиналарды жана практиканы камтыйт.

Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн кошпогондо, милдеттүү бөлүктүн көлөмү адистик боюнча НББПнын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.

Бакалаврларды даярдоонун НББПсы боюнча элективдик бөлүгүндө студенттер тийиштүү адистик боюнча дисциплиналарды тандай алышат, ошондой эле башка адистиктердин НББПдан дисциплиналарды тандоого уруксат берилет.

5.2.5. ЖОЖ ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (алардын арызы боюнча) бакалаврды даярдоонун НББПсы боюнча алардын психофизикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн эске алып, зарыл учурда бул адамдарга карата өнүгүүсүндөгү кемтиктерди оңдоону жана социалдык адаптацияны камсыздоо менен НББПдан башка саламаттыгынын абалы боюнча окууга каршы болбогондой, жеке мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүсү зарыл.


5.3. Бакалаврды даярдоонун НББПсын ишке ашыруу боюнча шарттарга талаптар.


5.3.1. Окуу процессин кадрдык камсыз кылуу.

Бакалаврды даярдоонун НББПсын ишке ашыруу, окутулуп жаткан дисциплинанын профилине ылайык келүүчү базалык билими бар жана илимий (же) илимий-методикалык иш менен системалуу алектенген педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек.

Кесиптик циклдеги окутуучулар илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражасына жана (же) тийиштүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасына ээ болушу шарт.

Билим берүү программасынын (бакалавр) ар бир цикли боюнча окутуучулардын жалпы санынын 40%ын окумуштуу даражасы же наамы бар окутуучулар түзүшү керек.

Кесиптик циклдин окутуучулары окуткан дисциплинасына тиешелүү кесиптик жогорку билимге (адис, магистр) ээ болушу керек. Билим берүү процессине окутуучу катары профилдик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин иштеп жаткан жетекчилери жана кызматкерлерин тартууга болот.

Штаттык окутуучулардын үлүшү окутуучулардын жалпы санына карата 60%дан кем болбош керек.


5.3.2. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыз кылуу.

Бакалаврды даярдоонун НББПсын ишке ашырууда ар бир студенттин негизги билим берүү программасындагы дисциплиналардын толук тизмеси боюнча түзүлгөн маалыматтар базасына китепканалык фондго жеткиликтүү болушу керек. Китепкана фондусу НББПнын негизги дисциплиналар боюнча басма түрүндөгү же/жана электрондук басылмалар менен жабдылууга тийиш. ЖОЖдун билим берүү программасы лабораториялык практикумдарды жана практикалык сабактарды (түзүлгөн компетенцияларды эсепке алуу менен аныкталат) камтышы зарыл.

Негизги билим берүү программасы окуу-методикалык иш кагаздары жана билим берүү программасы негизги билим берүү программасынын бардык окуу курстарынын окуу-методикалык документациясы, дисциплиналар (модулдар) менен камсыз кылынуусу керек. Ар бир окуу дисциплинасынын (модулдун) мазмуну Интернет тармагына же билим берүү мекемесинин локалдык тармагына киргизилиши зарыл.

Электрондук-китепканалык система ар бир окуп-үйрөнүүчүгө окуп-үйрөнүүгө кыйын болгон дисциплиналарга жооп берген Интернет желесинин каалаган точкасына кирүүгө мүмкүндүктү түзгөн кылган жумушчу орундары менен камсыз кылуусу керек.

Ата мекендик жана чет элдик ЖОЖдор жана уюмдар менен ыкчам маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тармагында эл аралык келишимдердин талаптарын сактоо менен ишке ашырылышы керек. Окуп жаткандар үчүн заманбап кесиптик маалымат базаларына, маалымат, сурап-билүү жана издөө системаларына жеткиликтүү болууга тийиш.


5.3.3.Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо.

ЖОЖ жалпы билим берүү программасын иш жүзүнө ашырууда бакалавларды даярдоо үчүн лабораториялык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык даярдыктардын, практикалык жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин жождун окуу планында каралган аракеттеги санитардык жана өрткө каршы эрежелер менен ченемдердин бардык түрлөрүн өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базасы болушу керек.

Бакалаврды даярдоонун НББПсын ишке ашырыш үчүн төмөнкү материалдык-техникалык камсыздоонун тизмеси болууга тийиш:

а) сот отурумунун окуу залы;

б) студенттик укуктук кенештерде калкка юридикалык консультация берүү үчүн юридикалык клиника ;

в) криминалистика боюнча сабак өткөрүү үчүн адистештирилген аудитория;

г) негизги китепканалык фонддун электрондук формадагы жана аларды пайдалануу жана сактоого зарыл шарты, которууга техникалык мүмкүнчүлүгү бар өзүнүн китепканасы;

д) бирдиктүү локалдык тармакка бириккен зарыл болгон сандагы компьютерлер менен жабдылган компьютердик класстар;

е) спорттук зал;

ж) ашкана, медициналык пункт.


5.3.4. Оценка качества подготовки выпускников.

Жогорку окуу жайы даярдоонун сапатын камсыз кылууга төмөнкүдөй жол менен кепилдик берет:

  • иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн тартуу менен бүтүрүүчүлөрдүн даярдоо сапатын камсыздоо боюнча стратегияларды иштеп чыгуу;

  • билим берүү программасын мезгил-мезгили менен рецензиялап, мониторинг өткөрүп туруу.

  • билим деңгээлин, окуп жаткандардын билгендерин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенциясын объективдүү баалоо процедурасын иштеп чыгуу;

  • окутуучулар курамынын компетенттүүлүгүн камсыздоо;

  • иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленген убакыттарда башка билим берүү мекемелери менен ишмердүүлүгүн баалоо (стратегиялар) үчүн макулдашылган критерийлер боюнча салыштыруу түрүндө дайыма текшерүүлөрдү өткөрүү;

Негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо өзүнө жетишкендикти кезектеги көзөмөлдөө, окуучуларды аралык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону камтыйт.

Ар бир сабак боюнча кезектеги жана аралыктагы билимин текшерүү процедурасы менен конкреттүү формалары өз алдынча иштелип чыгат жана окутуунун биринчи айынын аралыгында эле маалымат берүүгө чейин жеткирилет.

Окуп жаткандарды аттестациялоо үчүн алар ээ болгон компетенциясынын деңгээли менен билгенин, билимин баалоого мүмкүн болгон өз алдынча жетишкендиктерине дал келгендей мезгил-мезгили менен жалпы билим берүү программасына жооп бергидей (жетишкендикти кезектеги текшерүү жана аралык аттестациялоо) типтүү тапшырмалар, текшерүү иштери, тесттер жана текшерүүнүн башка формалары менен методдору каражаттарынын фондусу түзүлөт. Баалоо каражаттарынын фондусун ЖОЖ иштеп чыгат жана бекитет.

ЖОЖ окуучулардын кезектеги жетишкендиктерин жана аралыктагы аттестациялоосун алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнүн программаларына максималдуу жакындатуу үчүн шарттарды түзүп берүүсү керек. Ал үчүн конкреттүү сабактардын мугалимдеринен башка, эксперт катары жумуш берүүчүлөр, чектеш дисциплиналарды окуган мугалимдер жана башкалар активдүү тартылышы керек.

Окуп жаткандарга окуу процессинин сапаты менен уюштурулушуна, мазмунуна андан тышкары айрым окутуучуларды баалаганга толугу менен мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бакалавр квалификациялык ишин коргоону камтыйт (эгер ЖОЖ квалификациялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына кошсо).

Бүтүрүүчүнүн квалификациялык ишинин (бакалаврлык ишинин) мазмунуна, көлөмүнө жана түзүлүшүнө болгон талап, ошондой эле мамлекеттик сынакка болгон талаптар жогорку окуу жайы тарабынан аныкталат.

Бакалаврдын бүтүрүүчү квалификациялык иши юристтерди даярдоодогу тандап алган профилге жооп бергидей практикалык багытта болушу керек.

ТҮЗҮҮЧҮЛӨР:

Ушул 532200 – Укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча түзүлгөн жогорку кесиптик билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын КР Билим берүү жана илим министирлигинин базалык ЖОЖ катары Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КГЮА) юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билим берүү боюнча Окуу-усулдук бирикмеси иштеп чыкты.

ОУБдун төрайымы ю.и.д., доцент __________________ Дмитриенко И.А.


  1. Рысмендеев Б.Д. - ю.и.д., КГЮАнын конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасынын профессору ____________________________________


  1. Жоомартов К.С. – Кыргыз Республикасынын Жогорку
    Сотунун судьясы ____________________________________


  1. Сманалиев К.М. - КР Юстиция министринин
    орун басары ____________________________________


  1. Шаршеналиев А.Ш. – ю.и.д., КГЮАнын жазык укугу жана прокурордук
    көзөмөл кафедрасынын профессору ____________________________________


  1. Ким О.Д. – ю.и.д., КГЮАнын криминалистика жана соттук экспертизалар
    кафедрасынын профессору ____________________________________


  1. Кочкарова Э.А. – ю.и.д., КГЮАнын администрациялык, каржы жана маалымат
    укугу кафедрасынын профессору ____________________________________


  1. Фараджиев М.А. – КГЮАнын криминалистика жана соттук экспертизалар
    кафедрасынын ага окутуучусу ____________________________________


  1. Касымов Т.Ж. – ю.и.к., КГЮАнын криминалистика жана соттук
    экспертизалар кафедрасынын доценти ____________________________________


  1. Самудинов У.М. – ю.и.д., КГЮАнын ишкердик жана эмгек укугу
    кафедрасынын доценти ____________________________________


  1. Жакыбакунов Э.Т. – ю.и.к., доцент, КГЮАнын заведующий кафедрой предпринимательского и трудового права КГЮА ишкердик жана эмгек укугу кафедрасынын башчысы ____________________________________


  1. Жаныбек кызы Венера – Бишкек ш. 1-Май райондук
    сотунун судьясы ____________________________________


  1. Акимбаева Г. О. - Бишкек ш. Свердлов районунун
    прокурору ____________________________________


  1. Токтогулов А.Т. – ю.и.д., доцент, КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту ____________________________________


  1. Ногойбаева Э.К. – ю.и.к., доцент, БААУнун «Эл аралык укук»
    программасынын жетекчиси ____________________________________


  1. Сулайманова Н.Н. – ю.и.д., профессор, Б. Ельцин атындагы КРСУнун жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы ___________________________________


  1. Маматазизова Н.К. – ю.и.д., доцент, ИИМ Академиясынын
    администрациялык укук жана администрациялык
    ишмердүүлүк кафедрасынын начальниги ____________________________________


  1. Джоробекова А.М. – ю.и.д., профессор, ИИМ Академиясынын илим боюнча начальнигинин орун басары ____________________________________


  1. Бузурманкулов Б. – ю.и.к., доцент, Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинин деканы ____________________________________


  1. Кулдышева Г.К. – ю.и.д., доцент , ОшМУнун юридикалык
    факультетинин деканы ____________________________________


  1. Кольсариева Н.Ш. – ю.и.к., доцент, ОшМЮИнин мамлекеттик жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы ____________________________________


  1. Жусупбаев К.К. – ОшМЮИнин администрациялык жана бажы укугу кафедрасынын ага окутуучусу ____________________________________


16