СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Шахмат доскасы тууралуу уламыш

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Шахмат доскасы тууралуу уламыш»


Шахмат доскасы тууралуу уламыш

Шахмат — байыркы оюндардын бири. Ал коөптөгөн кылымдар мурун пайда болгон. Аны түшүнүү үчүн шахматтын эрежесин билүү зарыл эмес: болгону 64 чарчыга бөлүнгөн досканын бетинде оюн жүрүп жатканын түшүнүү жетиштүү.

Шахмат доскасынын пайда болушу

Шахмат доскасы Индияда пайда болгон. Индус ханы Шерам аны менен таанышканда анын айлакерлик менен жасалганын жана ар түрдүүлүгүн көрүп тан калган.

Бул кереметти кол астындагы адам Сеттин колунан жаралганын билген хан аны сыйлоо үчүн чакырууну буюрган.




Сет менен хандын маеги

-Мен сени аябай ыраазы кылам. Каалаганынды сура, каалаганынды берем-дейт хан Сет анын алдына келген учурда.



Өкүмдарым!- деп ийилди Сета, сенин сунушунду ойлонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк бер.

СЕТАНЫН КҮТҮҮСҮЗ ӨТҮНҮЧҮ.

Кийинки күнү тактын тепкичтерине көтөрүлгөн Сета ханды өзүнүн жупуну өтүнүчү менен тан калтырды.

- Өкүмдарым, - деди Сета, - шахматтын биринчи чакмагына бир дан буудай берүүгө буйрук бериниз.

- Жөнөкөй буудайдын даныбы? – тан калды хан..

-Ооба, өкүмдарым. Экинчи чакмагына эки дан, үчүнчү чакмакка 4, төртүнчүгө-8, бешинчиге-16, алтынчыга-32...


Сыйлыкты эсептөө.

Хан өтүнүчтүн жупунулугуна тан калып, хандыктагы математиктерге дандын санын эсептөөнү буюрду.



Дандын чексиз саны.

Тан эрте ханга жалпы мамлекетте мынчалык дандын жоктугун билдиришти.

- Бул коркунучтуу санды айтчы мага,-деди кабарды жеткирип келген адамга.

Акылман керектүү дандын санын айтканда хан Шерам Сетке убада кылган сыйлыкты бере албасына көзү жетти.


Бул кандай сан?

Сыйлыктын чондугу.

Бул суроого жооп берүү үчүн: 1, 2, 4, 8… ж.б…бардыгы 64 кошулуучу.

Акыркы кошулуучу 2*2*2*2*2*2* ж.б. (64 жолу экиге көбөйтүү).

Биз көпкө эсептей албай жүрдүк бизге математика мугалими жардамга келди.

Бул сумма:

18 446 744 073 709 551 615 дан буудай.


— 18 квинтильон 446 квадрильон 744 триллион 73 миллиард 709 миллион 551 мин 615 дан буудай.


Уламышты жыйынтыктайлы.

Мынча сандагы буудайды сактоо үчүн кандай өлчөмдөгү сактоочу жай керек экенин элестетип көрөлү. 1м3 көлөмгө 15 миллионго жакын дан батат. Бул шахмат ойлоп табуучунун сыйлыгы 12 000 000 000 000 м3 жакын көлөмгө ээ болушу керек. Андыктан амбардын узундугу 4м туурасы 10м болгон учуда узундугу 300 000 000 км түзмөк б.а. Жерден Күнгө чейинки аралыктан 2 эсе узун.