СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Шыктандыруучу чөйрө

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

шыктандыруучу чөйрөлөр жана алардын түшүндүрмөсү (предметтик стандарт боюнча семинар-тренингдин материалы)

Просмотр содержимого документа
«Шыктандыруучу чөйрө»

Шыктандыруучу билим берүүчү чөйрөсү Шыктандыруучу билим берүүчү чөйрөсү азыркы шартта бир нече аспектилерди камтыган татаал көп баскычтуу кубулуш катары каралат:
  • материалдык (класс жана мектептердин абалы);
  • уюштуруу (окуу процесси кантип уюштурулган, класстан тышкаркы ишмердүүлүк);
  • психологиялык (колдоо жана түрткү берүү, окуучу жана мугалимдин ортосундагы мамиле, профилдик билим берүү мүмкүнчүлүгү);
  • педагогикалык (мугалим жана окуучунун деңгээли);
  • технологиялык (класстын материалдык-техникалык базасы, мектептер).


Шыктандыруучу билим берүүчү чөйрөсүнүн төмөнкү түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: физикалык, психологиялык, академиялык. Алардын ар бирине кенен токтололук.

Физикалык чөйрө. Ирландия, Япония, Чили мамлекеттеринин мектептеринде жүргүзүлгөн изилдөө физикалык (мейкиндик) чөйрө канчалык жагымдуу уюштурулганын көрсөттү, чөйрө инсандын интеллектуалдык жана инсандык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнө, тарбиясынын, эмоционалдык абалынын деңгээлине байланыштуу. Классты жасалгалоодо түстүн окучууларга психологиялык жана физикалык абалына таасирин тийгизет. Бул жерде төмөнкү педагогикалык шарттарга көңүл буруу зарыл: а) окуучулардын курагы; б) түстү кабыл алуу мыйзамдары; в) маанилик-мазмундук жүк. Үйдөгү мыкты жумуш чөйрөсү да билим алууга жагымдуу таасирин тийгизе турганын белгилеп кеткибиз келет. Үйдөгү окуу шарты ата-энелерге байланыштуу болот, мунун зарылчылыгы тууралуу алар менен билим алуу үчүн жагымдуу шарт түзүү тууралуу сүйлөшүү зарыл.

Психологиялык чөйрө. Мугалим, ата-энелер, коом менен окуучунун ортосундагы өз ара мамилени түзүүдөгү балдардын сезимдери, көз караштары, пикирлери. Шыктандыруучу психологиялык чөйрөнү калыптандырууда улуулардын, чөйрөдөгү адамдардын жүрүм-турум, карым-катыш модели, мындан тышкары алардын окуучулардын керектөөсүн эске алган колдоосу абдан чоң роль ойнойт. Сабактагы психологиялык коопсуздуктун зарыл шарттары бири - бирине ишеним менен мамиле жасоо, урматтоо жана көңүл коюу менен өз ара мамиледе болуу. Коопсуз психологиялык чөйрө түзүүнүн маанилүү принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: а) өнүктүрүүчү окутууга таянуу; б) коргоо жана колдоо; в) өз алдынча ой жүгүртүү, талдоо жана чечим кабыл алууну калыптандыруу жана тарбиялоо.


Академиялык чөйрө. Бул мугалимдердин билим, билгичтик, көндүмдөрүн, компетенттүүлүктөрүн, окуу китептеринин балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жана интеллекттуалдык деңгээлине ылайык келишин камтыйт1. Сабакта өнүктүрүүчү окутуу методдорун, инсанга багытталган технологияны колдонуу аркылуу шыктандыруучу академиялык чөйрөнү түзүүгө мүмкүн. Мындан тышкары окутуунун оюн методдору да шыктандыруучу чөйрөнү түзүүнү шарттайт. Төмөндө биз жалпыланган айрым бир сунуштамаларды келтиребиз:

• Адатта мектеп окуучуларын супсак окутуу методдору тез эле тажатып жиберип, алардын окууга болгон кызыгуулары жоголот, ошондуктан окутууну кызыктуу сабак же оюн түрүндө уюштургула.
  • Окутуунун өнүктүрүүчү методдорун сунуштоо менен сиз, билим алууга кызыгууну жандандырып, көбүрөөк жана тырышчаактык менен окууга түрткү бересиз.

  • Окуучулар (мугалимдер) үчүн жетише турган максаттарды коюу жакынкы аралыкта эмнеге жетишүү керектигин ачык көрсөтүү менен жетишкендикти андан ары ченөөгө да жардам берет.

  • Максаттарды ишке ашыруу канааттануу жана ишенимдүүлүк сезимдерин жаратып, окуучуларга жаңы максаттарга жетүүгө кыйыр түрткү берет.

  • Мыкты жумуш, оптималдык чөйрө билим алууга жагымдуу шарт түзөт. Уюштуруунун бузулушу жана ызы-чуу көп учурда концентрацияны төмөндөтүп, окутууда кыйынчылыктарды пайда кылат. 

Академиялык чөйрө түзүүдө белгилүү бир педагогикалык принциптерди (баалуулуктарды) кармануу зарыл, алар шыктандыруучу чөйрө түзүүгө шарт түзөт. 1) Окутуунун маанилүүлүгү. 2) Шыктандыруу, жардам берүү, билим алууда колдоо. 3) Мактоо жана сыйлоо. 4) Мугалимдин инсандыгы.


А.Калинина өзүнүн макаласында2 сабактагы академиялык чөйрөнүн үч негизги эмпирикалык көрсөткүчтөрүн бөлүп көрсөтөт:

  1. эмоционалдык фондун көрсөткүчтөрү: вербалдык – окуулар менен өз ара аракеттешүү процессине оптимисттик түрдөгү ниетти сөз аркылуу билдирүү, вербалдык эмес – жылмаюу, күлкү, токтоо жана позитивдик маанай.

  2. Кызматташууга жөндөмдүүлүктүн көрсөткүчтөрү: вербалдык - башкалардын пикирлерине жана идеяларына кызыгуусун сөз менен билдирүү, окуучуларга тактоочу суроолор менен кайрылуу: «Сен кандай деп эсептейсиң?», «Бул сага жагабы?», вербалдык эмес - кунт коюп угууну ачык көрсөтүү.

  3. Өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүү: вербалдык - маселени чечүүнү, жыйынтыкка канааттанууну сөз менен тастыктоо, вербалдык эмес - жыйынтыктарды чыгарууда аткарылган иштен канааттанууну билдирүүчү жандоолор.

Ийгиликтүү кырдаалды түзүү - сабактагы шыктандыруучу чөйрөнү камсыздоочу факторлордун бири. Психологияда ийгилик инсан өзүнүн ишмердүүлүгүндѳгү умтулган акыркы жыйынтыкка канааттануу, кубанычтуу абал катары каралат. Ийгиликтүү абалда турган окуучунун андан аркы ишмердүүлүгүндѳ күчтүү түрткү жаралып, өзүн өзү баалоосу жогорулайт. Мындай учурда, ийгилик туруктуу болгон кезде инсанда катылып жаткан мүмкүнчүлүктөрүн ачуучу реакция башталат. Сабактагы ийгиликтүү кырдаал - орчундуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүчү шарттарды айкалыштырган максаттуу ишмердүүлүк.



1 «Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» аттуу колдонмодон, Эсенгулова М.М., Асекова Ж.Д. - Бишкек, 2012.

2 А.Калининанын макаласынан «Коопсуздук психологиялык жактан да болуш керек» - /Учительская газета, 2013, 16 -апрель.