© 2020 1483 4
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
БКМ адистигинин студенттерине Математиканы окутуу методикасы дисциплинасына даярдалган силлабус
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги
Жалал-Абад мамлекеттик университети
“МАКУЛДАШЫЛДЫ” “БЕКИТЕМИН”
Жалал-Абад колледжинин директору ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты
бөлүмүнүн башчысы
__________________________ ____________________________
“_____» 20 ж. «___» 20 ж.
СИЛЛАБУС
Окуу дисциплинасы Математиканын баштапкы курсун окутуу усулу
Негизги билим берүү программасынын деңгээли Орто кесиптик билим берүү
Даярдоо багыты/ адистиги 050709 Башталгыч класстарда окутуу
Адистиктин аталышы Башталгыч класстын мугалими
Окутуунун формасы күндүзгү
Колледждин аталышы Жалал-Абад колледжи
Бөлүм Педагогикалык жана социалдык иштер
Дисциплинанын статусу : кесиптик цикл, базалык бөлүк Б.3.12.
Окуу планы боюнча жалпы сааты: 216 саат. Анын ичинде:
лекциялык 18
практикалык 18
өз алдынча иштер 36
модулдун саны: 2
зачет V
(семестр)
Силлабус “Башталгыч класстардын мугалими” адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүчү МС НББПнын талаптарына ылайык түзүлдү.
Иштеп чыккан: Педагогика лык жана социалдык иштер бөлүмүнүн окутуучусу
Нурматова Майрамгул Нарбековна
Окутуучу жөнүндө маалымат:
Моб. телефон: 0778445278
Электрондук дареги: nurmatova_mairamgul@mail.ru
Сабак өтүүчү күндөрү, убактысы: дүйшөмбү 8:00-12.30 – жума 8:00-12.30
|
| Силлабус “Педагогика жана кыргыз тили” ПЦКсынын отурумунда каралып жактырылды, протокол №___«___»________ 20__ж ________________ ________________ (ПЦК баш. кол тамгасы) (ПЦК баш. аты-жөнү)
|
Киришүү
Дисциплинанын мазмуну, максаты (миссиясы) жана милдеттери.
Математиканы окутуу методикасы өзүнчө бүтүндөй бир система болгондуктан, студент аны толук өздөштүрүү менен гана чектелбестен келечекте өз алдынча чыгармачылык менен иштеп кете ала турган адис мугалимдерди даярдоону көздөйт.
Математиканын баштапкы курсун окутуу усулун окуп үйрөнүүдө студент:
математикалык билим берүүнүн максаттарын;
математикалык билимдин мазмунун;
окутуунун каражаттарын;
математиканы окутуу методдорун;
математиканы окутууну уюштуруунун формаларын;
ар түрдүү операцияларды аткаруунун ыкмаларын өздөштүрөт.
Ошондой эле студент:
окуу процесстерин пландаштыруу жана ишке ашыра билүү (календардык – тематикалык план жана сабактын план конспектисин түзүү, окутулуучу программалык материалды, тиешелүү окутуунун методдорун, каражаттарын жана формаларын тандоо, үй тапшырмасын дозировкалоо ж.б.) көндүмдөрүнө ээ болуусу;
мисал жана маселелерди туура чыгарып жаза билүүсү, геометриялык фигуралардын чиймесин туура чийе алышы;
математика боюнча ар түрдүү класстан тышкаркы иштерди (кошумча бир же бир топ окуучулар менен иштөө, кружок, викторина, дубал газета, олимпиада, экскурсия ж.б.) тиешелүү деңгээлде уюштура билүүсү;
чийүү (сызгыч, циркуль) жана өлчөө (масштабдуу сызгыч, тараза, саат, секундомер, палетка) куралдарын колдоно билүүсү керек.
Мында математика, педагогика, психология боюнча алган билимдерин философиянын негизги категорияларына таянуу менен пайдаланат.
Бул курстун студенттер тарабынан өздөштүрүлүшү, алардын практика мезгилинде теориялык билимдерин пайдалана билүүсү менен ченелет.
Дисциплинанын негизги билим берүүчү программанын (НББП) курамындагы орду
Башталгыч мектепте математиканын баштапкы курсун окутуунун методикасы дисциплинасы адистик дисциплинанын бири. Бул предметти өздөштүрүүдө мектеп программасындагы математика, колледжде окутулуучу математика, педагогика, математиканын башталгыч курсунун теориялык негиздери өздөштүрүлүшү керек. Ал эми бул предмет менен катар башталгыч класстарда окутулуучу предметтерди окутуунун методикасы боюнча атайын адистик дисциплиналар өздөштүрүлүшү максатка ылайык.
“Математиканын башталгыч курсун окутуу методикасы” дисциплинасы ОКББ МС (КОББ3) 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” адистигине түзүлгөн негизги билим берүүчү программадагы окуу планынын кесиптик циклдеги базалык бөлүгүндө (Б.3.12.)камтылган. Аталган дисциплина 5,6-семестрлерде окутулат. Бул дисциплинанын өздөштүрүлүшү адистиктин педагогикалык жана мамлекеттик практикаларын өтөө үчүн маанилүү болуп саналат.
Күтүлүүчү натыйжалар
Дисциплинаны окутуунун натыйжасында студенттин
билимге ээ болуусу керек:
башталгыч класс окуучуларынын окуу жана тарбия, таанып-билүү процесстеринин өзгөчөлүктөрүн;
жалпы башталгыч билим берүү стандартынын жана үлгү окуу программаларынын талаптарын;
башталгыч мектептин программаларын жана окуу-методикалык комплекттерин;
мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүү программаларынын уламалуулук (преемственность) маселелерин;
башталгыч мектептеги сабактын тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн;
башталгыч мектепте окулуучу бардык предметтерин окуу-таанып-билүү ишмердигинин мотивациясын өнүктүрүүнүн ыкмаларын жана методдорун;
башталгыч класстагы өтө жөндөмдүү балдардын жана окуусунда кыйынчылыктарга дуушарланган көйгөйлүү балдардын өзгөчөлүктөрүн;
өтө жөндөмдүү балдарды окутуунун жана тарбиялоонун негиздерин;
окутуунун техникалык каражаттарынын (ОТК) негизги түрлөрүн жана аны билим берүү процессинде колдонууну;
кесиптик ишмердүүлүктө иштөөгө зарыл болгон башталгыч жалпы билим берүүдөгү негизги предметтер: математиканын башталгыч курсу предметтеринин мазмунун жана аны окутуунун методикаларын;
башталгыч класс окуучуларын даярдоонун денгээлине жана мазмунуна коюлуучу талаптарды;
башталгыч класста окулуучу бардык предметтер боюнча окуучулардын окуу ишмердигинин натыйжаларын педагогикалык көзөмөлдөөнүн методдорун жана методикаларын;
окуучуга педагогикалык мүнөздөмө жазуунун методикасын;
башталгыч класстын мугалиминин баалоо ишмердигинин негиздерин, баа коюунун критерийлерин жана окуучулардын жетишүүсүн көзөмөлдөөнүн түрлөрүн;
сабакта окутууну уюштурууга коюлуучу педагогикалык жана гигиеналык талаптарды;
башталгыч класста окутуунун өзгөчөлүктөрүн жана методикалык негиздерин;
сабакты талдоонун логикасын;
окуу иштерин документтештирүүнү, аны жүргүзүүгө коюлуучу талаптарды жана аны даярдоону.
билгичтикке ээ болуусу керек:
сабакка даярданууга зарыл болгон методикалык адабияттарды ж.б. маалымат булактарын издеп табууну жана пайдаланууну;
сабактын, курактын, класстын, айрым окуучулардын өзгөчөлүктөрүнө жана санитардык-гигиеналык нормаларга коюлуучу талаптарга ылайык, сабактын максатын, милдеттерин аныктоону жана аларды пландаштырууну;
окуучулардын даярдыгынын деңгээлин, курагын, предметтин өзгөчөлүктөрүн эске алып, бардык сабактар боюнча окуучулардын окуу ишмердигин уюштурунун ар түрдүү формаларын, методдорун жана каражаттарын колдонууну;
сабакта техникалык коопсуздукту сактоону, дене тарбия сабагында көнүгүүлөрдү аткарууда сактануунун жана өзүн-өзү сактоонун ыкмаларын колдонууну;
өтө жөндөмдүү балдардын жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык келчү иштерди пландаштырууну жана аны жүргүзүүүнү;
окууда кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучулар менен коррекциялык-өнүктүрүүчү иштерди пландаштырууну жана аны жүргүзүүнү;
билим берүү процессинде окутуунун техникалык каражаттарын колдонууну;
окуучулар менен педагогикалык максаттарга ылайыктуу өз ара мамиле түзүүнү;
бардык сабактарда педагогикалык көзөмөл жүргүзүүнү, өлчөөчү материалдарды жана окутуунун натыйжаларын диагностикалоонун формаларын жана методдорун ылгап алууну;
окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин диагностикалоонун натыйжаларын чечмелөөнү;
бардык окуу предметтер боюнча окуучулардын окуудагы ишмердик процессин, анын натыйжаларын баалоону жана баа коюуну;
башталгыч класста окулуучу бардык предметтер боюнча сабак өтүүдө өзүн-өзү талдоону жана өзүнүн аракеттерине көзөмөл жүргүзүүнү;
бардык предметтер боюнча сабак окутууда педагогикалык ишмердикти, окутуу процессин,а анын натыйжаларын талдоону, аларды корректировкалоону жана өркүндөтүүнү;
сабакты талдоодо анын мазмунун, методдорунун жана каражаттарынын алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык келерин аныктоону;
окуучулардын окуу ишмердигинин мазмунун түзүүнү, дидактикалык материалдарды тандоону жана уюштурууну;
башталгыч класс окуучуларынын ишмердигин уюштурууда ар түрдүү методдорду, каражаттарды, формаларды колдонууну;
сабакта окуучуларга педагогикалык байкоо жүргүзүүнү;
ата-энелер (же аларды алмаштыргандар) жана балдар менен педагогикалык максатта өз ара мамилелешүүнү;
билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникативдик технологияларды жана окутуунун техникалык каражаттарын колдонууну;
окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин көзөмөлдөөнү;
окуучуларга педагогикалык мүнөздөмө жазууну.
көндүмгө ээ болуусу керек:
башталгыч мектептин бардык предметтери боюнча өтүлүүчү сабактардагы окуу процессинин жүрүшүн жана окуу-тематикалык пландарды талдоонун методикасын, аны өркүндөтүү багытында сунуштарды берүүнү;
башталгыч мектептин бардык предметтери боюнча сабактардын максаттарын жана милдеттерин аныктоонун, аларды пландаштыруунун жана окутуунун методикасын;
курактын, класстын жана айрым окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун жана диагностикалоонун методикаларын колдонууну;
окутууга тиешелүү документтер менен иштей алууну.
Дисциплинанын кыскача мазмуну.
1. Окуу планынын негизинде курстун көлөмү жана иштин түрлөрү төмөнкүдөй тартипте пландаштырылат:
| № | Жалпы иштер | Бардык сааты | Семестр |
|
| Жалпы: | 216(72+144) | 5,6 |
| 1 | Аудиториялык | 36 | 5 |
| лекциялык | 18 | 5 | |
| практикалык (семинардык) | 18 | 5 | |
| 2 | Студенттин өз алдынча иштери | 36 | 5 |
2. Курстун бөлүмдөр боюнча сааттык бөлүштүрүлүшү.
| № | Бөлүмдүн аттары | Бардык саат | Аудиториялык саат | Лекциялык саат | Жумага бөлүнүшү | Практикалык саат | Жумага бөлүнүшү | Өз алдынча аткара турган иштер | Жумага бөлүнүшү |
| | Математиканын баштапкы курсун окутуу усулу илим катарында, анын өнүгүү тарыхы, мазмуну жана окутуунун закон ченемдүүлүктөрү | 10 | 6 | 2 | 0,17 | 4 | 0,34 | 4 | 0,33 |
| | Математика сабагында сабакты пландаштыруу жана уюштуруу | 6 | 2 | 2 | 0,17 |
|
| 4 | 0,33 |
| | Башталгыч класстарда математиканы окутууда окутуу усулдарын тандоо | 8 | 4 | 2 | 0,17 | 2 | 0,17 | 4 | 0,33 |
| | Математика сабагын уюштуруу
| 16 | 12 | 2 | 0,17 | 10 | 0,83 | 4 | 0,33 |
| | Математика сабагында окутуунун каражаттарын колдонуу | 8 | 2 | 2 | 0,17 |
|
| 6 | 0,5 |
| | Окуучулардын билимин текшерүү жана баалоо | 18 | 8 | 6 | 0,5 | 2 | 0,17 | 10 | 0,83 |
| | Математика сабагына байкоо жүргүзүү | 6 | 2 | 2 | 0,17 |
|
| 4 | 0,33 |
|
| Жалпы сааты: | 72 | 36 | 18 | 1,5 | 18 | 1,5 | 36 | 3 |
Студенттерге берилүүчү өз алдынча иштердин аткаруу формалары.
| № | СӨИнин темалары | Сааты | Аткаруу формасы | Аткаруу татаалдыгына карай баллдын берилиши | |
| 1-модуль | |||||
| | Математиканын баштапкы курсунун мазмуну жана жайгашуу өзгөчөлүктөрү | 4 | Жазуу (конспект) | 1-4 баллга чейин | |
| | 1)Окутууну уюштуруунун класстан тышкаркы формалары 2)Мугалимдин окуучуларга болгон мамилеси жана алардын иш–аракеттерин уюштуруу | 2
2 | Кластер
Жазуу (доклад) | баллга чейин | |
| | Окутуу процесси менен окуп–үйрөнүү процессинин айырмачылыктарына карата методдордун тандалышы | 4
| Жазуу (Таблица түзүү жана толтуруу) | 1-4 баллга чейин | |
| | Балдардын жөндөмдүүлүктөрүн, көндүмдөрүн арттырууга карата методдор | 4
| Жазуу (Конспект) Таблица түзүү | 1-4 баллга чейин | |
| | Окутуунун техникалык каражаттары | 2 | Кластер | баллга чейин | |
| 2-модуль | |||||
| | Башталгыч класстардын математи-ка сабагында колдонулуучу образ-дуу сүрөттөөчү куралдарды жасоо | 4 | Көрсөтмө курал
| Баллга чейин | |
| | текшерүүнүн ордун аныктоочу функциялар | 2 | кластер | баллга чейин | |
| | окуу китептеринен үй тапшырмаларын анализдөө | 4 | Жазуу жүзүндө | 1-4 баллга чейин | |
| | баалоо нормативдери | 4
| таблица түзүү | 1-4 баллга чейин | |
| | Аз комплекттүү мектептерде математиканы окутуу өзгөчөлүктөрү | 4 | таблица толтуруу
| 1-4 баллга чейин | |
|
| 18 |
| Макс – 20балл | ||
Окутуп-үйрөтүүдө колдонулуучу усулдар.
Э.Венндин диаграммасы менен иштөө, таблица түзүү, конспекти, докладдарды түрдүү булактардан өз алдынча изденүү, багыттоочу тапшырмалар, биргелешип аткарылуучу тапшырмалар, мээ чабуулу, “А” “В” “С” тибиндеги тапшырмаларды түзүү, берилген тапшырмаларды типтерге бөлүү, текст менен иштөө, баяндоо, маалымат берүү түрдүү стратегияларды колдонуу: ИНСЕРТ, ББКБ, зиг-зиг, жуптарда суммалап окуу, биргелешип издөө, ротация, Синквейн, математикалык диктант, багыттоочу тапшырмалар, биргелешип аткарылуучу тапшырмалар ж.б. Ошону менен бирге студенттердин окутуу процессинин жыйынтыгын аныктоодо калыптандыруучу баалоонун техникалары сунушталат.
Техникалык жактан камсыздоо.
БКМ адистигинин 404, 407, 408, 411, 414 –аудиториялары проектор менен жабдылган. Ар бир аудиторияга 36студентке ылайык орундар бар. Электрондук документти алуу же берүү үчүн түрдүү аудио жана видеолорду көрүүгө ылайыкташтырып орнотулган. USB,audio, HDMI туташтырылат. Окутуучуга лекциялык, практикалык сабактарды ыңгайлаштырып өтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Курстун саясаты.
Лекциялык сабакка сөзсүз түрдө катышуу;
Практикалык (лабораториялык) сабактагы активдүүлүгү;
Сабакка даярданып келүүсү;
ӨА иштерди белгиленген убакытта тапшыруусу;
Сабакка киргизилбейт:
Кечигип келгенде же чыгып кетсе;
Уюлдук телефон менен байланышса;
Плагиат (бирөөнүн эмгегинен көчүрүү);
Өз учурунда тапшырмаларды аткарбаса.
Студенттердин билимин баалоо.
Студенттин сабактагы активдүүлүгүн баалоо тапшырмалардын аткарылышына, коюлган суроолорго жооп берүү гана эмес, негизги: маалыматтык, социалдык-коммуникациялык жана өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чеч билүү компетенттүүлүктөрүнүн калыптануу деңгээлдердин аныкталышына жараша ишке ашат
Өз алдынча ишти баалоодо өз алдынча иш сөзсүз түрдө кол жазма түрүндө жазылууга тийиш, интернеттен көчүрүлүп алынбоосу керек,өз алдынча иштин тапшырмаларында эмне талап кылынса, ошондой формада аткарылууга тийиш, мисалы, эссе, кластер, таблица, конспектилөө, сабактын иштелмесин иштеп чыгуу...
Текшерүү үчүн суроолор.
Баалоо каражаттарынын фонду: Текшерүү иши; Портфолио; Түрдүү деңгээлдүү маселелер жана тапшырмалар; Доклад, маалымат; Аңгемелешүү; Чыгармачылык тапшырма; Тест; Тренажер; Эссе
Курс боюнча студенттердин билимин көзөмөлдөө жана текшерүүнүн жолдору:
өз алдынча даярдануу;
семестр бою практикалык сабактарга даярдануу
өз алдынча иштөөгө берилген суроолорго даярдануу жана талкуу;
үй тапшырмаларын аткаруу;
портфолио түзүү;
доклад жазуу;
оозеки жооп берүү;
алдын ала даярдалган тесттерге жооп берүү;
конференцияларга катышуу;
калыптандыруучу сурамжылоо;
жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр.
1-модуль
| № | Суроолор | Жооптордун варианттары | |||||||||||
| | Математиканын өнүгүү тарыхынын канча мезгили бар? | 4 3 5 10 | |||||||||||
| | «психология обучения арифметике» китебинин автору | Менчинская Магницкий Давыдов Макарычев | |||||||||||
| | 1 – 4 – класстардын математика китебинин автору | Токтомаметов Ысманова Бекбоев Туура жооп жок | |||||||||||
| | Методика сөзү грекчеден которгондо эмнени түшүндүрөт? | окуп – үйрөнүү багыт же жол маршрут же жол окутуу | |||||||||||
| | Методиканын 3 суроосу анын эмнеси болуп саналат? | изилдөө объектиси предмети багыты изилдөө жолу | |||||||||||
| | Түшүндүрмө-иллюстрациялык, аз-аздан изденүү, изилдөөчүлүк | формалар методдор түрлөр эрежелер | |||||||||||
| | Сөз түрүндөгү методдорго таандык эмес методду аныкта | айтып берүү баарлашуу Туура жооп жок индукция | |||||||||||
| | Окуу процессин жандандыруучу негизги элемент | окуу китеби сүрөт аппликация дептер | |||||||||||
| | Окуу китеби кандай удаалаштыкта түзүлөт? | Туура жооп жок Логикалык Схемалык Каалагандай | |||||||||||
| | Окутууну уюштуруунун негизги формасы | Сабак эс алуу К Т О Туура жооп жок | |||||||||||
| | Мотивдештирүүчү, өнүктүрүүчү, таанып билүүчү … | Темалар Касиеттер Функциялар Эрежелер | |||||||||||
| | Сабактын … : комбинирленген, аралаш, текшерүү | Типтери Формалары Касиеттери Максаттары | |||||||||||
| | Үйрөтүү, өнүктүрүү жана тек-шерүү – сабактын … маселелери | Туура жооп жок Дидактикалык Методикалык классикалык | |||||||||||
| | «Окуучулар эмнени жасай алат?» суроосу … максатка жооп берет | Өнүктүрүүчү Тарбиялык билим берүүчү Туура жооп жок | |||||||||||
| | Окуучулардын көндүмдөрүн арттырууга арналган сабактын бөлүгү | Уюштуруу Бышыктоо Туура жооп жок түшүндүрүү | |||||||||||
| | Математиканын изилдөө объектисине кайсы суроо кирбейт? | эмне үчүн окутулат? эмнени окутат? Кантип окутуу керек? Каерде окутат? | |||||||||||
| | Билим берүүчү, өнүктүрүүчү максаттар окуучуларга угузулабы? | угуза айтылат угузулбайт Туура жооп жок кээде угузулат | |||||||||||
| | Максат канчалык деңгээлде аткарылганы качан аныкталат? | Жыйынтыктоодо Бышыктоодо Уюштурууда кайталоодо | |||||||||||
| | Башталгыч класстар үчүн … ишмердүүлүктөгү мугалимдер даярдалат | көп грандуу жөнөкөй бир грандуу бир кырдуу | |||||||||||
| | Ар тараптуу даярдоолор негизги эмнелер деп аталат? | касиеттер компоненттер комплимент комитеттер | |||||||||||
| | 1703-жылы окуу китеби болуп эсептелген «арифметиканын» автору | Занков Сухомлинский Магницкий Давыдов | |||||||||||
| | Түшүнүктү калыптандыруу үчүн мугалим менен окуучулардын биргелешүү ишмер-дүүлүгүнүн түрлөрү | окутуу методдору окутуу формалары Туура жооп жок сабактын максаты | |||||||||||
| | Мугалимдин өтүлгөндөр боюнча суроосуна окуучулардан жооп алуусу | баарлашуу өз алдынча иш интерактивдик индуктивдик | |||||||||||
| | Практикалык методдорго таандык эмес методду аныкта | фигура жасоо фигура сызуу ченөө айтып берүү | |||||||||||
| | Математика кандай илим болуп саналат? | Абстракттуу Гуманитардык таанып билүүчү жасалма | |||||||||||
| | Түшүнүктүн мазмунуна жараша логикалык байланыштуу схема | Кластер Синквейн Кроссворд судоку | |||||||||||
| | Личносттук өзгөчөлүккө, начар жетишүүгө карата иш жүргүзүү | Туура жооп жок Текшерүү Индивидуалдык жалпы | |||||||||||
| | Сабактын кожоюну ким? | Директор ата – эне окуучу мугалим | |||||||||||
| | Интерактивдүү методду колдонууда окуу процессинде кайсы карым-катнаштар орун албайт? | Мугалим менен окуучу Окуучу менен башка окуучу Окуучу чакан топ менен Окуучу ошол учурда башка жакта (класстын ичинде эмес) жайгашкан окуучу менен | |||||||||||
| | Сабактын максаттары: билим берүүчүлүк, тарбиялоочулук | Баалоочулук Өнүктүрүүчүлүк Теориялык сапаттык | |||||||||||
| | 1 | Аралаш | А | Окутуу методу | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | Түшүндүрүү | Б | Сабактын этабы | 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | Уюштуруу | В | Сабактын тиби | 1-Б,2-А,3-В | |||||||||
| | 1 | Турактуу чоңдуктардын мезгили | А | I | 1-А,2-Б,3-В,4-Г | ||||||||
| 2 | Математиканын жаралуу мезгили | Б | II | 1-В,2-А,3-Б,4-Г | |||||||||
| 3 | Азыркы замандагы математика | В | III | 1-Б,2-А,3-В,4-Г | |||||||||
| 4 | Өзгөрүлмө чоңдуктардын мезгили | Г | IV | 1-Б,2-А,3-Г,4-В | |||||||||
| | 1 | “Психология обучения арифметике” | А | Магницкий | 1-А,2-Б | ||||||||
| 2 | Арифметика | Б | Менчинская | 1-Б,2-А | |||||||||
|
|
| В | Давыдов | 1-А,2-В | |||||||||
| | 1 | ченөө, геометриялык фигураларды сызуу, аппликация, фигураларды жасоо | А | сөз түрүндөгү методдор | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | аңгеме же айтып берүү, баарлашуу, китеп же басма материалдар боюнча иштөө | Б | көрсөтмө методдор
| 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | байкоо, предметтерди сүрөттөрдү демонстрациялоо | В | практикалык методдор | 1-Б,2-А,3-В | |||||||||
| | 1 | мугалим билимдердин үлгүсүн берет, андан кийин окуучулардан бул үлгүгө ылайык тапшырмаларды, аракеттерди, билимдерди сүрөттөп айтып берүүсү талап кылат | А | Изилдөөчүлүк метод | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | окуучулар алдына коюлган маселени чыгаруу жолдорун издөөгө катышышат. Мугалим коюлган маселени бөлүктөргө бөлүп, маселени чыгаруу кандайдыр бир бөлүгүн окуучуларга көрсөтүп берсе, калган бөлүгүн окуучулар өз алдынча иштешет | Б | Аз – аздан изденүү методу | 1-В,2-Б,3-А | |||||||||
| 3 | бул жаңы проблемаларды чечүү үчүн окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жолу | В | Түшүндүрмө – иллюстрациялык метод | 1-Б,2-А,3-В | |||||||||
| | 1 | Программанын жөнөкөйдөн татаалга карай түзүлүү принциби | А | Концентрдик принцип | 1-А,2-Б | ||||||||
| 2 | 10ичиндеги, 100ичиндеги, 1000ичиндеги сандар... | Б | Сызыктуулук принциби | 1-Б,2-А | |||||||||
|
|
| В | Ырааттуулук принциби | 1-А,2-В | |||||||||
| | Келечектеги башталгыч мектептердин мугалимдерин даярдоо процессинде «Башталгыч класстарда математиканы окутуу методикасы» курсун окутуу максаты эмнеде? | кенже мектеп курагындагы баланын математикалык өнүгүүсүн калыптандырууга карата студенттердин методикалык даярдыгын жакшыртууга аракет жасоо кенже мектеп курагындагы баланын математикалык өнүгүүсүн калыптандырууга карата студенттердин философиялык даярдыгын жакшыртууга аракет жасоо мектеп курагындагы баланын математикалык өнүгүүсүн калыптандырууга карата студенттердин философиялык даярдыгын жакшыртууга аракет жасоо кенже курактагы баланын өнүгүүсүн калыптандырууга карата студенттердин даярдыгын жакшыртууга аракет жасоо | |||||||||||
| | Ишмердүүлүктү сапаттуу ишке ашыруу үчүн эмнелерге ээ болуу керек?
| Атайын билимдерге жана көндүмдөргө Көрсөтмө куралдарга Адам менен сый мамиледе болууга Эч нерсеге ээ болуунун кажети жок | |||||||||||
| | Башталгыч класстарда математиканы окутууда окуучулар кайсы математикалык билимдерге, жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болбойт?
| Натуралдык сандар жана алардын үстүнөн аткарылуучу амалдар Негизги чоңдуктар жана алардын чен бирдиктери Тесттик маселелерди чыгаруу Геометриялык фигуралардын көлөмдөрүн табуу
| |||||||||||
| | Башталгыч класстардын мугалими ээ болгон билим, жөндөмдөрдүн өзгөчөлүгү эмнеде?
| психологиялык, физикалык жана математикалык билимдер менен тыгыз байланышта экендигинде педагогикалык, экологиялык жана математикалык билимдер менен тыгыз байланышта экендигинде психологиялык, дидактикалык жана математикалык билимдер менен тыгыз байланышта экендигинде экологиялык, дидактикалык жана математикалык билимдер менен тыгыз байланышта экендигинде
| |||||||||||
| | Башталгыч класстарда геометриянын элементтерин окутуудан уюштурууну аныктоочу маселелерге кайсы маселе кирбейт?
| Жалпы билим берүүчү маселеси Тарбия берүүчүлүк маселеси Жайылтуу маселеси Практикалык маселеси
| |||||||||||
| | Геометриялык материалдарды окутуунун жалпы билим берүүчү маселеси болуп төмөнкү жооптордун кайсынысы эсептелбейт?
|
математикалык түшүнүктөр жана геометриялык фигуралар, алардын касиеттери жөнүндө элестөөлөрүн өстүрүү, геометриялык чоңдуктар жөнүндө элестөөлөрүн калыптандыруу фигуралардын көлөмдөрүн аныктоо жана мейкиндик элестөөлөрүн өстүрүү геометриялык чоңдуктардын чен бирдиктерин аныктоону үйрөтүү.
| |||||||||||
| | Геометриялык материалдарды окутуунун практикалык маселеси кандай көндүмдү калыптандырууга багытталат?
| ченөө жана чийүү инструменттерин пайдаланып геометриялык фигураларды түзүү жана өлчөө ыктарын калыптандыруу теңдемелердин тамырларын жана алардын тууралыгын текшерүү көндүмдөрүн калыптандыруу турмуштук кырдаалдардан тексттик маселелерди түзө алуу жана аларды чыгаруу көндүмдөрүн калыптандыруу натуралдык сандардын үстүнөн амалдарды жүргүзүү, салыштыруу көндүмдөрүн калыптандыруу
| |||||||||||
| | Кол эмгек, сүрөт, дене тарбия, табият таануу, география сыяктуу окуу предметтерин ийгиликтүү өздөштүрүүгө шарт түзүүчү билим
| Арифметикалык Геометриялык Алгебралык Андай билим жок
| |||||||||||
| | Текст менен иштөө усулдарына таандык эмес усулду аныкта
| Инсерт ББКБ Жуптарда суммалап окуу Түшүндүрмө-иллюстрациялык
| |||||||||||
| ӨАИ (1-модул) | |||||||||||||
| | Көп орундуу сандар канчанчы класста окуп – үйрөнүлөт? | 3 2 4 1 | |||||||||||
| | Окуу китептеринде ондуктардан кийинки бөлүм кайсы? | Жүздүктөр Бирдиктер Цифралар миңдиктер | |||||||||||
| | Сан жөнүндө түшүнүк менен таанышуу канчанчы класста окулат? | 1 2 3 4 | |||||||||||
| | 2-класста кошуу амалынан кийин кайсы геометриялык чоңдук окулат? | Периметр Туура жооп жок Аянт узундук | |||||||||||
| | Аз комплекттүү мектептерде мугалим канча класска сабак өтөт? | 1 класска 2 же 3 класска 5 же 6 класска Сабак өтпөйт | |||||||||||
| | Аз комплекттүү мектептерде бир нече класс менен иштөөнүн эффективдүүлүгүн камсыз кылуу эмнеден көз-каранды? | Расписаниенин туура түзүлүшүнөн Сабактын тибинен Үйгө тапшырма берүүдөн Эч нерседен көз-каранды эмес | |||||||||||
| | Аз комплекттүү мектептерде окуучулардын кандай формада иштөөсү басымдуулук кылгандай түзүлөт? | Өз алдынча Жупта Топто Каалагандай | |||||||||||
| | Математика боюнча окуу программасы кандай принциптерге ылайык түзүлөт? | Концентрдик жана татаалдануу Татаалдануу жана сызыктуу Концентрдик жана сызыктуу Удаалаштык жана концентрдик | |||||||||||
| | Орун алмаштыруу касиети кайсы амал үчүн орун алат? | Кошуу Кемитүү Бөлүү Туура жооп жок | |||||||||||
| | Сабак өтүүдө эмне көп убакытка созулбаш керек? | Бышыктоо Кайталоо Туура жооп жок түшүндүрүү | |||||||||||
| | Сабактын максаты кандайча формулировкаланат? | Түшүнүктүү Туюк чар жайыт Туура жооп жок | |||||||||||
| | Сабактын максаты эмнеге ылайыктуу болушу керек? | Чектөөгө Туура жооп жок Тандоого өлчөөгө | |||||||||||
| | Кайсы этиш билим берүүчүлүк максат-ты аныктоодо колдонулбайт? | Салыштырышат айтып беришет тактай алышат өздөштүрүшөт | |||||||||||
| | Жаңы материал менен таанышуудан алдын аткарылуучу иштер | Жыйынтыктоо Даярдоо Байкоо баалоо | |||||||||||
| | Жекеден жалпылыкка карай түшүндүрүү жолу | Индуктивдик өз алдынча иш аз–аздан изденүү аңгеме | |||||||||||
| | Көрсөтмө методдорго таандык эмес методду аныкта | Демонстрациялоо Байкоо Иллюстрациялык баарлашуу | |||||||||||
| | Окуу китеби эмненин негизинде түзүлөт? | окуу программасы закон слайд Туура жооп жок | |||||||||||
| | Мугалимдин сабак өтүүгө болгон аракети эмнеден башталат? | максат коюудан мисал тандоодон текшерүүдөн анализдөөдөн | |||||||||||
| | Айтып беришет, белгилей алышат этиштери … максатына таандык | билим берүүчү тарбиялык Туура жооп жок өнүктүрүүчү | |||||||||||
| | Сабактын максаты канча убакытта жүзөгө ашырылат? | 45минутада 1айда 1чейректе 1жылда | |||||||||||
| | Сабактын тарбиялык максаты окуучуларга угузулабы? | Угузулат Туура жооп жок ар кандай угузулбайт | |||||||||||
| | Кайсы этиш өнүктүрүүчүлүк максатты аныктоодо колдонулбайт? | Формулировкалашат Колдонушат Салыштырышат талдашат | |||||||||||
| | Инсандык сапаттардын калыптанышын…максат чагылдырат | билим берүүчү өнүктүрүүчү Туура жооп жок тарбиялоочу | |||||||||||
| | Класстан тышкаркы иштердин түрүнө төмөнкүлөрдүн кайсынысы таандык эместигин аныкта | Класстан тышкаркы индивидуалдык Класстан тышкаркы группалык Экскурсия Сабак | |||||||||||
| | Класстан тышкаркы иштер кандай максатта жүргүзүлөт?
| ээ болгон билимдерди тереңдетүү максатында жүргүзүлөт. сабакта ээ болгон билимдерди кеңейтүү, тереңдетүү максатында же билим, жөндөм, көндүмдөрдүн бош орундарын толуктоо иретинде жүргүзүлөт. ээ боло турган билимдерди түшүнүү максатында жүргүзүлөт. билимдерди өздөштүрүүгө даярдануу максатында жүргүзүлөт. | |||||||||||
| | Математика боюнча окуу материалдарына байланыштуу объектилерди жана кубулуштарды окуучулар түздөн – түз кабыл алуу жана байкоону жүргүзүү максатында алып барылган класстан тышкаркы иштин түрү | Класстан тышкаркы индивидуалдык Класстан тышкаркы группалык Экскурсия Үй тапшырмасы
| |||||||||||
| | Психо – физикалык жөндөмдүүлүктү, ооруп келбей калган балдарды окуу материалын өздөштүрүүгө түрткү берүү, кызыгуусун арттыруу, анын кабыл алуу деңгээлине жараша мамиле жасоо үчүн жүргүзүлгөн класстан тышкаркы иш | Класстан тышкаркы индивидуалдык Класстан тышкаркы группалык Экскурсия Үй тапшырмасы | |||||||||||
| | Окуу материалын өздөштүрүүгө кандайдыр бир себептерге карата жетише албаган балдардын математикага кызыгуусун арттырууга багытталган тапшырмаларды берүү, кийинки өтүлө турган материалга окуучулардын тобун даярдоо максатындагы класстан тышкаркы иштин түрү | Класстан тышкаркы индивидуалдык Класстан тышкаркы группалык Экскурсия Үй тапшырмасы
| |||||||||||
| | Класста өтүлгөн тема боюнча материалдарды бышыктоо, өзүн–өзү контролдоо, эмгекти сүйүү, уюштуруучулук, тыкандык сыяктуу сапаттарын тарбиялоого арналган класстан тышкаркы иштин түрү | Класстан тышкаркы индивидуалдык Класстан тышкаркы группалык Экскурсия Үй тапшырмасы
| |||||||||||
| | Окуу программасы кандай документ болуп саналат?
| Мамлекеттик Мектептик Класстык Предметтик | |||||||||||
| 2-модуль | |||||||||||||
| | Оюн формасындагы, калыптандыруучу, өнүктүрүүчү … | Формалар Тапшырмалар Темалар эрежелер | |||||||||||
| | Жаратылышына жараша натуралдык жана … көрсөтмө куралдар | Сүрөттөөчү Мүнөздөөчү Баалоочу саналуучу | |||||||||||
| | Окуучулардын тиешелүү байкоолоруна таянылуучу окутуу | Ырааттуу окутуу Көрсөтмөлүү окутуу Системалуу окутуу Жалпылап окутуу | |||||||||||
| | Көрсөтмө куралдарга коюлуучу талаптарга кайсынысы таандык эмес? | Материалдын мазмунуна жана максатка ылайык эмес Илимий – техникалык жактан сабаттуу даярдалган Окуучулар үчүн жеткиликтүү жана эстетикалык талаптарга жооп берген Пайдаланууга ыңгайлуу | |||||||||||
| | Окуу жылынын башында түзүлүп, бектилүүчү план | КТП план конспект жекече план Туура жооп жок | |||||||||||
| | Темасы, сааты, мөөнөтү, адабияттар көрсөтүлгөн план | КТП Китеп Программа Туура жооп жок | |||||||||||
| | Ар бир сабактын алдында завуч тарабынан текшерилген план | иш планы план – конспект Туура жооп жок КТП | |||||||||||
| | Көнүгүүлөр жыйнагы болуп эмне эсептелет? | окуу китеби дептер КТП программа | |||||||||||
| | окуучулардын программалык материалды өздөштүрүү сапатын аныктоо, окуу иштерине жоопкерчилигин тарбиялоо, билим жана жөндөмдүүлүгүн корректировкалоо – бул кайсы процесстин максаты болуп саналат? | Баалоо Текшерүү Окутуу тарбиялоо | |||||||||||
| | Үй тапшырмасы ашыкча формада берилгендиги канча формада байкалат? | 1 2 3 4 | |||||||||||
| | Үй тапшырмасынын канча түрү бар? | 1 2 3 4 | |||||||||||
| | Окуучулардын окуу жана таанып – билүү ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү процесси | Баалоо Баа Баа берүү Текшерүү | |||||||||||
| | Баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердүүлүк же иш - аракет, сапаттуу кайтарым байланыш | Баалоо Баа Баа берүү Текшерүү | |||||||||||
| | символ, окуучулардын окуу жетишкендиктерин цифралар, тамгалар, же башкача түрдө формалдуу – шарттуу сан менен чагылдыруу. | Баалоо Баа Баа берүү Текшерүү | |||||||||||
| | Баалоонун кандай түрү жок? | Диагноздоочу Калыптандыруучу Жыйынтыктоочу Ылайыктуу | |||||||||||
| | Окуучулардын аң – сезимдик сапаттарына эмне таандык эмес? | көңүл буруу кабыл алуу ой жүгүртүү тырышчаактык | |||||||||||
| | Тапшырмалар кандай формада берилиши мүмкүн эмес? | доскага жазылып китептен тандалып оюн түрүндө телевизордон | |||||||||||
| | Колдонулушуна жараша жалпы класстык жана … көрсөтмө куралдар | Жанаша Жекече Жалпы Топто | |||||||||||
| |
|
| |||||||||||
| | Көрсөтмө куралдарды пайдалануу кайсы принципти жүзөгө ашырат? | Системалуулук Көрсөтмөлүүлүк аң сезимдүүлүк системалуулук | |||||||||||
| | Типографияда жана колдо жасалган куралдар кайсы түрдө? | чоңдугуна жараша сапатына жараша жасалышына жараша баасына жараша | |||||||||||
| | Окуу фильмдери, слайддар, диа-фильмдер - … көрсөтмө куралдар | Экрандык Табигый ТВ натуралдык | |||||||||||
| | Мугалимдин сабакка даярдануусу кандай маселе деп аталат? | Материалдык Моралдык Методикалык кадимки | |||||||||||
| | Күнүмдүк практикада колдонулган баа кайсы баалоого таандык болуп эсептелет? | Диагноздоочу Калыптандыруучу Жыйынтыктоочу Ылайыктуу | |||||||||||
| | Ата – энелер алдында отчет, билим берүү министрлигине окуучулардын жетишкендиктери жөнүндө билдирмелерди даярдоо жана башкалар эмнелер болуп саналышат? | Баалоого ченемдик талап Баалоого уруксат Баалоонун шарты Текшерүүгө ченемдик талап | |||||||||||
| | Сабактын иштелмесин иштеп чыгуу эмне боюнча түзүлөт? | Сабактын структурасы Китептин структурасы Класстын структурасы каалагандай | |||||||||||
| | Сабактын иштелмесин анализдөөдө эмнелерге көңүл бурулбайт?
| Максаттын жана компетенттүүлүктөрдүн коюлушуна Окуучулардын доскада кетирген катачылыктарына Негизги бөлүккө Жыйынтыктоо бөлүгүнө | |||||||||||
| | Сабак анализ берүүнүн критерийлерине таандык эмес критерий кайсы? | Мугалимдин өзүнүн негизги касиеттерин баалоо Мугалимдин жана окуучунун ишмердүүлүгүнүн мазмунун баалоо Сабактын жүрүшүндө окуучулар менен мугалимдин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалоо Ата-энелердин мугалим менен мамилесин, карым-катнашын баалоо | |||||||||||
| | Жооптордун арасында көнүгүүлөрдүн түрлөрүнө таандык эмеси кайсынысы? | Репродуктивдүү Продуктивдүү Чыгармачылык Билгичтик | |||||||||||
| | Оозеки эсептөө көнүгүүлөрү эмнеге таянылып аткарылат? | Таблицага Эреже, касиетке Алгоритмге формага | |||||||||||
| |
|
| |||||||||||
| | Тексттик маселелерди чыгарып кандай жөндөмдөргө ээ болушат? | Анализдөө Ченөө Байкоо эске тутуу | |||||||||||
| | 1 | Жаратылышына жараша | А | Фабрикада же колдо жасалган | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | Жаралышына жараша | Б | Натуралдык, сүрөттөөчү | 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | Колдонулушуна жараша | В | Жалпы жана жеке | 1-Б,2-А,3-В | |||||||||
| | 1 | Сабактын максаты | А | Түшүнүүгө ылайыктуу | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | Көрсөтмө курал | Б | Ченөөгө ылайыктуу | 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | Үй тапшырма | В | Пайдаланууга ылайыктуу | 1-Б,2-В,3-А | |||||||||
| | 1 | окуу жылынын башында же жаңы теманы үйрөнүү алдында жүргүзүлөт. | А | Жыйынтыктоочу текшерүү | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | окуу процессинин жүрүшүндө жүргүзүлөт. | Б | Алдын – ала же башында текшерүү | 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | тема, бөлүмдү үйрөнүүнүн аягында же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт | В | Учурдагы текшерүү | 1-Б,2-В,3-А | |||||||||
| | 1 | тийиштүү предметтик курста окутула турган темалардын же бөлүмдөрдүн башталышында окуучулардын окуп – үйрөнүү максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктап, тактап алуу. | А | Калыптандыруучу баалоонун максаты | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн калыпта-нуу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжалардын стан-дарт талаптарга шайкештигин аныктоо. | Б | Жыйынтыктоочу баалоонун максаты | 1-В,2-Б,3-А | |||||||||
| 3 | окуп – үйрөнүү процессинде мугалим менен окуучунун иш – аракеттерине оңдоп – түзөөлөрдү киргизүү. | В | Диагноздоочу баалоонун максаты | Б,2-А,3-В
| |||||||||
| | 1 | Окуучу конкреттүү материалдарды үйрөнүп, мазмуну кандай болсо, ошону кайталайт. | А | Продуктивдүү мүнөздөгү тапшырмалар | 1-А,2-Б,3-В | ||||||||
| 2 | жарым – жартылай изденүү мүнөзүнө ээ. Анда окуу материалы окуучуларды тереңиреек ойлонууга мажбурлайт. | Б | Чыгармачылык деңгээлдеги тапшырмалар | 1-В,2-А,3-Б | |||||||||
| 3 | окуучулар өздөрүнүн билим-дерин чыгармачылык деңгээлге көтөрүшөт. | В | репродуктивдүү мүнөздөгү тапшырмалар | 1-Б,2-А,3-В | |||||||||
| | 1 | окууга карата гана тапшырма берилиш керек, ал эми ишемби күндөргө тапшырма берилбеш керек | А | 1 – класстын 2 – жарым жылында | 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г | ||||||||
| 2 | Орто эсеп менен бардык сабактар үчүн үй тапшырмасы 1 саатка жетпеген убакытта аткарылгандай өлчөмдө берилиш керек | Б | 3 – класста | 1-В, 2-А, 3-Б, 4-Г, | |||||||||
| 3 | Орто эсеп менен бардык сабактар үчүн үй тапшырмасы бир жарым саатка жетпеген убакытта аткарылгандай өлчөмдө берилиш керек | В | 2 – класста | 1-Б, 2-А, 3-В, 4-Г | |||||||||
| 4 | Орто эсеп менен бардык сабактар үчүн үй тапшырмасы 2 саатка жетпеген убакытта аткарылгандай өлчөмдө берилиш керек. | Г | 1 – класстын 1 – жарым жылында | 1-Г, 2-А, 3-В, 4-Б | |||||||||
| | Сабактын типтерине жараша эмнеде өзгөчөлүк болот? | Сабактын формасы Сабактын максаты Сабактын этабы Сабактын жыйынтыгы | |||||||||||
| | Мугалимдин жана окуучунун ишмердүүлүгүнүн мазмунун баалоо критерийине таандык жоопту аныкта | Мугалимдин окуучуларга жана окуучунун окуучуга берген суроолорунун мазмуну жана жеткиликтүүлүгү Группалык, жеке жана жупта иштөө формаларынын эффективдүүлүгү Сабактын максатынын формулировкаланышынын конкреттүүлүгү, тактыгы жана мазмундуулугу Сабакка бөлүнгөн убакытты рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн алмашышы жана иреттелиши, темптин оптималдуулугу | |||||||||||
| | Окуучулардын сабакка катышуусу боюнча жалпы мүнөздөмөгө баа берүү критерийине таандык жоопту аныкта | Мугалимдин окуучуларга жана окуучунун окуучуга берген суроолорунун мазмуну жана жеткиликтүүлүгү Группалык, жеке жана жупта иштөө формаларынын эффективдүүлүгү Сабактын максатынын формулировкаланышынын конкреттүүлүгү, тактыгы жана мазмундуулугу Сабакка бөлүнгөн убакытты рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн алмашышы жана иреттелиши, темптин оптималдуулугу | |||||||||||
| | Сабактын жыйынтыгын жана максатын аныктоо критерийине таандык жоопту аныкта | Мугалимдин окуучуларга жана окуучунун окуучуга берген суроолорунун мазмуну жана жеткиликтүүлүгү Группалык, жеке жана жупта иштөө формаларынын эффективдүүлүгү Сабактын максатынын формулировкаланышынын конкреттүүлүгү, тактыгы жана мазмундуулугу Сабакка бөлүнгөн убакытты рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн алмашышы жана иреттелиши, темптин оптималдуулугу | |||||||||||
| | Сабактын жүрүшүндө окуучулар менен мугалимдин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалоо | Мугалимдин окуучуларга жана окуучунун окуучуга берген суроолорунун мазмуну жана жеткиликтүүлүгү Группалык, жеке жана жупта иштөө формаларынын эффективдүүлүгү Сабактын максатынын формулировкаланышынын конкреттүүлүгү, тактыгы жана мазмундуулугу Сабакка бөлүнгөн убакытты рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу, ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн алмашышы жана иреттелиши, темптин оптималдуулугу | |||||||||||
| | ар бир сабактын эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн сабактын мазмунун, түзүлүшүн, уюштурулушун жана иштөө методикасын бүтүндөй баланы тарбиялоо жана окутуу сапатын жогорулатуу – бул ... | Сабактын формасы Сабактын структурасы Сабактын проблемасы Сабактын анализи | |||||||||||
| | Көрсөтмө куралдарды колдонуунун эффективдүүлүгүнүн негизги шарты | Ашыкча Кем Ашыкча, бирок кем эмес Зарыл жана жетиштүү өлчөмдө | |||||||||||
| ӨАИ (2-модул) | |||||||||||||
| | Көнүгүүлөр математикалык структурасы боюнча кантип берилбейт? | теңдеме түрүндө маселе түрүндө туюнтма түрүндө Аңгеме түрүндө | |||||||||||
| | 1-класста окуп – үйрөнүлүүчү геометриялык чоңдук | Периметр Аянт Кесиндинин узундугу Туура жооп жок | |||||||||||
| | Миңдиктерди көбөйтүү жана бөлүү амалдары канчанчы класста окулат? | 1 2 3 4 | |||||||||||
| | Башталгыч класстарда кайсы фигуралар окуп үйрөнүлбөйт? | Квадрат тик бурчтук тегерек ромб | |||||||||||
| | Убакыт бирдиги болуп кайсы бирдик эсептелет? | Метр Грамм Центнер минута | |||||||||||
| | Сумманын компоненттери эмне деп аталышат? | Кошулуучулар Көбөйтүүчүлөр Бирдиктер амалдар | |||||||||||
| | Сандарды куроо үчүн пайдаланыл-ган белгилер эмне-лер деп аталышат? | Туура жооп жок Цифралар Сандар амалдар | |||||||||||
| | Топтоштуруу касиети кайсы амал үчүн орун алат? | Көбөйтүү К бөлүү Кемитүү Туура жооп жок | |||||||||||
| |
|
| |||||||||||
| | Жадыбалды жаттоодон кандай жөндөмдүүлүктөр-гө ээ болушат? | байкоо, эске тутуу сызуу ченөө чыгаруу | |||||||||||
| | Аныктамасыз кабыл алынган түшүнүк болуп эмне эсептелет? | төрт бурчтук түз сызык айлана тегерек | |||||||||||
| | Көбөйтүүнүн топтоштуруу закону |
Туура жооп жок
| |||||||||||
| | Мугалимдин ишти пландаштыруусу жана окутуу процессиндеги окуучулардын окуп – үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу кандай мүнөздөгү суроого жооп берет? | Тарбиялоочулук мүнөзүндөгү Окутууну уюштуруу мүнөзүндөгү Таанышуу мүнөзүндөгү Бөлүмдү аяктоо мүнөзүндөгү
| |||||||||||
| | Программанын ар бир темасын үйрөнүүгө карата иштин пландаштырылышы кимдин милдети?
| Окуучунун Мугалимдин Усулчунун Директордун | |||||||||||
| | Ар бир тема боюнча иштөөгө сарпталуучу сааттардын саны көрсөтүлгөн документ
| Окуу планы Окуу программасы КТП Мындай документ жок
| |||||||||||
| | Мугалим өзүнө-өзү анализ берүүдө кайсы суроого токтолбойт? | Сабак максатына жетиши үчүн бардык кадамдар каралдыбы? Тапшырмаларды окуучулардын деңгээлин эске алып түздүмбү? Окуучулардын ишмердүүлүгүңө туура баа бере алдымбы? Мурунку сабактын максатына кайрылдымбы? | |||||||||||
| | Мугалим өзүнө-өзү анализ берүүгө таандык эмес моменттерди атаңыз | Сабакты пландаштырууда Сабак учурунда Сабактан кийин Теманы түшүндүрүп жатканда | |||||||||||
| | Образдуу сүрөттөөчү көрсөтмө куралдарды жасоо окуучулардын кандай жөндөмдүүлүгүн калыптандырат? | Абстракттуу ой жүгүртүү конкреттүүгө өтүү менен элестөөсү калыптанат Абстракттуу ой жүгүртүү конкреттүүгө өтпөй эле элестөөсү калыптанат Абстракттуу ой жүгүртүү конкреттүүгө өтөт, бирок элестөөсү калыптанбайт Конкреттүү да, абстракттуу да элестөөсү калыптанбайт | |||||||||||
| | Окуучулардын кетирген кемчиликтери менен жетишкендиктерине багыт берүүчү процесс | Текшерүү Баалоо Ой жүгүртүү Үй тапшырмасын аткаруу | |||||||||||
| | Масса бирдиги болуп кайсы бирдик эсептелбейт? | Тонна Центнер Гектар грамм | |||||||||||
| | Көбөйтүндүнүн компоненттери эмне деп аталышат? | Көбөйтүүчүлөр Катыштар Кошулуучулар бирдиктер | |||||||||||
| | Цифралардын жардамында эмнелер куралат? | Амалдар Сандар Фигуралар теңдеме | |||||||||||
| | 1-класстын окуучуларына үй тапшырмасы | 1саатка ылайыктап берилет Каалашынча берилет берилбейт жарым саатка ылайык берилет | |||||||||||
| | Баалоо эмнени камсыз кылат? | Текшерүүнүн ишке ашышын Кайтарым байланышты Баарлашуунун орун алышын Үй тапшырманын аткарылышын | |||||||||||
| | Баалоонун ролу канча жактуу | 2 3 4 5 | |||||||||||
| | Үй тапшырмасы кандай максатта жүргүзүлбөйт? | Бышыктоо Системалаштыруу Даярдоо Аралаштыруу | |||||||||||
| | Окуучулардын программалык материалды өздөштүрүүсүн текшерүүнүн негизги методдору | Оозеки суроо жана жазуу жүзүндөгү текшерүү Оозеки айтуу жана жазуу жүзүндөгү текшерүү Суроо жана жооп берүү Угуу жана жаттоо | |||||||||||
| | Текшерүү эмнеге багыт берет? | Кетирген кемчиликтерге жана жетишкендиктерге Эмнелер өтүлгөн жа өтүлө электигине Кайсы метод менен өтүлгөндүгүнө Ата-энелер менен мектептин карым-катнашына | |||||||||||
| | Окуу программасынын ар бир темасын үйрөнүүгө карата иштин пландаштырылышы кимдин милдети? | Окуучунун Директордун Мугалимдин Ата-эненин | |||||||||||
| | Окуу процессинде көрсөтмө куралдарды кандай максатта колдонбойбуз? | жаңы материал менен таанышууда теманы бышыктоодо теманы түшүндүрүүдө үй тапшырмасын текшерүүдө | |||||||||||
16