СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Симпозиумга тема

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Симпозиумга тема»



Тайыр кызы Нургүл

Тема: “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасындагы этнопедагогикалык тарбиянын орду

Ош шаарындагы №27 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

1.Ч.Айтматов боюнча: Кылымга тете бир күн болгон сыңары эле, ар бир улуттун өзүнө тете кишиси болот эмеспи. Байдылдай Сарногоев айткандай: “Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме” деген ыр саптары да бекеринен жаралган эместей. Себеби Чыңгыз аркылуу кыргыз деген улутту дүйнө тааныганы талашсыз чындык. Мына ошол улуу жазуучубуз ар бир кыргыз үчүн куяш сыңары жаркылдай нурун чачып, жер сыңары кыргыз салт-санаасын, турмушун чайпалбай чыгармалары аркылуу оор жүктү көтөруп турганын, ар бир чыгармасынан сезүүгө болот. Маселен: “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт чыгармасында” аталар өз өмүрүн балага калтырып бул дүйнө менен кош айтышкандыгы, адамдардын өлбөстүктү сактап калууга милдеттүү экендиги тууралуу этнопедагогикалык тарбиянын уюткусу сезилип турат. Чыгармадагы негизги сюжет деңизде адашып калган жалгыз кайыкта өткөндүгү, аз гана мезгил алкагында жашоо үчүн күрөштү чагылдыргандыгы, адамзаттын бүт баары бир кайыкта экендигин, ошол адашкан кайыктагылар нивх элинин урпактарын сактап калууга өз жанын кыюу аркылуу кийинки урпактын улануусу үчүн күрөшүп жаткандыгын байкоого болот. Албетте Айтматовсуз деле табият менен адам тууралуу Хемунгей “Чал жана деңиз” чыгармасын жаратып жатпайбы. Айтматовдун өзгөчөлүгү табият менен мухиттин күрөшүн тээ илгерки элдик таалим-тарбия менен айкалыштырганы, чыгарманы болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыкты.



2. Чыңгыз Айтматовдун уникалдуулугу. Чыңгыз Айтматов жалпы планетардык маселени кырынан коюп, учу-кыйырсыз деңиз мейкининде бир кайыктагы адамдардын тагдыр-ташпиши бир экендигин, жер турмушунун метафорасы катары сүрөттөө менен, адамзатты акыл-эске чакырып, жер планетасында жүрүп жаткан согуштук артыкчылык үчүн “жүрүштүн” келечексиздигин адамга, анын акыл-эс сезимине, рух дүйнөсүнө жеткирүүгө аракет кылган.Аны ар бир чыгармасында элдик таалим -тарбиянын уюткусу катылып жатканынан улам айтууга болот. Жазуучунун уникалдуулугу мына ушунда ар бир чыгармасында миф, легенда, элдик таалим-тарбия, жомокторду кошуу аркылуу адамдарды руханий жактан дарылап жатат



3. Орган, Мылгун, Эмрайин, Крисктин улуу деңиз үстүндөгү улуу туман менен болгон күрөшү бул табият менен болгон күрөш эмес, адамзат менен болгон күрөш, кийинки урпак үчүн, нивх элинин укум-тукумун, салт-санаасын сактоо үчүн болгон күрөш экендиги дапдаана чагылдырылып турат. “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасында адамдар бул дүйнөнүн кожоюну эмес, болгону эзелкинин баянын эртеңкиге өткөрүп берүүчү даанакер-жомокчу экени дапдаана чагылдырылган. Ошондуктан да Орган карыя жалгыз небереси чун эмес, нивх элинин келечеги үчүн өз жанын кыйып жатат.

4. 5. Уламыш, элдик тарбия, миф, жомок. Кыргызда: “Өлгөн өлдү, кеткен кетти, бирок өлсө дагы жашай берчүү сөздөр бар”деген сөз бар. Ошондуктан жер өз огунда айланып, адамзаат пендеси тирүүлүк үчүн күрөшүп адамдар арсында мифтер, лакаптар, жомоктор муундан-муунга чоң аталар, чоң энелер аркылуу айтылып келе жатат эмеспи.

.. Бекеринен “Манас” эпосунда:

Байыркынын жомогу,Баштаса келер оролу.

Эзелкинин жомогу, Эстебесек болобу....1“ деп айтылбагандыр. Кыргызда чоң аталар эле жомок айтып, жомок менен балдарга тунук тарбия берилгендиги талашсыз чындык. Бүгүнкү күндө жомок айткан ата-эне, чон ата, чоң энелер аз, ошондуктан руханий жан дүйнөбүз жарды болуп, өз баалуулуктарыбызды жоготуп баратабыз.Чыгармада Орган карыянын Лувр өрдөгү жөнундөгү жомокту небереси Крискке айтып берүүсү да жөн жерден кошулуп калган жок. Бул жомок-адамдык жашоонун түбөлүк жаңырган добулбасы. Адамдын ар-намысын ойготор арыбас өмүр коңгуроосу эле.

Деңиз бул нивх элинин жашоосу, үмүтү, келечеги эле.Ошондуктан нивх элинин турмушу, жашоосу деңиз үстүндө, бир кайыкта сүрөттөлүп жатат. Кыргыздардын “белгисиз муршурт” киносундагыдай бүтүндөй жашоосун чагылдырат.


6. Кыргыз элинин жылкыга болгон көз карашы. Кыргыз элинин өзгөчөлүгү: Олжобай Шакир уулунун “Куюн доор” чыгармасындагы аттын тагдыры, сыры жөнүндө айтылат.

Кыргызда “Баланы башынан” деп коюшат. Салт, үрп-адаттарын бекем карманган эл гана узаак жыл жашайт деген кеп бар. Жер ал баарын көтөрөт. Ушул жыргал жашоодо жашап жатып да балдардын тушоосун кеспегендер ондоп саналат. Баланын тушоосун кесүү, кийинки турмушунда чоң мааниге ээ.


Кыргызда эркек болуп жаралдыңбы, атка мингенди үйрөн, жылкынын сырын бил дешет.

.Кыргыз баласы төрөлдүбү, жылкыны таптаганды, малды сойгонду, аны усткандап тартканды билүүгө тарбиялай


7.Нивх эли үчүн деңиз сырын билүү. деңизде башталган өмүр акыры деңизде бүтө турганын жакшы билишет. Ошондуктан бала бала кезинен мшыкканы абзел. Ал эми нивх эли үчүн жаш баланы алгач аңчылыкка оозандырып тушоосун кесет. Бул тушоо өлүм менен өмүрдүн тушоосу. Ошондуктан Кириск чулдуктун баласындай эки жагын элеңдей карап келүүсү ошондон2.

А нивх элиндегилер үчүн, эзелтен келе жаткан эрежеси: “Эркек болуп туулдуңбу, бала чагыңан деңизге боор бас, деңизди урматтай бил, деңиз сага үйүр алсын, бооруна тартсын дээлет”. 3

А нивх эли жашы жетип күнү бүткөнгө чейин, жолу болгон-болбогонуна карабай деңиз менен тагдырлаш болууга тарбиялайт.

Элибизде “Карындагы баланын кан болоорун ким билет, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” деген макал бар. Нивхчилер үчүн да мындай үмүттөр бар. Ошондуктан, эне сүтү кете элек, балтыр эти ката элек, балапан жүнү бата элек Кириск эр жетсе бүтүндөй уруунун ишеничин-таянычын аткараар деп укумдан-тукумга ооп келе жаткан салт менен аны аңчылкка алып чыгып жатышат. Албетте тиричилик ошонусу менен тиричилик да. 4



8. Нарк дөөлөттөр. Кыргызда атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул деген сөз бар. Ата-бабабыз айтышат: “Балалуу болгондо эмес, балаң балалуу болгондо сүйүн” деп. Биз кыргыздарда балаң балалуу болгондо туяк калды дээлет. Бала төрөлгөндөн кийин жээнтек той берилет. Анан жаңы басканда тушоосу кесилет. Ак баталар берилип, алкоолор айтылат. Ал эми нивх эли үчүн да ушундай жөрөлгөлөр бар. Кириск эгер аң уулоодон жеңиш менен кайтса баланын урматына майрам болот, эр жүрөк мергендин энчисине көбөйүп жаткан балыгы менен бай деңиздин жоомарттыгына арналып ыр ырдалат, бий бийленет. Кирисктин аңчылык тагдырын асмандагы жылдыздардын бирине тапшырат. Ал эми ошол майрамда Кирисктин атасы Эмрайин экени жамы журтка жарыя айтылат. Аң улоодон кайтып келмейинче Эмрайин атасы экени эч бир жерде айтылбайт. Деңиздин үстүндө канча кыйынчылык болсо да ата деп даттанбайт, салт ушундай.5





9. “Жакшылык кылсаң, жамандык өзү ойлонот” деген Ч.Айтматовдун жакшы сөзү бар эмеспи. Чынында азыркы жаңы стандартта деле көбүнчө окуучуга мотивация бергиле дээлет. Себеби каардуу турмушта чоңойгон Сталиндин, Гитлердин турмушу кээ бир адамдарга көрсөткөн запкыларын тарых беттери далилдеп турат. Ошондуктан кыргыздар тээ илгери эле айлана-чөйрөгө ишеним менен урмат менен мамиле кылган. Маселен буудай сапыруу үчүн шамалга “Айдар кел, айдар кел” деп айтышканы ар бирибиздин эле эсибизде. Азыркы мезгилде ислам дини борбордук азияда орун очок алып андай ишенимдерди “ширк” дешип жээрип башташты. Азыркы күндө “Айдар кел” дегенде шамалдын келбөөсү бул табияттын бизден жүзүн буруп кетти деген түшүнүктү ойго салат. Кыргызда кагазга жазылбаган дагы бир мыйзамыбызды эске салгым келет. Эгер минип жүргөн тулпарыңды алдын алда сатам деп айтпа, кырсык келет деген түшүнүк бар же алдын ала кулагын кызытпаш керек деген. Мындай мисал чыгармада да кезигет. Аң улоого сапарга кетип жаткан Орган карыя “Кайыгына” Мен өлсөм сен кал, олжосу көп алыскы жайларга сүз. Мен өлсөм, тепсе темир үзөр жаш мергендерди ээ кылып, деңиз кезип сүзө бер. Мен өлгөндө, тирүүмдө мага кандай кызмат кылсаң жаштарга да ошондой кызмат кылгын, бир боорум, айтканымды тыңдап, туюп баратасыңбы, кайыгым, сен туясың дечи. Сен али деңиз бетин көрө элегиңде байтеректин курсагында жатканыңда эле сүйлөшө баштабадым беле. Мен сени байтеректин курсагынан сууруп алдым, мына эми экөөбүз деңиз жалдап баратабыз. Эмесе мен бу дүйнөдөн өткөндө сен унутпай жүргүн. Деңизге чыккан күндөрүңдө мени эстей жүр....” деп, кайыгына жалынып-жалбаруусу да бекеринен эмес. Албетте Орган карыя да өлүм ак экенин, ким болсо да бир күн өлөөрүнө баш ийип жатат. Ошондуктан кыргыз элинде ар бир нерсенин колдоочусу бар, маселен сууну пири-Сулайман, жолдун пири-Жоломан, тоонун пири-Тастар Ата, Жердин пири-Жер –Эне, Очоктун пири-Очок –Эне, Желдин пири-Жел кайып, элдин пири-Элеман деп айтылат.



10.Колдоочулар. Элибиздин керектөөсүнө шайкеш келген руханий педагогикалык нарк-дөөлөттөр гана элдин салттуу ишенимине, идеалына айланат. Ар бир элдин педагогикалык маданияты өздөрү жашаган географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу өзгөчөлүктөргө ээ. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан. Ата-энелерибиз ар дайым “Жорткондо жолуң болсун,

Кыдыр атам өзү колдосун,

Өрүшүң малга толсун,

Айгырыңар үндүү болсун,

Кочкоруңар жүндүү болсун,

Корооңор кыктуу болсун,

Конушуңар ыктуу болсун.

Өгүзүңөр күчтүү болсун,

Инегиңер сүттүү болсун!”6 деп бата кылышкан. Кыдыр атам өзү колдосун дегени жорткондо жин-шайтандар жолобосун деген түшүнүктү берип жатат. Ал эми мында магиялык күчтөр, жин-шайтандар бар экенин ислам дининде да шайтандап калыптыр деп атайын дем салат, кыргыздарда арча түтөтүп жин-шайтандарды куут, баланы бешикке салганда да түтөткү салып, наристенин ак өргөсүн аластап, бешик ээси келди, периштелер койнуңду ач, шайтандар кач” деп айтылганын угуп эле жүрөбүз. Нивх эли үчүн да мындай ишенимдер бир канча. Маселен Кирискти аң улоого кетип жаткан сапарда апасы узатып чыгып жатып эне байкуш коркот. Себеби, кинр жиндери ата-бала бир аңга чыкканын жек көрөрүн, эгер кинр жиндери билип калышса ата менен баланын бирин мерт кылып, бирин эрк менен күчтөн ажыратаарын, алар ар дайым адамдардын караанын издеп, изин кууп жүрөрүн жакшы билет эле. Ошондуктан да Кирисктин апасы өз баласы менен үн-сөзсүз коштошту. Атасын оозго да алган жок. Себеби бала эрезеге жеткенге чейин жин-периден сактап турганы оң. Кыргызда деле жаш баланын кийимин караңгыда калтырбайт, күүгүмдө баланы эшиктен үйгө чакырат, караңгыда балдар жаткан бөлмөгө кирип келбе деген түшүнүктөр аң сезимибизде байыр7 алган. Жаш Кириск апасынын айтканын эсинен чыгарбай жин-перилерди адаштырып бадал аралай ийри-буйру чуркап, узап кеткен чоңдордун артынан жөнөдү. 8

11. Элдик уламыш. Кыргызда баланын дээринде бар дээлет. Кирисктин да кайык ичинде капысынан Орган карыянын Ала-Дөбөт кай жагыбызда калды? деген суроосуна жооп берүүсүнөн байкасак болот. Бала туура жооп берет. Ошондо карыя кайдан билип алдың десе, Кириск “менин дагы бөлөк көзүм бар, дагы кайсы көзүм экенин билбейм, бирок ичимде дагы билген көзүм бар” дегенинен эле чоң атасы Орган карыянын бир мезгилде айткан уламыштарынын таасири десек жаңылышпайбыз.

Кыргыз улуту кырк уруу элден куралган десе.(Этнолог жана тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакуновна “кырк сөзүнүн көптүк биримдикти туюнтуучу –ыз курама мүчө сөзүнөн куралган”). Кээ бирлери төмөнкү уламыштарды айтышат.

Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Анын кызы жана кызынын кырк кенизеги –аны дайыма коштоп жүрчүү күң кыздары болгон экен. Падыша өз кызын эч кимге көрсөтпөй багып чоңойткон. Күндөрдүн биринде сейил куруп жүргөн кыздар көл жээгине барышат. Суудагы көбүктү көрүшөт. Ага таң калышып, суу чачышып ойноп, көңүл ачышат. Кийинчирээк ошол көбүк менен ойногон кыздардын боюна бүтөт. Каарданган падыша аларды ээн тоого жеткирип таштайт.Ошол кырк кыздан туулган балдардын урпактары кийин кыргыз элин түзгөн экен деген легендалар бар. Ал эми нивх эли да Айым-Балыктын урпактары дээлип атйылганын Орган карыя аркылуу автор эзелкини эске салып, нивх элинин тарыхы тууралуу да божомолдоого далаалат жазап жатат. Чынында ушундай уламыштар болбогондо этнопедагогикабыз болбогондо элдин элдүүлүгү сакталып калмак эмес.

Илгери бир заманда Ал-Дөбөттүн этегинде үч бир тууган жашаптыр. Улуусу кууганын кут кармаган, качса да жеткирбеген жел таман экен. Ал бугу-адамдын кызын алат да, үйүр-үйүр бугулардын ээси болуп, тундурага көчүп кетет. Кичүүсү из куугуч изевилчи, көзгө атар мерген болот. Ал токой элинен бир кыз алып мергенчиликти кесип кылып, тайга токойду жайлап кетет. Ортончусу аксак туулуп калгандыктан эрте туруп кеч жатса да багы ачылбай, кубалап бугуга жетпейт, токой аралап аң уулай баштайт. Ага тегеректен эч ким кызын бербейт. Ага иниси таштап кетет. Ал шордуу ошентип балык кармап, деңиздин жээгин жай кылып кала берет. Бир күнү аксак шордуу кайырмагын салып, кайыгында отурган. Аңгыча кайырмагы колунан жулкулдап калат. Чоң балык түшкөн экен деп, кубанып кетет. Караса, бир укмуш! Балык кейпиндеги жылаңач аял. Сулуулугун айтпа. Байкуш аксак Айым-Балыкты суудан сууруп алып, колтугуна кысат. Экөө кайык түбүнө жыгылат. Кайыгы асманга жете серпилип жатканын бир билет. Аңгыча Айым – Балык суурулуп сууга булт кирип кетет. Аксак эр тура калып, артынан умтулат, кайрыл деп кыйкырат, чакырат, жалбарат, бирок Айым – Балык деңиз түбүнө дайынсыз кетет. Ал ортодо кыш өтөт. Кыш артынан жаз өтөт. Жайдын бир күнү аксак балыкчы тизесинен толкун кечип Айым-Балыгым көрүнүп калаар бекен деп жургөндө, жээктен жаш наристенин ыйлаган үнү угулат. Барса “Менин атам ким?” , “Менин атам кайда?” деп бакырат. Бала аны көрө коюп: “Менин атам сенсиң! Багып ал, мен сенин уулуң болом” дейт. Ошентип бала тез эле эр жетип, жоо жүрөк, чымыр, ак жолтой аңчы болуп чыга келет. Даңкы таш жарып, тоо ашып, токой аралап кетет. Токой эли шүйшүнүп кызын берет. Бала-чакалуу болуп, Айым-Балыктын укум-тукуму ошондон тарап көбөйгөн экен.9

Кыргызда “карама көр” болуп калыптыр деп айтылат. Бул деген жарык болуп турса да көзү туман болуп көрбөй калуу. Ага малдын боорун чала бышып берип дарылашат. Мындай жөрөлгөнү Орган карыя Кирискке “Түн суук болот, үшүйсүң. Боор жеген адам үшүбөйт. Муну жеген адамга оору-сыркоо жолобойт” деп айтканынан байкасак болот.

Биздин элибизде мергенчилер мергенчиликтен кайтканда “Шыралга” беришет. Себеби кийинки аңчылыкта жолум болсун деген таризде. Ал эми чыгармада да алгачкы олжоосун кармаганда мергенчилер бул аралдын Эгесине курмандык шыбагысын таштап кетүүнү эп көрүп, Нерпанын жүрөгүн майдалап, кийинки келгенде да ушундай олжо бер дешип, аралга чачып салышат.

12. Туман, түш.“Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестиндеги туман бул жаратылыштын эмес, жашоонун туманы эле. Толкундан кирген кайыктагы суу, келечектеги тагдырдын толкуну эле. Адам пендеси үчүн жайкалган суунун үстүндө туруп сууга зар болуп калуудан өткөн азап жоктур. Балким жазуучу кең жакалуу, жайкалган бейиштей жерде жашап жатып кадырына жете албаганыбызды толгонуп жазганбы деген ойго чөмүлөсүң. Орган карыянын буйругун кың дебей аткарышып, кайыктагы бардык буюм-тайымдарды ыргытты, жадакалса эми бочкедеги таза сууну карыянын буйругусуз ичүүгө тыюу салды. Чынында бир уруу элди, улутту мына ушинтип эле карыялар башкарып, канчалаган азаптардан куткарып келген. Ошондуктан да “Манас” эпосунда

Абыке, Бакайдайкарыя,

Акылытереңдарыя,

Бузулгандытүзөгөн,

Жакшылыкиштикүсөгөн10деп бекер айтылбайт. Орган карыянын сууну ичүүгө тыюу салганы келечекти улоочу Киристик сактап калууга болгон далаалаты эле. Орган карыянын туман, толкун, деңиз менен болгон эрегиши, жаратылыш менен болгон күрөшүү эмес адамзаат үчүн, келечек үчүн болгон күрөш эле. Бекеринен Орган карыя: “Мен ушул өмүрүмдө сууну канча ичтим, аны билбейсиң. Сен дагы узак өмүр сүрүшүң керек, ошон үчүн иче кой, сен ичишиң керек, ичишиң керек, менден кам санаба” деп айтканынан эле байкасак болот.

Түш жөнүндө айта турган болсок. Психолокдор: “Түш адам турмушунда сезүү органдары аркылуу кабылдаган индивидуалдуу маалыматтын баш мээде эмоционалдуу, образдуу чагылган элестери” деп айтышат11. Азыр маалымат алуунун булагы, телевизор, радио, интернет желери болсо. Мурунку заманда маалымат алуунун уникалдуу булагы –түш болгон. Кириск да түш көрүп түшүндө деңизде жөө бараткан болот. Жерди багыт алып суу ичүүгө баратыптыр.Деңиз бетинде ал жалгыз баратыптыр. Обол мурун ал Орган, Эмрайин, Мылгундардан озо чуркап кеткендей болгон, эртерээк суу таап тигилерди чакырмакчы болгон. Анан караса өзү эле жалгыз калыптыр. Кыйкырып атты, чакырып атты, биринен жооп укпады. Кирисктин бул түшү оңунан чыкты. “Манас” эпосунда Каныкейдин түшү оңунан чыккандай. Кириск алгач Орган чоң атасынан, Мылгундан, Эмрайинден айрылды. Бир кезде ооруп калганда апасы суу бербей чыда балам, чыдай гой, Чычкан акеңден суу сура деп айтканын эстеп. Жанталашып чычкан аке, суу берчи деп сурап жатты.

Кыргызда “Карынын сөзүн капка сал” деп айтылат. Тагдырга же моюн сунушуң керек же күрөшүп жашашың керек, ал ошон үчүн тагдыр. Демек, “Чычкан аке, суу берчи” деп жан талашып жашоого болгон күрөштү уланткан Криске чоң атасы Орган карыя: “Асмандан кулак үзбөй, абаны тыңшап отуруу керек, мен ушуну ойлондум. Анткени Агүкүк учуп өтүп калгысы бардыр. Ачык деңиз үстүндө кандай куш болбосун жээкти карай, кургакчылыкты карай түз учат. Эч жакка кайрылбай жээке түз учат” деп айтканы эсине түшүп, асмандагы Агүкүктү көрөр замат, Орган чоң атасынын кайык башкаруучу калагын кармады да, агүкүк учуп кеткен багытка кайыкты салды. Ошентип, чыгарманын соңу да Орган карыя өлсө да анын айткан акылы менен Криск аман калды.Келечек уланды, үмүт шооласы тутанды, “Манас” эпосунда айтылгандай үзүлүп барып уланды, чачылып барып жыйналды, 11 жаштагы кичинекей бала аман калып Айым-Балыктын урпактары сакталып калды.

14.Жыйынтап жатып залкар жазуучу Бул чыгармадагы нивх элинин элдик таалим-тарбиясын, кыргыз элинин үрп-адаттарына салыштырып жатып, жазуучу Чыңгыз Айтматов кайсы элдин турмушун жазбасын биринчи кыргызча ойлонгонун дапдаана байкадым. Маркум Сабыр Иптар уулу айткандай мектеп партасына “Руханият” деген сабактын киришин сунуштаймын.



Колдонулган адабияттар:

  1. А.Муратов, К.акматов“Айтматовду мектепте окутуу”. Бишкек\201-ж

  2. Сабыр Иптаруулу “Кыргыз жан дүйнөсү”. Бишкек\2017-ж;

  3. Салттык педагогикалык маданият жана балдар дүйнөсү. Бишкек\2017;

  4. Самсак Станалиев “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы”. Бишкек\2018-ж;

  5. Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Бишкек\1994-ж;

  6. Кеңешбек Асаналиев “Чыңгыз Айтматов –адабий доор”. Бишке\2013;

  7. Кеңешбек Асаналиев “Адабий айкаш”. Бишкек/2013-ж;

  8. Лайли Үкүбаева “Ч.Айтматов жана азыркы адабий процесс”. Бишке\2013-ж;

  9. Нургүл Тайыр кызы “Мектеп жана Айтматов 6бутак 1000тест”. Бишкек\2018-жыл

  10. Ч.Айтматовдун 3-томдугу. Бишкек\2009-ж;



1С.Иптаруулу “Кыргыз жан дүйнөсү”. Б\2017.105-бет

2Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009.

3Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009

4Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009

5Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009

6С.Иптаруулу “Кыргыз жан дүйнөсү”. Б\2017.101-бет

7Жүрөктөн-жүрөккө байлануу дегенди түндүрөт

8Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009

9Айтматов Ч. 3-томдугу. Б-2009

10Салттык педагогикалык маданият жана балдар дүйнөсү”. Бишкек\2017 386-бет

11С.Иптаруулу “Кыргыз жан дүйнөсү”. Б\2017.107-бет


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!