Синтаксистик талдоо жүргүзүүнүн тартиби.
Практикада синтаксистик талдоо жбүргүзүүнүн 3 түрү колдонулат.
1.Сөз айкашы боюнча талдоо
2.Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо
3.Сүйлөмгө синтаксистик талдоо
1.Сөз айкашы боюнча талдоо
Эр жакшысы элдин жүгүн көтөрөт.
А) Сөз айкаштарын аныктоо:
а)жүгүн көтөрөт; б)элдин жүгүн; в)жакшысы көтөрөт;г)эр жакшысы
Б)Сөз айкаштарына анализ берүү:
а) жүгүн көтөрөт-эркин сөз айкашы; багындыруучу түгөйү-көтөрөт,
багыныңкы түгөйү-жүгүн.Этиштик сөз айкашы,башкаруу байланышы.
б)элдин жүгүн-эркин сөз айкашы; багындыруучу түгөйү-жүгүн; багыныңкы
түгөйү-жакшысы.Атоочтук сөз айкашы, таандык байланышы.
в) жакшысы көтөрөт-эркин сөз айкашы; багындыруучу түгөйү-көтөрөт,
багыныңкы түгөйү-жакшысы.Этиштик сөз айкашы,ээрчишүү байланышы.
г)эр жакшысы-эркин сөз айкашы; багындыруучу түгөйү-жакшысы;
багыныңкы түгөйү-эр.Атоочтук сөз айкашы, ыкташуу байланышы.
2.Сүйлөм мүчөлөру боюнча талдоо:
Башкаларга бакыт издеген адам бакытка капыстан дуушар болот.
Эмне болот? Дуушар болот-сүйлөмдүн баяндоочу.Этиштик жана
Тутумдаш түзүлүштөгү баяндооч.
Ким дуушар болот?-адам-сүйлөлөмдүн ээси. Зат атоочтук жана
жөнөкөй түзүлүштөгү ээ.
Кандай адам?-башкаларга бакыт издеген-сүйлөмдүн аныктоочу.
Атоочтук түрмөк.
Эмнеге дуушар болот?-бакытка-сүйлөмдүн толуктоочу. Тике
толуктооч, жөнөкөй түзүлүштө.
Кантип дуушар болот?-капыстан-сүйлөмдүн бышыктоочу.Сын сыпат бышыктооч, жөнөкөй түзүлүштө.
3.Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзүү.
А)жөнөкөй сүйлөмгө талдоо жүргүзүү.
Тогуз- Тороо,Нарын тарапты бийлеген Осмон деген белгилүү датка болгон.
Түзүлүшүнө карай-бир өңчөй мүчөлүү жөнөкөй сүйлөм
Айтылыш максатына карай-жай сүйлөм
Баш мүчөлөрдүн катышына карай-эки тутумдуу сүйлөм;
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай-жайылма сүйлөм.
Кыш.
Түзүлүшүнө карай-жөнөкөй сүйлөм;
Айтылыш максатына карай-жай сүйлөм;
Баш мүчөлөрдүн катышына карай-бир тутумдуу атама сүйлөм;
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай-жалаң сүйлөм.
Б) Татаал сүйлөмгө талдоо жүргүзүү.
Кеби бар адам сөз бүтүрөт,эби бар адам иш бүтүрөт.
Түзүлүшүнө карай -эки жөнөкөй сүйлөмдөн турган тең байланыштагы
татаал сүйлө;
интонация аркылуу байланышты.
Айтылыш максатына карай-жай сүйлөм;
Баш мүчөлөрдүн катышына карай-эки жөнөкөй сүйлөм тең эки тутумдуу сүйлөмдөр;
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай-эки жөнөкөй сүйлөм тең жайылма сүйлөм;
Кыргыз эли байыртадан өз турмушун ат менен тыгыз байланышта өткөргөн, анткени көчмөндүү калк үчүн эң зарылдыкты түзүп келген. Түзүлүшүнө карай-жөнөкөй-эки жөнөкөй сүйлөмдөн турган багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм;
Биринчи сүйлөм негизги сүйлөм,экинчи сүйлөм себеп багыныңкы суйлөм анткени деген байламта аркылуу байланышты;
Айтылыш максатына карай-жай сүйлөм;
Баш мүчөлөрдүн катышына карай-биринчи сүйлөм эки тутумдуу ,экинчи сүйлөм бир тутумдуу белгилүү жактуу сүйлөм;
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай-эки жөнөкөй сүйлөм тең жайылма сүйлөмдөр.
Морфологиялык талдоо жүргүзүүнүн тартиби Сүйлөмгө морфологиялык талдоо эки багытта жүргүзүлөт: 1.Сүйлөмдүн курамына карата ажыратуу; 2.Сөз түркүмдөрү боюнча талдоо; Бул багыттар боюнча төмөнкүдөй системада талдоо жүргүзүү талапка ылайыктуу: 1.Сөздүн курамына (составына) карай ажыратуу(уңгу жана мүчөгө ажыратуу), уңгунун жана мүчөнүн түрүн аныктоо. 2.Сөз түркүмү боюнча талдоо.Сөздүн кайсы түркүмүнөн экендигин, ага берилүүчү суроосун,грамматикалык категориясын аныктоо.Мисалы: зат атооч,же сын атооч сөз түркүмүнө кирген сөздөрдү морфологиялык талдоодо төмөндөгүдөй иш аракеттер аткарылат: 1.Зат,же сын атоочту сөз составына карай ажыратуу керек.Эгерде ал уңгу түрүндө турса, аны белгилеп,эгерде мүчөнүн жардамы менен жасалса, кайсы мүчөнүн жардамы менен жасалгандыгын аныктоо керек. 2.Сөздүн зат,же сын атооч түркүмүнө кирерин, кайсы суроого жооп берип тургандыгын, зат атооч болсо , кайсы грамматикалык категорияга баш ийип тургандыгын (санын , жагын , таандыктыгын,жөндөмөсүн) энчилүү же жалпы ат экендигин аныктап ,эгерде сын атооч болсо,кайсы даражада тургандыгын сапаттык же катыштык сын экендигин талдоо керек.Эгерде ал затташкан(супстантивдешкен) сын атооч болсо аны белгилөө керек.Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча морфологиялык талдоо төмөндөгүдөй болот:
Берекелүү күз мезгилинде мол түшүм жыйналды. 1.Сөздүн курамына карата ажыратуу: Береке-лүү-уңгусу-береке,луу мүчөсү, сөз жасоочу мүчө, анын ичинен зат атоочтон сын атоочту жасоочу мүчө, луу-мүчөсүнүн өзгөргөн варианты; Күз-уңгу түрүндө турат; Мезгил-и-нде-мезгил-уңгусу, -и-сөз өзгөрүүчү ,анын ичинен таандык категориянын 3-жагынын мүчөсү,-(н) де -уланды мүчө,жөндөмө мүчө, жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү.
Эскертүү: 3-жактын таандык мүчөсү уланып турган сөз жөндөлгөндө, жатыш жөндөмөсүнүн -да мүчөсүнө “н” тыбышы кошулуп айтылат;
Мол-уңгу түрүндө турат; Түшүм -уңгу түрүндө турат;
Жый-на-л-ды-уңгусу-жый,-на (-ла)-сөз жасоочу, этиштен этиш жасоочу мүчө;-лы- сөз өзгөртүүчү мүчө, этиштин туюк мамилесинин (-ыл) мүчөсү;-ды-сөз өзгөртүүчү мүчө, этиштин өткөн чагын уюштуруучу мучө.
2.Сөз түркүмдөрү боюнча талдоо:
Берекелүү-сын атооч сөз түркүмүнө кирет.Кандай? деген суроого жооп берет, катыштык сын, жай даража.
Күз-зат атооч сөз түркүмүнө кирет, эмне? деген суроого жооп берет,жалпы ат, түзүлүшү боюнча жөнөкөй, атооч жөндөмөсүндө турат; Мезгилинде-зат атооч,эмнесинде? деген суроого жооп берет, ат, жөнөкөй,жатыш жөндөмөсүндө турат; Мол-сын атооч, кандай?деген суроого жооп берет, сапаттык сын, жай даража; Түшүм -зат атооч, эмне? деген суроого жооп берет,жалпы жөнөкөй, атооч жөндөмөсүндө турат; Жыйналды-этиш сөз түркүмүнө кирет , эмне кылды? деген суроого жооп берет,жөнөкөй, өткөн чакты билдирип турат. Эгерде сүйлөмдөгү толук морфологиялык талдоо жүргүзсөк, анда төмөнкүдөй болот: Жакшы адамдын белгиси-эл камы үчүн күйүнөт.
1.Жакшы-уңгу түрүндө турат; жакшы-сын атооч, кандай ? Деген суроого жооп берет, сапаттык сын, жай даражада турат. 2.Адамдын-адам -уңгусу,-дын мүчөсү,сөз өзгөртүүчү мүчө, илик жөндөмөсүнүн мүчөсү; адамдын-зат атооч; кимдин? Деген суроого жооп берет; жалпы ат,жөнөкөй зат атооч,жекелик санда , илик жөндөмөсүндө турат. 3.Белгиси-белги-уңгусу,-си -мүчөсү, таандыктын 3-жагынын мүчөсү, сөз өзгөртүүчү мүчө; белгиси-зат атооч, эмнеси? Деген суроого жооп бере, жалпы ат, жөнөкөй зат атооч, жекелик санда атооч жөндөмөсүндө турат. 4.Эл-уңгу түрүндөгү сөз; эл-зат атооч, ким? Деген суроого жооп берет,жалпы ат, жөнөкөй зат атооч, илик жөндөмөсүнүн-нын мүчөсү түшүп айтылды (элдин камы). 5.Камы-кам-уңгусу, -ы -сөз өзгөртүүчү мүчө, таандыктын 3-жагынын мүчөсү;камы-зат атооч, эмнеси ? Деген суроого жооп берет,жалпы ат,жөнөкөй зат атооч, жекелик санда, таандыктын 3-жагы , атооч жөндөмөсүндө. 6.Үчүн -кызматчы сөз, жандооч; 7.Күйүнөт-этиш, эмне кылат? Деген суроого жооп берет,күй-уңгусу, -үн-этиштин мамиле мүчөсүнүн сөз өзгөртүүчү (уланды) мүчө;-ө- чакчылды уюштуруучу мүчө:-т -этиштин 3-жагынын мүчөсү,келер чакты билгизет,3-жакта турат. Морфологиялык талдоого мисалдар:
Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
Опсуз баатыр жоого түшөт.
Анкоо бала атасына асылат,
Анкоо кыз энесин коркутат.
Калпычы киши элге ишенбейт.
Узун тил уудан жаман.
Улуу сөздө уят жок.
Лексикалык талдоо жүргүзүүнүн тартиби:
1.Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанисин аныктоо.
2.Сөз бир маанилүүбү же көп маанилүүбү, түз мааниде же өтмө мааниде экендигин аныктоо.
3.Сөзгө синоним , омоним антоним сөздөрүн табуу, фразеологизм , термин ж.б. топко тийешелүүлүгүн же активдүү сөз экендигин көрсөтүү.
4.Сөздүн төл же өздөштүрүлгөн лексикага жатаарын аныктоо.
Үлгү: Мугалим мөмөлүү дарак.
Мугалим-билим, тарбия бере турган адам (лексикалык мааниси); зат атооч, атооч жөндөмө, жекелик санда, 3-жак (грамматикалык мааниси); бир маанилүү сөз; түз мааниде:
Синоними-окутуучу,устат; активдүү сөз; араб тилинен кирген.
Лексикалык талдоого мисалдар.
1.Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
2.Агын сууда арам жок .
3.Адам ойго тойбойт,бөрү койго тойбойт.
4.Айыгаар оорунун дарымчысы өзү келет.
5.Ак ийилет, кара сынат.
6.Акмак достон акылдуу душман артык.
7.Алтын чыккан жеринде каат.
8.Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
9.Арам тамак аш болбойт.
10.Ай баспайм деген жерине үч басат.
11.Атасы болушчаактын уулу-урушчаак,энеси болушчаактын кызы ыйлаак.
12.Байлык -мурат эмес,жоктук уят эмес.
13.Бай билгенди кул да билет, айтайын десе эрки жок.
14.Бала, баланын иши -чала.
15.Баланы жашынан , катынды башынан.
16.Балык башынан сасыйт.
17.Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
18.Бербестин ашы бышпас.