Синтаксис - сөз айкашын жана сүйлөмдү окутуп үйрөтөт. Сөз айкаштары сүйлөм түзүүгө каражат болуп берсе, сүйлөм кептин эң кичине бирдиги болуп саналат. Сүйлөм түзүлүшүнө карай - жөнөкөй жана татаал болуп экиге, айтылыш максатына карай - жай, суроолуу, илептүү жана буйрук сүйлөм болуп 4кө бөлүнөт.
Просмотр содержимого документа
«Синтаксисти кайталоо»
Бишкек шаарындагы №86 жалпы билим берүү орто мектеби
Кыргыз тили
5-класс
Тема: Синтаксис
Мугалим: Дөөлөталы кызы Гүлзахира
Сабактын темасы: Кыргыз тилинин синтаксиси
СИНТАКСИС - СӨЗ АЙКАШЫ н жана СҮЙЛӨМ дү окутуп үйрөтөт.
- Эки же андан ашык толук маанилүү сөздөрдүн байланышы – СӨЗ АЙКАШЫ н түзөт.
СӨЗ АЙКАШЫ –
багындыруучу жана багыныңкы түгөйдөн турат.
М: жашыл жалбырак деген сөз айкашында жашыл – багыныңкы, жалбырак – багындыруучу түгөй.
СӨЗ АЙКАШЫНЫН тутумундагы сөздөр өз ара 4 байланыш аркылуу айкашат: 1. Ээрчишүү
2. Ыкташуу
3. Таандык 4. Башкаруу
- С ҮЙЛӨМ сөздөрдөн жана сөз айкаштарынан туруп, бүткөн бир ойду билдирген кептин бирдиги .
Сүйлөм түзүлүшүнө карай ЖӨНӨКӨЙ жана ТАТААЛ болуп экиге бөлүнөт.
ЖӨНӨКӨЙ СҮЙЛӨМ бир гана толук маанилүү бүткөн ойду билдирет. М: Асел китепти окуду .
ТАТААЛ СҮЙЛӨМ эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн турат. М: Нурлан кыш мезгилин күтөт , себеби ал лыжа тебүүнү жактырат .
Сүйлөм БАШ жана АЙКЫНДООЧ мүчөлөрдөн турат.
Баш мүчөлөр:
Мисалы: Айбек ойноду .
Сүйлөмдө:
Айбек – ээси , ойноду - баяндоочу .
Баш мүчөлөргө берилүүчү суроолор
Ээ – ким? эмне? кимдер? эмнелер? кимиси? эмнеси?
Баяндооч – эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат?
Ал эми айкындооч мүчөлөргө аныктооч, толуктооч жана бышыктооч кирет.
Айкындооч мүчөлөргө берилүүчү суроолор
Аныктооч – кимдин? эмненин? кайсы? кандай? канча? нече?
Толуктооч – кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимде? эмнеде? кимден? эмнеден? ким менен? эмне менен?
Бышыктооч – канча? кандай? кантип? кайда? эмне үчүн?
Бышыктоо:
- Сөз айкашын түзгүлө (М: кызыл гүл)
- Сүйлөм түзгүлө (М: Мен кызыл гүлдү көрдүм.)
2. ______ ___________ _________.
Чыңгыз Айтматов
Сооронбай Жусуев
Алыкул Осмонов
- Сүрөткө карап сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөм түзгүлө.
Мис: Чыңгыз Айтматов кызыктуу чыгармаларды жазган.
2. Алыкул Осмонов _________ _______ _________ _____.
3. Сооронбай Жусуев - ___________ ___________ .
Балдар, синтаксис боюнча бүгүнкү кайталаган билимиңерди мультиурок сайтына кирип, «Синтаксисти кайталоо» деген тесттен текшергиле.
Жыйынтыгына баа коюлат.