СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сиз кетирген жаңылыштыкты кайталабайын

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сиз кетирген жаңылыштыкты кайталабайын»


«СИЗ КЕТИРГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫКТЫ КАЙТАЛАБАЙЫН»

Сабактын максаты:

–Окуучуларды ата-энени сыйлоого, урматтоого, эмгектерин баалай билүүгө, алар үчүн кам көрүүгө үйрөтүү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;

–Ата-эне алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, балалык парзын аткаруу зарылдыгын туюндуруу;

–Адамгерчиликке, мээримдүүлүккө, боорукерликке, намыскөйлүккө, эмгекчилдикке, ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: магнитафон, 3 ватман, түстүү маркерлер

Сабактын жүрүшү:

–Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү)

Магнитафон акылман атанын үнү угулат:

– Уккун, балам! Байыркыдан калган улама сөз: Өткөнгө акаарат кылсаң, кайткыс каргышка каласың. Асырасаң – асыл акыл табасың. «Асыл – таштан, акыл – жаштан», «Атанын сөзү – акылдын көзү». Бул накыл кептер кулагыңа күмүш сырга болсун!

Андан соң акылман эненин мээрим төгө сүйлөгөн үнү угулат:

– Каралдым, балам, баба сөзүн тыңда, ата салтын, эне адебин баркта. Улууну урматта, кичүүнү ызатта. Акылман бол, берешен бол, айкөл бол! Сабырдуу бол, кайрымдуу бол, эсен бол!

Өткөндөрдөн калган ыйыктарыбыз силер үчүн көөнөрбөс мурас, эскирбес мүлк, бөксөрбөс кенч болсун!

Мугалим: Балдар, мына баарыбыз акылга дыйкан акылман атабыздын, мээрими көлдөй энебиздин баасыз кеп-кеңешин уктук. Бүгүнкү сабагыбыздын темасы көөнө замандардан бери түптүү кыргыз элибиздин канына сиңип, таалим-тарбиянын башаты болгон акылман кептерге байланыштуу болсун. (Доскага сабактын темасы жазылат)

Силер менен бирге бүгүнкү сабагыбыздын максатына жетүү үчүн мына бул ватмандарга жазылган микро темалардан пайдаланабыз. (Доскага микро темалар жазылган 3 ватман илинет, )

Мугалим: Балдар, бүгүн биз силер менен ар кайсы убактан ушул күнгө чеийн эл арасынан чогултулган мурас, табылгаларыбыздын негизинде тарбиялык сабагыбызды өтөбүз.

Баш сөз

Күндөлүк турмушубузда өзүбүздөн улуу адамдардан көптөгөн насаат сөздөрдү тынымсыз угуп эле жүрөбүз. Негедир, көпчүлүгүбүз анча маани бербейбиз. Бирок, бул насаат сөздөрдүн түпкүрүндө улуу маани жатат. Диний көз карашта да, илим жагында да моралдык-эстетикалык жактан тарбиялык касиети зор асыл сөздөр улуттук педагогикабыздын түгөнбөс байлыгы. (Доскага илинген ватмандарга, окуучулар микро темаларга байланыштуу макалдарды, насаат сөздөрдү жазышат).


1-ватман. Дасторкон четинде отуруунун маданияты

  1. Тамакты дасторконсуз ичпе.

  2. Дасторконду тескерисинен салба.

  3. Дасторконго отурганда өзүңдөн улуулардан өйдө өтүп отурба.

  4. Отурганда жаныңдагыларга сыртыңды салып отурба.

  5. Тамакка озунуп кол салба.

  6. Нанды эки колдоп сындыр.

  7. Чайды оң колуң менен сун.

  8. Тамак жеп бүткөндө өзүңдөн улуулардан мурда кол аарчып турба, зарыл жумушуң болсо, уруксат сура.

  9. Дасторконго бата кылбай туруп кетпе.

2-ватман. Тазалык – ден соолук

  1. Жолго, агын сууга кир суу төкпө.

  2. Түнкүсүн идиштерди жуубай калтырба.

  3. Шыпырынды менен күлдү аралаштырба, тебелебе.

  4. Агын сууга түкүрбө.

  5. Конок келгенде үй шыпырба.

  6. Колуңду оозуңа салба.

  7. Чайдын чамасын жерге төкпө.

  8. Суунун, туздун бетин ачык калтырба.

3-ватман. Абийир – баарынан кымбат

  1. Кыз бала чачын кыркпайт. Чач – жарым ырыскы.

  2. Аманатка кыянатчылык кылба.

  3. Уурулук – уят иш.

  4. Бекерчиден безе кач, ушакчыдан узак кач.

  5. Атага каяша сүйлөбө, энеге каарыңды төкпө.

  6. Жакшы тилек кыл. Жаштын тилегин Кудай берет.

  7. Мээнеттин арты – ыракат. Эмгектен качпа.

  8. Улуулардын жолун кыя кесип өтпө.

Мугалим: Демек, балдар, макалдар жана насаат сөздөр төгүн жерден эле чыга бербейт экен. Акылман элибиз акыл таразасында нечен ирет калчап, турмуштук бай тажрыйбасында далилдеп чыгарган кыска, нуска сөздөр биз үчүн алтын эреже десек жаңылышпайбыз.

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн бир болгон окуяны жомоктоп айткан акылмандын сөзүнө кулак төшөйлү.

Омоктуу ойлор – жомокто


«Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур. Алардын зарыгып көргөн жалгыз уулу болот. Уулу эр жетип, үйлөнөт. Ал да жалгыз уулдуу болот. Кемпир кокус ооруп, каза табат да, абышка уулу менен келининин колун карап, карылыкты башынан кечирет. Көздөн калып карыгат, эшик-эликке кеңири чыга албай зарыгат. Алдына койгон чай-тамагын жөндөп иче албайт. Колу калтырап, төгүп-чачып ичип жүдөйт.

Келин заарын чачып, карганып-шиленип кайнатасын кордойт. Күйөөсүнүн кулак кужурун алат: «Атаңдын көзүн жок кыл. Алжыган абышка тажатты мени. Же мени де, же атаңды де. Экөөбүздүн бирибизди танда». Акыры уулу өзүнчө ой токтотот. «Атам көрөрүн көрдү, ичээрин ичти, жээрин жеди. Айтса-айтпаса, өзү да жүдөдү, бизди да кыйнады. Бир эсебин таап, көздөн жок кылайын». Уулу атасына кайрылды:

– Атаке, бир ордуңузда отуруп эриктиңиз го, – деди. Жүрүңүз, жер кыдыртып, эл аралатып келейин.

Ата жүзүнө кызыл жүгүрүп, ушунчалык сүйүнүп кетти.

– Макул, айланайын. Ырас айтасың. Каякка кыдыртасың мени?

– Таза абалуу, бийик шаркыратмалуу тоого алып чыгайын. Таза аба жутуп, сергип каласыз. Анан калк аралатайын.

Уулу айтканындай эле атасын бийик тоого көтөрүп чыгат. Шаркыратманын шары, түркүн куштардын мукам сайраганы карыянын мээсин толтурат, көңүлүн көкөлөтөт.

– Ата, сиз ушул жерде эс алып отура туруңуз. Мен төмөн айылда бир жумушум бар эле. Ошону бүтүрүп келейин, кайтарымда ала кетем.

Ата башын ийкеди. Уулу ошол бойдон атасына кайрылбады.

Зарыга уулун күткөн азиз чал ордунан туруп басам деп, ылдыйга кулап, башы ташка жанчылып кетип, жан берди. Карыянын сөөгү карга-кузгунга жем болду... Арадан куштай сызып мезгил өтө берди. Атасын таштап кеткен уулдун баласы да эр жетип, үйлүү-жайлуу болду. Акылы кыска келиндин өмүрү да кыска болуп, жалгыз уулунун күнүн көрбөй, чын дүйнөгө кетет. Эми «келме-кезек» дегендей саатсыз уул карылыкка моюн сунуп, эки көздөн калып, өмүрдүн кышы башталып, жанагы баласы менен келининин колун карап, күн кечире баштайт.

«Ашка – балээ, көчкө – жүк» деп келини карганып- шиленип зекий баштады. Үйбүлөдө «артыкбаш» сезилген кары ата көз көрүнөө эле өз балдарынан кордукту көрүп, азап тартты. Өзгөчө, келининин көрөйүн деген көзү жок. Эки сөзүнүн бири эле «алжыган атаңды жок кыл» болду да калды.

Аялынын заар тилинен чыга албаган күйөөсү атасына таң азанда келип:

– Ата, жүрүңүз, жер кыдыртып, сергитип келейин,–дейт.

Атасы макул болот. Атасын жонуна көтөрүп, улуу тоонун башына чыкты уулу.

Ата сурайт:

– Балам, шаркыратмалуу тоого чыктыкбы?

– Ооба, кайдан билдиңиз?

Ата оор үшкүрүнүп:

– Ээ, балам, кете бер. Мен ыраазымын. «Атаңды кандай сыйласаң, өз балаңдан ошондой ызаат көрөсүң» деген чын тура. Мен да бир кезде өз атамды аялымдын тилине кирип, дал ушул жерге таштап кетип, кайра кабар алган эмес элем, – деп эрини бүлкүлдөп, муундары калчылдап ыйлап жиберди.

Уулу да көз жашын көлдөтүп, чоң жаңылышканын сезип, атасынын бутуна жыгылды:

– Атаке, кечириңиз!? Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабайын. Төрүмдө кадырлап, сый-урматта багайын.

Атасын көтөргөн уулу шагдам басып, үйүн көздөй жөнөдү...»


Жомоктун мазмунун окуучулар менен бирге талкуулайбыз. Балдар өз ойлорун ата-энеге байланыштуу макал-лакаптар менен бирге ортого салышат. Мисалы: «Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат», «Карысы бардын ырысы бар», «Ата-эне – үйдүн куту», «Карынын сөзүн капка сал».

Мугалим: Балдар, биз силер менен адабият сабагында кыргыз эл акындарынын санат-насыят ырларын көп ирет окуп жүрөбүз. Кана, силер кайсы акындын санат-насыяттарынан жатка билесиңер?

(Окуучулар ырлардан жатка айтышат)

Мугалим: Демек, балдар, биз таалим-тарбиянын башатын үй-бүлөдөн алсак, түгөнгүс кенин айлана-чөйрөбүздөгү адамдардын жүрүм-турумунан, кылган иштеринен, айткан акылман насаат сөздөрүнөн, ошондой эле билим берген мугалимдерден алат экенбиз. Жогоруда айтылгандардан силер чоң таасир алып, анын касиетин сезип, турмушуңарда пайдалана алсаңар, анда бүгүнкү биздин тарбиялык сабагыбыз өз максатына жетти деп ишенемин.

Үйгө тапшырма: «Карынын сөзүн капка сал», «Атанын сөзү – акылдын көзү», «Кайрымдуулук – адамгерчилик» деген темаларда дилбаян жазып келүү. Эр арасынан оозеки чыгармаларды дагы да чогултуу.